Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Чернобыл - 1986: элесте калган апаат


Чернобыл апаатын эскерүү. Славутич шаары. Украина. 26-апрель, 2016-жыл.
Чернобыл апаатын эскерүү. Славутич шаары. Украина. 26-апрель, 2016-жыл.

Дүйнөнүн атом энергетика тарыхындагы эң ири кырсык саналган Чернобыл апаатына 30 жыл толду. Ондогон кишинин өмүрүн кыйган окуянын кесепетин жоюу иштери дагы да уланууда.

Украинада Чернобыл апаатын эскерүү иш-чаралары 25-апрелде эле башталды. Славутич шаарындагы борбордук аянтка дүйшөмбүнүн кечинде ондогон жергиликтүү тургундар гүл көтөрүп келишти. Алар 30 жыл муруңку апаатта көз жумган кишилердин сүрөттөрү илинген эскерүү тактасынын астына шам күйгүзүп, кара күндүн кайталанбашын тилеп жатышты.

Василий Маркин 1986-жылы апаат болгон станцияда инженер болуп иштечү. Окуя анын элесинде кудум кечээ эле болгондой сакталып турат:

- Бул трагедия өмүрүмдүн аягына чейин мени коштоп жүрөт. Мен аны эч качан унута албайм. Аны эч ким унута албайт. Авария болгон күндөн тарта апааттын элеси бизге сиңип калган.

​Дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк жарылуу 1986-жылдын 26-апрелинде мурдагы Советтер Союзунун курамындагы Украина ССРинин Чернобыл облусундагы ядролук реактордо болгон. Радиоактивдүү түтүн Беларусту да каптап, андан ары кара туман Орусиянын айрым жерлерине жана Европанын көп бөлүгүнө тараган.

Станциядагы алгачкы реакторлор 1970 жылы курулган эле. Ал эми авария болгон төртүнчү реактор 1983-жылы салынган. 1986-жылдын 26-апрелинде адистер ошол жаңы реактордун муздатуучу системасын сыноодон өткөрүүну пландашкан эле. Тилекке каршы коопсуздук жабдыгы туура эмес иштеген. Түнкү саат 1ден 23 мүнөт өткөндө төртүнчү реактор жарылып, 8 миң тонна радиактивдүү зат атмосферага тараган.

Чернобыл апааты эмнеден болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Ошол кезде станциянын кызматкери болгон Людмила Камкина окуяны согушка салыштырат:

- Бул авария биздин жашообузду таптакыр башка нукка буруп жиберет деп эч ойлогон эмеспиз. Бул авария эмес, согуш болчу. Үнсүз атомдук согуш. Ал бизге, Припрять шаарында жашаган элге багытталган согуш болчу.

Заводдун ичиндеги өрттү өчүрүү 15 күнгө созулган. Кырсыктын кесепетин жоюуга жарым миллиондон ашуун адам тартылган. 31 киши нурлануунун айынан жашоо менен кош айтышкан. Андан бери дагы канча адам апаат тийгизген зыяндан каза тапканы белгисиз. Адистер радиоактивдүү туман Хиросимадагы атом бомбасы жарылгандагы түтүндөн 400 эсе көп деген тыянак чыгарышкан.

Припять шаарынын жашоочулары эвакуцияланып, жаңы аймакка көчүшкөн. Абага тараган уулуу заттан улам кичи мекенге кайра баруу кооптуу болгондуктан, алар үчүн жаңы шаар – Славутич курулган. Жаңы калаа авария болгон станциядан 50 километр алыста.

Припять шаарынын ошол кездеги тургундары кичи мекенин дагы эле сагынышат.
Припять шаарынын ошол кездеги тургундары кичи мекенин дагы эле сагынышат.

Ал кезде мектеп окуучусу болгон Светлана дагы эле балалык изи калган Припять шаарын сагынат:

- Ал жер биздин үйүбүз болчу. Ал кезде биз жаш элек. Припять керемет шаар эле. Өнүгүп бараткан калаа болчу...

Чернобыл апаатын эскерүү иш-чаралары Украинадан тышкары Орусияда, АКШда, Беларуста да өтүүдө. Бишкектеги Фучик багында да шаар башчысынын, “Чернобыль союзу” коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара уюштурулду.

30 жыл муруңку кырсыктын кесепетин жоюуга Кыргызстандан үч миңден ашуун адам катышкан. Алардын жарымы дүйнөдөн өттү. Башкалары айына 7000 сомдон жөлөкпул алышат.

Чернобыл авариясынын кесепеттерин жоюу иштери дагы эле уланууда. 2000-жылы станция толук жабылган. Реактордун ичинде 200 тонна отун калган. Андан чыккан уулуу затты токтотуу үчүн бетондон саркофаг курулган. 2010-жылы ал урай баштап, эл аралык коомчулук баасы 3 миллард долларлык жаңы жабдуу курууга киришкен. Ал 2017-жылы аяктайт. Андан соң Чернобылдын таанымал кызыл жана ак кернейлери толук жок кылынат.

XS
SM
MD
LG