Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:53

Тарыхый инсанды баалоодо кыйшык күзгүнүн кереги канча?


Тарыхчылар “Ата Бейит” эскерүү жайына зыярат кылышты. 08.11.2017.

Пост-советтик Кыргызстанда тарыхый инсандарга баа берүү жаатында чоң секириктер жана жетишкендиктер архивдик жана башка тарыхый маалыматтарга негизделбеген айрым чалкеш, бир тараптуу, “фолк хисториге” таандык көз караштар менен да коштолуп келет. Тарыхчынын блогу.

Ар бир тарыхый доор өтмүштөгү жана учурдагы инсандар жөнүндө баа берүүнүн улам жаңы мүмкүнчүлүктөрүн баштан кечирет көрүнбөйбү.

Мурдагы Советтер Биримдиги доорунда тарыхый инсанды баалоо марксизм-ленинизм байрагы астында жүрдү. Натыйжада, эзүүчү таптардын өкүлдөрү саналган далай инсандар өздөрүнүн таасын баасын ала албай, атайылап унуткарылды.

Пушкин, Толстой, Абай сыяктуу “эзүүчү таптын өкүлдөрү” өздөрүнүн керемет талантынын кубаты менен гана “жазаланбай” калышты.

Адабий, көркөм дүйнө тармагынан Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков, Белек Солтоноев, Казыбек Мамбетимин уулу, саясий тарых тармагынан Ормон хан, Алымкул, Алымбек, Курманжан датка, Үмөтаалы, Осмон датка, Канаат хан сыяктуу инсандар ж.б. эгемендик доордо гана ар тараптуу бааларга татышты.

Булардын бардыгын азыр ар бир окурман жакшы билет.

Ал эми жаш илимпоз адистерге кайрылаарым: 1990-жылдардан тартып жаңыча баа алды делген тарыхый инсандарга калыс баа берүү далаалатын улантышыңыздар керек.

Демек, мында ар бир тарыхый инсандын өмүрүндөгү жана ишмердигиндеги оош-кыйыш жактарды сөзсүз түрдө тайманбастан көтөрүп чыгуу абзел.

2-3 жылдан бери “Фейсбук” тармагында Ысык-Көл өрөөнүндөгү акелер тууралуу талаш-тартыш болуп, азырынча “ит жыгылыш” менен аяктады: 1990-жылдардан тартып атайылап “жети аке” деген жобону сууруп чыккандар жана алардын колдоочулары бир жаат болсо, тиешелүү өрөөндөрдө тигил же бул кишини урматтап “бай аке” же “аке” деп айтышкандыр, бирок XIX кылымдагы эч бир архивдик же башка документте айрым “жаңы санжырачылар” айткандай “атайын курултайда “аке” деген наам добуш берип ыйгарылган экен”, –– деген жоромолдор эч тастыкталбай жатат, деп айтып чыккан азганактай тарыхчылар экинчи жаатты түздү. Акыры, дагы архивдерди казуу тууралуу чакырыкты эки тарап тең колдоду көрүнөт.

XIX кылымда биз азыр “аке” макамын алган делген кишилер деле өздөрүн “бий” деп аташкан экен. “Бий” –– бул чыныгы мартаба ээси, нагыз бийлик ээси дегенди туюнткан.

Бул темада болочокто да атайын сөз кылмакчыбыз.

XIX кылымда падышалык Орусияны жактагандарды советтик эски ыргак менен эле “баатыр” карап чектелбестен, эми Тайлак баатыр, анын уулу Осмон датка, Үмөтаалы Ормон уулу, падышалык оторчулардын Алматы абагында өлгөн Балбай баатыр, “Полот хан”ысымы менен чыккан Молдо Исак Асан уулу, Абдылдабек Алымбек уулу, Мамыр Мерген уулу, Мөкүш Шабдан уулу, Баатыркан Ногой уулу сыяктуу эгемендик үчүн күрөшкөн баатырлар да акыйкат баа ала башташты.

XIX кылымда –– XX кылымдын башында жашаган инсандардын тарыхый баасы тууралуу да бир беткей айткан учурлар оңдолуп, тастыкталды. Маселен, В.Плоских, Т.Өмүрзакова сыяктуу калемгерлер Курманжан датка фарсы тилинде ыр жазчу экен деген жалган маалыматты таркатканга чейин барышты. (Ал эми “Курманжан датка” көркөм тасмасында аны руна сымал жазма менен сүйүү катын жаздырткан “жомокко” келсек, аны режиссёр Садык Шер Нияз “Энесай Кыргыз каганатынын доорундагы улуттук жазмабызды эскертип коюуну ырас көргөн элем” деп жооп бергени эсте).

Ал эми чыныгы тарыхый инсанга келсек, Курманжан –– көөдөнү тунук, адепти, бийлик жөрөлгөлөрүн, дипломатияны мыкты билген, бирок жеке өзү кат-сабатсыз айым болгон.

Мындан уяла турган эч нерсе жок. Жеке сабатсыздыгына карабастан, Кокон дооруна чейинки мезгилден берки арап арибиндеги даректүү маалыматтарды сактап жүргөн экен. Ыраматылык Сатыбалды Мамытовдун ырасташынча, Алымбек датка менен Курманжандын архивиндеги бир вакыф кагазынын негизинде Самарканд шаарындагы Улукбектин жылдызканасынын (обсерваториясынын) калдыгы жайгашкан жер аныкталган.

Тарыхый инсандарды өз доорунун көп этностуу коомунун өкүлү катары да бейтарап сыпаттоо абзел. Ошол эле Алымбек датканын өзбектер менен куда-сөөктүк мамилелери болгон. Кокон хандыгын бийлеген көчмөн өзбектердин миң деген уруусу менен баткендик, оштук, таластык жана аксылык кыргыз төбөлдөр да тыгыз куда-сөөктүк карым-катнашта болгон. Талас, Чүй менен Ысык-Көлдө казактар менен, Текес, Какшаал, Улуу-Чат, Ак-Тоодо ж.б. уйгурлар менен этностор аралык карым-катнаш кызуу жүргөн.

Кыргыздардын ички байланышы деле биз азыр ойлогондон кыйла терең жана тыгыз жүргөнүн тарыхый инснадардын мисалында айта алабыз. Айтылуу Арстанбек Кокон, Анжыян, Аксыга чейин барып, атагы таш жарган. Ал эми Жеңижок атайын Ысык-Көлгө келип, Арстанбек менен учурашып кайткан.

Казактын залкар төкмөсү Жамбыл Жабай уулу Чүй өрөөнүнө далай келип ырдаганы тууралуу замандаштары да, өзү да эскерет.

Ысакбек Монуй уулуна арналган почтоо маркасы. 2012.
Ысакбек Монуй уулуна арналган почтоо маркасы. 2012.


Саясатчыларга келсек, айтылуу генерал Ысак Монуй уулу Чыгыш Түркстан Демократиялык Жумурияты деген мамлекетти түзүүгө катышып, анын коргоо министри болгону маалым. Ага чейин ал Бишкекке далай каттап, советтик Кыргызстандын бир катар ири жетекчилери менен сүрөткө түшкөн. Аны СССР Ички иштер эл комиссарлыгы (НКВД) атайын Чыгыш Теңир-Тоого жөнөткөндүгү, ал жерде оболу антисоветтик качкындардын, басмачылардын көзүн тазалоого катышкандыгы, андан соң, 1942-жылы Үрүмчүдөгү гоминданчы, убактылуу “марксист” ханзу төбөлү баскынчы Жапония менен сүйлөшүү далаалатын баштаган кезде, Сталин кайрадан Чыгыш Теңир-Тоодогу улуттук боштондук кыймылын ачык колдой баштагандыгы –– Ысак Монуй уулунун жаңы жаралган өкмөттө коргоо министри болушунун пайдубалын түзгөн окуялардан болгон.

Буларды эми болгонун болгондой сыпаттоо керек. Андан Ысак Монуй уулунун баатырдыгы бөксөрбөйт. Ошол эле учурда, ал сары изине чөп сала кубалаган антиболшевикчил күчтөргө кирген бабаларыбызды дагы акырындап калыс баа аркылуу актап жатабыз.

Жаныбек казы, Рахманкул хан сыяктуу инсандар өз доорундагы кыргыздын кайсы бир тобунун татыктуу жолбашчылары болушкан.

Ал эми бир кезде “басмачыларды, феодалдарды жактаган акын” катары мурасы да кодуланган атактуу Казыбек Мамбетимин уулунун ысымы азыр Ат-Башы өрөөнүнүн батыш тарабындагы мурда “Погранич” аталып келген өз айылына берилгендиги да тарыхка карата сергек мамиледеги олуттуу бурулушту айгинелейт.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Финляндияга каршы баскынчылык согушка, Балтика бою менен Бессарабияны каратууга катышкан, аргасыз туткунга түшкөн соң, “Түркстан легионуна” катышкан, ар кыл антифашисттик кыймылдарга, партизандык кошуундарга салым кошкон, андан тышкары, “эмгек армиясы” сыяктуу ГУЛагдын абак “долбоорлоруна” айдалган мекендештердин, Кыргызстанга депортацияланып келген этностордун буга чейин айтылбай же бир тараптуу сыпатталып келген тагдырлары азыркы заманда калыс чагылдырууга татыктуу.

Айтылуу Сатар Алманбетовдун бейнесин калыс изилдөгө бел байлаган жаш адистер чыгып жатканына мурдагы НКВДнын жасоолунун көзү менен эмес, азыркы бейтарап жана калыс иликтөөчүнүн көзү менен мамиле кылуубуз абзел.

Башканы кой, туура аңдоо үчүн Ленин, Троцкий, Гитлердин өмүр жолдору эл аралык коомчулукта улам жаңы өңүттөн иликтенүүдө. Эми өз бабаларыбыздын тагдырын өзүбүз иликтешибиз үчүн кайсы бир сырткаркы күчтөрдөн уруксат сурап отурган кезең эчак артта калганын бардыгы тең баамдайт ко деп ойлойм.

Кыргызстан Компартиясынын жетекчилеринин бири Ыскак Раззаковдун мекенчилдиги тууралуу оболу мен анын жардамчысы болуп иштеген ыраматылык тарыхчы Салмоорбек Табышалиев агайдан угуп калчумун. Эми көркөм тасмадан бери тартылды.

Айрым санжырачылар анын уругу Баткенге көчүп барып, тейиттерге жуурулушкан тынымсейиттерден экен дегенге чейин барышты; албетте, бул санжыра вариантын четке каккандар да арбын. Тилекмат Жылкыайдар уулу деле түштүктөн (бир вариантта: Ат-Башы чериктеринен) барып, бугу уруусунун кадырманына айланган кишинин урпагы эмеспи. XVIII кылымдын башында ойрот чабуулунан улам “казак кайың саап, кыргыз Ысар менен Келепке (Гиссар, Кулябга) оогон” учурда –– далай аркалык кыргыздар Памир, Заравшан, Жызакка чейин көчүп барып, ичкилик кыргыздар жана ар кыл башка этностор менен камыр-жумур болгон чакта, –– мындай окуялар көп эле учураса керек.

И.Раззаков кызматтан кеткен соң, ал Кыргызстанга таптакыр келе албай, Маскөөдө сүргүндө калып калды дегендей жоромолдор да кийинки кездери айтылды. Соңку фото сүрөттөр ал мезгил-мезгили менен Кыргызстанга ээн-эркин эле келип-кетип турганын тастыктоодо. Анын үстүнө, Кыргызстан КП БКнын Биринчи катчысы Т.Усубалиевдин Маскөөдөгү коммунист кызматчыны жумуриятка киргиздирбей коё тургандай эч макамы жок болчу. Алар өз ара дурус эле баарлашчу экен.

И.Раззаковду бир тараптуу көкөлөтүп жатып, ошол эле учурда 1950-жылдардын этегинде Касым Тыныстановду биротоло актоого каршы болуп койгон калпыс чечимин да эч катпастан ачык чагылдыруу абзел.

Турдакун Усубалиевдин 10 жылдык мааракеси да көп учурда жалаң мактоо менен өттү. Аны 1980-жылдардын ортосунда катуу сындап чыккан ал кездеги “бала жолборстор” да былтыр чаң жугузбай макташты. Албетте, инсандын жакшы иштерин дурус баалоо абзел.

Ошону менен катар кыргыз тилинин орус тилдүү мектептерден алынып салынышы, юрист Кубаныч Нурбеков, этнограф Саул Абрамзон, чыгыш таануучу Өмүркул Караев, 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхын изилдөөчү Кушбек Үсөнбаев сыяктуу илимпоздордун илимий жоболоруна жана бир катар айдыңдарга каршы куугунтук, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын чануу сыяктуу окуялар дал ушул Т.Усубалиевдин тушунда жана анын катышуусу менен жүргөндүгүн жаап-жашыруу деле акыйкаттыкка жатпас.

Кыргызстандын 1986––90-жылдардагы жетекчиси Абсамат Масалиев агай да ар тараптуу баага татыган пакиза инсан болгон. Ал жемкорлукка каршы турган, кыйла реформаларга, анын ичинде, кыргыз тилине мамлекеттик макам берүүгө, “”кайра куруулар” доорунун шарапаты менен айрым тарыхый инсандарды актоо ишин баштоого салым кошкон. Ошол эле учурда ал 1990-жылы эскичил, кремлчил көз карашты туткандыгы үчүн атаандаш шайлоо аркылуу бийликтен четтетилгендигин калыс баяндоо абзел.

Демек, кайсы бир инсандын ишмердигин ар тараптуу баалоо, дүйнөлүк тарыхнаама көрсөткөндөй, ошол инсандын бейнесин көп түстүү сүрөт менен чагылдырууга тете иш.

Пост-советтик доордо деле мурдагы мамлекет башчылары А.Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаев жана азыркы президент С.Жээнбеков кандай иш-аракет кылышты, кандай чечкиндүүлүккө барышты, кайсы иши чала же зыяндуу болду, кайсы иши өрнөктүү болду –– ушулардын бардыгы ирээти менен чечмеленип берилиши керек.

Азыркы тапта ар түркүн көз караштарды камтыган Ала-Тоо коомчулугу бул инсандар жөнүндө ар тараптуу ойлорду эркин жарыялап жатканына күбө болуп келебиз. Бул ––атажуртубуздагы атуулдук коомдун соңку жетишкендиктеринин бири. Мисалы, бир басылмада С.Жээнбековду мактап жатышса, башка бир басылмада жана интернет барагында аны аёосуз сынга алып жатышат. Мындайды авторитардык жумурияттардан эч кезиктире албайбыз.

7-апрель курмандыктары эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:01 0:00

Жалпысынан, пост-советтик Кыргызстанда тарыхый инсандарга баа берүү жаатында абдан жакшы саамалыктар орун алууда.

Ыраматылык профессор Токторбек Өмүрбеков инсан таануу жаатында өзү да докторлук диссертация жазып, шакирттерин да ушул жаңы багытта тарбиялады. Ташманбет Кененсариев, Назар Тунтеев, Субакун Бегалиев, Дөөлөт Сапаралиев, Зайнидин Курманов, Турсунай Өмүрзакова, Кыяс Молдокасымов, Төлөбек Абдрахманов, Олжобай Каратаев, Арслан Капай уулу, Аида Кубатова, Жумагул Байдилдеев, Гүлзада Абдалиева, Эрнис Авазов, Таалайбек Жаркынбаев, Жолдошбек Бөтөнөев, Махабат Жунусова ж.б. изилдөөчүлөр бир катар тарыхый инсандардын өмүрлөрүн архивдик, этнографиялык ж.б. жаңы маалыматтардын негизинде такташты. Санжыраны архивдик документтерге тарыхый салыштырма усул аркылуу изилдөө жаатында Рыскул Жолдошовдун эмгегин айта кетүү абзел.

Изилдөөчүлөр Владимир Шварц менен Асел Даниярова 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхы жана андагы инсандар жөнүндө мыкты интернет барагын түзүштү.


Жакында Бишкекте мурдагы КГБнын архивдик корунун маалыматтарынын негизинде сталиндик репрессиялар тарыхы боюнча 10 томдук жыйнак чыкты. «Эскерүү китебинин» кириш сөзүн тарыхчылар Болот Абдырахманов менен Төлөбек Абдырахманов жазган.

Сталинизм курмандыктары тууралуу көп томдукту КМУнун ректору Т.Абдырахманов көрсөтүүдө.
Сталинизм курмандыктары тууралуу көп томдукту КМУнун ректору Т.Абдырахманов көрсөтүүдө.

Чөлкөмдүк жана жалпылама энциклопедияларга да жаңыча маалыматтар киргизилүүдө.

Арийне, ушул сыяктуу чоң секириктерге жана саамалыктарга удаалаш "фолк хистори" өкүлдөрүнө таандык чалкеш, бир тараптуу көз караштар камтылган чыгармалар, санжыралык жаңы варианттарга фантазиянын илеби менен киргизилген тастыкталбаган маалыматтар да арбын жарыяланууда. Бир замандашыбыз тамашалагандай, "Кеңеш өкмөтү учурунда бардыгы бечара кедей дыйкандын урпактары эле, эми бери дегенде бий менен байдын, ары дегенде миң кишини найзасы менен жыга сайган баатырдын урпактарына айланышты".

Ушундай ар кыл агымдарды таасын таразалап, бул өткөөл доордо ар бир жаш адис өзү иликтеген тарыхый инсанды ар башка өңүттөн сыдыргыга салуусу абзел. Айтор, эч бир инсандын оош-кыйыш жактары жасалма жол менен жашырылып же бурмаланып калбашы керек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG