Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Артынан айың ээрчитпеген ишмер


Максим Аммосовдун Бишкектеги эстелигине Саха (Якутия) делегациясынын гүл коюу учуру. 13-ноябрь, 2014-жыл.
Максим Аммосовдун Бишкектеги эстелигине Саха (Якутия) делегациясынын гүл коюу учуру. 13-ноябрь, 2014-жыл.

Максим Аммосов Кыргызстанга сталиндик репрессия күчөп турган чакта келген. Совет бийлигинин орношуна колунан келишинче салым кошуп келген алгачкы муун коммунисттин өзү да сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон.

Москвадан Казакстанга

Максим Кирович Аммосов Саха (Якутия) республикасынын Нам улусундагы Хатырык конушунда 1897-жылы төрөлгөн. Ата-энеси колунда жок кедей адамдардан болушкан, ошондуктан ал боорун жерден көтөргөнү абасынын колунда тарбияланган. Якут мамлекеттик окуу жайын, окуу семинариясын, кийинчерээк Кызыл профессор институтунун эки курсун аяктаган.

Максим Аммосов саха (якут) жергесинде совет бийлигинин орношунда олуттуу роль ойногон алгачкы большевиктердин бири болгон. Түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн, анан да европалык тилдерди мыкты билген. Эртелеп саясий иштерге аралашып, Якутиянын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын кызматына чейин жеткен.

Москвада ВКП(б) Борбордук комитетинин жооптуу кызматкери болуп, кийин ал жерден институтту аяктай элегинде 1932-жылы Казакстанга ишке жиберилген. Батыш-Казакстан облустук уюштуруу бюросунун башчысы, облустук партия комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. Бул учур Казакстан үчүн өзгөчө оор мезгил болчу. Республика жогорудан түшкөн план менен социалисттик милдеттенмеси үчүн өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын борборго берип, жалаң колхозго үмүт артып, аягында ачка калган карапайым калк ачарчылыктан боо түшүп кырылып, тынч күндөрү айласыз жер которууга мажбур болгон кез эле. Көзү көрүп, көкүрөгү туйган акыйкатты тартынбай ачыкка чыгарчу мүнөзү бар Максим Аммосов колхоздошуу өнөктүгү туура эмес өткөнүн ошондо эле ачык айтып, жагдайды оңдоого шымаланып киришкен.

Максим Аммосовдун аракети оор социалдык жагдайга кириптер болгон калкты аман сактап калуу, жаңы бийликтин аракети жаратмандыкка багытталганын ырастоо болчу.

Биринчи кезекте жер которуп кеткен калкты Мекенине кайтаруу милдети турган. Мындан ары азык-түлүк тартыштыгы болбошу үчүн бекем экономикалык негиз түзүү, айыл чарбасынын натыйжалуулугун көтөрүш үчүн колдон келген аракетин кылган. 1934-жылы Максим Аммосов Казакстандын Караганды облустук партия комитетин жетектеп турганда облус эгин өндүрүү боюнча үчүнчү орунга, тоо-кен өнөр жайы жагынан эң алдыңкы орунга чыккан. Караганды көмүр кенин өнөр жай негизинде иштетүү башталган.

Анткен менен большевиктик бийликтин башкаруусу ырааттуу системага салынбай, жергиликтүү башкаруу тез-тез өзгөрүүлөрдөн өзгөчө жапа чеккен. Облустар менен райондорду, колхоздорду бириктирүү, ажыратуу аракети токтобой, кыйла убакытты, күчтү уюштуруу иштери алчу. Айыл чарбасындагы мынндай өзүм билемдиктин натыйжасы Украинага, Казакстанга, Түндүк Кавказга, Белоруссияга, Сибирге, Волга боюндагы Орусиянын бир топ облустарына ачарчылык алып келсе, башка жерлерде көпчүлүк элдин бийликке ишенимин азайткан.

Айрым маалыматтар боюнча, 1932-1934-жылдардагы ачарчылык СССРдин 8 миллионго жакын адамынын өмүрүн алып кеткен. Ал эми Казакстанда ачарчылык «Голощекиндик ашаршылык» деген ат менен белгилүү. Голощекин 1933-жылга чейин Казакстандын Компартиясын жетектеген. Республикада ачарчылыктан 2 миллион 200 миңге жакын адам мерт болгону айтылып келатат.

Кыргызстандагы 230 күн

1937-жылдын мартында ВКП(б) Борбордук комитетинин көрсөтмөсү менен Максим Аммосов Кыргызстанда партия жетекчилигине жөнөтүлгөн. 1937-жылдын 22-мартында Фрунзеде партиянын Кыргыз облустук комитетинин 8-пленумунда ал биринчи катчылыкка шайланган. Пленумга улай Кеңештердин жалпы кыргыз курултайында Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Баш мыйзамы – Конституциясы кабыл алынган. Ошол эле жылдын июлунда Кыргызстан КП БКнын 1-курултайында Максим Аммосов республикалык партия комитетинин биринчи катчысы болуп шайланган. Максим Аммосовдун бир жылга жете бербеген Кыргызстандагы ишмердиги кеч күздө аягына чыгып, жалган жалаа менен 1937-жылы 16-ноябрда камакка алынып, кийинки жылдын 28-июлунда Москвада атылган. 18 жылдан кийин акталган. Кыргызстанда ал болгону 230 күн гана иштеген. А бирок мына ушул кыска убакыт ичинде Кыргызстандын турмушунда өзгөчө бир тарыхый окуя болуп өткөн.

1936-жылкы СССР Конституциясынын негизинде Кыргызстандын Баш мыйзамы 1937-жылы кабыл алынган. Ага ылайык республика өз алдынча өлкө, ыктыяры менен советтик социалисттик республикалар бирдигине кирген, андан чыгып кетүүгө укуктуу болчу. Кыргызстандын Баш мыйзамын кабыл алган чукул жыйын эки учурда өткөн. Анын биринчиси 1936-жылы СССР Конституциясын кабыл алууга арналып, анда Кыргызстан союздук республика аталып, негизги мыйзам боюнча жаңы биримдиктин толук жарамдуу мүчөсү болуп калган. Автономиялык облус, республика аталышынан чыгып, 11 союздук республиканын бири болуп кирген.

Кыргызстандын Конституциясын иштеп чыкчу комиссиянын башчысы болуп 1936-жылы республикалык партия комитетин башкарып турган Морис Белоцкий шайланса, Баш мыйзамды кабыл алуу шыбагасы бир жылдан кийин Максим Аммосовдун энчисине тийген.

Кыргызстандын Конституциясын кабыл алуу, аны жалпы элдик талкуулоо учурунда өзгөчө көп мактоо улуу Сталинге карата айтылган. Илимпоздордун ырастаганы боюнча, Кыргызстандын Конституциясын кабыл алган Кеңештердин 8-чукул курултайында Сталиндин аты 850дөн ашуун кайталанган.

«Эл душмандарын», чет эл тыңчыларын, буржуазиялык улутчулдар менен башка партия мүчөлөрүн күн кур эмес жок кылып жаткан колу кандуу коммунисттик өкүмдарга сыйынуу, атын асманга жеткирип көкөлөтүү репрессия күчөгөн чакта аябай өрчүгөн.

СССР менен РСФСР Конституцияларынан сөзмө-сөз көчүрүлгөн Баш мыйзамдын долбоору боюнча баяндаманы Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин экинчи катчысы Хасан Жээнбаев жасаган. Баш мыйзам боюнча баяндаманы Кыргызстандын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков жасашы керек эле. Бирок ал куугунтукка кабылып, тагдыры татаалдашып калган. Хасан Жээнбаев деле ушул маанилүү иш-чарадан кийин кызматынан алынып, партиядан чыгарылып, репрессия тизмесине киргизилген. Максим Аммосовдун тушунда Кыргызстандын Баш мыйзамы, Герби, Туусу кабыл алынып, ага улай жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, Кыргызстан автономдуу республикадан союздук республикага айланды, мыйзам жүзүндө өз алдынча өлкө болуп калды.

Казакстанда иштеп жаткан Максим Аммосовду Кыргызстанга которуунун максаты - бул жердеги социализмдин душмандарын ашкерелеп, совет бийлигинин күчүн көрсөтүп, коңулда жашынып калган жексурларды жок кылуунун башында туруу, желдеттерге дем берип, сүрөп туруу эле. Мындай жооптуу кызматка аны ушул үчүн дайындашкан.

Кыргызстанда «эл душмандары» толтура болчу, арасында пантүркчүлөр, панисламчылар, Социал-туран партиясынын мүчөлөрү, англис тыңчылары, жапан өкмөтүнө жан тарткандар, «отузчулар», «буржуазиялык улутчулдар», «сыдыковчулар», «абдрахмановчулар», «эки жүздүү улутчулдар» өрүп жүрүшкөн. Ошолорду таап, дүйнөдөгү эң калыс социалисттик элдик сот аркылуу жазалаш керек болчу. Баш мыйзам кабыл алынып жаткан чакта жыйынга катышкан өкүлдөрдүн бир тобу камакка алынганы, арасында мурдагы биринчи катчы Морис Белоцкийдин да колуна кишен салынганы жарыяланган. Максим Аммосов ордун ээлеген кесиптешин ачык эле коргоп чыккан.

ВКП(б) БК 1937-жылдын февраль-марттагы пленумунун тапшырмасын аткаруу милдети турган. Пленум эски коммунисттер менен Бухарин, Рыковду жок кылып, ага улай кандуу кыргынды дагы күчөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Пленумда кан күсөгөндөрдүн катаал билдирүүлөрүн Максим Аммосов да уккан. Ошол жыйында облустук жетекчиге республиканы жетектөө сунушу айтылган. Союздук республиканын биринчи жетекчиси душмандардын катыгын берет, Белоцкий менен Шахрайга окшоп арасат калбайт, борбордон чыккан буйрукту илгиртпей аткарат деп ишенишкен. Биринчи катчы Белоцкийдин бетин ачып, душмандыгын ашкерелештин ордуна аны коргоп отурбайбы. Айла жок Белоцкийди Москвага чакырып алып кетишип, үй-бүлөсү менен ошол жерден камакка алышкан.

1938-жылдын 3-15-июлунда Кыргызстан Компартиясынын 11-курултайы өткөн. Ошол жыйында Кыргызстанда бир топ жыл эл менен партиянын келишпес душмандары, жашырынган чыккынчылар жооптуу кызматтарды ээлеп, бүлгүнчүлүк иштерин токтотпой жасап келишкени айтылды. Алардын катарында Шахрай менен Белоцкий, Орозбеков менен Жээнбаев, Исакеевдин аты аталып, китепканалардан Ж. Абдрахмановдун, А.Орозбековдун, Т. Айтматовдун, Т. Жолдошевдин, А. Токомбаевдин жана башка авторлордун китептерин, сүрөттөрүн алып салуу тууралуу чечим кабыл алынган. Булардын катарына Максим Аммосовдун да аты кошулган.

М.Аммосов Кыргызстанга келген учурда бул жердеги белгилүү партиялык-мамлекеттик ишмерлердин көбү кызматтан алынып, камалып калган болчу. Ж.Абдрахмановдун, А.Сыдыковдун, И.Айдарбековдун, К.Тыныстановдун, Е.Поливановдун, Т.Айтматовдун, А.Токомбаевдин, К.Шоруковдун, О.Алиевдин жана башкалардын тагдыры чечилип калган. Жаңы кыргыз мамлекетин түптөөгө жанын сайып иштеген чыныгы улуттук жол башчылардын, биринен экинчиси кем калбаган азаматтардын аракети менен Кыргызстан алгач автономиялуу облус, анан республика, кийин тагдырдын буйругу менен кыргызга жат эмес саха боору бийлик башына келгенде союздук республика болуп атпайбы. Бирок ал кезде республика кандуу кыргындан кандай чыгар айласын таппай кансырап турган. Максим Аммосов тизгиндешип иштеп аткан кызматташтарынын тагдыры, анын ичинде өзүнүн да өмүр суусу ченелип калганын билчү. Ага чейин Кыргызстанда иштеп, башкаруу тизгинине ээ болгон партиялык жетекчилер М.Д.Каменский, Н.А.Узюков, М.М.Кульков, В.Б.Шубриков, А.О.Шахрай, М.Л.Белоцкий, А.В.Вагов жана башкалар жогортон түшкөн буйруктарды жакшы аткаруу менен алек болушкан. Максим Аммосов кандуу кыргынды токтотуш үчүн колунан келген аракетин кылган, бирок бир адамдын колунан эмне келмек?

Максим Аммосов эки ирет үйлөнгөн. Биринчи аялы Наталья Куличкинадан 1915-жылы жалгыз уулдуу болуп, анысы чарчап калгандан кийин ажырашып кетишкен. Кийин 1923-жылы өзү менен талапташ Рая Цугел экөө баш кошуп, андан үч кыз көргөн. Аэлита, Яна, Лена Аммосовалар өмүрү өткөнчө атасынын ишмердигин иликтеп Максим Аммосовдун эмгегин эскерип, опол тоодой жумуш жасашкан. Саха (якут) илимпоздорунун аракети, кыздарынын демилгеси менен Максим Аммосовдун аты Сахадагы Якут мамлекеттик университетине берилип, туулуп-өскөн жеринде үй-музейи түзүлүп, иштеп кеткен жерлерине эстелик такталары орнотулган. Саха элинин намыскөй уулунун эмгегин эскерип көптөгөн эмгектер жазылган.

Анын туулган жерине Саха Республикасынын уюшулган күнүндө республика жетекчилери барып жалпы эл менен чогуу эскерип, репрессиянын курмандыгына туш келген азаматы тууралуу кеп кылышат. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан зирек уландын саясий иштерге эртелеп аралашып, терең билимге ээ болгону, европалык тилдерде эркин сүйлөп, өзүнө жакын түрк тилдеринде түш жорушу, баарынан да иштеген жерлеринин биринде да артынан айың кеп ээрчитпей таза иштегени ага деген жалпы элдик урматты бөксөртпөй келатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG