Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Рыскулов менен Күмүшалиеванын чыгармачылыгына арналган иш-чара өтөт


Муратбек Рыскулов.
Муратбек Рыскулов.

Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында залкар артисттер Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жана режиссер, актер Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Үч таланттын ишмердигине арналган иш-чаралар буга чейин да өткөн.

Муратбек Рыскулов - СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси. Айрым маалыматтарда 1899-жылы, кээ бир документтерде 1908-жылы төрөлгөнү жазылган. 1974-жылы дүйнөдөн кайткан.

Сабира Күмүшалиева - Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти жана Эл баатыры. 1917-жылы жарыкка келип, 2007-жылы көз жумган.

Эки залкардын уулу, Кыргыз эл артисти Искендер Рыскулов кино актеру жана режиссер катары белгилүү. 1941-жылы жарык дүйнөгө келип, 2002-жылы дүйнөдөн кайткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG