Линктер

жекшемби, 17-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:37

Байды корбашыга айланткан окуя


Тоо арасы.

Социализмдин “тап душманы” Айымбет уулу Тиллебайдын тагдыры өтө кайгылуу аяктаган. Ал уулу менен тоо арасында баш калкалап жүргөн жеринде НКВДга кызматташып кеткен жакын тууганынын колунан мерт болгон.

Анын эмгеги жана өмүр жолу тууралуу эгемендик заманда ачык айтууга шарт түзүлдү. Куугунтук курмандыктарынын бул чыгарылышы айтылуу Акмандан чыккан Айымбет уулу Тиллебайды эскерүүгө арналмакчы.

Кызылың болсо ородо

Айымбет уулу Тиллебай Базар-Коргондун Акман айылында төрөлүп, ат жалын тартып мингенден тарта бийликке аралашып, саясий талаш-тартыштардын чордонунда жүргөн инсандардын бири. Атасы Айымбет динди бекем кармаган ажы киши болгон. Чоң атасы Абылгазы да таасири күчтүү, байлыгы жетиштүү Кокон кандыгынын тушундагы орчун окуялардын баарына күбө болгон, көбүнө активдүү катышкан адам экен. Кокон кандыгы бийлигин кылычтын мизи менен, баш көтөргөндүн башын ойлонбой алган, пенде баласынын өмүрүн тыйынга баалабаган катаал башкаруу болгону тарыхтан белгилүү.

Кандыктын ошол кылычынын мизинен кан тамган каар заманында деле бийликке каршы чыгып, улуттук намысын коргоп, башын канжыгага байлаган азаматтар болгон. Абылгазынын кан кудасы Шамырза датка менен Мамыр балбан мына ушул Акман айылынан чыгышкан. Кокон кандыгы, кийин орус колониялык бийлиги тушунда элинин таламын талашып, жаза катуу болорунан чочулабай каршылык көрсөткөндөр кийин жаңы совет бийлигинин келишпес душманына айланып чыга келишкен. Эчен жылдар чогултуп, көбөйтүп келген мал-мүлкү ортого алынып, өзү тап душманы катары четке сүрүлүп калганда кыйласы куралдуу каршылык көрсөтүүгө аттанышкан. Абылгазы менен Шамырза датканын небереси Тиллебай Айымбет уулунун совет бийлигинин душманы, социалдык жат элемент катары кодуланышынын жыйынтыгы ушуга алып келген. Опсуз көп мал-мүлккө ээ Тиллебай Кашкарга өтүп, ал жактан үй алып, каршыгып калган советтерден оолак болуунун камылгасына ошо кезде киришкен экен.

1925-жылы Тиллебайдын эгини жакшы болуп, кургакчылыктан башкалардын мээнети талаага кетип, азык-түлүк жагынан оор абал түзүлөт. Большевиктер бийлиги бул маселени Базар-Коргондо опоңой эле чечүүгө киришет. Атайын түзүлгөн отряд Тиллебай байдын орулуп, кызылданып, капка салынган эгиндерин арабаларга жүктөтүп алып кетет. Жайды-жайлата мээнет кылган эгинин антип күч менен тартып алышына нааразы болгон Тиллебайдын уулу Аскар деген курч жигит кызыл отряддын артынан барып, эгиндерди кайтарып келет. Кыл мерген Аскардын он алты кызыл аскерди атып, тартылып бараткан эгинин арабасы менен айылга алып келиши элди таң калтырат да, чочутат да. Абалдын жаман жагына оогонун көргөн Тиллебай тогуз араба эгинди ошол жердеги туугандарына таратып берип, түнү менен аялы бала-чакасын алып тоого чыгып кетет.

Жаңы бийликке каршы чыкпай, жөн жай тиричилиги менен жүргөн байдын он алты кызыл аскерди жок кылып, тартылып алган эгинин кайтарып алышы жаңы бийликке күтүлбөгөн сокку болду. НКВД үчүн өтө маанилүү тапшырма, совет бийлигине каршы чыккан басмачыны, байлыгын каткан байды кандай да болсо кармап келип, эл алдында эси-көөнүнөн кеткис жазалоо милдети коюлган. Милиция кызматкерлеринин ар кыл айла-амалдарды салып издөөсүнөн эч натыйжа чыкпай Тиллебай менен уулу Аскардын дарек-дайыны табылбайт. Көрсө кексе бай сегиз жакын адамдары менен Казарман аркылуу Нарынга өтүп, андан Торугарт белин ашып жашыруун Кытайга өтүп кетиптир.

Качкан да Кудай дейт

Тууган жердин тузу тартканбы же Кашкардагы турмуштан тажаганбы, иши кылып, Тиллебай 1927-жылы кайра туулган жерине келет. Бирок кызылдардын ачык-тымызын издөөлөрү жүдөтүп кайрадан тоо арасына кетүүгө аргасыз болгон. Тиллебай кичине кезинен диний билим алып, медреседе окуп мусулмандыктын эреже-талаптарын бекем сактаган адам экен. Кыл мерген уулунун кызуулук менен жасаган иши үчүн кара башы минтип ойдо жок жерден опсуз мүшкүлгө кабылып, качкын турмуш кечирүүгө өтөт.

Анын иниси Төрөбай өлүү дүйнөнүн артынан куубаган топуктуу молдо болуп жашаган. Атасы Айымбет кулак курчун кандырчу санжыра, эл оозеки чыгармаларын мыкты билген сөзмөр, бийлик менен байлыкты эриш-аркак ала жүргөн кадырлуу адам, өзү минтип жаңы бийликтин казабына кабылып, бийик тоо арасындагы Кичизындан деген жерде жашырынып жүрөт. Анын өз заманындагы таасирдүү дегидей өмүр жолу минтип ээн тоодо, уламдан-улам күчөп бараткан жаңы бийликтин куугун алдында өтүп жаткан.

А бирок, тагдырына эмне салса адам ошону көтөрүүгө мажбур. Жаш кезинен бийликке аралашып, кандык, колониалдык башкаруунун кандайлыгын жакшы билген билимдүү бай адам социализм заманында минтип качкын, басмачы, корбашы деген атка илинип каларын ойлобосо деле керек. Атасына окшоп билимге умтулбай, байлык жыйнабай, ага караганда бийик тоо арасында аң уулап, мергендик кылууну баарынан жогору койгон уулу Аскардын кылган иши үчүн өзүн жооптуу эсептеп, Тиллебай бай Аскарды НКВД колуна салып бербей, аны менен качып-бозуп жүрбөйбү.

Аскар алдагыдай чалкеш маселелерди күч же мылтыктын жардамы менен чечүүнү туура көрчү. Кызыл аскерлерди алып келип жаңы бийликтин тогуз араба эгинин тартып алгандан Тиллебайдын жашоосу өтпөй калмак эмес. Ансыз деле мал-мүлкүнүн кыйласын ортого алып коюшкан болчу. Эми баары кеч болуп, каршылашуу, өчөгүштүк тереңге кетип калган.

Жолдон өткөн жолоочуларды талап-тоногон тогуз каракчыны он алты жашында жок кылган Аскар атасынын тогуз араба эгинин унчукпай келип тартып алгандарды соо коёт беле?!

Алыскы тоо арасына бекинген Тиллебай менен Аскарды кармап келишке барган кызыл аскер, коопсуздук кызматкерлеринин жолу болбойт. Ээн тоо арасына жашынган Тиллебай корбашыны жок кылууга жөнөтүлгөн он төрт адам артка кайтпай калган. Бул иш улам созулуп, узара берсе бийликтин эл алдындагы кадыры кетип, жагдай татаалдашмак. Тогуз араба эгинден чыккан жаңжалдын тереңдеп кетиши партиянын Жалал-Абад обкомунун чоң жыйынында талкууланып, Тиллебай Айымбет уулун кандай да болсо кармоо боюнча атайын отряддар уюштурулган.

Кыргыз эл жазуучусу Шабданбай Абдырамановдун Тиллебай Айымбет уулу тууралуу тарыхый баянында татаал окуялуу детектив таризиндеги бул жагдай кенен-кесир чагылдырылган.

1930-жылдын күзүндө Аскар Базар-Коргонго келип ок-дары алып кетет экен деген кабар НКВДга белгилүү болот. Атайын отряддын адамдары ал келчү жолду тосуп, аскерлерден качкан Аскар камыштын арасына кирип кетет. Ал жерге өздөрү кириштен чочулаган аскерлер пахта терип жүргөн айылдыктарды камышка айдап кирип, издөөгө буйрук беришет. Айылдашын саткысы келбеген кишилердин жардамы менен ал ирет да Аскар куугундан кутулуп кетет. Ачык кармашта багынбаган байды баласы менен колго түшүрө албасын билген коопсуздук кызматкерлери башка амал-аргаларга өтөт. Тиллебайдын жакын туугандарын камакка алып, кыйнап, аларды атасы менен баласын таап келүүгө мажбурлай башташат. Кыйноолорду көтөрө албай Тиллебайдын тагасы Баатырбек камакта каза болуп, ошондон кийин Шамурзанын бала-чакасы жаңы бийликтен жаа бою качып калышат.

“Ушундай күндөрдүн биринде кызыл командир Моргайчус Акманга келип Шамырзанын небереси Дубананын жыйырма жаштагы уулу Мустапакулду, каза болгон Баатырбектин аталаш агасы Авазды, Калбектин уулу Козуну Базар-Коргонго алып кетишет. Үч күн камактан кийин Аваз менен Мустапакул Моргайчус менен Эргеш Алиевге Тиллебай менен Аскарды өлтүрүүгө убада беришет. Убаданын акысына ок-дары менен эки жаңы наган, эки беш атар жана эки ат алышат. Моргайчус кичинекей ак чүпүрөккө оролгон ак дарыны Тиллебайдын тамагына кошуп бересиңер деп Аваздын чөнтөгүнө салат. Мустапакулдан 14 жаш улуу Авазды башчы кылып дайындашат”,- деп жазат Шабданбай Абдыраманов.

Душман алыстан келбейт

1931-жылдын күзүндө “Тиллебай Кытайга өтүүгө камданып атыптыр” деген кабар коопсуздук кызматкерлерине жетет. Алардан тапшырма алган Мустапакул менен Аваз жолдон кошулган дагы койчу болушуп үчөө тоо арасында жашынып жүргөндөргө келишет. Аскар тагалары жөнжай келбегенин айтып, атып саларын айтса атасы “тага деген пир болот, жөн эле шекшип жатасың” деп тигилерге тийгизбейт. Аскар тагаларынын колундагы нагандар жапжаңы, милициядан таяк жедик деген көздөрү тик карай албай жалтактап жатканын көрүп шек алып калган экен. Атасынын кебинен чыга албай жашынгандар түрк койчунун үйүнө келишет. Шорпо ичилгенден кийин Тиллебай менен Аскарды уйку басып, койчунун чатырында экөө Могайчус берген "ак дарыга" алдырышканда аңдыган үчөө ата-баланы жайлашат. Бул 1931-жылдын 13-августу эле. Чыккынчылык кылган таякелер Тиллебай менен Аскарды койчунун чатырында калтырып, түнү менен НКВДга келишип совет бийлигинин душмандары жок кылынганын кабарлашат.

Айылдагы туугандары жашырын келишип ата-баланы Кичизындан жайлоосунда курман болгон жеринде көмүшөт. 2006-жылы Тиллебайдын неберелери туугандары менен кеңешип чоң атасы менен абасынын сөөгүн айылына алып келип туугандарынын жанына коюшту, ашын беришти.

Тиллебайдын аялы күйөөсү чыккынчылардын колунан курман болгондон кийин төркүндөрүнө көчүп кетип, жалгыз уулун ошол жакта эр жеткирген. Тиллебай уулу Кочкор 1928-жылы төрөлүп, 1984-жылы каза болгон. Өмүр бою "басмачынын баласы", "корбашынын баласы", "совет бийлигинин душманы" катары ачык-тымызын кодулоого туш келген Кочкор аксакалдын атасы менен агасынын ээн тоодо жашырылган сөөктөрүн айылына алып келүүгө мүмкүндүгү жок болчу. Бирок, ал жерге туугандары, жайлоого чыккан малчылар, билген адамдар токтоп, куран окуп, ата-баланы эскерип турушкан.

Эгемендик заманда совет бийлиги өзүнө кантип душман ашырып, аны кандай амал-арга менен жок кылганы ачык айтылып, неберелери чоң атасынын сөөгүн айылына алып келүүгө жол ачылды. Арадан 70 жыл ашуун убакыт өткөндөн кийин ата-баланын сөөгү айылындагы мүрзөгө коюлуп, эстелик орнотулду.

Тиллебай байдын небереси, журналист Нышанбек Кочкоровдун айтуусунда, ошол 1931-жылдын 13-августунда Кичизындан жайлоосунда өткөн канабайрамдан кийин кыйла жылдар Тиллебай корбашы тууралуу кеп болбой келди. Мына эми өткөнгө так баа берилип, совет бийлигине кимдер куралдуу каршылык көрсөтүп, эмнеликтен ал түштүк жергесинде катуу күчөгөнүн, анын себеп-натыйжаларын аныктап чыгуу милдети коюлууда.

Кокон кандыгы тушунда бийликке каршы чыккандарды кандай жаза күтөрү баарына дайын болчу. Орус колониялык бийлиги тушунда дарга асылбай же атылбай калгандар алыскы Шиберге сүргүнгө айдалчу. Совет бийлиги кезинде деле ушул жосун уланып, ортого "тап душманы", "бай-манап", кулак деген тикенектей тирмийген түшүнүктөр чыга келди. Байдын мал-мүлкүн тартып алып, өзүн алыска Шиберге сүргүнгө айдап же жер котортуп, бала-чакасын эчен жылдар кодулап, пенде баласынын атамзамандан келаткан түшүнүгүн жок кылып, жашоо ыңгайын түп-тамырынан өзгөртүүгө кызыкдар ал система да жүз жылга жетпей тарых тактысынан шыпырылды. Ар заманда эл камын ойлогон, жашоо-тиричилигине тың, өткүр, акылдуу адамдар журт башкарып, бийлик саясатын жүргүзгөн.

Ким билет, жайды-жайлата мээнет кылган эгинин совет бийлиги өкүмзордук менен тартып албаса Тиллебай бай деле ага ачык каршы чыкпай, ыгына көнүп, жакшы күнгө үмүт кылып жашай берет беле?!

Базаркоргондуктар Кокон кандыгы, орус колониялык бийлиги кезинде андан да катаал жазаларга күбө болушкан. Кан буйругун аткарбай, салыкты убагында жыйнай албады деп топ-тобу менен элеттик аткаминерлердин башын алып, аны жол боюна тизип коюу так ушул Базар-Коргондун сайынын жанында болгон.

Жарыбаган айыбы үчүн алыскы Шиберге сүргүнгө айдалгандардын муңканган арманы элдин эсинен чыкпай калган. Анан эле бай деп эгинин эч кандай суроо-сопкутсуз эле тартып алышса, ага макул болбогон дыйкандарды кызыл-ала кылып токмоктошсо, даяр эгинин келе калып жүктөп алып кетишсе ушундай өкүмзор бийликти ким жакшы көрсүн?! Мындай жагдай совет заманында “аскердик коммунизм” күчөп турган шартта көп кездешчү. Өкүмзордукка дал өзүндөй өкүмзордук каршы коюлган. Тиллебай байды корбашыга айланткан, башында айласыз көнгөн бийликке ачык каршылык көрсөтүүгө алып келген окуянын чоо-жайы ушундай.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG