Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:22

14-май: Сот Шакирди беш жылга кести, Грузияда, Арменияда бийликке каршы нааразылык уланууда


Олжобай Шакир Аламүдүн райондук сотунда. 14-май, 2024-жыл.
Олжобай Шакир Аламүдүн райондук сотунда. 14-май, 2024-жыл.

14-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот Олжобай Шакирди беш жылга кести

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту жазуучу жана акын Олжобай Шакирди “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратты. Тогуз айга чукул тергөө абагында отурган жазуучу тагылган айыпты четке какты. Адвокаты кийинки инстанцияга арыз бере турганын билдирди. Жазуучулар союзунун төрагасы, экс-депутат Каныбек Иманалиев дегеле жазуучунун жана журналисттин эркиндигинен ажыратылышы өкүнүчтүү экенин билдирсе, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо иш кийинки инстанцияда тыкыр иликтениши зарылдыгын белгиледи.

Чудинов кайра кызматтан алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирип, президент Жапаров чечимди кабыл алууда маалымат бербегени үчүн энергетика министрине эскертүү бергенин кабарлады. Чудинов бул кызматка өткөн аптада дайындалган. Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликте турганда премьер-министр болгон Чудиновдун кызматка дайындалышы коомчулукта нааразылык жараткан.

11 журналисттин иши Ленин райондук сотуна өткөрүлөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту “массалык башаламандыктарга” шек саналып жаткан 11 журналисттин ишин Бишкектин Ленин райондук сотуна жиберди. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажибек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узартканы белгилүү болду. 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. Алардын ичинен 7 киши ар кандай жагдайда эркиндикке чыккане. Алар коюлган айыпты четке кагып келишет.

Сузакта окуучулар жабыркаган кырсыкты иликтеген комиссия алты адамды кызматтан бошотууну сунуштады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Манас айтуу” сынагында окуучуларды автоунаа сүзүп кеткен окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн мекемелер аралык түзүлгөн комиссия 21 кызматкерди тартип жоопкерчилигине тартууну, анын ичинен алты адамды кызматынан бошотууга сунуш берди. 2-майда Жерге-Тал айылында “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миңге жакын окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалган.

Украина бир нече аймагы Орусиянын чабуулуна кабылганын билдирди

Днепропетровск облустук аскердик администрациясы билдиргендей, Никопол шаарында артиллериялык соккудан 45 жаштагы жергиликтүү тургун каза болду. Харьков шаарында төрт киши жараат алганы, үйлөр, автомашиналар, гараждар талкаланганы маалым болду. Украин армиясы шейшембиге караган түнү Орусия Киев, Донецк, Днепропетров, Черкас, Кировоград, Запорожье, Херсон жана Хмельницкий облустарынын аймагына учурган Shahed дрондорунан 18и атып түшүрүлгөнүн билдирди. Орусия Украинанын Харьков облусу менен чектеш тилкесине 50 миңдей аскерин топтогонун, алардын 30 миңи чабуул коюп жатканын 13-майда AFP агенттигине курган маегинде Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Литвиненко билдирди.

Катар Газа боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкта экенин билдирди

Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Жассим ал Тани Дохада ачылган экономикалык форумда сүйлөп жатып, Израилдин Рафахтагы операциясы тынчтык сүйлөшүүлөрүн "артка тартууда" деп айтты. АКШда жана Европа Биримдигинде террордук уюм деп жарыяланган ХАМАС тобунун саясий кеңсеси 2012-жылдан бери жайгашкан Катар өлкөсү Египет жана Кошмо Штаттар менен Газадагы абалды жөнгөрүү боюнча ортомчулук сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат. Алардан азырынча майнап чыга элек. Израил АКШнын толук масштабдуу чабуул баштабоо тууралуу эскертүүлөрүнө карабастан 13-майда сектордун түштүгүндөгү Рафах шаарында соккуларын улантты.

Путинди сындаганы үчүн 25 жылга кесилген Кара-Мурзанын апелляциялык арызын сот четке какты

"Мамлекетке чыккынчылык", "армия тууралуу фейк маалымат тараткан" жана "туура эмес" уюмда иштеген деген айыптар коюлган белгилүү тележурналист, режиссёр, публицист, саясий туткун Кара-Мурза 2022-жылы кармалган, жаза мөөнөтүн Омск шаарындагы абакта өтөп жатат. Анын АКШда Аризона штатында Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү алдында сүйлөп жатып "орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо" деген мазмундагы сөзү Орусияда "саясий жек көрүүчүлүктүн айынан орус армиясы тууралуу фейк маалымат таратуу" деп бааланган. Кара-Мурза Орусия Украинада "согуш кылмыштарын жасап жатканын" айткан. Кийин ага башка да айыптар тагылган. 2023-жылы 17-апрелде саясатчы катаал тартиптеги колонияга 25 жылга кесилген. Өзү тагылган айыптардын баарын эч негизсиз деп келет.

Грузияда полиция "чет элдик агент мыйзамына" каршы чыккандарга күч колдонууда

Коомчулукта жапырт нааразылык жараткан "чет элдик агент" мыйзамын парламент кабыл алган Грузияда полиция демонстранттарга күч колдонуп, имараттагы коопсуздук чарасын "кызыл" деңгээлге чейин күчөттү. Митингчилер полиция орноткон темир тосмону бузуп өтүшкөнү кабарланган. Бирок полиция аларды сүрүп чыгарып, азыр парламенттин кире беришин толук ээлеп турат, айрымдарды кармап кетти. Парламенттеги оппозиционер депутаттардын айрымдары бойкот режимине өткөнүн "Бирдиктүү улуттук кыймылы" фракциясынын лидерлеринин бири Леван Бежашвили билдирди. Орусиядагы ушул сыяктуу репрессиялык мыйзамдын көчүрмөсү деп сындалган "чет элдик агент" мыйзам долбоорун парламент 14-майда жактырды. Документке 84 депутат "макул", 30 депутат "каршы" добуш берди.

Арменияда өкмөткө каршы акция уланууда

Демонстранттар борбор калаа Еревандын айрым борбордук көчөлөрүн кыдырып, жөө жүрүш уюштуруп жатышат. Шейшембиде саат эртең мененки 10го карай полиция митингдин 38 катышуучусун "күч органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийген жок" деген негизде кармап кетти. Кечээки акцияда 171 киши кармалган. Алардын баары кечинде коё берилген. Премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган акция 9-майда башталган. Аны Армян Апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы, архиепископ Баграт Галстанян баштап, элди өкмөткө баш ийбөөгө чакырган. Миңдеген кишилерди чогулткан митингде Пашиняндын өкмөтү коңшу Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгону айтылган.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG