Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:16

"Улуулукка таазим" же тарыхка так бололу


Кыргызстанды совет доорунда 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиев эки жыл мурда дүйнө салган. 2015-жылы 9-сентябрда тартылган сүрөт.

Үстүбүздөгү жылы публицист, жазуучу, акын, саясат таануу илимдеринин доктору, коомдук ишмер Каныбек Иманалиевдин “Улуулукка таазим: ойлор, сөздөр, макалалар” деген китеби басмадан чыкты.

Каныбек Иманалиевдин сыясы кургай элек “Улуулукка таазим: ойлор, сөздөр, макалалар” деген китебинде Махмуд Кашкари бабабыздан тартып, ушу кезге чейин элибизде өткөн жана арабызда жашаган улуу инсандар, чоң таланттарга арналган кыргыз, орус тилдериндеги макалалар жыйналган.

Жыйнактан автордун тарых, ар кайсыл өлкөлөрдө болгон реформалар, рухий дөөлөттөр, улут, элита, Кыргызстандын өнүгүү стратегиясы тууралуу кызыктуу ойлору жана идеялары менен таанышасыз. Каныбек Иманалиевдин өзү сындуу көпчүлүк саясатчылардан айырмасы - анын түрдүү адабиятты көп окуганы жана түрдүү фактыларды өз макалаларында арбын колдоно билгени.

"Улуулукка таазим" китебинин мукабасы
"Улуулукка таазим" китебинин мукабасы

“Улуулукка таазим...” китебин окуп жатып, 1990-жылдардын ортосунан бери саясий турмуштун чордонунда жүргөн Каныбек Иманалиевдин адабий чыгармачылыкка да убакыт таап, өлкөдөгү орчун окуяларга жөн гана байкоочу болбостон, алар тууралуу омоктуу ойлорун маалымат каражаттарына айтууга да, жазууга да үлгүргөнүнө суктанасың, таң каласың. Дегеним себеби, калемгер он беш жылга жакын убактан бери Жогорку Кеңештин депутаты да.

Публицист саясат таануучу Бакыт Орунбеков Каныбек Иманалиевдин дегеле каармандарынын портреттерин мыкты тартып бергенине көңүл бурду:

- Каныбек Иманалиевди мыкты сүрөткер, портретист-журналист катары эсептейм. Анткени, бул китепте Кыргызстандын илгертен, байыртан келе жаткан улуу адамдардын, бүгүнкү өзүнүн замандаштарына чейин мыкты портреттерди тарткан. Биз ошол улуу адамдарды жалпы контексттен, жалпы мазмун менен адабияттардан, китептерден окуп жүрсөк, ар бир инсанга Каныбек Иманалиевде өзүнүн ою бар, өзү чыгарган жыйынтыктары бар.

Каныбек Иманалиев саясат таануунун доктору катары да, публицист катары да, депутат катары да өз макалаларында чоң тереңдик, масштаб, кенендик, алган темалардын глобалдуулугу менен айырмаланат.

Бул макалалардан Каныбек Иманалиевди улуттук рухий дөөлөттөрдү терең өздөштүргөн, өзүнө сиңирген публицист катары билем. “Манас” же манасчылар, көчмөн цивилизация, көчмөн дух деген темалар Каныбек Иманалиевдин публицистикасындагы өзөктүү темалар. Ошол көчмөн цивилизацияны, көчмөн духту пайдаланып, бүгүнкү мамлекетибиздин жаңы тепкичтерин, жаңы багыттарын айтууга аракет кылат да. Ушунусу менен өзгөчө баалуу деп ойлойм.

Бирок да Бакыт Орунбеков кээ учурларда автордун тиги же бул окуяга, же тиги же бул тарыхый инсандарга байланыштуу жасаган бүтүмдөрүнө кошула бербесин белгиледи:

- Каныбек Иманалиевдин чыгарган жыйынтыктары, тарткан кээ бир портреттери менен макул эмесмин. Андайлар деле бар. Эми автордун өзүнүн көз карашы ошондой болсо керек...

Ушул жерде Каныбек Иманалиевдин чеберчилиги, ой чабытынын кенендиги тууралуу кепти токтотуп, “Улуулукка таазим...” китебиндеги кээ бир тактыкты талап кылган учурларга кайрылууну туура таптым.

Себеби такашалган калемгер, саясат таануучу Каныбек Иманалиев үчүн мактоо сөзгө караганда, береги жыйнактагы анын көз караштарына дал келбеген аргументтерди, пикирлерди билүү маанилүү деп ойлойм.

Бул, биринчи кезекте, өмүрүнүн чейрек кылымын Кыргыз ССРин жетектөөгө арнаган Турдакун Усубалиевге арналган “Мамлекеттик акыл-эс жана мамлекеттик парасат” деген макалага тиешелүү.

Эмесе 1985-жылы 2-ноябрда Турдакун Усубалиев Кыргызстан Компартиясынын 1-секретары кызматынан алынгандан кийинки учурга байланыштуу бир сүйлөмдү окуп көрөлү:

”...ошондогу партиялык жетекчиликтин буйругу менен Турдакун Усубалиевдин жазган китептерин китепканалардан чогултулуп алынып, Адольф Гитлердин китебин өрттөгөндөй отко салышпадыбы! Мына ошонун кээси өзү эле кечээ тарбиялап өстүргөн кадрлар болучу. Өзүң баккан күчүгүң чоңоюп ит болгондо өзүңдү капса кандай жаман”. (Шилтеме китептин 29-бетинен алынды).

Бул окуя тууралуу билсе белгилүү коомдук ишмер, Турдакун Усубалиев менен катарлаш да, андан кийин да Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде эмгектенген Медеткан Шеримкулов билиши керек деп, ал кишиге кайрылдым.

- Жок. Эч качан андай болгон эмес. Эч кандай китепти биз өрттөгөн эмеспиз. Биз эмне фашист белек?! Т.Усубалиевдин китептеринде Советтер Союзуна каршы эчтеке жок. Ага (өрттөгөнгө) ким уруксат берет? Өзүңүз ойлоп көрсөңүз. Андай болгон эмес жана болушу мүмкүн эмес. Совет доорунда кантип китептерди өрттөсүн, айланайын. Анын үстүнө ал кишинин китептеринин бардыгы партия менен байланышкан болчу да, туурабы? Партиялык идеология, партиялык саясат менен байланышкан. Ал кишинин китептеринин баары жапжакшынакай турат. Турдакун Усубалиевдин ошол мезгилдин талабына туура келген жакшынакай, фундаменталдуу китептери бар болчу. Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары жөнүндө чоң китеби чыккан. “Дружба народов” деген бир китеби бар эле. Алардын баары эсимде жок. Москвадан чыккан китептери бар болчу.

Аларды өрттөгөнгө ким уруксат берет? Турдакун Усубалиев эл душманы эмес болчу да. Ал партиялык саясатты жүргүзүүдө кетирген жаңылыштыктары үчүн партиялык жактан жазаланган. Турдакун Усубалиевдин китептери өрттөлдү дегенди биринчи жолу угуп отурам.

Медеткан Шеримкулов 1980-85-жылдары Компартиянын Борбордук Комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүн, 1985-87-жылдары республикалык компартиянын Партиялык көзөмөлдөө комитетин башкарып, 1990-жылдын кеч күзүнө чейин Кыргызстан Компартиясынын идеология боюнча катчысы болгон.

Балким Турдакун Усубалиевдин китептери өрттөлсүн же библиотекалардан жыйнап алып, жок кылынсын деген көрсөтмө облустук деңгээлде болгонду деген күдүк ой менен узак жылдар бу тармакта эмгектенген адистерге телефон какканымда: ​“Китепкана системасында өмүр бою иштедим. Андай көрсөтмө болгон эмес”, - деди Ош облустук китепканасын ондогон жылдардан бери жетектеген Бактыгүл Мырзаева.

Жалал-Абаттык китепканачы-менежер Сейилкан Алиева да мындай көрсөтмө өйдө жактан эч болбогонун ырастады.

Каныбек Иманалиевдин өзүнөн жогорудагы маалыматты кайдан алганын сураганымда:

- Ошондо Турдакун Усубалиев 1-секретарлыктан кеткенден кийин ошондой көрсөтмө кеткен. Себеби өзү китеп жазам деп, китептерин чогултайын десе, библиотекалардын баарында жок болуп чыгат. Өрттөдүбү билбейм. Бирок “изъятие” болгон. Китептерди алдырткан. 1986-87-жылдары студент болуп жүрүп уккам.

Ошого Т. Усубалиев катуу кейиген экен да. “Партиядан да куугунтукталдым. Анын баары кечиримдүү. Мына бу китептеримди алдыртпаса болмок” деп өзү катуу өкүнгөн экен да..., - деп жооп берди.

Турдакун Усубалиев республиканын Компартиясынын биринчи жетекчиси кызматынан алынгандан кийин анын китептери өрттөлгөнү тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Турду Жыргалбеков алгач жазган.

“Горбачёвчулардын көрсөтмөсүн аткарып, республиканын мамлекеттик басмасынын жетекчилиги “Турдакун Усубалиевдин китептери, брошюралары мамлекеттин бардык китепканаларынан колдонуудан чыгарылып, өрттөлсүн,” - деген буйрук чыгарган... Ал буйрук бардык жиберилген жерде айныксыз аткарылган”. (Караңыз: “Кыргыз Туусу”, 28-август 2009-жыл).

Турдакун Усубалиевдин саясий дидарына арналган макаладагы дагы бир маанилүү терминге назар салалы.

“...1990-жылдан бери эле кризис үстүндө келатабыз. А эмне үчүн Т. Усубалиев жетектеген 25 жыл ичинде эч кандай кризис болгон эмес. Же бу киши акжолтой, айрыкча жолдуу болгонбу? Балким, ал инсанды ошо доордо жетекчи кылып алган Кыргыз ССРи жолдуу болгонбу?”

СССР учурунда биринчи жетекчилерди союздук республика өзү тандаган эмес. Москва көрсөткөн адамды жергиликтүү расмийлер “куп болот” дешип шайлашкан. Буга башканы албаганда да Казакстанга Динмухаммед Кунаевдин ордуна Геннадий Колбинди алып келип отургузуп койгону айкын далил. Абсамат Масалиев, Исхак Раззаков жана башка жетекчилер да ушундай жол менен бийлик башына кондурулган.

Узун сөзгө азгырылбай, 1961-1985-жылдары Кыргыз ССРинде кризис болгон эмес деген усулдук жактан канчалык ылайыктуу экенине көңүл буралы. Легендарлуу парламенттин төрагасы, саясат таануу илимдеринин доктору Медеткан Шеримкулов:

- Кыргызстандагы кризис - бул союздук кризис болот да. Турдакун Усубалиевдин бактысы ушунда экен. Советтер Союзунун согуштан кийин мамлекет оңолуп, согуштун кесепеттеринин баары жоюлуп, анан кийин “жети милдик кадамдар менен” деп Л. Брежневдин бир айтканы бар, ошондой өсүш убагына туш келип калды да Турдакун Усубалиев. Бул бактылуу киши экен, чынын айтканда.

Советтер Союзунун эң дүркүрөп өскөн мезгили мына ушу Т. Усубалиевдин заманына туура келди. Эми анын баарын Т. Усубалиев жасаган жок да. Туурабы? Ал Советтер Союзунун, анын ичинде Кыргызстандын өсүшү болчу.

Ал эми кризис деген сөз, андай түшүнүк бизде, Советтер Союзунда такыр жок болчу. Системанын кризиси, экономикалык саясаттын кризиси, социалдык саясаттын кризиси деген түшүнүк бизде болгон эмес жана өлкө ичинде колдонулчу эмес. Ал сөздөр капитализмге карата колдонулчу. Мына, капитализмде кризис болуп жатат, деп, бизде жетишпегендик деп кабыл алынчу. “Упущение”, “недостатки”, “недоработки” деп. Кризис сөзү - бул туура эмес сөз.

Башка тилдер кедейби?

Каныбек Иманалиевдин “Улуулукка таазим: ойлор, сөздөр, макалалар” китебиндеги “Эне тилибиздин улуулугу жана көйгөйлөрү” деген макалага кайрылалы.

Автор бул абдан кызыктуу макалада кыргыз тилинин байыркылыгын лингвистиканын мыйзамдарынын негизинде далилдегени жатып, мындай дейт:

“Үчүнчүдөн, кыргыз тилиинде фразеологиялык сөздөрдүн курамы эле сегиз миңге жетет. Фразеологиялык, негизинен ойдун кенендигин, сүйлөм маданиятын жана көркөмдүгүн аныктайт. Маселен, кыргызда “өлдү” деп айткан өтө оройлук болуп эсептелет. Аны “ичээр суусу түгөндү”, “көрөр күнү бүтүптүр”, “оо, дүйнө салыптыр”, “каза болуптур”, “чын дүйнөгө кетиптир”, “акка моюн сунуптур”, “өтүп кетиптир”, “үзүлүптүр” ж.б.у.с. сөздөр менен айтылат. Европа элдеринде сөз түз маанисинде айтылып, фразеология өтө сейрек кездешет. Дегеле, түрк тилдеринде бир да тил кыргыз тилиндей фразеологиялык сөзгө бай эмес”.

Мындай ырастоо туурабы? Муну тактоо үчүн чоң илимпоздорго кайрылбай эле, ондон ашык тилде эркин сүйлөгөн полиглот таанышым Мерхат Шарипжанга кайрылдым.

Эмесе, казак тегиндеги филолог-журналисттин түшүндүрмөсү:

- Кез келген тил - бай. Тилдин байлыгы калктын тарыхый-экономикалык жана жашоо өзгөчөлүгүнө байланыштуу болот. Мисалы, англис тилинде “кайтыш болду” деген сөздү алалы. Англистер “кайтыш болду”, “өлдү” дегенди “to die” дейт. Эгер Жон Голсуорсинин (1867-1933) мезгилинен берки сөздөргө, фразаларга келсек: “to join majority” деген “көпчүлүккө кошулуу” деп которулат. Көпчүлүк деген себеби кайтыш болгондордун саны тирүүлөргө караганда көп. Ошон үчүн англис тилинде эзелтен бирөө кайтыш болсо “ал көпчүлүккө кошулду” дейт.

Же “he met the creator” - ал (маркум) жараткан менен кездешти, “he joint the Glory” - ал ардакка ээ болду, жогору көтөрүлдү; “to go one’s reward” - адам өзүнө тийиштүү бааны алды, же Кудайдан өзүнө татыктуу сыйлыкты алды; “pass away” же “succumb” деген “көз жумду”; же “expire” – учуп кетти.

Ушу азыр жаштардын сленги күндөлүк тилге кирип кетти: “to check out” деген сленг. Сиз мейманканадан чыкканда “мен чыгып жатам, кеттим” деп катталасыз.

Дагы кызыктуу тарыхый сөздөр бар: “bite the dust” - өтө мыкты сөз - “чаңды тиштөө”, “чаңды тиштеди” деген “ал өлүп калды” дегенди билдирет. Же “buy the farm” - “дыйкан чарбаны (ферманы) сатып алды” деген. Ойлочу, кандай ферма? Мындай сөздөр көп. Англис тили өтө бай тил.

Англисчеде “ to kick the bucket” деген сөз бар, “челекти тебүү”, “челекти (чаканы) тепти”, орус тилинде “крякнул” (крякнуть) дейт го. (Ал да "өлдү" маанисин каймана берет).

Акырындап орус тилине да келдик. Өлүмгө байланыштуу орус тилинде да өтө көп тергеген сөздөр бар. Аны биз баарыбыз билебиз. “Приказал долго жить” же “скоропостижно скончался” деген сөз белгилүү да. Же “сыграл в ящик”, “отдал концы”, “откинул копыта”... ары карай кете берет. Арийне, сыпайы сөздөрдө, расмий классикалык адабиятта да мындай сөздөр көп.

Биз азыр Чехияда жашап жатабыз. Чехтердин өзүндө да андай сөздөр көп.

“Odešel na pravdu boží” - Кудайдын чындыгына кетти; “je na pravdě boží” - Жараткандын чындыгына ээ болду; “přišel o život” - бул фразаны которуу абдан кыйын. Же “zamrel” – өлүп калды; “přišel o život” деген сөз немисчеден тикелей оодарылган. “Пришёл на жизнь” деген болот орусчаласак. Аны которуу мүмкүн эмес. (Мааниси “адам каза тапканын билдирет). “Акка кетти” дегенге окшош. Же “ujit na lepší stranu” - жакшыраак жакка кетүү деген. Карапайым да сөздөр бар: “zesnul” - уктап калды. Мунун баары немис тилинин таасири. Чех тили өзүнө немис сөздөрүн көп алган.

Каныбек Иманалиев. 09.12.2012.
Каныбек Иманалиев. 09.12.2012.

Алдагыдай бирин-эки мүчүлүштүктөрүнө карабай, Каныбек Иманалиевдин “Улуулукка таазим:...” жыйнагы окурман үчүн баалуу маалыматтарга, байкоолорго жана терең ойлорго мол китеп экенин дагы бир мертебе белгилей кетмекчимин.

Муну журналист, педагог, саясат таануучу Бакыт Орунбеков да баса айтты:

- Бул китепти кыргыз журналистикасындагы эгемендик жылдарындагы бир чоң көлөмдүү эмгек деп баалайм. Анткени мындай мазмундагы, мындай көлөмдөгү публицистикалык чыгармалар бизде өтө сейрек жарыяланып жатат. Анткени Каныбек Иманалиевдин китеби өзүнүн масштабы менен, алган темалары менен, анда козголгон ойлор, көтөрүлгөн маселелери менен өтө олуттуу деп эсептесе болот. Бул китепти автордун бир отчёту сыяктуу да кабыл алдым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG