Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри болуп кайрадан дайындалды


Жамалбек Ырсалиев.
Жамалбек Ырсалиев.

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев 13-майда кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал буга чейин “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеп келаткан.

Жамалбек Ырсалиев 2020-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын вице-мэри болуп кызматка келип, 2021-жылдын июнунда биринчи вице-мэрликке дайындалган. Кийин Биринчи май районунун акими болуп иштеп, 2022-жылы март айында кайра вице-мэр болгон.

Ал 2023-жылы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG