Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

Тиллерсон: Түндүк Кореяга аскердик чара көрүлүшү мүмкүн


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Кореядан келген коркунуч күч алса, аскердик чаралар көрүлүшү мүмкүндүгүн ишара кылды. Тиллерсон 17-мартта Сеулда сүйлөгөн сөзүндө Пхеньяндын өзөктүк жана баллистикалык ракеталар боюнча программасынан улам Вашингтон жаңы дипломатиялык, экономикалык жана аскердик чараларды караштырып жатканын билдирди. Ал АКШ Түндүк Корея менен аскердик чатакка кириптер болгусу келбестигин, бирок бул өлкө коңшуларын жана Американы коркута турган болсо тиешелүү жооп кайтарыларын айтты.

Американын мамлекеттик катчысы Түштүк Кореяга АКШнын ракетадан коргоо системасынын жөнөтүлүшүн жактады. Бул кадам Кытай менен Түндүк Кореянын нааразылыгын жараткан.

Рекс Тиллерсон Түштүк Кореяга сапарынын алдында Токиодо жапон жетекчилери менен да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

XS
SM
MD
LG