Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Чернобыл алааматына чейрек кылым


Чернобылдагы жарылуудан кийин радиацияланган аймак али тикенек зым менен курчалып турат. 2011-жылдын февралы.
Чернобылдагы жарылуудан кийин радиацияланган аймак али тикенек зым менен курчалып турат. 2011-жылдын февралы.

Мындан туура жыйырма беш жыл илгери Украинадагы Чернобыл өзөктүк кубат бекетинде жарылуу болгон эле. Чейрек кылымдан кийин айлана-тегерекке ири өлчөмдө радиация тарап кеткен кырсык Жапонияда катталды. Андан улам эми атомдук же өзөктүк кубаттын келечеги кантет деген маселе да чыгууда.

Жыйырма беш жыл мурда Чернобыл өзөктүк кубат бекетинин төртүнчү реактору жарылганда муну менен өзөктүк кубаттын күнү бүткөндөй көрүнгөн.

Бирок 1986-жылдын 26-апрелинде болгон, кесепети алгачкы учурларда ачык айтылбаган кырсык өзөктүк кубатка карата коомдук ишенимди солкулдатканы менен аны пайдаланууну же өнүктүрүүнү токтото алган жок.

Ооба, Чернобыл алааматынан кийинки жылдары дүйнөдө жаңы өзөктүк станциялардын курулушу жайлады. Бирок АЭСтер азыр деле иштеп, дүйнөнүн электр кубатына болгон муктаждыгынын 16%ын камсыздоодо жана аны үлүшү алдыда өсөөрү мерчемделип жаткан учурда Жапониянын "Фукусима Дайичи" өзөктүк кубат ишканасындагы кырсык келип чыкты.

Мурдагы совет өкмөтү сыяктуу эле Жапониянын өкмөтү да көйгөйдүн чыныгы масштабына көз жумду мамиле жасаганы үчүн сынга кабылды.

Кезинде совет бийлигин сындап чыккан беларусиялык дарыгер Юрий Бандажевскинин көз карашында, Чернобыл менен Фукусима Дайичинин окшош жактары болду:

- Жыйырма беш жыл мурда Чернобыл алааматына байланыштуу бизге да ушул эле нерселерди айтышкан. Эч проблема жок, Чернобыл коркунучтуу эмес дешкен. Алгачкы апталарда дегеле эч нерсе айтышкан эмес. Андан кийин абдан жаман балекетке туш болдук.

Чернобылдагы жарылуудан кийин коомдук пикирдин каршылыгынан улам бир катар дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрү жаңы өзөктүк кубат ишканаларын курууга барган жок, анын ордуна иштеп жаткан ишканалардын өндүрүш кубаты жогорулатылды.

Өзөктүк кубат (атом энергетикасы) боюнча эл аралык уюм – МАГАТЭнин маалыматына караганда, акыркы жыйырма жылда өзөктүк ишканалар кошумча өндүрүлгөн электр кубатынын үчтөн бир бөлүгү гана жаңы ишканалардан өндүрүлгөн.

Анткен менен 2001-жылдан тарта Чернобылдын кесепеттерин эскерүү басаңдап, өзөктүк кубатты колдонууну колдоого алган маанай кайра өсө баштаган.

Буга бир эсе кара жерден казылып алынган отун баасынын кымбаттоосу, дүйнөдө аба жылып бара жатат деген тынчсыздануулар да негиз берди.

Натыйжада быйылкы жылга карата, МАГАТЭнин эсебинде, дүйнөдө иштеп жаткан 443 АЭСке кошумча жаңы 64 АЭС курулуу баскычында турат.

Атүгүл бул жараянга Кошмо Штаттар да кошулуп, былтыр Вашингтон 1979-жылы Three Mile аралындагы өзөктүк кубат ишканасында болгон кырсыктан берки биринчи өзөктүк электр ишканасынын курулушуна 8 миллиард доллар насыя ажыратууну убада кылган. Ал кырсык Чернобылга чейин өзөктүк энергетиканын тарыхындагы ири авария деп эсептелип келчи.

Андан соң Чернобыл жана дагы 25 жылдан кийин биринчи ирет Жапониянын "Фукусима Дайичи" АЭСинен радиациянын кооптондурган өлчөмдө тарашы, өзөктүк кубаттын келечеги боюнча шек саноолорду кайрадан жаратты.

Жакында көчөгө чыккан жапон демонстранты Майоко Накахаранын сөздөрү көптөгөн жапониялыктардын ой-сезимин чагылдырып тургандай болду:

- Мен Жапониянын өзөктүк саясатынан бир топтон бери эле тынчсызданып келгем. Эгер биз учурдагы мүмкүнчүлүктү пайдаланбасак, өзөктүк кубатка каршы кыймыл азыркыдай ыргакка качан ээ болорун ким билет. Андыктан мен бул жерде биз өзөктүк кубатты колдонуудан баш тартуубуз керек деп турам.

Коопсуздук боюнча камтамачылыктар бир нече өлкөнү, анын ичинде Кытайды жаңы реакторлорду куруу боюнча пландарын тоңдурууга түрттү. Жашылдардын кыймылы күчтүү Германияда өкмөт эскилиги жеткен жети реакторду үч айдын ичинде жапканы турат.

Бирок Чернобылдан кийинки "Фукусима Дайичи" кырсыгы чын эле өзөктүк кубаттын келечегин кайрадан бүдөмүккө сала алабы?

Вашингтондогу Карнеги корунун өзөктүк кубат боюнча эксперти Жеймс Эктондун пикиринде, бул ар кайсы өлкөдө ар башка болот:

- Эгер коомдук пикир мааниге ээ болсо, менимче, Фукусима өзөктүк кубаттын келечегине терс таасирин тийгизет.

Ал эми өзөктүк реакторлордун саны дал ошол коомдук пикир маанилүү роль ойногон өлкөлөрдө көп. Маселен АКШда 104, Францияда 58, Жапонияда 54 АЭС бар.

Анткен менен бул өлкөлөрдө өзөктүк энергиянын тобокелчиликтерин анын экономикалык пайдасы менен салыштырышканда түрдүүчө баалашат.

АКШ маселен коопсуз реакторлордун жаңы муунун орнотууга кызыкдар болгону менен акыркы кездери мунун ордуна альтернативалуу отун катары сланц газына көбүрөөк көңүл бура баштады. Ал эми Фукусимадан чыккан кризистин ортосунда турган Жапония болочок багыт аныкталганча али талкууларды улантчудай.

Вашингтондогу Карнеги корунун өзөктүк кубат боюнча эксперти Жеймс Эктондун болжолунда, өкмөттүн саясатына коомдук пикир анчалык чоң таасир бербеген өлкөлөрдө өзөктүк кубатты пайдалануу кеңейе бериши мүмкүн.

Ал өлкөлөрдүн арасында азыр 32 АЭСи бар Орусия да турат. Орусия өзөктүк реакторлордун саны жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда.

Азиядан болсо өзөктүк кубатты кеңейтүү жагынан Кытай алдыда бара жатат. Ушу тапта 13 өзөктүк реакторго ээ Кытай, дагы 27ни курууну караштырууда.

МАГАТЭнин маалыматы боюнча, курулуу баскычында турган 64 АЭСтин 39су Азияда.

Дүйнөдө аба ырайынын эң ири булгоочусу катары эсептелген Кытай 2020-жылга дейре булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартууну убада кылган. Бул убадасын ал өзөктүк кубатты өнүктүрмөйүнчө орундай албайт. Анын үстүнө Кытайды да мындай кадамга жердин казылып алынган отундун, мунай баасынын кымбатташы да түртүүдө.

Эгер Кытай өзөктүк кубатты өзүнүн отун-кубат камсыздоо пландарынын айныксыз бөлүгү катары караса, анда анын жолуна өнүгүп келе жаткан чакан өлкөлөр да түшүшү мүмкүн.

Өзөктүк кубат ишканасын куруу пландары бардыгын соңку кездери Вьетнам, Индонезия, Марокко да жарыялашкан. Бирок акыркы өзөктүк кырсык чакан өлкөлөрдүн пландарына терс кесепетин тийгизчүдөй.

Ири жана бай өлкөлөрдөн айрымаланып, чабалыраак мамлекеттер курулуш үчүн акчаны эл аралык базардан издөөгө мажбур. Бирок "Фукусима Дайичидеги" кырсык бул ишти кыйла кыйындатчудай.

Вашингтондогу Карнеги корунун өзөктүк кубат боюнча эксперти Жеймс Эктон мындай дейт:

- Эгер өкмөттөр өзөктүк кубат ишканасын өз акчасына кура албаса, аларга муну каржылоо үчүн эл аралык акча базарынан карыз алууга туура келет. Андыктан менимче, Фукусима кырсыгынын өзөктүк кубаттын кеңейишине тийешелүү таасири болот.

Фукусиманын мисалы чакан өлкөлөр Жапониядагыдай татаал куткаруу иштерин аркалай алабы деген суроолорду да жаратты.

Айтор туура 25 жыл мурда орун алган Чернобыл алааматынан кийин көтөрүлгөн бир катар суроолордун жообу алигиче жоктугуна өзөктүк кубаттын сынчылары да, жактоочулары да макул.

Алсак келечекте табигый кырсыктын таасиринен же тетиги иштебей калуусунан улам радиациянын тарап кетишине жол берилбешин кепилдөө мүмкүнбү?

Кокус кырсык болуп кетсе, радиациянын шамал аркылуу кеңири аймакка тарап кетишин алдын алууга болобу?

Ушул өңдөнгөн суроолор али алдыдагы ондогон жылдары өзөктүк кубаттын пайдаланылышын же өнүгүшүн коштоп жүрчүдөй.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG