Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

Орусия Казакстанда чакан ГЭС курат


Бул аптада орусиялык басылмаларда чыккан макалаларга жасалган серепти сунуштайбыз.

"Регнум" агенттиги Орусия Казакстанда чакан ГЭС курат деп жазат. Макалада эки өлкө ушул жылдын сентябрынан баштап Түштүк-Казакстан облусунда 2 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС кураары баяндалат. Мындай келишимге орусиялык "Росатом Центральная Азия" ишканасы менен "Шымкент" корпорациясы кол койгон. Чакан станция спутник аркылуу башкарылат.

Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө дагы колдонулмакчы. Жалпысынан Казакстанда 119 электрстанция иштейт, алардын 18и гидроэлектрстанция. Түштүк-Казакстан облусунда Шардарин ГЭСи жана Келес суусунда бир нече чакан станция орун алган.

EurAsia Daily басылмасы Казакстан Түркия менен 590 миллион долларга инвестициялык келишим түзгөнүн баяндайт. Казакстандык Kazakh Invest ишканасы ири түркиялык Calik Holding, Yildirim Holding, Yildizlar SSS Holding, Agrobest Group холдингдери менен 9 инвестициялык долбоорду кабыл алышкан.

Бул долбоорлор курулуш материалдарын чыгаруу, унаа куруу, химиялык өндүрүш, металлургия жана энергетика тармактары боюнча ишке ашырылмакчы. Акыркы беш жылда түркиялык инвесторлор Казакстанда 667,5 миллион долларга бааланган 18 долбоорду каржылаган. Макалада дагы 10 долбоор боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленет.

"Вести" басылмасы Өзбекстанда аз камсыз болгон жарандарды колдоо программасы кабыл алынганын баяндайт. Эми өзбек өкмөтү жумушсуздарды акы төлөнө турган коомдук иштерге тартып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө турак жай сатып алууга көмөк көрсөтөт. Жумушсуздар арыктарды тазалап, көчө жана жолдорду ремонттоо иштерине тартылат.

Бул программада быйылкы жылга 84 миллиард сум, келерки жылга 714 млрд сум акча бөлүнгөн. Долбоор октябрдан баштап Өзбекстандын Каракалпакстан республикасында ишке ашырылмай болду.

EurAsia Daily басылмасы Тажикстан табигый кырсыктар менен күрөшүүгө Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар алаарын жазды. Акчалай жардамдын негизги бөлүгү Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон облусундагы суу дамбаларын жана Тоолуу Бадахшан облусундагы көпүрөлөрдү бекемдөөгө жумшалат.

Бул иштер аймактагы айдоо чарбаларына чоң коркунуч туудурган суу ташкындарын алдын алууга багытталган. Андан тышкары Кризистик башкаруу улуттук борбору модернизацияланып, чукул кабар таркатуу системалары жаңыртылат.

Дүйнөлүк банк мындай жардам климаттын өзгөрүшүнөн улам сейсмологиялык кооптуу аймакта жайгашкан Тажикстанда табигый кырсыктарды алдын алууга бөлүнүп жатканын маалымдаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG