Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына жетекчи болду

Игорь Чудинов.
Игорь Чудинов.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов өткөн аптада “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

“Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн. 2024-жылдын 28-февралында “Электр станциялар” ишканасынын акционерлеринин кезексиз жолугушуусунда “Камбар-Ата 1” ГЭСи “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясына башкарууга берилген.

Игорь Чудинов Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда 2007-жылдан 2009-жылга чейин премьер-министр болуп иштеген. 2009-жылдын 6-ноябрында Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган.

2010-жылы Апрель окуясынан кийин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалып, көп өтпөй эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулган.

Ал 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2018-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун жер ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинде Игорь Чудинов “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мандатынан ажыратылган. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG