Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:21

Тарыхчы Таабалды Мукайыл уулунун жаркын элеси эсте


Тарыхчы Таабалды Мурзабеков (1948–1991).
Тарыхчы Таабалды Мурзабеков (1948–1991).

Аз жашаса да, саз жашаган педагог окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков (1948-1991) айтылуу “Желтоксон окуяларынан” кийин Кыргызстанда башталган коммунисттик идеологиялык өнөктүк маалында жазыксыз жерден декан кызматынан алынган. Тарыхчынын эскерүү баяны.

Өмүрү өтүп кетсе да, агартуучу, устат катары салымы эч унутулбаган мыкты инсандар арбын. Ошондой агай-эжейлерим көп болгону үчүн тагдырыма ыраазымын.

Акылдуу, мээримдүү, ар дайым илимге шыктандырган окутуучуларымдын бири –– Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков (1948-1991) агайыбыз эле. Ага кесиптештери “Табылды Михайлович” деп да кайрылышчу. Ички Теңир-Тоодо элетте чоңоюп, “-ович” сөзүнө эч көнбөгөндүктөнбү, айтор, мен бул устатыма “агай” деген сөз менен эле кайрылчу элем.

Санжыра

Таабалды агайдын ата-теги тууралуу азыноолак сөз козгосок, ал Ысык-Көл өрөөнүндөгү Жети-Өгүз районуна караштуу табийгаты кереметтүү Кичи-Жаргылчак айылынан болот. Бул айылда негизинен кыргыздын бугу уруусунун желдең уругунун урпактары жердешет.

Үй-бүлөлүк санжырага караганда, желдең уругунан – Азарбек, андан Кожомкул, андан Матай, андан Токтоболот, андан Тазабек (Жыпар Мурзабекова менен Космосбек Мурзабековго бул санжыралык маалыматтарды таап бергени үчүн терең ыраазыбыз).

Тазабек Токтоболот уулу Кант деген айымга үйлөнгөн. Алардан Мырзабек, Исабек жана Мааданбек деген уулдар төрөлгөн.

Тазабек ата падышалык доордо "ыстарчын" (старшина) кызматында болгон. 1916-жылкы Улуу көтөрүлүшкө катышып, андан соң Улуу Үркүн маалында Кытайга журт которуп, каза болгон.

Мырзабек Тазабек уулу (документтерде Мурзабек Тазабеков; бирок айылдаштары “Мырзабек” деп эле айтышат) 1896-жылы Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылында төрөлгөн. Айылдык молдодон сабаты ачылган соң, Жети-Өгүз, Покровка, Караколдогу медреседе таалим алган. Кийинчерээк кыргыздын латын алфавитин да өздөштүргөн. Ал ыр жазган чыгармачыл киши болгон.

Мырзабек ата менен Турсун ападан төрөлгөн балдар чарчап калып, токтолгону экөө – уулу Мукайыл (1926-1972) жана кызы Бурулуш.

(Бурулуш Мурзабекова эже 1935-жылы туулган. Ысык-Көлдө Ак-Терек айылында кыргыз тили жана адабияты сабагынан окутуп жүрүп, ардагерликке чыккан. Ал жергиликтүү коомдук иштерге да жигердүү катышкан).

Ал эми жубайлардын 1937-жылы төрөлгөн эң кенже кызы Шааркан болсо 1938-жылы Мырзабек ата абакка түшкөн маалда чарчап калган.

Аңыз кептердин бирине караганда, Мырзабек өз уулун ысык-көлдүк бир Михаил деген орус досунун атынан Мукайыл деп койгон экен. Бирок Мукайылдын урпактарынын айтымында, бул орусча ысым жөн гана “чүрпөгө көз тийбесин” деген эски ырым-жырымга ылайык берилген ат экен (илгерки бабалар теңирчиликтен калган салтка ылайык, кээде ымыркайга Аттокур, Атчабар, Бокмурун сыяктуу ысымдарды да берип, аны телчиткенде “ар кандай балаалардан” коруган эмеспи. Бул да ошонун сыңарындай берилген ысым тура).

Мырзабек Тазабек уулу 1930-жж. колхоз уюшулганда алгачкылардан болуп ”Үлгүлүү-Жаш” колхозунда жөнөкөй колхозчу болуп кошулуп, андан соң “текшерүү комиссиясынын төрагасы” жана Ак-Терек айылдык кеңешинин катчысы кызматына чейин көтөрүлгөн. Кийин мергенчи болуп калган. 1938-жылы ал сталиндик запкыга жазыксыз жерден учурагандардын арасында болгон.

Ошол жылы 5-мартта Мырзабек Тазабек уулу “контрреволюциячыл ишмердик” жүргүздү деген жалаа менен камакка алынып, ошол эле айдын 27синде “үчтүктөрдүн” (“тройка”) чечими менен атууга кеткен. Мырзабек Тазабек уулу 1989-жылы 16-январда СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгына ылайык толук акталган. Бул тууралуу Кыргыз ССРинин прокуратурасынын 1990-жылдын 10-апрелиндеги маалымат катында айтылат.

Мырзабек атанын сталиндик доордо көргөн запкысы тууралуу анын кызы Бурулуш Мурзабековнанын эскерүүсүндө кеңири баяндалган.

“... Атабыздын эмне иш кылганын үч-төрт жаштагы бала кайдан билет элем. Эс тартып, аны-муну түшүнүп калган кезде энебизден атам тууралуу билгим келип, сурамжылап калчумун:

–– Чын эле атабыз “контр революционер” болгонбу, ушул ишке кантип жүрөгү даап барды экен? “Контр” дегендер совет бийлигине каршы кишилер, биз аны КПССтин тарыхынан жакшы билебиз. Энеке, атабыз душман турбайбы, –– деп кызууланып жек көрүүмдү сыртка чыгарчумун.

Анда энебиз тынчтандырган болуп:

–– Атаңар эч күнөө кылган эмес, ак жерден айдалган, –– деп башынан өткөн кайгылуу күндөрүнөн бир үзүмүн айтып берчү:

–– Кичи – Жаргылчактан жөө чыкканыбызда, Шалбаага чейин тынбай жүрүп отуруп, ошол жерден өргүү кылып, эртеси Караколго эрте кирип барчубуз. Атаңа тамак-аш, кийим-кече алып баратканда, колумда кичинекей эмчектеги бала. Ошондо буттун таманы мөлтүрөп, жерди басуудан заарканып, суй жыгылчубуз. Айлыбыздан Абылкасым деген адам дагы кошо айдалбадыбы, анын аялы Акжолтой экөөбүз бирге бараар элек, –– деп өзүнүн жашын төгүп, терең улутуна андан аркы кебин уланта турган:

–– Атаңдан кеткен боюнча кат-кабар алган жокпуз. Караколдун түрмөсүндө жатканда нечен курдай жөө барган күндөр болду, ал кезде кайдагы унаа, кайдагы ат, болгон мал – мүлктү конфискациялап алса...

Биз менен кошо күйөөлөрүнө тамак кийиргени жазуучу Аалы Токомбаевдин аялы, дархандык Жунуштун аялы дагы бараар эле. Эч бирөөбүздүн алып барган азык-түлүгүбүздү алмак түгүл, иттер менен арсылдатып кубалап, машина менен суу чачып, түрмөнүн эшигине дагы жолотушчу эмес. Үйүбүздүн маңдайында бир чети кошуна, бир чети Азарбектин тукумдары деп эсептелген ошол кездеги “Үлгүлүү Жаш” колхозунун башкармасынын төрагасы Момокеев Жумадылдан баланы догдурга алып барууга унаа сурасам “контрдун үй-бүлөсүнө ат берүүгө болбойт го” - деп тескери басып кетпедиби. Ошентип жүрүп үч айлык Шааркан деген кызыма суук тийип, эти ысып-күйүп, үйгө жетип-жетпей чарчабадыбы. Ошондогу Шаарканым тирүү болсо, сенден эки жаш кичүү болот эле, - деп энем оор үшкүрүп, качанкы өткөн бактысыз тагдырын эске түшүргөндө, көзүн жашка толтуруп, үнсүз отуруп калаар эле”.

Булак: Мурзабекова Бурулуш. Менин атам (Тагдыр). –– Б.: ИЦ “Текник”, 2013. -–– 130 б. – ISBN 978-9967-02-617-9. – Б. 4.

Мырзабек Тазабек уулу 1938-жылы эле атылып кеткенине карабастан, бийликтер анын каза болгону тууралуу кайгылуу кабарды үй-бүлөсүнө 1953-жылы (Иосиф Сталин өлгөндөн кийин гана) угузушкан.

Бул окуя тууралуу Бурулуш эже мындайча эскерет:

“...1953-жылы 5-мартта институттун 1-курсунда окуп жатканымда “И.В.Сталин дүйнөдөн кайтыптыр”,-деген суук кабарды угуп, музыканын муңдуу күүсүнө кошулуп, канча күн көчөдө өксүп ыйлабадыкпы. Бул кишини биз адамдын бактысына жаралган жалгыз инсан деп түшүнүп, эми ал өлгөндө дүйнө астын-үстүн болчудай боздободукпу. Эми ачык-айкындык мезгилинде жазыгы жок канча адамдарды күм-жам кылган баш кесерлер ким экенин түшүнүп, көзүбүз ачылып, ал кезде аларды канчалык мээрим менен, канчалык сүйгөн болсок, азыр ошончолук ызага уугуп, жек көрүүбүз артып баратпайбы. Мен 1-курсту бүтүп, турмушка чыгып, төркүлөп келген күнү атамды “өлдү” деп угузушту. Авам жогорку инстанцияларга арызданып, сураштырган экен. Энебиз кара жамынып, биз ыйлап, куран окуткан болдук...”

(Мурзабекова Бурулуш. Менин атам (Тагдыр). –– Б. 5–6.)

Мырзабектин уулу Мукайыл 7 класс билими менен айыл аткаминерлеринен болуп иштеп жүрдү. Балким, “эл душманынын уулу” деген жарлык анын тагдырына кыйла жолтоо болгондой. Ошого карабастан, тыңдыгынан колхоздо катчы (секретарь), андан соң кой фермасынын башчысы, жылкы фермасынын башчысы болуп, ал эми Компартияга өткөн соң, «Үлгүлүү Жаш» колхозунун партиялык комитетинин катчысы да болуп иштеген.

Мукайыл өз айылдашы, желдең уругунан Абат Мурзабекова (1926–2014) менен баш кошкон. Мукайыл менен Абат беш уул, үч кыздуу болгон. Алардын тун уулу Сатыбалды 1947-жылы төрөлгөн (бул киши прокурордук кызматтарды да аркалап жүрүп, ардагерликке чыкты).

Айтмакчы, тун уулу Сатыбалды телчигип кетсин үчүн ырымдап, Мукайыл ата темир-тезек сатып алганын да үй-бүлө өкүлдөрү айтып келишет.

Мукайыл ата бүлөсү менен. Үй-бүлөлүк архивден.
Мукайыл ата бүлөсү менен. Үй-бүлөлүк архивден.

Таабалды болсо – Мукайыл менен Абаттын экинчи уулу. Ал 1948-жылы 4-июнда туулган. Эжеси (атасынын карындашы) Бурулуштун айтымында:

Бул мезгил алма-өрүктөр гүлүн күбүп, мөмө байлап, күн жылып, жайдын башталган ажайып бир сулуу, мемиреген бейкут күн эле. Бакта булбул сайрап, теребел ошол жыты аңкыган, жыпар жыттуу гүлдүн, келин-кыздардын, боз улан жигиттердин ыр-күлкүлөрү жаңырган, алтын табактай болуп, айдын сүттөй жарыгы айлананы тегиз жаркыратып турган керемет кечтин башталышы эле. Таабалдынын бешик тоюна кошуна-колоң, ага-тууган, куда-сөөктөрү чогулушуп, балага узун өмүр, бак-таалай каалашып, бата беришип, үйлөрүнө тарашкан...”

(Мурзабекова Бурулуш. Менин атам (Тагдыр). –– Б. 87.)

Жогоруда айтылгандай, анын ысымын көптөгөн замандаштары “Табылды” деп атай беришчү (айтмакчы, даңазалуу ишкер, ыраматылык Таабалды Эгембердиевди да замандаштары “Табылды” деп аташчу эмес беле). Айрым документтерде анын ысымы “Таавалды” деп да жазылган экен. Биз анын ысымын адабий тилге ылайык “Таабалды” деп жазып жатабыз.

Мукайыл менен Абаттын кийинки балдары – Киришбек (1955-жылы туулган), Тотугүл (1959-жылы туулган), Эркингүл (1961––1992), Космосбек (1963-жылы туулган), Канымгүл (1966-жылы туулган) жана көкүрөк күчүгү – Казыбек (1968––1993).

Мукайылдын сегиз уул-кызынын ичинен Таабалды, Эркингүл жана Казыбек өткөн кылымдын 90-жылдары мезгилсиз дүйнөдөн өтүштү.

Таабалдынын өмүр жолу

Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков агай 1965–69-жылдары Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (кыскача – КМУ; азыркы таптагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети; КУУ) тарых факультетинде таалим алган. Агайдын бүтүрүүчү курбалдаштары менен чогуу 1969-жылы түшкөн сүрөтүндө алардын курсу факультеттеги 14-бүтүрүү курсу экендиги айкын жазылган.

1969-ж. КМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы сүрөтү.
1969-ж. КМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы сүрөтү.

Бул чыгарылыштын студенттерине сабак бергендердин арасында профессорлор Анварбек Хасанов, Борис Зима, Абдулхай Чукубаев, Бейманалы Чөкүшев, Сабыр Аттокуров (ал кездеги факультеттин деканы), доценттер Атыгай Арзыматов, Абдылхай Сраждинов, Сейне (Ксения) Сырдыбаева, Какен Мамбеталиева, ж.б. болгон. Илимдер академиясында иштеген чыгыш таануучу Өмүркул Караев (1930––2002) араб жазмасынан сабак берген.

Ал кезде университеттин ректору – тарыхчы, профессор Салмоорбек Табышалиев (1928––1993) эле. Салмоорбек агай өзүн Исхак Раззаковдун шакирти саначу.

1960-жылдары Таабалды агайдын курсташтарынын арасында менин агам Жумамүдүн Кадырмамбет уулу, жеңем Макен Чүйтүкеева, айылдагы жакын тууган эжебиз Шайыр Жумакунова да бар эле. Байкем ден соолугуна байланыштуу сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, жеңебиз экөө бул курсташтары менен окуусун улантпай калган.

Таабалды агай жогорку билимге ээ болгон соң, ошол эле 1969-жылы КМУнун тарых факультетине күндүзгү аспирантурага тапшырган.

Атасы Мукайыл Таабалды агайыбыз аспирантураны бүтөр жылы катуу ооруп, 50 жашка чыкпай көз жумган.

Таабалды агай 1972-жылы аспирантураны аяктаган соң, КМУнун тарых факультетине окутуучу болуп кабыл алынып, андан соң ага окутуучу, доцент, декандын жардамчысы, декан сыяктуу кызматтарды аркалап жүрдү. Анын адистик өмүрү толугу менен Кыргыз улуттук университетине (мурдагы КМУга) арналды десек болот.

Таабалды агай 1980-жылы Кыргызстандын тарых илими үчүн жаңы багытта тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактады. Анын темасы «Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын экономикалык, илимий, техникалык, маданий жактан кызматташтыгы» деп аталган. Азыркы постсоветтик тапта мындай тема кадыресе көрүнүп, эч кимдин капарына деле алынбайт болушу ыктымал. Анткени эгемен Кыргызстан 1991-жылдын соңунан тартып дүйнөнүн абдан көп мамлекеттери менен кызматташтыгын өрчүтүүдө.

Ал эми 1950––1980-жылдары Кыргызстандын атайын Тышкы иштер министрлиги бар болсо да, ал Кремлден көз карандысыз өз алдынча тышкы саясат жүргүзүүгө эч укугу жок советтик жумурият болчу. Ошого карабастан, Кыргызстан Европа өлкөлөрү менен, асыресе социалисттик лагерге кирген Борбордук Европа жумурияттары менен кыйла чарбалык жана маданий карым-катнаш жүргүзгөнүн Таабалды агай өз диссертациялык эмгегинде дурус чечмелеп берген. Анын эмгеги өз доору үчүн жаңычыл болду. Демек, бул эмгек заманбап кыргыз дипломатиясынын тарыхый кыртышына үңүлүү үчүн өзгөчө керектүү тарых наамалык чыгарма болуп саналат.

Таабалды агай өмүрлүк жубайы Жаңыл Ибрай кызы Мурзабекова менен 1967-жылы баш кошкон (Жаңыл эже да Кичи-Жаргылчак айылынан, бугунун желдең уругунан болот).

Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт.
Үй-бүлөлүк архивдеги сүрөт.

Таабалды менен Жаңылдан бир кыз, үч уул бар: тун кызы Жыпар (1973-жылы туулган), уулдары – Аскар (1975-жылы туулган), Элдияр (1977-жылы туулган) жана көкүрөк күчүгү – Мирлан (1982-жылы туулган).

Таабалды агай каза болгондо 18ге гана караган Жыпар кийинчерээк атасынын жолу менен илим тармагына кетти. Ал 2012-жылы март айында “Жер тилкелери жаатындагы келишимдерди укуктук жөндөө” («Правовое регулирование сделок с земельными участками») деген заманбап темада юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Шакирттик эскерүү

Эми агайды жакындан билген шакирти катары айрым башка учурларга толугураак кайрылайын.

Мен 1976-жылы күзүндө КМУнун тарых факультетинде студент болуп калдым.

Биринчи курста Таабалды агай бизге “Байыркы Чыгыш” сабагынан дарс окуп, семинарлар да өткөрөөр эле.

Дүйнөлүк цивилизациянын башатын бизге Таабалды агай жаңы деңгээлде ачып үйрөттү (ал эми орто мектептерде Байыркы Чыгыш тарыхына чамалуу гана сааттар бөлүнөт эмеспи).

Бул “Байыркы Чыгыш” сабагы –– тарыхчылык адисти тандап алгандар үчүн өзөктүү сабактардын бири. Аны дурус өздөштүрсөң, жалпы эле адамзат цивилизациясынын аткан таңы тууралуу пайдубалдык билимге ээ болосуң.

Дал ушул олуттуу сабакты Таабалды агай “майын чыгара” өтөөр эле. Ал дарстарга кошумча семинарларды өткөргөндө ар студенттен “Хрестоматиядагы” байыркы мыйзамдарды жана башка даректүү маалыматтарды өз алдынча таап, ал тууралуу кеңири сереп (анализ) кылууну талап кылчу.

Маселен, Шумер жана жалпы Эки дарыя аралыгынын тарыхы боюнча сабактарды өткөндө, ал студенттерден айтылуу “Гилгамеш” дастанын үйрөнүп, топон суу сыяктуу далай уламыштар шумерлердин уламыштарына барып такаларын айтууну, Хаммурапинин мыйзамы сыяктуу байыркы мыйзамдардын орчун беренелерин салыштырып берүүнү талап кылчу.

Тагдыр ушул экен, кийинчерээк мен да “Байыркы Чыгыш” боюнча дарс окуп, семинар өткөрүп жүрдүм. Ошондо Таабалды агайдын педагогдук усулдарын жакшы эле пайдалана алдым деп ойлойм.

Кылымдар тогошкон маалда мен өзүмдүн жаш кесиптештерим менен бирге Уильям Г. Макнейлдин “Батыштын башаты. Адамзат өтмүшүнө кылчаюу” (William H. McNeill. The Rise of the West: A History of the Human Community: With a retrospective essay) деген китепти англисчеден кыргызчага которууга катышып, Чыгыштагы байыркы цивилизациялык очоктор жөнүндөгү бөлүмдөрүн ыракаттана котордум.

Ошондо Таабалды агай бизге Байыркы Чыгыш тарыхын У.Макнейл сыяктуу эле объективдүү окутканына тан бердим (албетте, “марксисттик-лениндик көз караш” деген нерсе СССРде тарых сабагына өзгөчө таңууланган, аны агайыбыз четке кага албайт эле).

Тарыхчы окутуучулардын тобу. 1970-жж. башы.
Тарыхчы окутуучулардын тобу. 1970-жж. башы.

Таабалды агайдын сабагы кээде күлкү жана азил аралаш өтөөр эле.

Бир жолу Таабалды агай Индиядагы Хараппа, Мохенжо-Дара жергелеринде Түштүк Азиядагы алгачкы цивилизациялык очоктордун орду табылгандыгы тууралуу өтө элестүү түшүндүрүп айтып берди.

Эртеси ал башка темадагы дарска өтөрдөн оболу өткөн сабактын мазмуну студенттердин жадында кандайча калганын тактоо үчүн капысынан бизден сурап калды:

–– Кана, айткылачы, “Хараппа цивилизациясы” деп эмнеге аталып калган?

Жакшы эле жапатырмак кол көтөрдүк эле, бизден озунуп кол көтөрүп жиберген курсташ кызыбыз “мөрөй алып кетти” да, ордунан туруп жообун узатты:

–– Агай, “Карапа цивилизациясы” деп атаган себебибиз – ал жакта өтө көп карапалар табылган!..

Бүт курстагылар ыкшып эле парталарына жатып калышты. Таабалды агайды карасам, күлгөнүнөн тим эле кып-кызыл болуп кетиптир.

Ал кезде окуу китеп жана окуу куралдары дээрлик бүт орус тилинде болчу. Алыскы элет жериндеги айылдан келген студенттер айрым орус сөздөрүн боолголоп түшүнөөр эле.

Маркум Таабалды агай сыяктуу эле, айрымдары ыраматылык болуп калган, кээлери азыр да таалим берүүсүн улантып жаткан агай-эжейлерибиз бизге жана бизден кийинки студенттерге мыкты өрнөк болушту.

Алардын арасында жогоруда Таабалды агайга сабак бергендердин катарында эскерилгендерден башка да теги казак эжекебиз, доцент Шакен Төлөевна Эсенгараева (казакча тегаты Есенгараева), этнограф, доцент Какен Мамбеталиева, археологиядан дарс окуган Бейше Урстанбеков, КПСС тарыхынан дарс окуган Айып Идинов, философ Роза Отунбаева, 2-курста СССРдин тарыхынан дарс окуган Сейне Сырдыбаевна Искенова (теги украин болгон, Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында Кыргызстанга эвакуацияланып, кыргыздын үй-бүлөсүндө өскөн Ксения аттуу бул кыздын тагдыры тууралуу акын, жазуучу, драматург Керез Зарлыкова 2007-жылы “Ксения” деген повесть да жарыялаган), Мукан Өмүркулов, Давлет Эгемназаров, Закир Эралиев, ал кездеги жаш окутуучулар Жумали Адилбаев, Ишенгүл Болжурова, Мархамат Исабекова, Жыргал Момбекова, Жаныбек Жакыпбеков, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов, Атыркүл Алишева, Анара Табышалиева ж.б. агай-эжейлер кыргызча окуган дарстар тарыхчы студенттер үчүн өтө үзүрлүү болгон.

Албетте, Антон Николаевич Мохов жана Галина Антоновна Мохова (хакастар), Дмитрий Фёдорович Винник, Вольтраут Фрицовна Шелике, Михаил Николаевич Фёдоров, Юрий Владимирович Подкуйко, Илья Маркович Скляр, Вера Митрофановна Петровец, Нина Михайловна Галкина, Михаил Николаевич Москалёв ж.б. орус тилде окуган агай-эжелердин дарстары да эстен кетпейт. Бул агай-эжейлердин айрымдары Таабалды агайга сабак беришкен (менимче, Таабалды агай студент кезинде В.Ф.Шелике айым Ош пединститутунда иштеген).

КМУнун тарых факультетинин окутуучулары. 1970-жылдар.
КМУнун тарых факультетинин окутуучулары. 1970-жылдар.

Доцент Шакен Эсенгараева эжекебиз Таабалды агайдын дарстарын улап, биринчи курстун экинчи жарымында “Байыркы грек жана рим тарыхы” боюнча дарс окуду.

Окуялар эриш-аркак өнүккөн бул эки дарсты уккан соң, мен “Сааттуу саат ай!” деген юмордук аңгеме жазып, аны сатиралык “Чалкан” журналына жарыялагам.

Кыскача айтсам, анда тарыхчыларга окулган дарс маалында улам эле “саат канча болду,” деп курсташтарынын шайын оодарып сурап, алагды кыла берген Анипа аттуу студент кыз тууралуу сөз болот.

Ошол аңгемеден бир үзүндү келтирейин:

“...Туулган күнүндө көрсөткөн группалаштарынын сыйына болгон ыраазылыгы койнуна батпай, Анипанын бети албырып чыкты. Ал шыңкылдап күлө берди, күлө берди.

Мен да кудуңдап турам, бир балаадан кутулганыма.

Кайрадан лекциялар дүйнөсүн жамындык.

–– ...Гректер менен перстердин бул салгылашуусунда...

Кээде гана оодарылган барактардын шуудуру коңур үндү коштойт. Дал ушу салгылашуудагы жеңиштин ээсинин ысымын эженин оозунан илип алаарда капталыма перстердин «жебеси» сайылды.

Жок, бул Анипанын сөөмөйү эле.

–– Болжоп көрчү ыя? Менин саатым канча болуп турат? Тапчы!..”

Азил аңгеме ушуну менен бүтөт.

Бирок анын уландысы турмушта орун алды.

Таабалды агай бир ирет жолугуп, “юмордук аңгемең мага аябай жакты” деп айтты. Ал эми курсташтарымдын айрымдары келип: “Сен жазган аңгеменин прототибин билебиз!” деп күлүп жүрүштү.

Негизи, Таабалды агай күлкүлүү тарыхый окуялар, азилдер же башка олуттуу маселелер тууралуу макалалар жарыялап калсам, ар дайым мага жолукканда колдогон маанайдагы жылуу пикирин айтып жүрчү.

Окутуучунун жаркын элесин сыпаттоо жалаң гана сабак учурундагы жана дарска байланыштуу жүрүм-турумун эскерүү менен чектелбейт эмеспи.

КМУнун тарых факультетинде аны таптап өстүргөн кишилердин бири – тарых илимдеринин кандидаты, профессор Мидил Бегималиевич Жамгырчинов болчу.

Мидил Жамгырчинов (солдо) жана шакирти Таабалды Мурзабеков.
Мидил Жамгырчинов (солдо) жана шакирти Таабалды Мурзабеков.

Мидил агай 1972-жылы жактаган кандидаттык диссертация XVI – XVIII кылымдардагы Теңир-Тоо, Энесай жана Сибирдеги кыргыздардын тарыхына байланыштуу орус булактарынын маалыматтарын иликтөөгө арналган.

Факультетте Таабалды агайды “Мидилдин шакирти” деп коюшчу. Кийин фарсы булактары боюнча адис, чыгыш таануучу Таласбек Туратбекович Машрапов, андан соң араб жазма булактарын үйрөнүүгө багыт алган ушул саптардын ээси да “Мидилдин шакирттери” болуп калдык.

Чынында да, Мидил агай бардыгыбызга өзгөчө адамгерчиликтүү, айдың (интеллектуал), сыпайы жетекчиликтин өрнөгүн көрсөттү. Ал жердешчилдик сыяктуу жосунсуз жоруктарды четке каккан, жалпы улут тагдырын биринчи орунга койгон инсан экендиги да бардык кесиптештерине маалым. Ал агайыбыздын мыкты педагогдук сапаттары Таабалды агайга да өттү десем болот.

1980-жж. башында Таабалды агай факультеттин деканынын орун басарлыгына көтөрүлдү. Ал кезде тарых факультетинин деканы – доцент Аманжан Рыскулов эле (ал айтылуу кыргыз театр жылдызы Муратбек Рыскуловдун иниси болот). Ошондогу Таабалды агайдын тактыгы, факультеттеги коомдук иштерди уюштуруудагы демилгелүү аракеттери эсте.

1982-жылдын августу. Бир ирет орто муундагы жана жаш окутуучулар КМУнун жанында чогулуп, аркы-теркини сүйлөшүп калдык. Абитуриенттерди ылгоо иши бүтүп, эми окууга өткөндөрдү жумушка жиберүү жагы уюштурулуп жатса керек эле. Мен да студенттер тобун Таластын Манас районуна тамеки тергенге, б.а. элеттик кара жумушка алып кетүү үчүн камынып жаткан элем.

Маркум адабиятчы Салижан Жигитов (1936––2006) ошондо жаныбыздан өтүп калды. Салижан агайдын уулу Акбар Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги КМУнун) тарых факультетине жаңыдан өткөн кез.

Орус тилинде ыр жаза койчу, “чымыны бар” уулунун болочокто тарыхчы адистигин аркалаары айгине болгон соң, ыраматылык Таабалды агайыбыз тилчи Салижан агайды тамашалап калганы эсте:

–– И-и, агай! Адабият, тил илими жаатында оокат өтпөйт экен деп, тарых факультетине тапшырткан турбайсызбы, уулуңузду!

–– Жок, антпей эле, тарых факультетинин окуусу филфактагыга караганда жеңил болот экен деп, силерге тапшыр деп кеңеш бердим, –– деп Салижан агай чогулган тарыхчыларды кыраан-каткы күлдүргөн болчу.

1983––1987-жылдары Таабалды агай КМУнун тарых факультетинин деканы болуп иштеп калды.

(Ал кезде, тактап айтканда, 1983-1988-жылдары мен Ташкент шаарында Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда стажировкада жана аспирантурада окуп жүрдүм, ошондуктан Таабалды агай декан кезде мен дээрлик сырт жакта болуп калдым).

Дал ошол кезең СССРдин (анын ичинде Кыргызстандын) тарыхында “сенектик доордон кайра куруулар дооруна өтүү мезгили” катары айтылып жүрөт.

Бул доордун айырмалуу саясий окуяларынын бири –– 1986-жылы жайында Саха (Якутия) жумуриятынын борбору Якутск шаарындагы саха жаштарынын улуттук-маданий кызыкчылыктарды коргоп саясий демонстрацияга чыгуусу жана ошол жылдын кышында Казакстандын борбору Алматы шаарында казак жаштарынын жумурияттын улуттук мамлекет катары өз алдынча укуктарын коргогон тынч көтөрүлүшү (16-декабрдагы “Желтоксон окуялары”) эле. Бул эки окуяда тең кагылышуулар коммунисттик режим тарабынан жүзөгө ашырылган кандуу жазалоолор менен аяктаган.

Бул окуялардын ичинен кыргызстандыктар “Желтоксон окуяларын” гана өз маалында угуп, ал түгүл казактарга боордоштук жана тилектештик сезимдерин билдирип чыгышкан. Саха жергесиндеги кандуу окуялар далайга чейин Ала-Тоо калайыгы үчүн белгисиз калган. Бирок бул эки окуянын кабары тең коммунисттик Кремлде тымызын талкууланып, советтик жумурияттарда жана автономия макамындагы аймактарда ашынган улутчулдарга каршы аёосуз күрөш чаралары жүргүзүлмөкчү болот.

1986-жылкы "Желтоксон окуяларынын" курмандыктарына арналган эскерүү жөрөлгөсү маалында. Алматы ш. 16.12.2018.
1986-жылкы "Желтоксон окуяларынын" курмандыктарына арналган эскерүү жөрөлгөсү маалында. Алматы ш. 16.12.2018.

Советтик Кыргызстан да жазалоолордон четте калган эмес. Мында да коммунист идеологдор “ашынган улутчулдарды”, “феодализмге чакырган шыкакчыларды” издей башташкан. Ал кезде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы – физик академик Аскар Акаев болгон (анын орун басары философ Аскар Какеев болчу).

Кыргызстанда жазыксыз жерден саясий жалаага калгандардын бири – КМУнун тарых факультетинде өзүнүн этнография боюнча дарстарында санжыралык маалыматтарды да чагылдырган этнограф, профессор Сабыр Аттокуров (12.04.1932 –– 02.01.2005) болду.

Этнограф Сабыр Аттокуров санжырага тарыхый булак түрү катары мындайча баа берчү:

Санжыра – биздин тарыхыбыз, басып өткөн жолубуз. Санжыранын түпкү максаты - кыргыздарды урууга бөлүү эмес, аларды ким кайдан экенин билүүгө үйрөтүү. Кылымдар бою бир тилде сүйлөп, бир динге табынып, бир туунун астында жеңип, жеңилип, качып, качырып, Ала-Тоону мекендеп келгенибизди далилдейт”.

КМУдагы тарыхчы студенттерге кыргыз элинин этнографиялык өзгөчөлүктөрү, каада-салты менен үрп-адаты жана кылымдар карытып келген улуттук асыл-нарктарды сактап калуу зарылчылыгы тууралуу саймедирлеп айтып келген Сабыр агай Кыргызстан КП БКнын идеологдорунун шыкагы менен “феодалдык уруучулукка чакырган” инсан катары жектелди. (1987-жылдын башындагы кыш айларында КМУда атайын идеологиялык жыйналыштар өткөнүн айрым кесиптештерим мага ошондо Ташкент шаарына кат жазып баяндашкан эле).

Албетте, дал ушундай улутчулдар сабак берген мекемеде “татыксыз жетекчилик кылды” деген жалаа менен Таабалды Мурзабеков агай да 1987-жылдын биринчи жарымында декандык кызматтан кетирилген. Бул “идеологиялык балтанын” соккусу Таабалды агайдын саламаттыгына кыйла сокку урду.

Студенттик жатаканада Жаңы жыл майрамынын алдында. Отургандар: Сабыл Аттокуров (солдон үчүнчү) жана Таабалды Мурзабеков (оңдон экинчи).
Студенттик жатаканада Жаңы жыл майрамынын алдында. Отургандар: Сабыл Аттокуров (солдон үчүнчү) жана Таабалды Мурзабеков (оңдон экинчи).

Анын акыбалын түшүнүү үчүн мурдагы сталиндик жана андан кийинки хрущевдик-брежневдик-андроповдук доорлорду эстөө керек. Бул доорлордо идеологиялык себептер менен кызматтан алынган жана акталбай калган кишилерге алардын өмүрү өткөнчө эгерим жакшы кызматтар берилчү эмес, илимий чыгармачылыгына да бөгөт коюлган.

Археология сабагынан дарс берип келген Бейше Урстанбеков (1938––1990) агай да жазыксыз жерден ушул сын толкунуна кабылган.

Кыргызстан Компартиясын Т.Усубалиев жетектеген кезеңде жергиликтүү бийликтер "орус тили –– экинчи эне тилим" деп ураан чакырып, бирок нагыз эне тилине дурус көңүл бөлүнбөй турган чакта, ордо шаар Бишкекте бир-эки гана кыргыз мектептери бар ошол тарчылык кезеңинде, Бейше агай археология боюнча кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча терминдик сөздүгүн түзүп, бул көлөмдүү эмгекти Кыргызстандын Илимдер академиясынын (азыркы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын) басмасында жарыялаган болчу.

(Караңыз: Урстанбеков Б. Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги. –– Фрунзе: Илим, 1985.).

Сабыр Аттокуров, Таабалды Мурзабеков, Бейше Урстанбеков сыяктуу тарыхчыларды өздөрүнүн айрым кесиптештери жана ал түгүл “достору” эле “саясий душман” катары обочого сүрүп салышканын кийинчерээк уктум.

Акыры акыйкаттык жеңди. Кайра куруулар доору Кыргызстанда өзүнүн чыныгы күчүн 1988-жылдан тартып көрсөтө баштады өңдөнөт. Ошол жылы кыргыз тилинин макамы үчүн жалпы элдик күрөш (“кош тилдүүлүк саясаты” үчүн кыймыл) коомчулуктун көзүн ачып койду.

Дал ошол жылдын соңунан тартып Кыргызстандагы саясий куугунтук жегендерге карата мамиле кыйла жумшара баштады. Ал түгүл СССР кулаган жаткан учурда – 1991-жылы Таабалды агай Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) проректорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган анын тагдырындагы шаңдуу окуяга да күбө болдук.

Албетте, Таабалды агайдын турмушундагы бул жагымдуу өзгөрүү тууралуу укканда, анын бардык тилектештери шаттандык.

Сабыр агай да кайрадан саясий жактан акталды. Ал Кыргызстан ИАнын Тарых институтунун совет мезгили бөлүмүндө улук илимий кызматкер болуп иштеп жүрдү. Эгемендик доорунда сый-урматка татып, 1993-жылдан Кыргызстан УИАсынын Тарых институтутунда бөлүм башчы, диссертациялык кеңешке мүчө болуп калды.

Бейше агайдын элесине арналган жыйындын көрнөгү. 15.5.2018.
Бейше агайдын элесине арналган жыйындын көрнөгү. 15.5.2018.

Доцент Бейше Урстанбековдун (анын "Үрстөнбеков" деген тегаты паспортунда ушундайча жазылып калган) айдыңдык акталышынын бир орчун мисалы –– анын “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” деген аталыштагы ушул саптардын ээси менен калемдешип жазган эмгегинин Кайра куруулар доорунда (1990-жылы) эле Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы тарабынан жарык көргөндүгү десек болот. Бул эмгек аталган редакцияга 1989-жылы эле тапшырылган.

Бир кезде саясий кермек даамдуу жалаа аркылуу Сабыр Аттокуровго жана башка тарыхчыларга каршы өнөктүк уюштурууга катышкан кесиптештерин айыгыша айыптоодон деле алыспыз. Алар деле ошол кездеги саясий режимдин идеологиялык туундусунун курмандыктарынан болуп саналат.

Ыраматылык Сабыр Аттокуровго да тээ 1997-жылы бул жаатта суроо салганымда, ал өзүнө кастарын тиккендерди кечиргендигин, алардын ана башылары да атайылап келип өзүнөн кечирим сурап кеткенин айтканы бар.

Бул дагы санжыраны мыкты өздөштүргөн, ысымы да Сабыр болгон залкар илимпоздун урпактар унутпай тургандай сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө чакырган өмүрдүк сабагы болсо керек. (“Атаңды өлтүргөнгө энеңди бер” деген кыргыздын омоктуу накыл кеби жөн жеринен муундан муунга сакталып калбагандыр).

Элеси – түбөлүккө калат

Аттиң, жазмыш деген эч бир инсанды айланып өтпөй тура!

1991-жылы 9-октябрда Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков агай педагог-окумуштуу жана уюштуруучу катары толукшуп турган кезинде, болгону 43 жаштын чайын ичип жаткан эле чагында, жүрөгүнөн кармап дүйнө салбадыбы!

Ал кез – эл-жерибиз эгемендиктин жел аргысын сезе баштаган учур эле. Кыргызстан мамлекеттик көз каранды эместигин 1991-жылдын 31-августунда жарыялаган. Андан бир күн мурда “Ата-Бейит” көрүстөнү расмий ачылып, ага 1938-жылы ноябрда сталинчилер тарабынан жазыксыз набыт болгон 137 бабабыздын сөөктөрү арууланып кайра жерге берилип, коммунисттик куугунтуктан азап чеккендердин ысымдары бүт өлкө боюнча кайра акталып жаткан. Ал түгүл 1991-жылы сентябрда Кыргызстанда КПССтин бир колу болгон Кыргызстан Коммунисттик партиясына тыюу да салынган.

Кандай болсо да, 1991-жылдын октябрына карата чоң атасы гана акталып чектелбестен, Таабалды агайдын өзүнүн жеке кадыр-баркы да кайрадан жогорулап, университеттин проректорлорунун бири болуп калган учур болчу.

43 жаш деген эмне?.. Студенттер үчүн ал “карып калган кишинин” жашындай болгону менен, азыркы муундардын мүмкүнчүлүгүн алганда, тим эле күлгүн жаштын нагыз чордону болчу да!..

Кичи-Жаргылчактагы Т.Мурзабеков атындагы орто мектеп.
Кичи-Жаргылчактагы Т.Мурзабеков атындагы орто мектеп.

Таабалды агайдын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн кийинки, 1992-жылы анын айылдаштары Кичи-Жаргылчак кыштагындагы эки кабат имараттуу орто мектепке анын ысымын ыйгарышты. Бул окуяга байланыштуу анын айылындагы орто мектепке жоон топ тарыхчылар барган элек. 1980-жылдары Таабалды агай менен үзөңгүлөш иштешкен кесиптеши, ошол кездеги Кыргызстандын билим берүү министри, профессор Чынар Жакыпова өзү да бул салтанатка катышкан (чагымда, 1993-жылдын башында болсо керек эле).

Азыркы тапта бул орто мектептин кире беришиндеги дубалга Таабалды агайдын элеси камтылган чакан эстелик такта таш орнотулган.

Тарыхчы Таабалды Мурзабеков (1948––1991) тууралуу сүрөт баян.

Таабалды агайдан таалим алган окуучулары ушул тапта дүйнөнүн чар тарабында эмгек кылып келишет.

Мугалим дүйнөдөн өтсө да, анын эмгегинин мөмөсү жана жаркын элеси урпактары жана окуучулары тарабынан да сакталат эмеспи.

Сизди эч унутпайбыз, Агай!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG