Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Өзбекстанда "Узатом" агенттиги түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 19-июлдагы буйругу менен министрлер кабинетине караштуу "Узатом" агенттиги түзүлдү. Мекеме атомдук энергияны пайдалануу жана өнүктүрүү тармагында бирдиктүү саясат иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу менен алектенмекчи.

"Росатом" корпорациясы менен бирге 2028-жылга чейин Өзбекстан атом электр станциясын (АЭС) курууну көздөп жатат. Андай станциялар экологиялык, сейсмикалык жактан канчалык коопсуз? Анын курулушу чөлкөмдөгү кошуна өлкөлөрдүн ортосунда чыңалууга алып келбейби?

Ушул жана башка суроолорубузга Оштогу Кыргыз-өзбек университетинин кызматкери, техника илимдеринин доктору, профессор Анвар Исманжанов жооп берди.

"Азаттык": Өзбекстан өкмөтүнүн атомдук энергияны өнүктүрүү пландарына кандай карайсыз?

Анвар Исманжанов: Бул кадам мамлекеттин энергияга муктаждыгынан улам келип чыгып жатат. Өзбекстан жылына 150 миллиард киловатт-саат энергия пайдаланат. Аны негизинен жылуулук электр станциялары иштеп чыгат. Кыргызстандай болуп ал жерде гидроэнергетикалык ресурстар жок. Себеби энергияны иштеп чыгыш үчүн жогорудан ылдый аккан дарыялардын күчү пайдаланылат. Өзбекстандагы Заравшан, Сырдарья, Амударья - түз аккан дарыялар. Ал жерлерге энергия бере турган плотина, ГЭС куруу болбойт. Ошондуктан энергияга болгон муктаждыкты өлкө өзөктүк энергиянын эсебинен толтурууну көздөп жатат.

"Азаттык": Айлана-чөйрөгө зыян жагынан атомдук электр станциялары канчалык таза, коопсуз болот?

Анвар Исманжанов: Жалпысынан алып караганда башка энергияга караганда тазараак болот. Чернобыль, Жапониядагы Фукусима станциясындагы кырсыктар бизди бир топ чочутуп койгон. Бирок сейсмикалык жактан кооптуу болгон жерлерде да азыр АЭСтер иштетилип жатат. Мисалы, жер титирөөлөр көбүрөөк болгон ошол эле Иранды алсак ошондой. Бирок азыр технология, техниканын өнүгүшү сейсмикалык кооптуу райондордо да АЭСтерди курууга жол берген деңгээлге жетип калды. Өзбекстан станция курууну пландап жаткан Навои облусу - Иранга караганда сейсмикалык жактан бир нече эсе тынч аймак.

"Азаттык": Чөлкөмдөгү алгачкы АЭС куруу пландары коңшулаш өлкөлөрдүн ортосунда чыңалууга түрткү болушу мүмкүнбү? Мисалы, Литва ушу тапта Беларуста АЭС курууга каршы чыгууда. Чехиядагы АЭСти жабууну австриялыктар канча жыл бою талап кылып жүрүштү...

Анвар Исманжанов.
Анвар Исманжанов.

Анвар Исманжанов: Араздашууга жем ташташы мүмкүн. Ар кандай аварияларды көрүп-угуп калбадыкпы. "Андай станция курулбаса жакшы эле болмок" деген ой пайда болбой койбойт. Бирок Өзбекстандын муктаждыгы ушундай айласыз болуп атат.

Бир кездери ошол эле Кыргызстан же Тажикстан муктаждыктан улам ГЭСтерди курууга киришкенде Өзбекстандын ошол кездеги бийлик өкүлдөрү каршы чыгышкан. Бирок азыр жагдай өзгөрдү. Президент Мирзиёев ал түгүл "Камбара-Ата ГЭСин чогуу курабыз" деп айтканы бар.

Өзбекстандын Камбара-Ата каскадын курууга каршы чыгышынын себеби башкада болчу. "Дарыялардагы суу агымынын табигый режими бузулат" же "керектүү сезондо сугат суу жетпей калат" деген кооптонуусун айтып келген. Ал эми АЭСтерде коопсуздук, экология жагынан кабатырлык болушу мүмкүн. Эгер, Кудай сактасын, Чернобылга же Фукусимага окшоп чукул кырдаал түзүлө турган болсо, бул жалаң эле Өзбекстанга эмес, коңшулаш мамлекеттерге да зыян келтириши ыктымал. ГЭСтерге кайтсак, аларды чогуу салуу жана пайдалануу албетте, Өзбекстанга да экономикалык пайда алып келет.

"Азаттык": Кыргызстан да бир күнү АЭСтерди салуугу киришиши мүмкүнбү?

Анвар Исманжанов: Албетте. Мисалы, азыр гидроресурстар толук пайдаланылып жатат. Өлкөдө жашоочулар көбөйүп баратат. Экинчи жагынан эртедир-кечтир жаңы өнөр жай объектилери ишке кирер. Ошондо бул маселе козголушу мүмкүн. Киши башына алганда бизде энергия запастары аз. Бизде да энергияга муктаждык көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG