Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 01:26

Кыргызстанда курулбай калган АЭСтер


Курулуп жаткан Беларус АЭСи. 2019-жыл.

Кыргызстанда АЭС куруу мүмкүнчүлүгү барбы? Бул суроого бүгүн көпчүлүк кыргызстандыктар «жок» деп айтышы мүмкүн. Бирок бир учурда Кыргызстанда атомдук электр станциясын курууга мүмкүнчүлүк болгон. Кантип дебейсизби?

Патетикалык бул суроого жооп бериш үчүн көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 90-жылдык мааракесин утурлай жазылган көп макалалардын бирин окуп көрөлү.

«...кыйынчылык, талыкпаган эмгек, өжөрлүк, мекенге берилгендик, намыскөйлүк менен Соң-Көлдү, Ысык-Көлдү сактап калуу, Ысык-Көлдө апийим өндүрүүнү алып таштоо, республикада уран өндүрүүнү токтотуу, атомдук электр станциясын (АЭС) курууга уруксат бербөө (курсив меники), Чүй өрөөнүндө азот заводун курууга тыюу салуу сыяктуу өтө эле оор, элибизге зыян келтирчү маселелерди Турдакун Усубалиев өзүнүн даанышмандыгы, алдын-ала көрө билгендиги, мекенин, элин чын жүрөгү менен сүйгөндүгү үчүн чечип келди.

Жогорудагы маселелерди чечүү оңой болгон эмес. Ар бир маселенин оң жана терс жагын далилдеп көрсөтүү, өлкөнүн биринчи адамына чейин баруу, ага чейинки өкмөт, Мамплан, министрлик-мекемелерди ынандыруу сыяктуу толгон-токой тоскоолдуктарды жеңүү керек эле», - деп жазат профессор, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер Турду Жыргалбеков 2009-жылы «Улутубуздун сыймыктуу уулу» деген макалада.

Профессор Т. Жыргалбеков ушинтип Кыргызстан Компартиясын же мурдагы Кыргыз ССРин чейрек кылымга жакын башкарган Т. Усубалиев аксакалдын «республикада уран өндүрүүнү токтотушун, атомдук электр станциясын курууга уруксат бербөөсүн» чоң эрдик катары сыпаттайт.

Ал эми дүйнөдө уран өндүрүү эч качан токтотулган эмес. АЭСтерди куруу улантылууда. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин соңку маалыматы боюнча, азыр дүйнөнүн 31 өлкөсүндө 193 АЭС бар жана 54 АЭС курулуп жатат. Албетте, Чернобыль АЭСинде 1986-жылы, Жапониянын Фукусима-1 АЭСинде 2011-жылы болгон алаамат окуялардан кийин атомдук электр станцияларынан кооптонуу күчөдү. Бир катар мамлекеттер акырындап өзөктүк энергиядан баш тартса, башкалары акырындап альтернативалуу энергия булактарын пайдаланууга өтмөкчү.

Бизге босоголош Өзбекстан менен Казакстан Орусиянын технологиясын пайдаланып, атомдук электр станцияларын курганы жатышат. Бул жагдайда профессор Жыргалбековдун макаласындагы айрым постулаттар жаңылыш экен же илимий-техникалык прогресс эске алынбай жазылган деген ой жаралат.

Ушуга байланыштуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин электроника жана теориялык физика кафедрасынын башчысы, доцент Шаршен Жусупкелдиевдин пикири мындай:

Доцент Шаршен Жусупкелдиев.
Доцент Шаршен Жусупкелдиев.

«Реактордун ичинде реакция жүргүзө турган өзөкчө бар да. Ошого кепил өтө турган бизде ким бар? Тарыхчынын айтканына мен деле кошулбайм. «Т. Усубалиев салдырбай койду» дегендей, ал жалгыз чечпейт да. Бул жерде көптөгөн изилдөөлөр өткөрүлгөн болуш керек. Биринчиден, АЭС чоң шаарга курулушу керек. Менин угушумча, Бишкек өзү тектоникалык жаракасы бар жерде турат. Кандайдыр табигый кырсык болсо, Чернобылдын бир түрү болуп калат да. Бизде уран бар: бир эмес, бир нече жерден чыгат. Уранды байытып, АЭС куруп, таза шаарга айлантчу болсо, мен да макул болот элем. Бирок ал ишти алга алып кете турган университетибиз андай деңгээлге жете элек го... Эгерде андай адистерди окутуп келип иштете турган болсо, эң эле жакшы болот эле».

Ал эми Т. Усубалиевдин эскерүүлөрүнөн советтик Кыргызстанда атомдук электр станциясын куруу жөнүндө учкай гана маалымат таптым. «Бишкек Жылуулук электр борбору» деген макалада ар бир сөзүн айныгыс далилдер менен бышыктаган дасыккан саясатчы АЭС жөнүндө минтип жазат:

«Жылуулук электр борборунун 2-кезегин куруу зарылдыгы СССРдин Энергетика министрлиги тарабынан эчен жолу тастыкталган. Союздук үч органда мындай вариант: атомдук станция (АЭСти) куруу каралган. Бирок, мындай станциянын сейсмикалык коркунучу жогору (9 балл) райондор үчүн иштелип чыккан долбоору жок болгондуктан, бул вариант такыр болбойт. Кыргыз ССРинин аймагы, анын ичинде Фрунзе ошондой сейсмикалык коркунучу жогору райондорго кирет...»

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев менен Министрлер кеңешинин төрагасы Арстанбек Дүйшеевдин атынан жазылган бул кат 1984-жылы 31-майда КПСС БК менен СССР Министрлер кеңешине жиберилген.

Демек, Чүй өрөөнүндө АЭС куруу жөнүндө союздук министрликтердин деңгээлинде сөз болгон экен. Эгер бул маселе олуттуу талкууланса, Турдакун Усубалиев өз эскерүүлөрүндө сөзсүз жазмак деп ойлойм. Ал эми жогоруда келтирилген шилтемеден улам АЭС сейсмикалык себептен мурда даяр долбоордун жоктугуна байланыштуу курулбай калган экен деп боолголосо болот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:37 0:00

Ташкент менен Нур-Султандын стратегиялык планы

Бул маселеге кайрылганыма, жогоруда айткандай, 33 миллион элдүү Өзбекстан жана 18 миллион элдүү Казакстан өзөктүк энергияны пайдаланууга белсенип киришкени түрткү берди. Ошого коңшуларда АЭС куруу боюнча жүрүп жаткан иштерге учкай саресеп салалы.

Казакстандын 2013-жылы бекитилген «жашыл» экономикага өтүү концепциясына ылайык, 2050-жылы өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын 50% өзөктүк, күн, жел жана гидроэлектр станцияларында өндүрүлүшү керек.

Аталган концепция боюнча, 2030-жылы Казакстандын жел электр станцияларынын кубаты 4,6 ГВт, күн электр станциясыныкы - 0,5 ГВт болушу абзел. Ал эми АЭСтин кубаттуулугу 2030-жылы 1,5 ГВт, 2050-жылы 2 гигаваттка жетет. «Электр энергиясына болгон талаптын күчөшү жана эски электр станциялары эскирип иштен чыкканга байланыштуу Казакстан жаңы кубаттуулуктарды курушу керек: 2030-жылга 11-12 ГВт жана 2050-жылы 32-36 ГВт...», деп белгиленет концепцияда. Көрсөтүлгөн кубаттуулуктарга жел электр станциялары менен күн электр станцияларында өндүрүлчү электр кубаты кошулган эмес.

Казакстандын Курдай аймагындагы жел электр станциялары. 2015-жыл.
Казакстандын Курдай аймагындагы жел электр станциялары. 2015-жыл.

Өзбекстанда биринчи атомдук электр станциясынын курулушу 2022-жылы башталат. АЭСтин биринчи реактору 2028-жылы иштей баштайт. Андан 18 айдан соң экинчи реактору пайдаланууга берилет. АЭСтин жалпы кубаты 2400 МВт (2,4ГВт). Мындай келишимге Орусиянын жана Өзбекстандын премьер-министрлери 2018-жылы сентябрда кол коюшкан. Долбоордун баасы - 11 миллиард доллар. АЭСте өлкөдөгү электр энергиясынын 15% өндүрүлөт деп божомолдонууда. «Financial Times» гезитинин жазганы боюнча, өзбек өкмөтү удаа эле күндүн жана шамалдын энергиясын өнүктүрүүгө бел байлоодо. Келечекте күн жана жел тегирмендерде энергиянын 3% өндүрүлүүгө тийиш.

Натыйжада АЭС ишке кирсе, жылына 3,7 - 4,0 миллиард куб метр табигый газ үнөмдөлөт.

Үнөмдөлгөн көгүлтүр отунду кайра иштетпей туруп экспорттоодон, эсептөөлөргө караганда, казынага ар жылы 550 - 600 миллион доллар түшүп турмакчы.

Расмий Ташкенттин атомдук энергияны өнүктүү аракеттерине байланыштуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев мындай оюн айтты:

«Өзбекстандын президенти Мирзиёев АЭС куруу боюнча долбоор даярдап жатканын угуп, менде кичине кызгануу да пайда болду. Ташкенттин жанындагы өзөктүк борбордо ушул долбоордун үстүнөн иш жүрүп жатат. Орустар менен чогуу жүргүзүлчү долбоор олчойгон каражатты талап кылат. Бул ошонун шылтоосу менен кадрларды даярдоо, инфраструктураны түзүү, биздин гидроэнергетикадан көз каранды эмес кылчу, электр энергиясына катар жылуулук системасын алга секиртчү долбоор. Өзбекстан азыр электр энергиясын көп керектечү өндүрүштү динамикалык түрдө өнүктүрүүдө. Казакстан да ошондой жол менен баратат. Кыргызстан да келечекте өзөктүк, атомдук өндүрүшкө умтула бериш керек».

Атомдук электр станциясын куруу жана иштетүү үчүн эң алдыңкы технология колдонулат. Бул өз кезегинде жогорку билимдүү адистерди даярдоону талап кылат. Орусия Илимдер Академиясынын Татаал математикалык мисалдарды жана эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорку эсептөөчү системалар институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, профессор Маматжан Акжолов:

«АЭСти кургандан баштап жана кийин аны тейлеш үчүн атайын даярдыгы бар кесипкөй адамдар керек. Алардын билим деңгээли жогору болуш зарыл. Азыр бардык жумуш компьютердик технология менен көзөмөлдөнөт. Анын аркасынан тиешелүү тармактар өнүкмөк. Ошентип АЭС Кыргызстандын элинин билим деңгээлин көтөргөнгө да бир топ салым кошмок. Керектөөгө жетерлик арзан энергия алынмак», - дейт.

Эгер Орусиядагы эң кубаттуу Ленинград АЭСинин (4 187,6 МВт) мисалында карай турган болсок, болочок өзбек АЭСинин жанында 40 миң калктуу шаар пайда болот. Ошондой эле тийиштүү инженердик окуу жайы түзүлөт. Мисалы, Өзбекстанда Москвадагы айтылуу инженердик-физикалык институттун филиалы ачылат. Ал эми өзөктүк физика боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзчү институт Ташкентте 1956-жылдан бери иштейт.

Москвадагы Н. Э. Бауман атындагы Мамлекеттик техникалык университеттин профессору Маматжан Акжоловдун айтымында, АЭС союздук бюджеттин эсебинен курулуп, аны тейлөөчү күчтүү инженердик-техникалык кадрлар пайда болмок.

Маматжан Акжолов. Москва, 1-июнь, 2019-жыл.
Маматжан Акжолов. Москва, 1-июнь, 2019-жыл.

«Ошол убакта Советтер Союзу бар болгондуктан, (АЭСти куруу боюнча) программа жөн эле ишке ашмак да. Ал (АЭС) Кыргызстан үчүн өтө чоң олжо болмок, - дейт ал. - Бирок АЭСти курууга каршы болгондордун эсебинен «радиация, тиги-бул» деген сөздөр эл арасында тарашы мүмкүн эле да. Анын үстүнө Кыргызстанда ал кезде уран өндүрүлүп жаткан.

АЭСтин аркасы менен жумуш орундары түзүлүп, аны тейлеген билимдүү, кесипкөй адамдар даярдалмак. Бизде электр энергиясы арзан болмок. АЭС келечектин энергия булагы экенин түшүнгөн адам түшүнөт».

Ал эми проф. Каныбек Осмоналиев АЭС өзү эле өзөктүк физика жана техника илимдеринин өнүгүшүнө өбөлгө болчу долбоор экенин айтты:

Физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев.
Физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев.

«АЭСтин курулушу же илимий изилдөөлөргө багытталган реакторлордун курулушу – эң чоң инфраструктураны камтыган, кошумча долбоорлорду ишке ашырган чоң долбоор. Кыргызстанда энергоресурстарыбызды эптеп пайдалана албай, «Орусиянын жардамы менен каскаддарды курабыз» дебедикпи.

Каскаддардын курулушуна деле каршымын. Себеби, микроклимат өзгөрүп атпайбы... АЭСтердин пайдалуулук коэффициенттери азыр абдан чоң. Экинчиден, АЭСти гана эмес, башка альтернативалуу энергия булактарын, атап айтканда, шамалдын, күндүн энергиясын пайдаланчу долбоорлорду эмнеге жасабайбыз? Ушуга окшогон жогорку технологияга негизделген ишканаларды долбоорлордун жардамы менен ишке ашырсак, илимий формабызды жакшы кармайт элек.

Эгер биз физика, техника илимин, азыр өзгөчө композиттик материалдарды өнүктүрүүнү, пайдаланууну ойлосок, андай долбоорлорду коркпой жасашыбыз керек. Бүгүн так илимдерди, техникалык илимдерди Казакстан менен Өзбекстандай өнүктүрбөй, эң жаман жагына түшүп алып, өзүбүздөгү заводдордун баарын ПЭСАК программасы менен талкалап салганыбыз абдан өкүндүрөт».

Профессор Осмоналиев айткандай, биз шамалдын, күндүн энергиясын пайдаланчу долбоорлорду эмнеге жасабайбыз?

Илим менен техниканын мыкты жетишкендиктерине таянган тармактарды өнүктүрүүгө эгемендик жылдары көңүл бурулбаганы алдыбызга стратегиялык максат коё албаганыбызды көрсөтөбү?

Бул суроолордон соң польшалык тарыхчы, публицист Исаак Дойтер өңдөнүп: «Биздин өлкөдө болчу окуя эртеби-кечпи, сөзсүз болот. Бирок дайыма өз учурунан кечигип болот» деп калбайбызбы деген күдүк ой жаралат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG