Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

АКШнын экс-президенттери Гаитиге каражат чогултат


Гаити. Жер тербетүүдө бузулган Президенттик сарай. Порт-о-Принс.
Гаити. Жер тербетүүдө бузулган Президенттик сарай. Порт-о-Принс.

Шейшемби күнкү 7 баллдык жер тербетүүдөн катуу жабыркаган Гаитиге тыш өлкөлөрдөн чукул жардам келүүдө. Зилзаладан кеминде 100 миң адам набыт болгону айтылууда. БУУ дүйнө өлкөлөрүн Гаитиге көмөктөшүү үчүн жарым миллиарддан ашуун доллар каражат чогултууга чакырды.

Бириккен Улуттар Уюму Гаитиге жардам үчүн 560 миллион доллар чогулталы деп эл аралык коомчулукка үндөө салды.

Президент Обама Гаитиге жардам чогултууга жетекчилик кылууну экс-президенттер Жорж Буш менен Билл Клинтонго тапшырды. АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон ишемби күнү

Зилзалада 40 миңден 50 миңге чейин адам набыт болгону тастыкталды. Гаити өкмөтү апаатта 250 миңдей адам жарадар болду, деп боолгоодо.

(16-январда) Гаитиге келип, кырдаал менен жайынан таанышты.

Жекшемби күнү (Бишкек убактысы боюнча дүйшөмбү күнү таңга маал) зилзаладан жабыр тарткандарга жардам берүү иштерин координациялоо үчүн Порт-о-Принске БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун учуп келмекчи.

Порт-о-Принсте ар бир үчүнчү имарат кыйрады

Пан Ги Мун Нью-Йорктон Порт-о-Принске учуп кетер алдында жасаган билдирүүсүндө ”Гаитиге жөнөтүлгөн бир да доллар текке кетпейт” деди. Анын сөзүнчө, учурда Улуттар Уюму 40 миң гаитиликти азык-түлүк менен багууда жана бир айдын ичинде Бириккен Улуттар Уюму тамак-аш менен камсыздаган адамдардын саны 2 миллионго чыгат. БУУнун башкатчысы визит учурунда эл аралык жардамды мыктылап багыттоо (координациялоо) жолун Гаитинин жетекчилери менен талкуулайт.

Гаитинин президенти Рене Превал(оңдо) АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон менен сүйлөшүүдө. Порт-о-Принс аэропорту. 16-январь
БУУнун маалымдашынча, 12-январдагы (шейшемби күнкү) 7 баллдык жер тербетүүдө ордо шаар Порт-о-Принсте турак жайдын үчтөн бири бузулган.

Президенттин сарайы, БУУнун миссиясынын имараты, парламент, жергиликтүү түрмө, бир нече мектеп, 8 оорукана да кыйрап калган.

Борбор шаардан 20 чакырым батыштагы Леоган шаарчасындагы турак жайлар 90 процентке кыйраганы маалымдалууда.

Ж. Буш жана Б. Клинтон Гаитиге акча чогултат

Ишемби күнү кырдаалды жайынан көрүп-билүү үчүн АКШ Мамкатчысы Порт-о-Пренске келди.

Хиллари Клинтон Гаитинин президенти Рене Превал менен сүйлөшкөндөн кийин өлкөнү бүлгүндөн толук калыбына келтирүү үчүн Вашингтон жардамын аябасын айтты:

- Президент Барак Обама айткандай, биз бул жерде бүгүн, эртең жана андан кийин да болобуз. Мен өзүм Гаити элинин дараметине жана кубатына ишенем.

Хиллари Клинтон зилзаладан соң Гаитиге келген Батыш өлкөсүнөн алгачкы болуп келген жогорку даражалуу ырасмий адам болуп калды.

Мамкатчы Кошмо Штаттар Гаитинин бийлигинин суранычына жараша жардамга аскерлерди кошо жибергенин, ушул тапта Гаити баарынан да суу, тамак-аш, медициналык жардамга жана куткаруучуларга муктаж экенин баса айтты.
Зилзаладан соң сыртта эч алып отурган үч бала. Порт-о-Принс. 14-январь


Президент Рене Превал өз кезегинде азхыркы АКШ президенти Барак Обаманын Гаитиге көмөктөшүү корун жетектөөнү мурдакы президенттер Жорж Буш менен Билл Клинтонго тапшырганын өтө жогору баалады:

- Президент Обаманын өзүнөн мурдакы эки президентти: Буш менен Клинтонду Гаитиге көмөктөшүү боюнча атайын корду жетектөөгө дайындаганы - албан жардамдын дагы бир белгиси.

Бириккен Улуттар Уюмунун билдиришинче, куткаруучулар Гаитинин чар тарабында иштеп жатат жана урандылар астынан тирүү адамдар табылат деген үмүт чоң. Акыркы алты күндө урандылардын астынан 70тен ашык адам куткарылган.

Өлкөдө азыр эл аралык 40 топ иштөөдө. Анын катарында 1800 куткаруучу жана атайын машыктырылган 60 ит бар.

Жетпеген гумжардам каракчылыкка шыкак болууда

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдиришинче, зилзалада 40 миңден 50 миңге чейин адам набыт болгон. Гаити өкмөтү 250 миңдей адам апаатта жарадар болду, деп боолгоодо.

Гаитиге тыш өлкөлөрдөн тынбай гуманитардык жардам келүүдө. Бирок, зилзалада зыянга учураган инфраструктура гумжардамды муктаж адамдарга тез жеткирип бөлүштүрүүнү мүмкүн кылбай жатат.

Бул тушта айрым жерлерде ач жана там-жайы жок адамдардын айрымдары дүкөндөрдү талап-тоношкону кабарланууда.

БУУнун кабарлашынча, коңшулаш Доминикан Республикасына жетүү үчүн түндүктү көздөй чубалган жөө-жалаң элдин саны улам көбөйүп жатат.

Жергиликтүү бийликтер апааттан кеминде 100 миң адам набыт болгонун айтышууда.

Ички иштер министри Пол Антонио Биен-Аймдын 17-январда билдиришинче, набыт болгон 50 миңдей адамдын жасаты чогултулган.

Өлгөндөрдүн ичинде Улуттар Уюмунун 40 кызматкери, ошондой эле миссия башчысы Хеди Аннаби, анын орун басары Луис Карлос Коста да бар.

Бириккен Улуттар Уюму дүйнө өлкөлөрүнөн Гаитиге алдыдагы жарым жылда көмөктөшкөнгө 562 миллион доллар чогултмак болууда.


Тасма. Гаитиде катуу зилзала болду

Гаитиде катуу зилзала болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00



Тогуз миллиондой калкы бар Гаитиде күчү дээрлик 7 баллга чейин жеткен жер титирөө 13-январда (жергиликтүү убакыт боюнча 12-январда) катталды. Кызыл чырым уюму жер титирөөдөн жапа чеккендердин жалпы саны 3 миллионго жетиши мүмкүн экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG