Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Чили: Акыркы 50 жылдагы эң катуу зилзала


Чили: Сантягодогу кыйраган көпүрө, 27-февраль, 2010-жыл.
Чили: Сантягодогу кыйраган көпүрө, 27-февраль, 2010-жыл.

28-февралда Чилинин борбору Сантьягодо жер катуу солкулдады. Бир күн алдың өлкөнүн ортосунда болгон кубаттуу зилзала 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алганы маалымдалган.

Бул Түштүк Америкалык өлкөдө акыркы жарым кылымда болгон эң алаамат табигый кырсык экени айтылууда. 28-февралда деңиз толкунун айдаган цунами Япония менен Россиянын Ыраакы Чыгышындагы жээктерди каптады.

Зилзаланын зыяны 10-15 миллиард долларга тете болушу мүмкүн. Бул Чилинин ички дүң жыйымынын 10-15 процентине барабар.



Чилинин президенти Мишель Бачелет 8,8 балдык зизладан соң улутка кайрылууда. 27-февраль 2010
Чили өкмөтү ортолук түштүктөгү Консепсон шаарында 300дөн ашык адам өлгөнүн, алардын 90 проценти апаат учурунда уктап жатканын, дагы 100дөй тургуну урандылар астында калганын билдирди. Чилидеги 8,8 баллдык зилзаланы Тынч океандагы цунами пайда кылган. Бул, маалымдалганга караганда, дүйнөлүк тарыхта катталган эң кубаттуу зилзала.

Ордолуу Сантягонун калкы жер сокулдагандан кийин үйлөрүндө уктай албай, жекшембиге оогон түндү сыртта күзөтүштү. Роза Селедон айым түндү ачык асман алдында өткөрүү себебин мындайча түшүндүрөт:

- Биз ичкериде болугубуз келбейт. Үйгө тез кирип жуунуп чыктык. Түндү эшикте өткөрөбүз. Бул коопсуз.

Чили өкмөтү көптөгөн жерлерде турак үйлөргө катар кан жолдор, көпүрөлөр кыйрап, электр жана телефон байланышы үзүлгөнүн маалымдады.

Өлкөнүн алты регионунда чукул кырдаал абалы жарыяланды. “Бул акыркы 50 жылдагы эң алаамат зилзала болду” деп билдирди президент Мишел Бачелет. Анын сөзүнчө, табигый апаатта 2 миллиондой адам жабыркаган жана 1,5 миллиондой турак-жай бузулган.

Жергиликтүү маалымат булактары Консепсьондо талоончулук башталганын кабарлашты. Алдын ала маалыматтар боюнча, зилзаланын зыяны 10-15 миллиард долларга тете болушу мүмкүн. Бул Чилинин ички дүң жыйымынын 10-15 процентине барабар.

Консепсьон борбор калаа Сантягодон 325 чакырым түштүктө жайгашкан. Ишемби күнкү жер титирөөнүн очогу Консепсьондон 115 чакырым түндүк-чыгышта болгон.

Чилидеги зилзаланын шоокуму Ыраакы Чыгышка да жетти

Ишемби күнкү Чилидеги кубаттуу жер тербетүүдөн кийин Гаваяда жайгашкан Цунамини эскертүү борбору Тынч океан боюндагы 53 мамлекетке жана территорияга 3 метрге чейин жеткен деңиз толкуну каптайт деп кулак какты кылды. Япония, Жаңы Зеландия, Филиппин жана Россиянын Камчатка жарым аралында этияттык чаралары көрүлүп, жүз миңдеген адамдар коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бирок цунами болжолдонгондон күчсүз болгонун япон балыкчысы Кацуоши Сато айтат:

- Чукул кыраал жөнүндө укканымда жамандык келген экен деп ойлогом. Алар 2 же 3 метр бийик толкун каптайт деген болчу.

Чилиде күчтүү жер тирөөнү жараткан цунами Тынч океан алкагына 2004-жылкыдай алааматты алып келатат сыягы деген кооптонууну пайда кылган эле. Алты жыл мурда Инди океанында болгон цунами 230 миң адамдын өмүрүн жалмаган.

XS
SM
MD
LG