Линктер

шаршемби, 16-январь, 2019 Бишкек убактысы 09:50

Молдо Багыштын чаң баскан мурасы


Иллюстрациялык сүрөт.

Жазгыч акын Молдо Багыштын тагдыры совет бийлиги тушунда оорлошкон, бир топ жылы абакта өткөн.

Акын совет заманынын адатта ачык айтылбаган экинчи жагын - миллиондогон адамдардын азап-шоруна айланган абак турмушун көргөн. Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин унутулган адабияттын таланттуу өкүлүнүн сакталып калган айрым чыгармалары жарыялана баштады.

Кайнаганын кастыгы

Молдо Багыш Сарыбай уулу 1888-жылы Аксынын Авлетим айылында туулган. Өчөшкөнсүп төрөлгөндөн үч ай өтпөй энесинен, үч жылдан кийин атасынан ажырап, туугандарынын колунда чоңойгон.

Анткен менен каргадай кезинде катаал тагдырга туш келишинин эсесине табият ага ченебеген акындык талант, эртелеп билим алуу шыбагасын буйруган экен. Айтылуу Молдо Асандын үйүндө жүрүп сабатын ачып, арабча кат таанып, чыгармаларын кагазга түшүрө баштаган. Аксыда ал кезде дагы бир жазгыч акын Жеңижок – Өтө акындын даңкы чыгып турган. Молдо Багыш Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, казактын айтылуу акыны Жамбыл менен айтышып, эл арасында аттын кашкасындай таанымал акындардын бири болгон. Совет бийлиги бекем орун-очок алып, эл арасын бай-манап, жарды-жалчы деп экиге бөлүп, тап душмандарын катуу кысмакка алып турган 1930-жылдары камакка алынып, сүргүнгө айдалган. 1937-жылы Аксыдагы Кичи-Акжол айылында каза болгон. Сүргүнгө айдалып, абакка салынган акындын чыгармалары совет бийлигинин тушунда жарыкка чыкпай, атын атоого тыюу салынган. Бул иш совет бийлиги тарых тактысынан шыпырылып түшкөнчө уланды.

1998-жылы Молдо Багыштын «Абак дептери» өзүнчө китеп болуп чыккан. Китептин түзүүчүсү, айтылуу илимпоз Омор Соороновдун айтымында, Молдо Багыш өз заманындагы Молдо Кылыч, Молдо Нияз сындуу улуу акындардын катарында турчу чоң талант.

- Молдо Багыш чоң ырчы, жазма акындардын алдыңкы өкүлдөрү Молдо Кылыч, Молдо Нияздардын катарында турчу чоң акын. Өз убагында элге жетпей, кийин китептери таралбай калгандыктан билинбей калган. Мага анын кол жазмаларын Малабек деген жээни Баяс Турал экөө алып келишкен. Ошону көчүрүп, китеп кылып чыгарганбыз. Тагдыры аябай оор, эки аялы каза болуп калган экен. Анан өзү сүйүп алган аялынын агасы карындашын башка бирөөгө бермек болуп жүргөн окшойт. Ал карындашы Молдо Багышка тийип кеткенден кийин күйөө баласынын артынан түшүп, "басмачыларга ок-дары, мылтык сатып берип атат" деп Молдо Багышты түрмөгө отургуздурган экен. Түрмөдө жүрүп жазганы араб тамгасындагы чоң дептер экен, ошону алып келишти. Ошол дептерде аялы экөө айтышып жазган казалдары бар, аялына жазган каттары бар. Түрмөгө түшүп адилетсиздикке туш келгенин, туугандарынын жамандыгын, дагы башка арманын жазган. Мына жакында мамлекеттик тил боюнча чыгып аткан китептердин арасында Молдо Багыштын китеби да чыкты. Ниязалы молдо, Өмөр молдо, Молдо Багыш - ушулардын чыгармалары биригип, бир том болуп чыкты. Китептин нускасы аз, "чыкты" деген аты болуп калды. Мага китептин бири тийген. Молдо Багыштын китебин даярдап жатканыбызда ага тиешеси жок айтыштар, башка тексттер кирип кеткен экен. Алардын бир тобун алып таштагам. Мына кийинкиси былтыр чыкты, ушул элге жетсе жакшы болмок, жетпей атат.

"Бир кезеги келгенде, кимдер бийлик кылбаган?"

Молдо Багыш ойчул акын катары заман, доор, жашоо-турмуш, анан албетте, башкаруучу бийлик жайында ой жүгүрткөн. Өтөр-кетер дүйнөнү, анын так ортосундагы пенде баласын курчап турган көрүнүштөр менен кубулуштарды, коом түзүлүшүн, бийлик табиятын акын кандай түшүнгөн?

Бир кезеги келгенде,

Кимдер бийлик кылбаган?

Доорду сүрүп жыргаган.

Бир кезеги келгенде,

Мурастаган бийлик жок.

Басып алган байлык жок.

Кайра баштан куураган!

Акын бийликтин адам акылына тийгизчү таасирине кызыгып, чоң жоопкерчиликти ким кандай түшүнөрүн элдик түшүнүк, көз караштан чыгып баалаган. Совет бийлиги кыргыз жергесине бекем таканчык ала элегинде мурдагы аткаминерлердин кызматынан пайдаланып, бирок кийинчерээк аларды коомдук иштен биротоло четтетип, жат элемент деп эсептеп, тап душманы, эл душманы катары жок кылган. Бийлик жоопкерчилиги жарды-жалчы, кедей-кембагалдардын энчисине тийген. Жогортон түшкөн буйрукту эч кыйшаюусуз аткарган, борбордоштурулган бийликтин айныксыз аткаруучулары ошондо чыккан. Аны акын мындайча сүрөттөгөн:

Байлык, бийлик дегениң

Акылсызды көптүрөт.

Албууттантып сөктүрөт.

Абийрин антип төктүрөт.

Акыры түбү чөктүрөт.

Мунун каршысында турган азчылык, жооптуу кызматка татыктуу инсан кандай болушу керек? Акын ошол сейрек талантка эгедер инсанды тарых менен тагдырында эмнелер күтөрүн так, конкрет сүрөттөйт.

Акылдууга келгенде,

Акылдууну көптүрбөйт,

Албууттантып сөктүрбөйт.

Акыры түбү чөктүрбөйт.

Ишинде болбойт чатагы,

Изинде калат атагы.

ХХ кылым кыргыз элине жалаң Үркүн алааматын гана алып келбестен, жаңы турмушка жол ачкан. Жаңы турмуш көчмөн кыргыз элине оголе оорго турары, жаңы заман башталып-башталбай улуттун катары суйдаң интеллигенциясынын көбү атылып, сүргүнгө айдалып жок болору, калганын Улуу Атамекендик согуш жайпап кетери кылым башында кимдин оюна келиптир?!

«Кайгысыздын карды ток»

Молдо Багыш кедей калкына кенен мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, "кедеймин" деп башты жерге салып үңкүйбөстөн караңгылык кермесинен чыгып, окуу аркылуу жарык турмушка жетүүнү табыштаган. Билим алып, илимге аралашкан калк гана караңгылыктан кутулуп, жарык заманга жетерин ырастаган. А бирок өзгөчө үмүт арткан Кеңеш бийлигинин өкүмү күчөп, элдин турмушу начарлагандын үстүнө начарлап баратканы Молдо Багыштын көнүлүн кайт кылган. «Карга өлсө кайгы жок, Кайгысыздын карды ток, Кайгысыз пенде калган жок» деп Кеңеш бийлиги алып келген армандарды айта берсе артынан чуурулуп кептер чыга берерин өкүнүч менен белгилеген. «Кеңештүү журттан түңүлүп, Азапты мындай тарткан жок» деп, макталган коомдун жашоосу улам татаалдашып баратканын ачык айткан. Негизи эле совет мезгилинин карапайым калк үчүн экономикалык эркиндик мезгили «жаңы экономикалык саясат» кези болчу. Андан кийин жалаң зордук-зомбулук, куугун-сүргүн бирде басаңдап, бирде күчөп, системаны аягына чейин коштоп келди. Молдо Багыштын реалдуу абалды ташка тамга баскандай так чагылдырган канаттуу саптары эл арасында калып, аңыз кылып айтылган.

Молдо Багыштын жердеши белгилүү акын, илимпоз Баяс Туралдын ырасташынча, айылда анын ырларын билген кишилер көп болчу.

- Изилденип, китептери чыкканга чейин эле биз бала кезде Молдо Багыш деген чоң акын өткөнүн айылда укчубуз. Өзү малчы, кошуна Ороз деген абам бар эле. Ошол киши кез-кезде Молдо Багыштын чыгармаларынан үзүндүлөрдү айтып калчу. Атын укканыбыз менен өзүн билчү эмеспиз. Анткени ал кезде молдолордун чыгармаларын окутуп, жайылткаанга заман каршы болчу. Ошентип чоңойдук, кийин депутат болуп менин досум Малабек Токтоболот анын чыгармаларын издей баштады. Малабек - Молдо Багыштын жээни. Молдо Багыштан төрт кыз калган. Ошонун ортончуларынан тараган урпак. Таятасынын чыгармаларын изилдеп, чогултуп китеп кылып чыгартты. Акындан бир дептер калган экен, «Абак дептери» деген. Биздин Абдымомун Калбаев деген акын, журналист агабыз бар. Ушул киши кол жазманы таап, сактап жүргөн экен. Малабек экөөбүз барып алып келгенбиз. Негизги тексти ошол. Андан кийин Малабек сураштырып жүрүп Талас жактан Сабиркандын текстин, дагы башка чыгармаларын тапты.

Кыргыздын бир топ кыштоолору Наманген тарапта калды. Сабиркан ошол жактагы кыпчак уруусунун кызы экен. Молдо Багыш кийин жагында ошого үйлөнгөн. Андан бир бала калган экен. Кийин сураштырып отуруп ал баланы да табышты. Ушинтип чогултуп өмүр баянын, чыгармаларын чыгарды. Быйыл акындын 130 жылдыгы болот. Малабек дагы чыгармалары табылып, аларды толуктап чыгарып койгону жатканы тууралуу жакында кеп уктум.

Мечит-Сай деген жерибиз бар. Ошол жерде мечит ачып, балдарды окуткан деп айтып жүрүшөт. Совет бийлиги келгенден кийин эскиче окуткандарды кубалап, "эскинин калдыгы" деп куугунтукташкан. Ошондой учурда атайын мечитин өрттөп, "аны өзү жасаган" деп жалган жалаа менен сүргүнгө айдашкан. Алымкул Үсөнбаев жаш кезинде Аксыга келип Молдо Багышка жолуккан. Бул жерде таластыктар менен таяке-жээн болуп катнаш мыкты болгон. "Экөөнү беттештирип айтыштырмак болушканда бул кишинин бир-эки куплет ырынан кийин «бул кишинин касиети чоң экен» деп аттан түшүп учурашып, айтышпай койгон" деп айтып жүрүшөт. Бүгүнкү күндө жоголгондон калганы «Абак дептери» деп жарыяланып чыкты.

Молдо Багыш «Бузулду го заманың», «Кандай болот бул заман?», «Түрмөдөгү бул казал» жана башка ырларында коом өзгөрүлүп, жаңы заман келгени менен коомдук аң-сезимди бекем чырмап алган жосундар жоголбой жатканын, жарыя кылынган ураан-токтомдорго карабай, күндөлүк турмуш баштагы агымында калкып баратканын жаап-жашырбай ачыкка чыгарган.

Акыйкат кылбайт жакшылар

Акты менен караны

Ала берет параны.

Шул себептен калайык

Журтка берди балааны.

Эл арасында жаңылыкка умтулуу көрүнбөй, шатыра-шатман күн кечирүү, ыксыз оюн-зооктон колу бошобой, баары баштагы калыбында өзгөрүүсүз өтүп жатканын акын өкүнүч менен белгилеген. Караламан калк арасынан жаңыга умтулганы билинбей, илим-билимден сыртта калганы, бейчеки убакыт кечирип жатканы акынды кыжалат кылганы мынабу саптарынан көрүнүп турат:

Байкап турсам, агайын

Бозону ичип мас болуп,

Карылары жаш болуп,

Катындары баш болуп,

Бир-бирине кас болуп...

Кылым алмашып, заман оошкону менен, уруулук-көчмөн учурдун “чапанын” чече албай жаткан улутташтарына ичи чыкпаган акын ачуу чындыкты айтууга мажбур болгон. Бул жагынан Молдо Багыш өз мезгилинен кыйла алдыга озуп кеткен ойчул инсан деп айтсак деле жарашат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG