Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:28

1897-жылкы эл каттоо: Орус империясынын Түндүк Кыргызстандагы "кыйды эсеби" (1-бөлүк)


Чүйдөгү адеми кийинген бийкеч. Автору италиялык Жүл Брошерел. Булагы: "Бекзаада Сципион Боргезенин Касиеттүү тоолордогу саякаты, 1907-жыл” деген китеп. 1900. (фото/ретушь).

120 жыл мурда, 1897-жылы 9-январда Орусия империясында, анын ичинде бүгүнкү Кыргызстандын аймагында биринчи эл каттоо жүргүзүлгөн. Анын оош-кыйыш жактары арбын болгон.

Бул тарыхый эл каттоо боюнча бүгүнкү Түндүк Кыргызстандын аймагында "кыргыз кайсактар" (казактар) жашаса, Түштүгүн "кара кыргыздар" (кыргыздар) байырлашкан делет.

Ал эми кыргыздар кайда эле?

1897-жылы 29-январда болгон эл каттоо - Орус империясынын тарыхындагы биринчи жана акыркы жалпы элдик эл каттоо болгон. (1915-жылдын декабрында өткөрүлөөрү белгиленген эл каттоо Биринчи Дүйнөлүк согушка байланыштуу жүргүзүлбөй калган.)

1897-жылкы эл каттоодо бүгүнкү Кыргызстандын аймагында жашаган кыргыздардын болжолдуу эсеби такталган. Бизге ал ошонусу менен маанилүү.

Тарыхый эл каттоо тууралуу чех окумуштуусу, доцент Пётр Кокайсл мындайча пикирин айтат:

- XIX кылымдын аягында Орусия империясында жүргүзүлгөн эл каттоону талдоо абдан кызыктуу. Андан Борбор Азиядагы бүгүнкү эрктүү республикалар боюнча маалыматты карасаңыз, кыргыздар бүгүнкү Кыргызстандын чегинде жок же аз болгонун көрөсүз. Өзбекстандын Анжиян оёзун алсак, элинин көбүн сарттар, анан кара кыргыздар түзөт; а өзбектер оёздо такыр жок.

Эмне үчүн 1897-жылкы жалпы элдик эл каттоодо кыргыздар аз көрсөтүлгөн? А бүгүнкү Кыргызстандын Түндүк бөлүгүндө такыр эле көрсөтүлгөн эмес.

Бул суроону талдагандан мурда падышалык бийлик кездеги административдик-территориалдык бөлүүгө токтололу. Ал кезде Түндүк Кыргызстан Жети Суу облусуна кирген жана бүгүнкү Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагы Пишпек жана Пржевальск оёздоруна караган. Ал эми Талас тарап Олуя-Ата оёзуна кирген. Түштүк Кыргызстан Фергана облусуна караган жана административдик жактан Ош, Анжиян, Наманган, Маргалан, Кокон оёздоруна баш ийген.

Падышалык бийлик жүргүзгөн 1897-жылкы эл каттоодо букаралардын улуту респонденттердин жообуна, тагыраак айтканда, негизги сүйлөгөн тилине ылайык аныкталган. Мындай усулдан алганда, Орусия империясында түрк-татар тилинде 13 373 867 жан же элдин 11% жакыны сүйлөгөн. Ал эми кара кыргыз тилинде 201 579 жан сүйлөгөн.

Бука тартыш. 1910-жыл. Ак-кара түстүү открытка. А.К.Штрембергдин фотосу
Бука тартыш. 1910-жыл. Ак-кара түстүү открытка. А.К.Штрембергдин фотосу

Орустун белгилүү окумуштуу-географы Пётр Семёнов-Тян-Шанский жетектеген Статистикалык кеңеш эмне үчүн тил маселесине келгенде өзбек, тажик, түркий татар жана башка тилдерди туура бөлүп, бирок Чүй, Ысык-Көл, Нарын аймактарында кыргыздар жашабайт дегендей тыянак чыгарган. Эмне үчүн?

Береги суроонун жандырмагын билүү үчүн эл каттоону изилдөө зарыл дейт доцент Кокайсл:

- Бир өңчөй жооп айтуу оор. Мисалы, бүгүнкү Чүй облусун алалы. 1897-жылкы эл каттоо боюнча, Пишпек жана Пржевальск оёздорунда бир да киши кара кыргыз тилинде сүйлөбөгөн: алар кыргыз-кайсак деп көрсөтүлгөн. Лекин, азыркы Кыргызстандын чегинде жашаган 200 000 киши же жалпы элдин 9% кара кыргыз тилинде сүйлөгөн. Бирок, Пишпек жана Пржевальск оёздорундагы калктын 86 % кыргыз-кайсак тилинде сүйлөгөнүн айткан. Бүгүн кыргыз-кайсак тили дегенде казак тилин түшүнөбүз. Ушун үчүн падышалык Орусиянын аткаминерлери эл каттоону кандай өткөргөнүн изилдөө кызыктуу болмок. Так эместиктер кайдан чыкканын билүү үчүн андай изилдөө керек.

Мен Бишкекте июл айында өткөн илимий конференцияда 1897-жылкы эл каттоо боюнча Түндүк Кыргызстанда бир да кара кыргыз болгон эмес дегенимде, кыргыз тарыхчылары муну падышалык аткаминерлердин жаңылыштыгы дешти. Бул жаңылыштыкпы же кимдир бирөөлөр атайын жасаганбы? Муну так айтуу азыр кыйын.

Чехиялык илимпоз XIX кылымдын этегинде жашаган кыргыздарда өздөрүн бөтөн адамдарга уруусун айтып тааныштыруу кенен жайылганын да белгилей кетти:

- Саякатчылардын эскерүүлөрүн окуган киши - саякатчылар жергиликтүүлөрдү кыргыз деп аташканын көрөт. Ал эми жергиликтүү эл өздөрүн бугу деп, же өз уруусунун аты менен аташып, кыргыз деп аташкан эмес.

Жаңылыштыкпы же саясатпы?

Тарыхчы аалым Арслан Койчиев Пишпек жана Пржевальск оёздорундагы кара кыргыздын же кыргыздардын катталбай калуусу же кыргыз-кайсак деп жаңылыш катталуусу падышалык өкмөт маанилүү өнөктүктө олуттуу демографиялык калпыстыкка жол бергенин күбөлөгөнүн айтат:

- Эл каттоо Орус империясынын курамындагы, анын ичинде Борбор Азия элдерин каттоого алууну көздөгөн эң биринчи эл каттоо. Эл каттоодо кыргыздардын санын 200 миңден бир аз ашыгыраак деп көрсөтүлгөн. Менимче, бул сан реалдуу көрүнүштү чагылдырбайт. Себеби андан кийинки эл каттоого кайрылсак, кыргыздардын саны алда канча көбүрөөк: 0,5 миллиондун тегерегинде...

Ошол себептен 1897-жылы өткөрүлгөн эл каттоонун жыйынтыгын нукура чындык деп кабыл алганга болбойт деп эсептейм. Себеби, кыска убактын ичинде кыргыздардын саны 2-3 эсе өсүп кетүүсү мүмкүн эмес эле. Бул - биринчиден.

Экинчиден, эмне себептен жанагындай сан көрсөтүлүп калды дегенде, эл каттоодо колдонулган критерийлер так эмес болушу мүмкүн деп айтат элем. Демек, анда кандай критерийлер, кандай аргументтер, кандай усулдар колдонулганын дагы бир жолу такташыбыз керек.

Үчүнчүдөн, бүгүнкү Кыргызстандын түндүк өңүрүндөгү нукура кыргыздар жашаган жерлерде кыргыздардын өздөрү көрсөтүлбөй калды деп сиз айтып жатасыз. Мунун өзү дагы 1897-жылкы эл каттоо так эмес дегенден кабар берет деп ойлойм.

Орус империясындагы тарыхый эл каттоону чукул даярдыктан өткөн түрдүү кесиптеги адамдар жүргүзгөнү, ал эми Батыш Европа менен Америка Кошмо Штаттарында бул ишти адис-статисттер жүргүзгөнү XX кылымдын башында жарыяланган илимий макалаларда белгиленген.

Анын үстүнө бул эл каттоо - Орусия падышалыгы өзүн 1721-жылы империя деп жарыялагандан берки биринчи жалпы мамлекеттик эл каттоо болгондуктан, мындай алгачкы тажрыйбада ар кыл калпыстыктардын болуусу мыйзам ченемдүү эле.

Пржевальскдеги (азыркы Каракол) интернаттын мугалимдери жана окуучулары. 1906-жыл.
Пржевальскдеги (азыркы Каракол) интернаттын мугалимдери жана окуучулары. 1906-жыл.

XIX кылымдын ортосунда эл каттоонун бүгүнкү усулу жана принциптери АКШ, Швеция, Дания, Франция жана башка Европа мамлекеттеринде калыптанып калган.

Ал түгүл АКШда 1790-жылдан, Батыш Европа мамлекеттеринде 1800-жылдан тартып ар 10 жылда элдин саны ырааттуу катталып турган. Алтын Ордо мамлекетинде болсо түрктөшкөн монгол-татарлар XIII кылымда эле Орус (Русь) жериндеги калкты үч жолу каттаган.

1897-жылкы сурамжылоо жолу менен өткөрүлгөн эл каттоодо кыргыздар "кара кыргыз" деп, казактар "кыргыз-кайсак" деп алынганы канткенде да түрдүү суроолорду жаратат. Мындай бөлүү кандай негизде жасалган?

Суроого тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Койчиевдин жообу:

- Албетте, Орус империясында шарттуу бөлүү болгон жана азыркы кыргыздарды кара кыргыз деп, а казактарды кыргыз деп атай берген. Бирок андай атоонун критерийи эмне болду деген маселе бар. Ушунун өзү эл каттоо учурунда критерий так аныкталбаганын, орусча айтканда, “размытый” болсо керек деген ойго түртөт. Мен азыр XIX-XX кылымдардын башына тиешелүү кээ бир адабияттарды карап отурам. Аларда да кээ бир жерлерде кыргыздар менен казактарды жакшы ажырата албаган жерлер бар. Маселен, кыргыздарды казактардын туугандары, казактардын уруулаштар катары караган жерлер бар.

Анан да 1916-жылы элди сыпаттаганда кыргыздар менен казактарды көп жерде чаташтырып алат. Ошол себептен эл каттоо учурунда каттоону жүргүзгөн адамдар казак менен кыргызды так ажырата албаган.

Дагы бир жагдайга көңүл бургум келет. Ошол XIX кылымдын этегинде орустардын тарыхый эмгектеринде, социология жана демография илиминде көчмөн өзбектер менен кыргыздарды да даана ажырата алган эмес. Буга орус адабияты күбө. Маселен, орус саякатчыларынан Н. А. Северцовду (1827-1885) алсак, ал көчмөн өзбектер менен кыргыздарды так ажырата албайт. Ушул жагдайлар да эл каттоодо башаламандыкка алып келсе керек деп түкшүмөлдөгөнгө толук мүмкүн.

Арслан Койчиев белгилегендей, кыргыздар менен казактарды чаташтыруу - эстелиги Ысык-Көлгө кире бериште Кызыл-Токойдо заңкайып турган Пётр Пётрович Семёнов-Тян-Шанскийдин “Тянь-Шанга 1856-1857-жылдары жасалган саякат” (Путешествие в Тянь-Шань в 1856-1857 годах) деген китебине да мүнөздүү.

Ал турсун казак этнографы, “Алаш” козголоңунун жетекчиси Алихан Бөкейхан (Алихан Букейханов) XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башында жазган орусча илимий изилдөөлөрүндө казактарды "кыргыз" деп жазат. Ал турсун Бөкейхановдун Ташкенде чыкчу “Түркстан кабарлары” (Туркестанские ведомости) журналындагы казактарга арналган макаласы “Кыргыздардын “Кобланды” жомогундагы аялдар” (Женщина по киргизской былине “Кобланды”) деп аталса, ал эми “Киргизская степная газета” гезитиндеги казактар жөнүндөгү башка бир макаласы “Кыргыздардын аш өткөрүү салты тууралуу” (О киргизских поминках) деп аталат.

Айтмакчы, 1897-жылкы эл каттоо боюнча бүгүнкү Казакстандын аймагында 4 млн., Өзбекстандын аймагында 2 млн., Кыргызстандын аймагында 750 миң, Тажикстандын аймагында 646 миң, Түркмөнстандын аймагында 350 миң калк болгон.

(Уландысы бар).

Редакциядан.

Кыргызстандын этнографиялык жагдайын сыпаттоодо жалаң гана 1897-жылкы эл каттоонун маалыматтары менен чектелүүгө болбойт. Кыргызстанды каратып алуу окуяларын чагылдырган документтерде жана оторчулук доордогу болуштарды шайлоо сыяктуу өнөктүктөр маалындагы каттоолордо Түштүк Кыргызстанда гана эмес, Түндүк Кыргызстанда деле жергиликтүү калайыктын абсолюттук басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзгөндүгү, Фергананын, Жизактын, Памирдин, Батыш Кытайдын кыйла чөлкөмдөрүндө кыргыздар байырлагандыгы тастыкталган.

Ал эми казактар Жети-Суунун Иле өрөөнү, Алматы (мурдагы Верный), Олуя-Ата (азыркы Тараз) сыяктуу аймактарда жана азыркы Казакстандан тышкары Оренбург, Батыш Сибир, Сыр-Дарыя сыяктуу аймактарда да түпкү калк катары башка калктар менен эриш-аркак байырлагандыгы падышалык архивдик документтерде жана башка даректерде таасын чагылдырылган. Кыргыз, казак санжыралары жана башка жергиликтүү маалыматтар дагы ушуну тастыктайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG