Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Италия: Зилзаладан ажал тапкандардын саны өсүүдө


Бул аял түндү убактылуу чатырда өткөрдү, 7-апрель, 2009-жыл
Бул аял түндү убактылуу чатырда өткөрдү, 7-апрель, 2009-жыл

Италияда кечээ таң заарда болгон зилзала курмандыктарынын саны бүгүн 179гө жетти. Абруцо аймагындагы жер титирөөнүн уюлунда калган Аквила шаарчасында жана анын айланасында дагы 34 кишинин дайыны чыкпай жатат.

6.2 баллдык зилзаладан 10 миңдеген киши үй-жайсыз калды. Алар жер титирөөнү алдын ала айткан жергиликтүү окумуштууну эмне үчүн бийликтер уккан эмес деп беймаза. Андан тышкары Жапония сыяктуу зилзала көп болгон аймактарда мындай чакан жер титирөөдөн адатта дээрлик зыян болбойт. Эмне үчүн Абруцодо бүтүндөй кварталдар, айылдар урап, көп киши курман болду?

Өлкөнүн тоолуу Аппенин тоолорундагы байыркы Аквила шаарында куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар өткөн түнү менен урандыларды колу менен казып чыгышты. Үй-жайсыз калгандар үчүн ачылган чатыр лагеринде топологон элдин арасында Аквилага саякаттап келген Андреа Поити да болду:

- Биз мейманканада болчубуз. Бир убакта эле баары титирей баштады, биз сыртка чуркап чыктык. Имараттар кулап жатты.

Ал эми көп кабат үйдө жашаган Мариелла Ферринин үйү кулабай калган:

- Зилзала башталганда биз үйдө болчубуз. Суурмалары бар шкаф эжемдин үстүнө кулап түштү. Колго тийгендин баарын алдык. Абдан корктук, бешинчи кабатта болчубуз. Жер титиребей калганда сыртка чуркап чыктык.

Жер титирөө болгон күнү өкмөт башчысы Силвио Берлускони Орусияга кетмек, бирок кырсыктан улам Аквилага барып, жалпы улуттук аза күтүү жарыялады:

- Биз азыр урандылардын алдында калгандарды куткарууну биринчи орунга койуп жатабыз. Экскаватор колдонгон жокпуз, анткени тажрыйбадан кол менен казыш керек экенин билебиз.

Бирок эмне үчүн бийликтер сейсмолог Жакино Жулианинин чоң жер титирөө тууралуу эскертүүсүнө көңүл бурган эмес деген суроого өкмөт башчысы жооп берүүдөн баш тартып, азыр куткаруу иштерине басым жасоого үндөдү.

Бирок адистер Италияда жер титирөө болгон сайын куткаруу иштери күжүрмөн жүргөнү менен, башка убакта үйлөрдүн коопсуздугун камсыздоо иши колго алынбай келатканын белгилешүүдө.

Италиянын Астрофизика институтунун зилзала боюнча эксперти Жакини Жулиани жер титирөө көп болгон аймактардагы радон газынын концентрациясынын негизинде Аквила шаары жайгашкан Абруцо аймагында чоң жер титирөө болот деп эскертет. Бирок шаардын мэри аны элди дүрбүтөсүң деп күнөөлөйт. Полицияга чейин даттанышып, окумуштууну бул тууралуу макаласын интернет сайтынан алып салууга мажбурлашат.

Ал эми Италиянын Атуулдук коргоо агенттиги 31-мартта Аквилада аалымдардын жыйынын өткөрүп, шаар тургундарын эч кандай коркунуч жок деп ишендирет. Бийликтер эми Жулианинин ырастоосу илимий жактан негизделген эмес болчу, деги эле жер титирөөнү алдын ала айтуу мүмкүн эмес деп актанышууда.

Мындай кырсыкты алдын ала билүү татаал болсо да, үйлөрдү бекем куруу менен анын кесепетин азайтуу мүмкүн. Бирок Италияда жаңы курулган үйлөр көп учурда сейсмикалык коопсуздук талаптарына жооп бербейт. Бул тууралуу 2008-жылы отчет жазган Улуттук Геофизика жана Вулканалогия институнун маалыматына ылайык, Италиянын дээрлик жарымында жер титирөө коркунучу бар. Бирок ал аймактардагы имараттардын 14 пайызы гана сейсмикалык коопсуздук талаптарына жооп берет.

Прокурорлордун айтымында, курулушка сапатсыз материал колдонулган учурлар айрыкча өлкөнүн түштүгүндө көп учурайт, буга курулуш фирмаларына уюшкан кылмыштуу топтордун өздөрү көзөмөлдөгөн сатуучуларды таңуулаганы түрткү болот.

Мындан бир жума мурда эле 2002-жылы жер титирөөдө мектептин кыйрашына байланыштуу беш киши соттолгон. Ал мектеп 5.4 балдык жер титирөөгө туруштук бербей, 28 кишини, анын ичинде шаардагы бардык биринчи класстын окуучуларын басып калган.

Италияда орто кылымдарда курулган имараттарда да тийиштүү чаралар жетиштүү көрүлбөйт.

БУУнун мындай коркунучтарды алдын алуу боюнча агенттиги ушул дүйшөмбүдө жер титирөөлөрдө өлүмгө биринчи кезекте имараттардын кыйрашы түрткү болоорун билдирди.

БУУнун маалыматы боюнча Аквила шаарындагы эски имараттар да бүгүнкү күндүн сейсмикалык талаптарына ылайык бекемделген эмес.

XS
SM
MD
LG