Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Гаитидеги зилзаланын кесепети толук аныктала элек


Бул айымды урандылардын астынан аман -эсен сууруп чыгышты. Порт-о-Пренс 12-январь
Бул айымды урандылардын астынан аман -эсен сууруп чыгышты. Порт-о-Пренс 12-январь

Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан жакыр өлкө - Гаитидеги зилзаладан өмүрү кыйылгандар саны баштапкы эсептер боюнча бери дегенде жүздөп саналат. Кызыл чырым уюму жер титирөөдөн жапа чеккендердин жалпы саны 3 миллионго жетиши мүмкүн экенин билдирүүдө.

Тогуз миллиондой калкы бар Гаитиде күчү дээрлик 7 баллга чейин жеткен жер титирөө Бишкек убактысы боюнча 13-январь күнү таңкы үчтөрдө катталган эле. Акыркы 200 жыл ичиндеги эң күчтүү зилзаланын очогу өлкө башкалаасы Порт-о- Пренстен алыс эмес жерде орун алган. Жозеф Монпелиер ысымдуу жаран жер титирөө орун алган кезде башкалаанын аэропортунда турган учакка түшүп жаткан экен. Ал учагы АКШнын Майами шаарына келгенден кийин Рейтердин кабарчысына буларды айтты:

-Мен имараттын ичинде учакка кирүүгө камынып, эшиктин оозунда тургам. Жер силкингенде имарат солкулдап, урай баштады. Адамдар да жыгылып, колдогулардын баары: паспорттор, учакка кирүүгө уруксат берген талон, бут кийимдер сапырылып кетти.

Жүздөп, балким миңдеп

Кабарларга караганда, байланыштын начардыгынан улам зилзала алып келген зыяндын толук масштабын аныктоо иштери жай кетүүдө жана кыйынчылыктар менен коштолууда. Өлкөдө телефон байланышы үзүлгөн. Жолдор бузулуп, торолуп калган.

Гаитиде иштеп жаткан гуманитардык уюм өкүлдөрүнүн, кабарчылардын баштапкы эсептерине караганда, өмүрү кыйылгандардын саны жүздөп саналат. Балким миңдеп да кетиши мүмкүн.

Улуттар уюмунун айтымында, борбор Порт-о-Пренсте аларга караштуу кеңсе талкаланган соң “көп сандагы” кызматкерлердин дареги чыкпай жатат.

Кытай БУУнун бейпилдик күчтөрүнүн курамындагы аскерлеринин сегизи урандылар астында калганын, ону дайынсыз экенин билдирсе, Иорлдания 3 аскери өлгөнүн 21и жаракат алганын айтты. Мамлекеттик төңкөрүштөрдөн башы чыкпай келе жаткан Гаитиде тартип сактоо үчүн Улуттар уюмунун 9 миң полицейи менен аскери жайгаштырылган.

Жер титирөө болгон кезде жергиликтүү убакыт кечки саат бешке жакындап калган эле. Кабарларга караганда, аман калгандар жер силкинүү кайталанышынан чочушкандыктан, өткөн түндү ачык асман алдында өткөрүшкөн. Караңгылыктын кучагында калган 1,2 миллиондой калк жашаган башкалаа Порт-о-Пренсте урандылардын астынан адамдарды издөө иштери кол чырактардын жардамы менен жүргүзүлдү. Түндө ошондой эле талап-тоноочулук аракеттери да орун алганы кабарланды.

Үч миллион жабырлануучу

АКШнын Геологиялык кызматынын эсебине караганда, акыркы 200 жыл ичиндеги эң күчтүү жер титирөөдөн жапа чеккен адамдардын жалпы саны 3 миллионго чейин жетет. Ушундай эле эсепти эл аралык Кызыл чырым уюму да берди.

Гаитинин АКШдагы элчиси Рэймонд Жозеф өлкөсү кабылган зилзаланы “катастрофа” деп атады жана дүйнө өлкөлөрүн жардам көргөзүүгө чакырды. Элчинин айтымында, келтирилген чыгымдын акчалай өлчөмү миллиарддаган доллар болушу мүмкүн. Мамлекеттик имараттардан соода, тышкы иштер министрликтеринин, салык кызматынын кеңселеринен сырткары президенттик сарай да талкаланган. Бирок президент Рене Преваль жана анын жубайы аман калды.

Башкалаада бир катар имараттар ушундай болуп талкаланды.
Эл аралык жардам

Кырсыктан соң АКШнын президенти Барак Обама, БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Гаити элине кайрат айтып, тилектештигин билдиршти. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун Гавай аралдарынан борбору Гонолулуда жүргөн жеринен айтканына караганда, АКШ жардам көргөзүүгө даяр:

-Кошмо Штаттар Гаитиге жана аймактын башка өлкөлөрүнө ар тараптуу жардам сунуш кылат. Биз кырсыктын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн гуманитардык да, аскерий да жардам беребиз. Биздин ой-санаабыз үй-бүлөсү жана жакындары жапа чекен адамдар менен бирге.

Гуманитардык же акчалай жана адистер жагынан жардам көргөзүү ниети бар экенин башка өлкөлөр, анын ичинде Франция, Канада, Австралия, Венесуэла да жарыялашты.

Жер титирөнүн артынан Гаитиге, Кубага жана Багам аралдарына цунами чыгышы мүмкүн экендиги эскертилген эле, бирок кайра бул эскертүү алынып салынды.

Гаитиде катуу зилзала болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG