Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:35

Эки республикага эмгеги өткөн Исхак Разаков


Көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер Исхак Раззаков.

Исхак Раззаков он жыл Кыргызстандын Компартиясын, бир топ жыл министрлер кабинетин жетектеген. 1961-жылы кызматынан бошотулуп Москвага которулган.

Ошол жерде иштеп, эс алууга чыгып, 1979-жылы каза болгон. Сталиндик репрессия, хрущевдук «ала баар» тушунда жооптуу кызматтарда иштеген жетекчинин убагында Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү жанданган.

Пландуу экономиканын устасы

Исхак Раззаков 1910-жылы Лейлектин Сүлүктү көмүр кенине жуук Коросон айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан ажырап Коженттеги балдар үйүндө тарбияланган. Тирикарак баланын билимге зээндүүлүгүн байкаган балдар үйүнүн тарбиячылары аны Ташкентке жөнөтүшкөн. Ал жердеги жатак мектепте 1925-жылга чейин окуп, орус тилин үйрөнүп, билимге кызыгуусу арткан.

Мектепти аяктагандан кийин Исхак Раззаков Самаркандагы агартуу институтуна кирген. Окуу жайындагы коомдук иштерге жигердүү катышып, студент кезинде эле туулган жеринде комсомол уюмдарын ачуу иштерине, саясий чөйрөгө аралашып калган. 1931-жылы Самаркандагы агартуу институтун аяктап, өзү окуган институтта окутуучу болуп калтырылат. Көп өтпөй билимдүү жаш кадрды Москвадагы Крижановский атындагы Пландоо институтуна жөнөтүшөт. Ал институтту 1936-жылы аяктап, Өзбекстанга кызматка жиберилет.

Республикалык Пландоо комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалып, аз убакыттан кийин ал Фергана облустук пландоо комитетинин башчысынын кызматына бекитилет. Кийинки жылы Өзбекстандын Пландоо комитетинин башчысынын биринчи орун басары болуп көтөрүлөт. Бул кезде сталиндик репрессиянын арааны ачылып, жооптуу кызматтардагы жетекчилердин көбү камалып, атылып, алардын ордун большевиктик идеологияны кадиксиз жактаган жаш кадрлар ээлеп, өлкө бири экинчисинен корккон каардуу өнөктүктөн кантип аман калуунун аракетинде болчу.

Исхак Раззаковдун өмүр баянында бийлик ээлерин шектендире турган эч кандай белги жок эле. Ата-энеси кедей-кембагал, жаштайынан жетимдиктин азабын тартып, балдар үйүндө тарбияланган, анын үстүнө өз жеринен башка республикада иштеп жаткан. Ошон үчүн анын кызматтан кызматка көтөрүлүшү жарым жыл, бир жыл аралыгында жүрүп, көп өтпөй республиканын Пландоо комитетинин төрагасынын орун басарлыгынан төраганын кызматына жетип, андан соң Өзбек ССР Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Мына ушул кызматында ал 1941-жылдан 1944-жылга чейин иштеген.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда СССРдин батышындагы өнөр жай ишканаларынын көбү чыгышка - Орто Азия, Сибир, Орол тоолорунун ары жагына көчүрүлүп, мурда агрардык республика атын алып жүргөн Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан сындуу республикаларда өнөр жай ишканалары арбып, чөлкөм өзгөрүлө баштаган.

Исхак Раззаков социалисттик чарба жүргүзүүнүн негизин түзгөн пландоо жаатын тейлеп, жагдайга жараша бир топ мамлекеттик маанидеги маселелердин чечилишине түз катышып, чоң борбор Москванын баамына илинип калган. Ошондон улам 1944-жылы ал Өзбекстан Компартиясынын БК(б) катчысы болуп шайланган.

Жооптуу кызмат тепкичтери

Партиялык жетекчи сталиндик башкаруу кезинде баарына жооп берген, жогортон келген буйрук-көрсөтмөлөрдү кынтыксыз аткарып турган, партиянын саясатын жер-жерлерде ишке ашырчу негизги күч эле. Улуу Ата Мекендик согуш убагында деле мамлекеттик жазалоо машинеси кынтыксыз иштеп, абактар менен ГУЛАГдар баштагы калыбында камачусун камап, атчусун атып турган. Мурдагы саясий абактагыларга кийин кан майданда туткунга түшүп калгандар, душмандын концлагерлеринде ит чыдагыс азап тартып, тирүүнүн тозогуна түшүп, андан амалын таап качып чыккандар, кайсы бир айыбы үчүн камакка алынгандар толуктап, өлкө дагы эле «эл душмандарын» табуу, аларды жоопко тартуу менен жашап жаткан.

Согуш аяктап, эл чарбасын тынч турмушка көчүрүү, бүлүнгөн экономиканы карапайым калктын турмуш жыргалчылыгына буруу милдети келип чыккан. Мына ушул кезде 1945-жылы 4-ноябрда Исхак Раззаков Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Өзбекстанда кызмат тепкичтеринде жогорулап бараткан кадрдын өз жерине жөнөтүлүшү кандайынан келгенде да жакшы иш болгон. Кыргызстан сталиндик репрессия маалында эң мыкты жетекчи кадрларынан ажырап, «эл душманы», «Социал-туран партиясынын мүчөсү», «алаш-ордочу», «буржуазиялык улутчул», «чет эл тыңчысы», дагы башка толгон айыптар менен күнөөлөнүп, көбү атылып, калганы жарым жан болуп, абалы абдан эле оор болчу. Республика уруучулук, саясий айып коюп атаандашын жок кылуу, жамандоо адатынан арыла албай, экономикалык жагдайы начар эле.

Исхак Раззаков социалисттик чарбанын, пландоо тармагынын адиси болчу. Республиканын экономикалык жагдайы кандай экенин жакшы билчү. Ири өнөр жай өндүрүшү, ага иштөөгө жарай алчу улуттук кадрлар керек эле. Андай кадрларды даярдачу окуу жайлары жок, баары Москва же башка борбордук окуу жайларынан билим алып келишчү. Анын аракети менен борбордук окуу жайларында улуттук кадрларга арналган атайын квота ачылып, ага мыкты окуган жаштарды жөнөтүү, республиканын өзүндө илимий мекемелерди, тийиштүү жогорку окуу жайларын ачуу аркылуу кыйла жылдардан бери чечилбей келаткан маселе оңуна чечилген. И. Раззаковдун аракети, демилгеси менен республикада бир катар өнөр жай ишканалары, атап айтканда, Фрунзе атындагы айыл чарба машинелерин жасоочу завод, жип ийрүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары ишке берилген.

1950-жылы Исхак Раззаков Николай Боголюбовдун ордуна Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. Кыргызстан союздук республика катарына кошулгандан кийин биринчи катчылыкка кыргыз улутундагы жетекчинин шайланышы дал ушул 1950-жылдан башталган. Ага чейин республика башкаруучулары ар кыл улут өкүлдөрүнөн болгон, арасында жарым жылга жакын иштеген жакут инсаны да бар эле.

Исхак Раззаков 1940-жылдан бери ВКП(б)нын мүчөсү, Коммунисттик партияга чын дилден берилген, анын идеологиясын ишке ашырууга жан үрөгөн коммунист болчу. Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы, республиканын жападан-жалгыз жетекчиси, Москвада отурган коммунист төбөлдөр иштеп чыккан максат-милдеттерди тоолуу аймакта аткарууга белсене киришкен демилгелүү инсан болгонун замандаштары эскерип жүрүшөт. Анын бийлигинин тушунда республиканы байланыштырган айтылуу Ош-Фрунзе жолунун курулушу башталып, Төө-Ашуу туннели казылган. Ага чейин республиканын түндүгү менен түштүгү темир жол менен Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан аймагы аркылуу гана байланышчу. Авиация ал кезде өнүгө элек.

Бийик тоолорду ашып 500 чакырымга жакын жол куруу, бир топ маданий мекемелердин, өнөр жай ишканаларынын курулушу республика жетекчисинин калк алдындагы кадырын көтөргөн. Республика эл чарбасындагы жетишкендиктери үчүн 1950-жылдардын аягында Ленин ордени менен сыйланган, 1958-жылы кыргыз маданияты менен көркөм өнөрүнүн он күндүгү Москвада өткөрүлгөн. Ушундай эле иш-чара 1939-жылы, республика репрессия азабынан жапа чегип жаткан кезде да өткөрүлгөн. Бир жагында күжүрмөн эмгек, социалисттик адабият менен искусствонун жетишкендиги болсо, экинчи тарабында 100 миңдеген адамдарды камакка алып, кыйласын атып, көбүн сүргүнгө айдап, кандуу жазалоонун кылычы оңду-солго шилтенип турган.

Исхак Раззаковдун экономикалык турмуштагы, маданиятты өнүктүрүү жаатындагы иштери тарых бетинде калды. Анын тушунда жогорку жана орто окуу жайлары арбын ачылган, кыргыз тилине мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнгөн, окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси каралган. Анын республика алдындагы опол тоодой эмгегин эскерүүнүн, артында калтырган эмгегине татыктуу баа берүүнүн бир көрүнүшү катары эгемен Кыргызстандын үлкөн сыйы Кыргыз Республикасынын баатыры наамы 2016-жылы ыйгарылышын айтсак жарашат.

Системанын азаматы

Албетте, Исхак Раззаков Коммунисттик системанын адамы, коммунисттик идеологиянын күжүрмөн жоокери болгон. Анын коммунисттик катаал эреже-талаптарды бекем сактагандыгын Касым Тыныстановдун акталышына байланышкан окуялардагы карманган позициясы көрсөтүп турат.

Касым Тыныстанов 30-жылдары күчөп кеткен сталиндик репрессиянын курмандыгы, кыргыздын туңгуч жазуучу акыны, илимпозу, мамлекеттик ишмери болгон. Адам чыдагыс азаптардан кийин 1938-жылы Касым Тыныстанов атылып, көп өтпөй партиянын Фрунзе шаардык комитети аны Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнөн чыгарып, жазган эмгектери, чыгармалары чогултулуп жок кылынган.

1956-жылы Никита Хрущевдун КПССтин ХХ съездиндеги жеке адамга сыйынууну ашкерелеген айтылуу баяндамасынан кийин, акыйкаттан үмүтүн үзбөгөн «эл душмандарынын» үй-бүлөсү, жакындары кайрылып, ак жеринен айыпталгандардын көбү акталышкан. Касым Тыныстанов да 1957-жылы 1-октябрда СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясы тарабынан жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш-аракетинде кылмыштын жоктугунан улам акталган.

Москвадан келген бул кагаз анын жарандык жактан акталышы деп эсептелип, партиялык жагынан да мунапыс алуу зарылдыгы келип чыгат. 1958-жылы узакка созулган талаш-тартыштардан кийин, документтерди кайрадан карап, комиссия элегинен өткөн соң Касым Тыныстановдун партиялыгы калыбына келтирилип, саясий жагынан акталган. Ошону менен кыйла жылдардан бери кыргыз интеллигенциясын чийки май жегендей «кылгыртып келаткан» маселеге чекит коюлушу керек эле.

А бирок 1959-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковдун жетекчилиги менен бюронун жыйыны өткөрүлүп, анда Москвадан келген, аны толугу менен ырастаган Кыргызстан Компартиясынын чечими, демек Касым Тыныстановдун акталышы жокко чыгарылган. Москвадан чыккан чечимди Фрунзеде жокко чыгаруу биринчи жана акыркы адаттан тыш окуя болду окшойт.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин бюросунда «Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун чыгармачылыгын баалоодогу катачылыктар» деген маселе каралган. Жыйынга катышкан академик Болот Юнусалиевден башкалардын бардыгы Касым Тыныстановдун илимий, адабий мурасын идеялык жагынан жарамсыз, коммунисттик идеологияга коошпогон көрүнүш катары баалап, Исхак Раззаков Болот Юнусалиевди Касым Тыныстановду актоого аракет кылып жатканы үчүн күнөөлөгөн.

Биринчи катчы Касым Тыныстановдун чыгармачылыгын баалоодо одоно идеологиялык кемчиликтер кетирилгенин, алардын мындай аракети партиялык жагынан жоопкерчиликке тартылышы керек болорун белгилеп, бир жыл мурда кабыл алынган Тыныстановду актоо тууралуу чечим жокко чыгарылышы зарыл экенин билдирген.

Касым Тыныстановду актоо аракети Исхак Раззаков кызматтан алынгандан кийин да болгон. Бул ирет Москвадан партиялык көзөмөлдөн келген ырастама биринчи катчы Турдакун Усубалиевдин тушунда жарыя кылынбай, унуттурулуп, 1988-жылы гана москвалык илимпоздордун бүтүмүнөн кийин жарыя кылынган.

Республикадагы 15 жылдан ашуун жооптуу кызматындагы мына ушул учуру тууралу Исхак Раззаковдун эскерген жайы жок. Касым Тыныстановдун толук акталышы үчүн коммунисттик система урап, Кыргызстандын эгемендикке жетиши талап кылынды. Эмнеликтен Касым Тыныстановдун акталгандыгы тууралуу чечимдин жарыя кылынышына жол бербей, чейрек кылым басып жатканын Кыргызстан Компартиясынын кийинки жетекчиси Турдакун Усубалиев да том-том эмгектеринин эч биринде эскерген эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG