Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

Германия атомдук энергия өндүүрүнү токтотот


Kruemmel АЭСинин жанындагы атомдук энергия өндүрүүгө каршы акция, 2010-жылдын 26-июну.
Kruemmel АЭСинин жанындагы атомдук энергия өндүрүүгө каршы акция, 2010-жылдын 26-июну.

Германия өкмөтү бардык атомдук электр станцияларынын ишин 2022-жылга дейре токтотуу планын жарыялады. Жапониядагы соңку катуу зилзалага удаа келип чыккан атомдук алааматтан улам кабыл алынган бул чечим ишке ашса, Германия - өнүккөн өлкөлөр арасынан атомдук энергиядан баш тарткан алгачкы мамлекет болуп калат.

Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Норберт Реттген башкаруучу коалициянын дүйшөмбүгө караган түнү аяктаган жыйыны ушундай чечим кабыл алганын жар салды. «Коалиция энергетика саясатында бурулуш жасоону макулдашты. Келишимге жараша жети эски станция, ошондой эле Крюммел АЭСи иштен чыгарылат. Экинчи топтогу алты атомдук электр станция 2021-жылдан кечикпей токтотулат. Ал эми эң жаңы үч АЭС 2022-жылы биротоло иштен чыгарылат», - деп билдирди министр.


Ал мындай чечим канцлер Ангела Меркел Жапониядагы атомдук кырсыктан улам дайындаган Этикалык комиссиянын корутундусуна негизделип кабыл алынганына басым жасады. Ушу тапта атомдук станциялар Германиянын электрге болгон муктаждыгынын 23 пайызын камсыздайт.

Коалициялык өкмөттүн жаңы чечими көпчүлүк үчүн күтүүсүз кадам болду. Анткени канцлер Меркел былтыр эле өлкөдөгү 17 атомдук реактордун ишин кеңейтип, 2036-жылы дагы бир жаңы реакторду пайдаланууга берүүнү пландаштырып жаткан эле.

Коалициянын чечимин комментарийлеп, дүйшөмбүдө Берлинде өткөн маалымат жыйынында Ангела Меркел Германия коопсуз энергияга өтүүнүн жаңы жолуна түшүүгө милдеттүү деп басым жасады. Канцлердин айтымында, атомдук станциялардын ишин дыкат изилдеп чыккан Этикалык комиссиянын корутундусу энергетикалык саясат түп-тамырынан өзгөрүшү керектигин айгинеледи. Келечекте электр булактары коопсуз болушун каалайбыз, ошол эле маалда алар ишеничтүү жана сарамжал булак болушу да зарыл.

Андан аркы сөзүндө Германиянын канцлери өкмөттүн бул чечими парламентте колдоо табышы керек, бул маселе кийин чечилер деп создуктурчу иш эмес деп белгиледи.

Эксперттер атомдук реакторлордон алынчу электрди башка булактарга алмаштыруу Германия үчүн миллиарддаган евролук инвестицияга айланаарын эскертип, бирок мындай ыкчам аракет жакынкы келечекте өлкөнү жаңы энергетикалык технология жаатында башкалардан кыйла алдыга сүрөп чыгышы ыктымал деп эсептешет.

Канцлер Ангела Меркелдин өкмөтү үчүн бул чечим саясий чечим болгону да талашсыз. Германияда соңку кездери атомдук энергияга каршы кыймыл күч алып, ал оппозициячыл Жашылдар партиясынын позициясын бекемдеп берди. Өткөн ишембиде Берлин баш болгон 20дай шаарда атомдук энергияга каршы демонстрациялар өтүп, аларга он миңдеген адамдар катышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG