Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

"Фукусима Дайичи" АЭСинин коркунучу Чернобылга теңелди


"Фукусима-Дайичи" АЭСинин 4-реактору жайгашкан блоктон от жана түтүн көрүнүүдө. 12-апрель
"Фукусима-Дайичи" АЭСинин 4-реактору жайгашкан блоктон от жана түтүн көрүнүүдө. 12-апрель

12-апрелде жапон бийликтери “Фукусима Дайичи” өзөктүк электр станциясынын коркунучун эң бийик жетинчи деңгээлге баалады.

Мындай бүтүм АЭСтен радиактивдүү заттар мурда жарыялангандан 100 эсе көп бөлүнгөнү аныкталган соң жасалды. Бул “Фукусима-Дайичинин” коркунучу дүйнөдөгү эң жаман өндүрүштүк кырсык - 1986-жылы Украинадагы Чернобыл атомдук электр станциясынын реакторунда болгон жардырууга тете дегенге барабар кеп.

"Фукусима" АЭСинин коркунучу көбөйтүлдү

Ошентип жапон бийликтери 11-марттагы күчтүү жер тербетүүдөн туура бир айдан кийин “Фукусима Дайичи” атомдук электр станциясынан радиоактивдүү заттардын айлана чөйрөгө бөлүнүүсү “өтө коркунучтуу” деңгээлге жеткенин мойнуна алды.

Бул - радиоактивдүү заттар кырсык болгондон кийин ырасмий айтылгандан 100 эсе көп экенин тастыктоо.

Эвакуациялоо борборунун штаб мүчөлөрү цунамиде жабыркаган АЭС турган жайдын тегерегиндеги аймакты картада белилешүүдө. 4-апрель, 2011
Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ буга чейин эң коркунучтуу - жетинчи деңгээлди 1976-жылы Чернобыл АЭСинде болгон жардырууга гана ыйгарган.

Чернобыл апааты дүйнөдөгү эң жаман өндүрүштүк кырсык деп саналат.

“Фукусима Дайичинин” коркунучун мурдагы бешинчи деңгээлден жетинчи деңгээлге чыгаруу АЭСтен бөлүнгөн радиоактивдүү заттар табият жана адамдардын саламаттыгы үчүн өтө коркунучтуу дегенди билдирет.

Мындай баа абадагы, жашылча-жемиштердеги, кууралардагы жана мухиттеги суулардагы радиактивдүү заттардын көлөмү аныкталгандан кийин берилди. Бирок Жапониянын өзөктүк жана өнөр-жай коопсуздугу боюнча агенттигинин жооптуу кызматкери Хидехико Нишийама “Фукусима Дайичинин” реакторлору Чернобыл АЭСи абага чачкан радиоактивдүү заттардын 10 пайызын гана бөлгөнүн айтып, техногендик кырсыктын коркунучун пастатканга аракет кылды:

- Биз 18-марттан бери чогулткан маалыматтардын негизинде болжол менен жетинчи деңгээлди бердик. Бирок “Фукусима-1” бөлгөн заттар ушундай эле 7-деңгээл менен бааланган Чернобылдан бөлүнгөн радиоактивдүү заттардын он процентке жакынын түзөт.

Белгилей кетели, бул болжолдуу алгачкы баа болгондуктан дагы өзгөртүлүшү ыктымал.
Шоичиро Камайчи 11-марттагы апаатта курман болгон жакындарын эскергени баратат. Ивте перфектурасындагы Оцучи шаары. 12-апрель 2011


Жапон бийликтери эгер кризис улана берсе, “Фукусима Дайичи” өзөктүк кубат ишканасынан бөлүнгөн, адам өмүрүнө зыяндуу радиоактивдүү заттардын көлөмү Чернобылдагыдан да ашып кетиши мүмкүн экенин жашырбайт.

Коркунучтуу алкак дагы кеңейтилет

Ошол эле учурда жапон өкмөтү өз жарандарынан жана эл аралык коомчулуктан "алаамат өндүрүштүк кырсыкка жол бергени үчүн" кечирим сурады. Министрлер кабинетинин баш катчысы Юки Эдано 11-апрелде билдиргенге караганда, “Фукусима Дайичиден” 20 чакырым радиустагы адам өмүрүнө кооптуу алкак алда канча кеңейтилет.

20 чакырымдык зонанын калкы 11-марттагы 9 баллдык жер тербетүүнү коштогон цунамиден кийинки АЭСтеги кырсыктан улам башка жактарга көчүрүлгөн болчу.

“Биз эвакуациялык зонаны дагы кеңейтели деп, жаңы чечим кабыл алдык. Себеби 20 чакырымдык эвакуациялык алкактан тыш жактардагы айрым аймактарда аба ырайына же географиялык шартка байланыштуу радиация күчөшү этимал”, - деп билдирди Юки Эдано.

Өкмөт чукул арада АЭСтин түндүк батышындагы беш кыштактын элин да башка жактарга көчүргөнү жатат.
“Фукусима” бөлгөн заттар ушундай эле 7-деңгээл менен бааланган Чернобылдан бөлүнгөн радиоактивдүү заттардын он процентке жакынын түзөт.
Нишийама


Жапон өкмөтү аялдар, балдар жана кеселдерди “Фукусима Дайичиге” 30 чакырым аралыкка жолобоого чакырды жана мектептер 11-марттагы табигый жана өндүрүштүк апааттан бери жабык.

Кошмо Штаттар жана Австралия өз жарандарына “Фукусима Дайичи” АЭСине 80 чакырымдан жакын барбагыла деп кеңеш берди.

Анткен менен жапон өкмөтү МАГАТЭнин өтүнүчүнө карабай, бул алкактын ичинде жашаган элди көчүрүүдөн баш тартууда.

МАГАТЭнин адистери 10-апрелде 60 чакырымдык радиустагы радиацияны текшергенден кийин азыркы абал сакталса, адамдарга бир жылда алчу өмүрүнө коркунучтуу нурланууну алганга 225 күн жетерин эскерткен.

XS
SM
MD
LG