Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:36

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы


Бишкекте Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Филармонияда өткөн салтанаттуу кечеде президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиев өз мезгилинде республикалык гана эмес, жалпы союздук алкактагы мамлекеттик жана партиялык ишмер болгонун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде Усубалиевдин келишпес сынчылары да анын терең билимин, мамлекеттик деңгээлде ойлоно билген акыл-эс көрөңгөсүнүн дараметин, тажрыйбасын, лидерлик күчтүү таасирин тана албайт.

Буга чейин социалдык тармактарда Усубалиевдин атын Бишкек шаарына берүү демилгеси көтөрүлүп, коомчулук тарабынан кызуу талаш-тартышка түшкөн.


Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиев өз мезгилинде өлкөнү өнүгүүнүн бийик тепкичине жеткирген улуттук лидер болгонун айтып, ал өлкөнү башкарып турган 1961-1985-жылдар аралыгы Кыргызстандын тарыхында “алтын доор” болгонун сөз кылды.

- Кыргыз Республикасынын тарыхында кадырлуу жетекчинин бүтүндөй доорду камтыган өмүрү менен иши чоң орунду ээлейт. Мекенине өтөгөн эмгеги дайыма элдин эсинде калат. Улуу инсаныбыздын ысымын ыйгаруу боюнча мыйзамда белигиленген мөөнөт жакында аяктайт. Усубалиев өзү курган Күрп-Сай ГЭСине аты берилди. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич өзү майрамдык парадды кабыл алып жүргөн Өкмөт үйүнүн алдындагы эски аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак туура иш болот деп ойлойм, - деп белгиледи Жээнбеков.

Өлкө башчысы өз сөзүндө улуу инсанга койгон эң негизги эстелик - кийинки муун анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнө турганын, мисалы Усубалиев башкаруунун бийик үлгүсүн, жетекчилик абийирдин нукура сапатын көрсөткөнүн кошумчалады.

25 жыл кызматта отуруунун сыры​

Эгемен Кыргызстандын өкмөтүн эң узак мөөнөт башкарып, легендарлуу парламент учурунда иштеген мурунку премьер-министр Апас Жумагулов да Усубалиевдин эмгегин жогору баалай турганын айтты:

- Бул кишинин учурунда көптөгөн мекемелер тургузулду, көптөгөн окуу жайлар курулду. Бир нече ГЭСтер, завод-фабрикалар ишке кирди. Ошол учурда салынган имараттар, ишканалар, окуу жайлар азыр Кыргызстандын базасы болуп турат. Келечекте да өлкөнүн өсүшүнө өзүнүн абдан чоң салымын кошот. Усубалиев өзүнүн бул иштери менен элибизди, жерибизди биримдикке чакырат. Кийинки муун анын ошол иштерин улантып кетиш керек.

Усубалиевдин тушунда республикада жалпы Борбор Азияга мааниси чоң болгон - Токтогул ГЭСи, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери пайдаланууга берилген. Ош-Фрунзе жолу, Жамбыл-Талас-Суусамыр, Ош-Сары-Таш-Карамык жолдору курулуп элдин түйшүгүн бир топ эле жеңилдеткен.


Окумуштуу, философия илимдеринин доктору Аскар Какеев Усубалиев иштеп турган жылдары “Манас” Эл аралык аэропорту, “Ала-Тоо” аянты, Улуттук филармония, Кыргыз драма театры, Орус драма театры, Өкмөт үйү, Илимдер академиясы, Борбордук китепкана, Тарых музейи, Борбордук цирк, коопсуздук жана коргонуу органдарынын имараттары курулганына күбө болгонун санап өтүп, буларга токтолду.

- Турдакун Усубалиевдин мезгилинде илим менен билим да дүркүрөп өскөн. Тактап айтканда азыркы Улуттук университет, Фрунзе политехникалык институту өнүккөн. Биз азыр үзүрүн көрүп жаткан Бишкек гуманитардык университети курулган. Ал ошол мезгилде Орус тили жана адабияты боюнча атайын университет болуп ачылган. Турдакун Усубалиев ошол кезде орус тилин окутууну өзүнчө маселе катары карап, абдан зор иш жасаган экен. Бүгүн анын үзүрүн мигранттарыбыз көрүп жатат. Алар тил билген үчүн Орусиянын шаарларында өз укугун коргоп, жемин жедирбей иштеп жүрөт.

Эгемендик алгандан бери эл арасында Коммунистик партиянын жигердүү ишмери Турдакун Усубалиев тууралуу эки ача пикирлер айтылып келет. Алардын арасында кыргыз тилине, кыргыз тарыхына Усубалиев бийликте турган учурда кыянаттык болгон деген сөздөр да айтыла калат. Мындан улам тарыхчы, жазуучу Арслан Койчуев кайсы бир саясатчыны бир жактуу мактоодо абайлаш керектигин кеп кылды:

- Саясий фигураларга баа берүүдө аларды ашыкча идеализациялоодон, “идолго” айлантуудан сак болсок. Маселен Жусуп Абдрахманов улуу адам. Бирок кемчиликтери да болгон. Аны өзү да айтып, моюнуна алган. Ашынган трайбалист болгонун кийин түшүнгөн. Абдыкерим Сыдыков, Орозбеков, ж.б баары залкарлар. Бирок Кыргыз мамлекетин түптөөдө толгон-токой мүчүлүштүктөргө жол бергенин да билебиз. Анын сыңары Раззаков менен Усубалиевге да ушундай өңүттө баа берсек. Албетте, алардын кыргыз экономикасынын, маданиятынын өсүшүнө эмгеги зор. Ошол эле учурда кемчиликтерин да айта жүрүшүбүз керек. Себеби тарыхый баа берүү деген бул - тарыхтан сабак алуу дегендикке жатат.

Арслан Койчуевдин айтымында, жалпы эле постсоветтик өлкөлөрдө тарыхый инсандарды бир жактуу даңктай берүү адатка айланган. Кыргыз коомчулугу да ошол адаттан арыла албай жүрөт.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу» жана башка ордендерин алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Пикирлерди көрүңүз (50)

XS
SM
MD
LG