Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Идеясынан кайтпаган коммунист


Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын жетекчилеринин бири Бейшебек Акунов.
Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын жетекчилеринин бири Бейшебек Акунов.

Бейшебек Акунов социализм заманында мамлекеттик жооптуу кызматтарда бел чечпей иштеди. Кийин заман өзгөргөндө коммунисттик билетин таштап, башка партияларга өткөн жок.

Өмүр бою карманып келген идеясынан кайтпай, позициясын өзгөртпөдү. Эли үчүн мурда кандай иштесе, жаңы заманда деле ал адатынан кайтпады. Коомдук турмуштун курч маселелерин козгоп, өлкө кызыкчылыгын баарынан жогору койду.

Империя кулагандан кийин

Бейшебек Акунов менен чогуу иштешип, аны билгендердин баарынын пикири бирдей - жөнөкөйлүгү, билими, адамгерчилик сапаты жогору бул инсан партиялык идеяга берилип, элге кызмат кылуунун жакшы үлгүсүн калтырып кеткенин бир ооздон белгилешет.

Коммунисттик идея Кыргызстанга совет бийлиги менен кошо келген. Ага чейин улуттук баалуулуктарды баарынан жогору койгон саясий кыймылдар, динчилдер бирикмеси, агартуучулар аракети көпчүлүк арасында өтүмдүү болчу. Социализм заманында марксчыл-ленинчил идеялар Ала-Тоо жергесине жаңы кылымдын башында эле аз-аздан жайыла баштаганын ырастаган тарыхый-философиялык эмгектер арбын чыкчу. Андайлар басма сөздө да байма-бай жарыяланып турчу. Бирок да коммунисттик идея өкүмзор бийлик системасынын кулашы менен кедерине кетип, Коммунистикр партия көчтүн арасындагы катардагы саны аз саясий кыймылдардын бири болуп калары ал кезде эч кимдин оюна деле келбесе керек.

Тарыхтын тамашасын караңыз, 1917-жылы Убактылуу өкмөттү четке сүртүп бийликти тартып алган Коммунисттик партия 1991-жылы башкаруу тизгинин либерал-демократтарга алдырып, тарых тактысынан шыпырылып калды. Бул жагдай коммунисттик идеяга берилген, ага чын дилинен кызмат кылган миллиондогон нукура коммунисттерди нааразы кылды. Бирок да 1991-жылдын августундагы ГКЧПны эсепке албаганда, коммунисттер бийликти күч менен кармап калуунун опурталдуу жолуна түшкөн жок.

Эңгезердей өлкөнүн бир топ жерлеринде жаалдуу каршылык чыгып, совет мамлекетинин үшүн алып, дымагын азайтып койгон болчу. Мына ушундай оор, карама-каршылыктуу жагдай Бейшебек Акуновдун тагдыр жолуна туш келди. Бардык кыргыз баласы катары Кыргызстандын өз алдынча болушун, чоң борборго күнкор болбой өз алдынча мамлекет түндүгүн түптөшүн ал да жактыруу менен кабыл алган. Бирок ошол эле учурда өзү бекем ишенген, өмүрүн арнаган коммунисттик идеянын көз көрүнөө басмырланып жок болуп баратышын каңырыгы түтөп кабыл алган болуш керек. Ал киши көптөгөн маектеринде, сүйлөгөн сөздөрүндө Кыргызстандын өз алдынча өлкө болгонуна, эгемендигине шек келтирген жок, андай ишаратты табыш мүмкүн эмес. Өлкөсүнүн тагдыры анын саясий ишениминен жогору экен.

Жаңы замандын жактоочусу

Бейшебек Акунов 87 жашында бу жарыкчылыкты таштап кетти. Бир нече ирет республикалык парламенттин депутаты болуп, бир топ жооптуу кызматтарда иштеген белгилүү коомдук-саясий ишмердин эмгек жолу көпчүлүк курбалдаштары сыяктуу эле айыл жеринен башталган. Көл боюндагы Чок-Тал айылында төрөлүп, мектептен билим алгандан кийин СССРдин борбору Москвадагы Автожол институтун 1955-жылы аяктаган. Автоунаа катнаш жолу инженери кесибине ээ болуп келгенден кийин Фрунзедеги автобазалардын биринде инженер болуп эмгек жолун баштаган. Кийинчерээк Токмокко жүк ташуучу автобазанын жетекчиси, андан кайра эле башкалаага келип Автожол техникумунун директорунун орун басары болуп дайындалган.

Кыргызстан үчүн автожол - экономикалык турмуштун күрөө тамыры, эл чарба жүгү тынымсыз бир жерден экинчисине ташылып турчу негизги тармак. Социализм заманында темир, аба жолдору күжүлдөп иштеп турган. Эгемендик келип, постсоветтик өлкөлөрдүн текши баары өз алдынча эреже-шарттар менен жашай баштаганы Кыргызстанда ташылчу жүктүн текши баары автоунаага ооп, кара жолдун, транспорт байланышынын мааниси өзгөчө болуп калбадыбы. Социализм заманында курулган жолдордун кыйласы ушу кезге чейин жамалып-жаскалып кызматын өтөп жатат. Бейшебек Акунов бул тармакка жаштыгын берген.

Кийинчерээк ал илим жагына өтүп, бир топ жыл Политехникалык институтта окутуучу болуп иштеген. Анан Мамлекеттик пландоо комитетинде, министрлер кабинетинин иш башкармалыгында кызмат өтөгөн. Бир топ жыл партиянын Октябрь райондук комитетинин биринчи катчысы, 1983-жылдан тартып Министрлер кеңешинин иш башкармалыгынын башчысы болгон. Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин Кыргызстан Компартиясынын аткаруу комитетин башкарып, эки ирет кыргыз парламентинин депутаты болуп шайланган. Бейшебек Акуновдун качан, кандай шартта иштегенин, анын ишине кылган мамилесин кесиптеши Касым Исаевдин төмөндөгү эскерүүсүнөн деле боолголосо болот.

«1989-жылы мага Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин иш башкармалыгынын башчысы Бейшебек Акунов телефон чалып, Кыргыз ССР Министрлер кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча байланышка чыгып атканын айтты. «Республиканын Мампланынын жетекчиси Сопубек Бегалиев пенсияга кеткени жатат, анын ордуна сиздин талапкерлигиңизди колдогон пикир бар, Кыргызстанга келип иштөө ниетиңиз барбы?» деп сурады. Мен ишеним көрсөткөнү, чакырганы үчүн ырахматымды айтып, ойлонууга бир жума убакыт сурадым.

Кийинки аптада Акунов дагы чалып, Бегалиев 60 жашка чыкканча иштешине мүмкүндүк берилгенин кабарлап, эгер мен Кыргызстанга келүүгө макул болсом мага азырынча эмгек жана социалдык маселелер министринин кызматы сунуш кылынарын айтты. Мен ага Москвадагы ишимде да кызматтан көтөрүү маселеси СССР Мампланынын коллегиясына даярдалып жатканын, бөлүм башчынын орун басары болуп калсам мурдагы борбор азиялык беш республикадан тышкары кавказдык үч республика менен иштешүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорумду билдирдим. «Чоң тажрыйба, мыкты багаж менен Мекениме келгеним жакшы болбойбу» дедим. Менин жүйөмдү туура көрүштү», деп жазган Касым Исаев.

Кадрлар баарын чечет

Кадрларга карата мамиле ал кезде чын эле катуу болчу. Жооптуу кызматка коюлчу кишини бир топ жылдар бою тарбиялап, тажрыйбасын арттырып, анан жогорку бийлик тепкичтеринде отургандар узакка кеңешип-акылдашып отуруп чеччү. Бейшебек Акунов ошондой иргөөдөн өтүп, министрлер кабинетинин иш башкаруучусу, Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, райондук партия комитетинин катчысы сындуу жооптуу кызматтарды аркалап отурбайбы. Бийлик деп жулкунбай, тапшырылган ишти так аткарып, дайыма өзүн-өзү өстүрүү аракетинде жүргөн инсан жаш кезинен жооптуу кызматка көтөрүлүп, маанилүү мамлекеттик маселелерди чечүүгө катышып келди. Анын жеке өмүр таржымалы ошондон улам өлкөсүнүн тарыхы менен жуурулушуп, аны менен ажырагыс бир бүтүн болуп калды. Мына ушул жагдайды Бейшебек Акуновдун жакын досторунун бири, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев туура баамдаган:

- Ар бир адамдын тагдырынын улуттун тарыхына тиешеси бар. Инсандардын тарыхы жок тарых болбойт. Бул өзү өтө баалуу, барктуу нерсе. Адегенде тарых жазылганда ал адамдардын ар биринин сөзү цитаталанып айтылбаса да, мисалы, кээ бирөөлөрдүн башынан өткөн окуялары, алардын айткандары тарыхка кыстарылса тарых кызыктуу болот. Үстүртөн эле жалпы окуя кете берсе кичине супсагыраак болуп калат. Мынабу тарыхты камтыган, мисалы, Наполеон тууралуу жазылгандар бар. Ал тарыхта тагдырлар бар. Ошол тагдырлардын Наполеондун окуясына, ошол кездеги тарыхка кирип кеткени үчүн ал тарых кызыгуу менен окулат.

Ар бир инсан көргөн-билгенин кагазга түшүрө жүрсө тарых үчүн чоң иш жасаарын белгилеген Бексултан Жакиев жакын ага досу Бейшебек Акуновду минтип эскерди:

- Ага достон бирөө Бейшебек Акунов эле. Бул кишинин калыстыгы, абдан адилеттүүлүгү, билимдүүлүгү укмуш эле. Бул кишидей көп китеп окуган кишини мен көрө элекмин. Академиктер окубаган, кээ бир окумуштуулардын тиши өтпөгөн китептерди окуп алчу.

Бейшебек Акунов өмүрүн арнап, убакты-саатына карабай тикелеп тургузган Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын болгон байлыгы таланып-тонолуп, кадыресе дурус турмушка жетип калган эл заматтын ортосунда башка заманга туш келип, иши жок, акчасы жок, баарынан да баш-көз болчу Коммунисттик партиясы жок башаламан кезге кабылды. Колунан келсе да, мүмкүнчүлүгү болсо да ал мурдагы-кийинки аткаминерлер жабыла кирген «кан таламайга» кошулбады. Эл мүлкүнө кол салбады. Жубардай тазалыгы андайга жол бербеди окшойт.

Коммунисттик идеяга аябай берилип, анын идеалын таза сактаган коммунисттер аз экенин Бейшебек Акуновдун кызы Чынара да эскерип отурду:

- Атам аябай көп окучу, акыл-эстүү болчу. Жүрөгү таза болчу. Баскан-турганы таза болуп, бизди да ошол жолго үйрөтчү. Биз такай түз жол менен басып, турмушубуз ошондой болду, атам баарыбызга: «Түз жүргүлө, балдарым, жаман оокат кылбагыла, жаман жерге баспагыла» деп, адамга чын жүрөгү менен мамиле кылып, эл-жер үчүн ушунча жүрөгү ооручу. Ошо жүрөгү ооруп, алтыным атам кете берди…

Коммунисттик системанын тушунда деле кызмат абалынан кыянат пайдалангандар, мамлекет менчигине суук колун салып ийгендер кездешчү. А бирок аларга эртеби-кечпи, мыйзам жоопкерчилиги тагылып, жазасын алчу. Айтылган ишти убагында аткарып, тапшырылган жумушу аягына чыкканча уйку көрбөгөн коммунист аткаминерлер эгемендик келгени өзүн-өзү билип, ээн-жайкын жашап калышынын бир мисалын ыраматылык Касым Исаев «Чыгыш деген ушундай» («Восток дело тонкое») деген эскерүү китебинде келтире кеткен.

Билген кишилердин айтымында, советтик Мамплан комитетинин жетекчилери бала кези калган Кыргызстанга жардам иретинде Сокулукка бир мектеп куруп берүүгө убада беришет. Жетиштүү каражат бөлүшөт. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев жоон топ аткаминерлери менен Москвада комитет жетекчилерине ишти баштоого сөз беришет. Арадан бир жыл өтөт, эки жыл өтөт, бирок сөз болгон мектептин курулушунан дайын жок. Чоң борбордон алынган акча кумга сууга сиңген суудай жоголуп, жаңы жетекчилер кезектеги каражатты сурап ат тезегин кургатпай Москвага каттамайы ал кезде көнүмүш болуп калган эле.

Негизи эле 1991-жыл совет мамлекетинин тагдыр чечер кези болгонун тарых ырастады. Кыргызстан өз алдынчалыкка жетишти. Андан соң жаш өлкөнүн өз алдынча мамлекет куруу эпопеясы башталды. Бейшебек Акунов бул иште да өзүн көрсөтө алды. Жогорку Кеңеште шайлоочуларынын маанилүү маселелерин козгоп, акыл-кеңешин айтып, бийликтин жаздым баскан кадамдарын жашырбай жарыя кылып, эл үчүн кызмат кылуу анын өмүрлүк максаты экенин көрсөттү. Айрым партиялаштарына окшоп кайсы бир кызыкчылыкка азгырылып позициясынан тайып кеткен жок. Элдин байлыгы көз көрүнөө таланып жатканын көрүп туруп чыдай албады. Айрыкча анын «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы талашта дайыма мамлекет, элдин кызыкчылыгын коргоп келгени элинин эсинде түбөлүк калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG