Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

Орусия Казакстанда АЭС кургусу келет


Орус президенти Владимир Путин менен Казакстандын жаңы лидери Касым-Жомарт Токаев, Москва, 3-апрель, 2019-жыл.
Орус президенти Владимир Путин менен Казакстандын жаңы лидери Касым-Жомарт Токаев, Москва, 3-апрель, 2019-жыл.

Орусия Казакстанга атомдук электр станциясын (АЭС) курууну сунуш кылды. Бул тууралуу президент Владимир Путин казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен Москвада жолукканда айтты. Анын бул сөзүн улай Казакстанда АЭС куруш үчүн эки жер дайындалганы маалым болду.

Казакстанда АЭС куруу маселеси Касым-Жомарт Токаевдин президент катары Москвада өткөн алгачкы чет өлкөлүк сапарында кайрадан көтөрүлдү.

Болгондо да бул сунушту орус лидери Владимир Путин 3-апрелде казак президенти менен Кремлдеги жолугушуусу маалында өзү айтты.

«Өзөктүк отунду тынч максатта колдонуу багытында кызматташтык өнүгүүдө. Уранды өндүрүү жана байытуу боюнча алты орус-казак ишканасы иштеп жатат. Карым-катнаштын жаңы формаларына өтүүнү сунуш кылабыз. Биринчи кезекте, Казакстанда Орусиянын технологиясы менен АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн айтып жатам», - деди Путин.

Бирок Токаевдин Москвадагы иш сапарынын убагында атомдук электр станциясын куруу маселесинде конкреттүү макулдашуулар болгон жок. Андыктан бул долбоорго канча каражат керек экени белгисиз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошентсе да Путиндин сунушунан көп узабай, Казакстанда АЭСтин курулушу үчүн буга чейин эле эки аймак тандалганы белгилүү болду. Бул тууралуу казак энергетика министринин орун басары Магзум Мирзагалиев 4-апрелде журналисттерге билдирди:

«Бир нече жыл мурун биз эки аймакты аныктаганбыз. Биринчиси - Чыгыш Казакстан облусунун Курчатов шаарында, экинчиси - Алматы облусундагы Үлкөн кыштагында. Деген менен мен дагы бир жолу кайталап коёюн, азырынча АЭСти куруу боюнча эч кандай чечим жок».

Казакстанда бул маселе алгач ирет мындан беш жыл мурда көтөрүлгөн. 2014-жылдын 29-майында казакстандык «Казатомпром» менен орусиялык «Росатомпром» компаниялары Казакстанда атомдук электр станциясын куруу тууралуу меморандумга кол койгон.

2015-жылы Жапония Казакстандын алгачкы атомдук электр станциясын куруу пландарына колдоо көргөзөрүн жапон премьер-министри Синзо Абэ Астанадагы сапарында билдиргени бар.

Орус-өзбек лидерлери Өзбекстандагы АЭСтин курулушуна старт берип жаткан учур. 19-октябрь, 2018-жыл.
Орус-өзбек лидерлери Өзбекстандагы АЭСтин курулушуна старт берип жаткан учур. 19-октябрь, 2018-жыл.

Бирок АЭС маселеси боюнча Казакстанда пикирлер бир кылка эмес. Мисалы, экономист Муктар Тайжан атом электр станциясынын курулушуна коомчулуктун басымдуу бөлүгү каршы болот деген ойдо. Ал АЭСтен көрө эскирген электр зымдарын биринчи кезекте жаңыртуу керек экенин айтты:

«Эгер бир АЭС курулса, ал электр тармагына монополиясын орнотуп алат. Башкача айтканда, баа көтөрүлөт. ГЭСтер сыяктуу электрдин булагы канчалык көп болсо, ошончолук атаандаштык болот. Бизге атомдук станциянын кереги жок».

Борбор Азия аймагында азырынча бир да АЭС салына элек. Бир жыл мурда орус-өзбек лидерлери Өзбекстандын Бухара шаарынан 25 чакырымдай түндүк-чыгышта атомдук электр станциясын куруу боюнча макулдашууга жетишкен. 2018-жылдын октябрь айында орус президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен келгенде бул долбоордун курулушуна старт берилген.

11 миллиард долларга баалаган атомдук электр станциясын Орусиянын мамлекеттик «Росатом» компаниясы курары кабарланган. Өзбекстандагы бул АЭСтин биринчи энергоблогунун курулушу 2028-жылга барып аякташы күтүлүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG