Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Гаитиге биринчилерден болуп барган мээрман айым


Бонни Пол (солдо) - "Эларалык тез жардам" уюмунун мээрман айымы
Бонни Пол (солдо) - "Эларалык тез жардам" уюмунун мээрман айымы

Гаитидеги зилзаладан, соңку маалыматтарга караганда, 150 миңден ашуун адам набыт болду. Кариб деңизиндеги аралга дүйнөнүн көп мамлекеттери, эларалык уюмдар жардамын жиберишүүдө. Ошол уюмдардын бири “Эларалык тез жардам” клиникасы да зилзала болоору менен өзүнүн адистерин аралга жиберген. Догдурлардын арасында медициналык мээрман-айым Бонни Пол да бар эле.

“Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооров ал мээрман-айым менен телефон аркылуу байланышып, алар Гаитиде эмне көрүшкөнүн, жардам кандай берилип жатканын сурады.

Бонни Пол: “Биз Гаитиге жетип, биздин уюмдун кардарларын, өзүбүздүн адамдарды тапканда, алар суусап, ачка болушаарын, негизги жардамга муктаж болушаарын билгенбиз. Ошондуктан мен сапарга аттанаарда өзүм менен кошо мүмкүн болушунча көбүрөөк тамак-аш менен суу алганга аракет кылдым. Мен мээрман айым болгондуктан, эң эле башкысы адамдардын эти ысып, башы ооруган жокпу, канчалык катуу жаракат алган - ушуга көңүл бурдум. Биз жолуктурган адамдардын көбү жеңил жаракат алышкан экен. Алар Гаитиде көптөн бери жашашабы, же кыска мөөнөткө келишкенби, айтор, кандай ниетте бул мамлекетте болушканына карабай, биздин максат аларды башка, коопсуз жайга алып барып, эң алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү болчу.

Төрөкул Дооров: “Эларалык тез жардам” уюмунун жардамынын көлөмү канчалык болду?

Гаитидеги зилзаладан өлгөндөрдүн саны 150 миңден ашты
Бонни Пол:
“Эларалык тез жардам” – сапарда медициналык жардам берүүчү, коопсуздукту камсыз кылуучу уюмбуз. Адамдар биздин уюмга жумушка келип жатканда, кандай гана кырсык, балакет болуп кетпесин, андан жапа тарткандарды куткаруу башкы максатыбыз болоорун жакшы билишет. Гаитидегилерди куткаруу ишине биздин Камерундагы, Угандадагы, Кениядагы, Америкадагы, Франциядагы, иши кылып, глобалдык деңгээлдеги жардам тобубуз иштеди.

Төрөкул Дооров: Сиз “Эларалык тез жардам” уюмунда иштегениңизге төрт жыл болуптур. Бирок мээрбан-айым катары жалпысынан 16 жылдан бери иштеп келаткан экенсиз. Буга чейин ушул өңдүү абалда иштедиңиз беле?

Бонни Пол: 2005-жылы АКШнын тарыхындагы эң чоң бороон-чапкы “Катринадан” жапа тарткандарга да жардам берүүдө катышкам.

"Катрина" бороонунан жапа тарткандарды куткаруу иши учурунда, 4-сентябрь, 2005.
Төрөкул Дооров:
Гаитиге жардамды алгачкылардан болуп АКШнын президенти Барак Обама жөнөттү жана жардамды координациялоо ишине катуу киришти. “Катрина” бороону учурунда жардам кеч жеткени үчүн көпчүлүк ал учурдагы президент Жорж Бушту сындашкан болчу. Сиз ушул эки кырсыкта тең жабыр тарткандарга жардам берүүдө иштедиңиз. Жеке өзүңүз кандай айырмачылыкты байкалдыңыз?

Бонни Пол: Биз Гаитиге аябай эле тез бардык. Кырсыктын эртеси эле ал жакка жетип бардык. Көпчүлүк эларалык жардам уюмдары бизден кийин жетишти. Алар бизге чалып, ал жактагы кырдаал боюнча кеңеш сурап жатышты. Жаңылыктарда эмнелер айтылып жатканын караганга деле убакытыбыз болгон жок. Барганда, биздин жардамчылар адамдарга тамак-аш жетпей жатканын, алар ачка калып жатышканын билдиришти. Азыр эми Гаитиге глобалдык деңгээлде чоң колдоо көрсөтүлүп жатканын угуп атабыз. “Катрина” бороонунан жапа тарткандарга өз убагында жардам тез барган эмес эле. Ал жакта телефон иштеген эмес, СМС да, электрондук кат да, эч нерсе жибере алган эмеспиз, байланыш үзүлүп калган. Бул жолу байланыш, ага караганда, жакшыраак болгонун байкай алдым.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG