Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:17

Орусиядагы радиациялык булгануу кооптондурат


Мурдагы СССРдеги Чернобыл өзөктүк алааматынан кийинки куткаруу иштеринин катышуучулары. 1987-жыл.

Росгидромет радиациялык булгануу болгонун ырастады. Германиянын радиациядан коргонуу боюнча мекемеси октябрдын башында Европада рутений-106 зыяндуу заты таркаганын, анын себептери аныктала электигин билдирген.

Германиянын радиациядан коргонуу боюнча мекемеси быйыл октябрдын башында Европанын үстүндө рутений-106 зыяндуу заты таркаганын маалымдаган. Рутений затынын Германиядан тышкары Чехия, Венгрия жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн үстүндөгү атмосферада максималдуу топтолушу катталган.

Немис мекемеси радиациялык булгануу Түштүк Уралдан таркашы мүмкүн деп жоромолдоп, Орусиянын түштүк аймактарын иликтөө зарылдыгын билдирген. Бирок орус бийлиги сентябрда өлкөдөгү радиоактивдүү объекттерде авариялар болгонун жана абага радиациялык заттар жайылганын оболу танып чыккан.

Германиянын радиациядан коргонуу боюнча мекемесинин Орусиядан абага зыяндуу рутений затынын таркашы боюнча маалыматына алгач Атомдук кубат боюнча эл аралык агенттик көңүл бурган.

Андан соң Росгидромет радиациялык булгануу болгонун ырастады. 2017-жылдын сентябрына карата Орусиядагы радиациялык абал тууралуу маалыматта Челябинск облусунда рутений-106 заты өзгөчө ашыкча көлөмдө таркаганы ачык айтылган.

Росгидрометтин кызматкерлери Новогорный, Худайбердинск жана Метлино айылдарынын үстүнөн алынган үлгүлөрдө рутенийдин деңгээли жогору экендигин аныкташкан. Бул аймактагы Аргаяш айылында зыяндуу заттын нормадан 986 эсеге көп таркаганы маалымдалган.

Айылда жашаган 10,5 миң тургун бул абал тууралуу кабар алышкан эмес. Айрым жашоочулар маалыматты интернеттен гана билишкен.

Аргаяштын борбордук ооруканасынын башкы доктуру Абдулхай Валеев «кооптонуунун кереги жок» деген.

- Биз муну тастыктай да албайбыз, жок дей да албайбыз. Радиациянын абалына санэпидстанция жана биздин радиолог адистер көзөмөл салууда. Бир нерсе болсо, алар бизди эскертишмек.

Челябинск облусундагы эколог Миляуша Кабирова радиация тууралуу маалыматты тастыктай алган эмес.

- Бул маалыматты сентябрдын аягында интернеттен окуганбыз. Мен адашып калышканбы деп ойлодум. Быйыл «Маяк» химиялык комбинатындагы авариядан бери 60 жыл өттү. Балким ошондон адашып калышкандыр. Интернетте атайын радиация чыгарылганы айтылууда, расмий бийлик мындай маалыматты тастыктаган жок. Бизде маалымат жок, ызы-чуу да жок. Аймактын калкы буга эч кандай маани берген жок. Адамдар бул тамаша деп ойлошту.

Кабирова радиоактивдүү таштандылар чыгарылган болсо, «абада рутенийден башка деле зыяндуу элементтер табылмак» дейт.

- Радиациялык коопсуздук боюнча бизде көйгөй жок. Бирок, акыркы убакта коюу түтүндөн дем ала албай калдык. Эртең менен турганда Шанхайда же Кытайда ойгонгондой болосуң. Радиоактивдүү заттар чыгарылса, анда бул тууралуу экологдор билмек.

Радиоактивдүү булганууга дуушар болгон кооптуу аймакка Татарстан дагы кириши ыктымал.

Татарстандын Өзөктүк куралга каршы коомунун жетекчиси Альберт Гарапов мындай маалыматты адамдар Батыштын маалымат каражаттарынан билип жатканына нааразы болуп турганын айткан.

- Адамдардын ден соолугуна кандай коркунуч болуп жатканын түшүндүрүү керек да. Биздин өлкөдө мындай система жок. ернобыль авариясы тууралуу шведдердин маалымат каражаттары жазып чыккан. Канча убакыт өттү, андан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Рутений жаратылышта өзү кездешпейт. Ал адамдын организмине түшсө, ар кандай ооруларга алып келет. Бугулмада (ред. - Бөгөлмө, татарча Бөгелмә​; Татарстандын шаары) рутенийдин өлчөмү нормадан 16 эсе жогору. Бул, демек, ал жакта деле радиоактивдүү таштандылар түшкөнүн билдирет. Адамдар жашылча-жемишти жууп жеши керек. Кырдаалга көз салабыз. Бул абдан коркунучтуу эмес, бирок биз өзүбүздү кантип сакташыбызды билишибиз керек.

Ал эми Челябинск облусунун коомдук коопсуздук боюнча министри Евгений Савченко Фейсбук социалдык тармагында радиоактивдүү абал тууралуу Гидрометцентрден эч кандай маалымат берилбегенин билдирген.

Адистер кооптуу абал 2017-жылы сентябрь-октябрь айларында пайда болгонун билдиришүүдө. Франциянын Өзөктүк жана радиациялык коопсуздук боюнча институту рутений менен абанын булганышы Волга (Эдил) менен Урал дарыяларынын ортосундай жайгашкан кайсы бир мекемеден чыкканын божомол кылган.

Орусиянын Росатом мекемеси «Орусиянын атомдук объектилериндеги радиациялык кырдаал нормалдуу» эле деп, эл аралык агенттиктер аныктаган рутенийдин абадагы көлөмүн «болбогон нерсе» деп четке кагууда.

Рутенийдин жогорку деңгээли аныкталган аймактар өзөктүк куралдын компоненттери жасалган жана өзөктүк отундун калдыктары сакталган «Маяк» өндүрүштүк бирикмесинен 100 чакырым алыстыкта жайгашат. Ошондой эле рутений Ростов атомдук электр станциясы жана Радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн Волгоград пунктунан алыс эмес жерлерде аныкталган.

«Гринпис Россия» энергетикалык программанын жетекчиси Рашид Алимов «Азаттыктын» орус кызматына берген маегинде медицинада колдонулган рутений-106 Ульянов облусуна караштуу Дмитровграддагы өзөктүк медицина борборунан таркалышы ыктымал деп жоромол кылган. Адис атомдук станцияда авария болгон учурда абага цезий менен йод заттары дагы таркамак деген ойдо.

Орусиянын Илимдер академиясынын адиси Борис Жуйков кооптуу кырдаал «Маяк» өндүрүштүк бирикмесинде «технологиялык эрежелерди сактабагандыктан пайда болушу мүмкүн» деген жоромолун айтты. Бирок «Маяк» өндүрүштүк бирикмеси дагы бул ишканадагы өндүрүштө авария болгону тууралуу жоромолдорду эч жуутпастан, танып келет.

«Гринпис» эл аралык уюму Орусиянын Башкы прокуратурасына радиациялык булгануунун мүмкүн болгон себептерин иликтеп, калктын саламаттыгы коркунучка учурабаганын аныктап-текшерүү жаатында атайын кайрылуу жасаарын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG