Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 17:23

Чейрек кылымдык башкаруу


Коомдук-саясий ишмер Турдакун Усубалиев.

Турдакун Усубалиев - чейрек кылымга жакын социалисттик Кыргызстанды башкарган партиялык жетекчи.

Ал хрущевдук «ала баарда», брежневдик «сенектик» доорунда борбордук бийликке жагып, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан болгон.

Атасынын мугалими

Турдакун Усубалиев 1919-жылы Кочкор районундагы Теңдик деген айылда жарык дүйнөгө келген. Анын бабасы айтылуу Калыгул олуя болгонун эскерүүлөрүнүн биринде мындайча эскерген:

Эми Калыгулдун укум-тукумдары - Ногой, Шыгай, Күнтууган. Күнтуугандан - Кененсары, Акидей, Семетей. Кененсарыдан - Усубалы, Усубалыдан окурмандарды терең урматтаган мен, Турдакун.


«Эми Калыгулдун укум-тукумдары - Ногой, Шыгай, Күнтууган. Күнтуугандан - Кененсары, Акидей, Семетей. Кененсарыдан - Усубалы, Усубалыдан окурмандарды терең урматтаган мен, Турдакун. Кененсары атам 34 жашында ооруп калып каза болуптур. Чоң энем Уулкан жаш экен, жесир калат. Элдик салт боюнча Кененсарынын иниси Акидейге күйөөгө чыгат. Акидейдин үч уулу болот. Калыгулдун жана анын туугандарынын укум-тукумдары негизинен Кочкордогу Теңдик айылында жашап жатышат. Бишкек шаарында жана башка жерлерде жашап жаткандарын кошуп айтканда жалпы саны 500 адамдан ашык. Калыгул чоң атабыз жөнүндө анын чөбөрөлөрүнүн бири Бейшен Өкөмбаев жүйөлүү, далилдүү макалаларды басма сөзгө жазып жүргөнүн белгилей кетким келет. Менин атам Усубалы Кененсары уулу 1988-жылы 105 жашында бул дүйнөдөн кетти. Ал эми Акидей болсо 1940-жылдын башында, Улуу Ата Мекендик согуш башталар алдында каза болду. Анын жашы да 90дон ашкан».

Атасы Усубалы Кененсариев сабатсыз адам болгон. Ал кишинин 12 баласы болуп, бирок анын үчөө гана аман чоңойгон. Балага коюлган ысым да аман туруп калса экен деген тилектен улам чыккан болуш керек. Кийин совет бийлигинин убагында Усубалы Кененсариев колхоз башкармасы болуп, бирок тамга тааныбагандыктан уулунун жардамы менен сабатын ачып, иш кагаздарына кол койгонго жетишкен экен. Маанилүү кагаз келип калса мектептеги уулуна барып, анда эмне жазылганын сурап туруптур.

Атасынын билимден өксүп калышынын эсесин чыгарып кийин уулу Фрунзедеги педагогикалык институтта сталиндик стипендия алган саналуу студенттердин бири болгон. Окууну бүтүп келгенден кийин Кочкор айылында мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, кийинчерээк партиялык кызматкерликке көтөрүлгөн. Ушул жерде анын турмушунда олуттуу окуя болуп өтөт. Кочкордогу жападан-жалгыз орто мектептин директору Мусахан Калпа уулун Москвага партиялык окууга жөнөтүшкөндө ал киши үй шартын айтып макул болбой, ордуна мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп чогуу иштеп калган кесиптеши Турдакун Усубалиевди сунуш кылган экен. Согуш күчөп турган жылдары чоң борбордон окуу, андагы кыйынчылыктарга карабай билимин улантуу мүмкүндүгүнө ээ болгон партиялык кызматкер улуу Жеңишти Москвадан тосот.

Калыгул олуянын урпагы

Окууну мыкты бүтүп ВКП(б) Борбордук комитетинин аппаратында ишке калтырылат. Чоң борбордо Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун сырттан окуп бүтүрөт. Айтса, Турдакун Усубалиев Москвада иштеп жүргөндө «Кененсариев» деген бирөөнүн колу коюлган «тоголок кат» келет. Анда «Борбордук комитеттин жооптуу кызматында Ормон хандын кеңешчиси, реакционер акын Калыгулдун небереси иштеп жатканы» айтылган экен.

«Кыркынчы-элүүнчү жылдарда КПСС Борбордук комитетинин аппаратында кызматка коюуга тандалган талапкерлер бардык жагынан терең текшерүүдөн кийин гана Борбордук комитеттин катчылыгынын токтому менен бекитилчү. Талапкерлердин өмүр баянына партиялык органдар гана эмес, Мамлекеттик коопсуздук комитеттин (КГБ) органдары да текшерүү жүргүзчү. Толтуруу үчүн берилген анкетада 100дөн ашык коюлган бардык суроолорго жооп жазганым али эсимде. Анкетадагы суроолорго атам-апам, өзүм, аялым, жалпы биздин укум-тукумубуз, чоң ата-бабаларым, жакын гана эмес, алыс тууган-туушкандарым жөнүндө ийне-жибине чейин толук жооп жазган элем. Чоң атам Калыгул ким болгону, кайсы мезгилде жашаганы жөнүндө да толук жазылган болучу. Мени башка талапкерлердей эле, анкетада жазылган суроолорго берген жоопторумдун туура экендигин текшерип чыгышкандан кийин гана Борбордук комитеттин аппаратында жооптуу кызматка бекитүү жөнүндө токтомдун долбоору даярдалып, Борбордук комитеттин катчылыгынын бекитүүсүнө киргизилген эле. Ал жылдары КПСС Борбордук комитетинин аппаратындагы кызматка көрсөтүлгөн кандидатура электен-элекке салып элеп чыгып, терең текшерип чыккандан кийин гана бекитилчү», деп жазган Турдакун Усубалиев.

Сталиндик репрессия күчөп турган 1937-1939-жылдары айылда мугалим болуп иштеп, андан соң Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда окуп, жогорку билимге жетишкенден кийин айылдык мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук партия комитетинин агитация, пропаганда бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеп, ошол жерден 1943-жылы Москвага жогорку партиялык мектептин угуучусу болуп жөнөтүлгөн. Кыргызстанды кыйла жыл башкарчу партиялык ишмердин жылдызы ошентип кан күйгөн согуш учурунда жанып чыга келген.

Кийинки эскерүүлөрүндө Турдакун Усубалиев согушка жөнөтүү тууралуу бир нече ирет арыз менен кайрылганын, бирок аны оорукта калтырышканын жазган. Москвадагы жогорку партиялык мектепти аяктагандан кийин он жыл Турдакун Усубалиев ВКП(б) Борбордук комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүндө инструктор болуп иштеген. Ал кезди Усубалиев чоң канааттануу менен эскерген. Москвада окуп, иштеп жүргөндө китепканаларга, музейлерге, театрларга көп барып, чоң борбордон маданий-интеллектуалдык жагынан аябай байып келгенин атайын белгилеген.

Партиялык кызмат тепкичтери

Он жылдык москвалык турмуш соңуна чыгып, 1955-жылы Турдакун Усубалиев Кыргызстанга келип бир жылга республикалык негизги партиялык басылма болуп эсептелген «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору болуп дайындалган. 1956-жылы аны кайрадан мурдагы көнүмүш ишине, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы кылып бекитишкен. Эки жылдан соң партиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы, ага улай коомдук иш катары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы кызматын да аркалай баштаган. Мыйзам чыгаруу жыйынын ал кезде Жогорку Советтин президиумунун башчысы жетектечү.

Анан 1961-жылдын 9-майынан тартып Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, республиканын жетекчиси болуп шайланган. Иштеги кемчиликтери үчүн Исхак Раззаков кызматынан алынып, Москвага которулуп, анын ордун он жыл Москвадан тажрыйба топтоп келген ишенимдүү кадр ээлеген. Турдакун Усубалиев ВКП(б) БКнын аппаратында иштеген кезде кызмат боюнча совет өлкөсүнүн көп жерлеринде болгонун, партиялык уюштуруу иштерине катышканын эскерген жайы бар.

1961-жылдан 1985-жылдын 2-ноябрына чейин созулган узак партиялык башкарууга Михаил Горбачевдун тушунда гана чекит коюлуп, партиялык жетекчилик алмашты. Жооптуу кызматтан алынгандан кийин Турдакун Усубалиев 1993-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болду. Чейрек кылымга жакын убакыт ичинде башынан өткөргөндөрүн эскерген китептерин жазды. Партиянын жетекчилигине сын айткандарга, узак жылга созулган элдик эмгегин баалабагандарга жоопторун жарыя кылды, «горбачевчулардын» дарегине жүйөлөрүн келтирди.

Турдакун Усубалиев республиканы жетектеп турган жылдары аткарылган иштерди санап чыгуу кыйла убакытты алар эле. Өңгөсүнөн да кар калың түшкөн 1968-жылы ак талаалык койчулардын абалын сурап барганын, Кенес-Анархайда кышкы бороонго кабылып, жолдо калып калышканын, ири ГЭСтер менен баш калаадагы ири курулуштардын жүрүшүн көзөмөлдөп, убакыт таап карапайым калк менен жолугушуп, алардын кем-карчын маалында чечип бергенин, болбосо коңшулардын өтүнүчү менен чоң борбордогулар аз жерден Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына агыздырып ие жаздашканын, бул ишке башынан каршы чыгып, Хрущевке айтып, далилдеп жатып токтоттурганын, ал аз келгенсип ошол эле чоң борбордогу пландоочулар Чаткал өрөөнүнө ири суу сактагыч куруу долбоорун баштап, аны токтотуу бир топ убакты-саатын алганын Турдакун Усубалиев өмүрүнүн соңку жылдарында жазган эскерүүлөрүндө атайын белгилеген.

Коммунисттик идеологиянын сакчысы

Ошол эле кезде Турдакун Усубалиевдин тушунда интернационалдык тарбияга, коммунисттик идеологияга өзгөчө көңүл бурулуп, «орус тилине экинчи эне тил катары» коомдук турмуштагы ордуна өзгөчө артыкчылык берилгени, Сталин өлгөндөн кийин акталган Ж. Абдрахманов, К. Тыныстанов, И. Арабаев сындуу саясий ишмерлердин аты аталбай, эмгектеринин жарыяланышына жол берилбей келгени белгилүү. Ушундай эле тагдырга «Замана» адабий агымынын үркөрдөй тобу туш келип, Молдо Кылыч, Арстанбек Буйлаш уулу, Калыгул Бай уулу, Алдаш Молдонун чыгармалары чыкпай, аты аталышына тыюу салынып келди. Бийликтин саясий куугунтугуна бир топ маданият ишмерлери, илимпоздор, акын-жазуучулар туш келди. Анын себеп-жөнүн Турдакун Усубалиев минтип чечмелеген:

Кыргызстандын бийликте турган төбөлдөрү Калыгулду, Арстанбекти, Молдо Кылычты жамандап каралаганы менен алардын ысымдарын жана чыгармаларын элибиз эч бир унуткан жок.

«Кыргызстандын бийликте турган төбөлдөрү Калыгулду, Арстанбекти, Молдо Кылычты жамандап каралаганы менен алардын ысымдарын жана чыгармаларын элибиз эч бир унуткан жок. Калыгулдун акыл-осуят, насаат сөздөрүн, Арстанбек менен Молдо Кылычтын ырларын улам жаңы муун өздөштүрүп жатпадыбы. Дагы бир учурду эске алыш керек. 1950-жылдан 1960-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын жыйындарынын, Борбордук комитеттин пленумдарынын токтомдорунда «Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч - реакциячыл акындар» деп далай жолу жазылды. Бул чечимдерди өзгөртүп, жокко чыгаруу өтө кыйын иш эле. Бул акындарды каралагандар, ушунун негизинде илимдин кандидаттары жана докторлору деген «наамдарды» алып, нан таап жашагандар көп эле. Алар өлбөгөн жерде калып, кадимкидей жан талашып, күрөш башташат болучу. Бул болсо республиканын элинин түзүүчүлүк-чыгармачылык менен иштеген, экономика менен маданиятты өнүктүрүү боюнча кызуу жүрүп жаткан негизги кырдаалга сөзсүз тоскоол болмок. Мына ошондуктан биз чуу көтөрбөй эле, акырындык менен улуу инсандарыбыздын ысымдарын элибиздин тарыхында өз ордуна коюуга аракеттене баштадык».

Нукура таланттарды баалоо, мурда жабылып-жашырылып келгендердин чыгармаларын жарыялап, элге берүү, сталиндик репрессиянын курмандыгына айлангандарды актоо, эмгегин элине кайтаруу аракети Турдакун Усубалиев кызматтан түшүп, өлкөгө ачык-айкындык келгенден кийин гана башталды. Турдакун Усубалиев өзүнө чейинки республика жетекчиси Исхак Раззаковдун жолун улап, сталиндик репрессияга кабылгандарды актоого, идеологиялык калыпка сыйбаган өткөндүн мурасын жарыялоого ашыкпай, тарыхый ыңгайын күтүп, Москванын каш-кабагын карап кыйла жылдарын өткөргөн. Ал киши ириде Коммунисттик партиянын идеологиялык камчысын аянбай чапкан идеялык сакчы эле. Хрущев менен Брежневге жалаң мактоо жамгырын жаадырып, ошону менен чоң кызматта узак отурду, коммунисттик жетекчиге тагылган милдетин кынтыксыз аткарды. Турдакун Усубалиев кылымга тете жашап, 2015-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG