Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

БУУнун өзөктүк куралды жок кылуу демилгеси


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

БУУдагы 123 өлкө ядролук куралга глобалдык деңгээлде тыюу салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү башташты. Бирок дүйнөдөгү ири, өзөктүк куралы бар өлкөлөр ага катышкан жок.

Дүйшөмбүдөн тарта Улуттар Уюмундагы 123 өлкө массалык кыргын жасоочу өзөктүк куралга тыюу салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындай демилгенин башында Австрия, Ирландия, Мексика, Бразилия, Түштүк Африка жана Швеция турат.

Орусиянын с-300 зениттик ракетасы
Орусиянын с-300 зениттик ракетасы

Ошондой эле бул демилгени колдогондордун арасында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш, Рим Папасы Франциск жана ондогон гуманитардык уюмдар бар.

Улуттар Уюмунун куралдан арылуу маселеси боюнча жогорку өкүлү Ким Вон Су да демилгени кызуу колдоодо:

- Өзөктүк курал адамзаттын жер үстүндө жашоосуна коркунуч туудурат. Азыр өзөктүк куралдан арылуу муктаждыгы буга чейин болуп көрбөгөндөй актуалдуу.

Тыюу салууну сунуштап жаткандар Түндүк Кореянын өзөктүк дымагынын күчөшү ядролук кыйроо коркунучун күчөтүп жатканын белгилешет. Маселен, өткөн жылы Түндүк Корея кеминде эки ирет өзөктүк куралын сынаган. БУУнун резолюцияларын бузуу менен баллистикалык ракеталарын сынап-текшерүүнү дале улантууда.

Ошол эле учурда АКШнын жаңы президенттик администрациясынын кадамдарын да болжоп болбойт деп чочулашууда.

Tыюуну уюмдагы 40 өлкө колдогон жок. Алардын арасында өзөктүк куралга ээ, анан калса БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө беш өлкө да бар.

Расмий Вашингтондун пикиринде, өзөктүк куралга дароо эле глобалдык тыюу салуу турмушка ашпай турган чара, андыктан эл аралык коомчулук бул маселеге баскыч-баскыч менен барып, натыйжалуу системаны иштеп чыгуусу керек.

Никки Хейли
Никки Хейли

- Өзөктүк куралсыз дүйнө - мен эне катары, аял катары үй-бүлөмө каалаган нерсенин эң чоңу. Бирок реалист болушубуз керек. Түндүк Корея өзөктүк куралга тыюу салууну колдооруна ким ишенет? - деген АКШнын БУУдагы өкүлү Никки Хейли бир өлкөнүн куралдан толук арылып, экинчисинин куралчан туруусун улуттук коопсуздукка коркунуч деп эсептейт.

Ал 1970-жылы күчүнө кирген өзөктүк куралды жайылтпоо келишими ансыз да этап-этабы менен максатына жетип келатат дейт. Кошмо Штаттары ошондон бери өзөктүк арсеналын 85% кыскартканын кошумчалады Никки Хейли.

Орусия мындай сүйлөшүүлөрдүн али мезгили келе элек деп эсептөөдө. Ал эми Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Меттью Райкрофт өлкөсү жыйынды кубаттабай жаткан себебин анын эффективдүү эместиги менен түшүндүрөт:

- Ал иштебейт жана иштей да албайт. Британ өкмөтү өзөктүк куралсызданууга жетишүүнүн эң мыкты жолу - акырындап, этап-этабы менен, көп тараптуу кадамдар менен жана эл аралык структуралардын алкагында куралсыздануу экенине бекем ишенет.

Деген менен демилгечилер 1997-жылы жерге көмүлмө миналарга, 2008-жылы кассета бомбасына каршы ушундай эле чара көрүлүп, ишке ашып келатканын мисалга тартышууда.

Түндүк Корея бир канча жолу ракеталык куралын сынаган.
Түндүк Корея бир канча жолу ракеталык куралын сынаган.

Ушул тапта Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай, Пакистан, Түндүк Корея жана Индияда ааламды курутчу өзөктүк курал бар экени расмий айтылат.

Израилде да ушундай курал бар деп болжолдонгону менен аталган өлкө андай маалыматты четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG