Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:23

Асанкан Жээнбаевдин армандуу өмүрү


ГУЛАГ. Иллюстрациялык сүрөт.

Хасан Жиенбаев - азандагы аты Асанкан Жээнбаев 35 жашында “эл душманы” деп атылып кеткен кыргыздын азаматтарынын бири. Совет бийлиги үчүн жан аябай кызмат кылган алгачкы муун улут интеллигенциясынын каймактары 30-жылдары жок кылынган.

Арадан 12 жыл өткөндөн кийин акталган, айылдаштары Бостеридеги мектепке ысмын беришкен. Куугунтук курмандыктарына арналган берүүнүн бул чыгарылышы Көлдүн Бостери айылынан чыккан белгилүү мамлекеттик-коомдук ишмер Асанкан Жээнбаевди эскерүүгө арналат.

Кара-Баткактагы кыргын

Расмий документтерде Хасан Жиенбаев, ал эми өз аты Асанкан Жээнбаев 1902-жылы Көлдүн күңгөйүндөгү Бостери айылында колунда бар адамдын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы сабаттуу, бир топ жыл болуштун катчысы болуп иштеген.

Билим баркын түшүнгөн ата уулун Сазановка кыштагындагы орус-тузем мектебине берип, аны толук аяктоого 1916-жылкы Үркүн жолтоо болгон. Кыргыз элинин башына түшкөн ошол оор апаатта Асанкандын өз атасы Жээнбай, багып алган атасы Корчук экөө тең набыт болуп, тестиер бала апасы, чоң энеси, туугандары менен Кытайга чейин барган. Атасы Кара-Баткакта колго түшүп, абакта каза болсо, анын иниси Асанканды багып алган Корчук кыргында окко учкан.

Унутта калган репрессия курмандыктары

Унутта калган репрессия курмандыктары

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.

Кытайда эки жыл туруп Асанкан туулган жерине кайткан. Мурда Каркыра аркылуу чет жерге качкан Асанкандын үй-бүлөсү туугандарына ылым санап Жаркентке келишкен. Бул жерде Асанкан бир жылдай мектепте окуп, анан 1919-жылы Кызыл аскерлердин катарына кошулуп Дутов, Анненковдун колуна каршы согуштарга катышкан. Эки жылдан соң аскерден бошоп туулган жерине келип, айылдык кеңеште, андан соң райондук кызматтарда иштейт. Бул кезде Асанкан Жээнбаевдин Сазановкадагы мектепте чогуу окуган курдаштарынын бир тобу белгилүү кызматкерлер болуп калышкан эле.

Асанкан Жээнбаевдин партиялык кызмат тепкичтеринен жогорулоосу 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин толук аяктап келгенден кийин башталган. Комсомолдук кызматтардан тарта партиялык, чарбалык иштерге жөнөтүлгөн. Совет мамлекетин түптөө, өзгөргөн бийлик системасына көчүү учурунда башта кыргыз жергесинде кездешпеген жаңы турмуш зарылдыгын - дагы бир орчун маселени айкүрүнөн коёт.

Жусуп Абдыракманов аткаруу бийлигин жетектеп, башта жалаң айыл чарба, азыноолок кайра иштетчү өнөр жайы бар аймакты индустриялаштыруу милдети коюлган. Бул ишке жарамдуу, өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу милдетин өзүнө алчу беш жетекчинин катарында Асанкан Жээнбаев Украинага жөнөтүлгөн.

Украин тажрыйбасы

Алыскы кыргыз жеринен келген кесиптештеринин максат-милдеттерин жакшы түшүнбөй калганбы же андай ишке мурда-кийин аралашпаган партиялык бюрократтардын билбестигиби, айтор, Асанкан Жээнбаев өнөр жай өндүрүшүнө анча тиешеси жок Кадиевск районуна жөнөтүлүп калган.

Бул жерде иш кайнап атса, татаал тармакты үйрөнүп келчү кадрлардын антип катардагы аймактардын бирине жиберилгенин угуп ал кездеги Кыргызстан Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдыракманов нааразы болуп, нааразы болуп эле тим болбой, ал жердеги тийиштүү жетекчилерге билдирип, Асанкан Жээнбаевди башка аймакка, өнөр жайлуу облустагы кызматка дайындалганын анын өмүр жолун изилдеген белгилүү инсан Бейшенбек Жумаалы уулу минтип баяндады.

- Өз аты Асанкан Жээнбаев, анан татарча Хасан Жиенбаев болуп калган. Колхоздор союзунун төрагасы болгон. 1929-жылга чейин ошондой болгон, эң биринчи колхоздорду уюштурган. Андан кийин аны Украинага жөнөтүп атышпайбы. Орто Азиядан беш кишини өнөр жай өндүрүш райондоруна тажрыйба үйрөнүп келүүгө жөнөтүшкөн. Асанкан Жээнбаев ошолордун бири болгон. Алгач Кадиевск районуна ишке чегерсе, Жусуп Абдыракманов барып: “Биз буларды өнөр жай өндүрүшүн үйрөнүп келсин десек, буларды эмнеге айыл чарба районуна жөнөтөсүңөр, өнөр жайлуу аймактарга жөнөткүлө" деп өзү барып Донецк облусуна ишке жөнөткөнүн Абдыракмановдун “Күндөлүгүнөн” окугам. Донецкиде ошол тармакты тейлеген кызматтын башчы орунбасары болуп иштеп келген экен. Ошондой маалыматтар бар.

Украинадан келгенден кийин Асанкан Жээнбаев жооптуу кызматтарда - партиянын Базар-Коргон райондук комитетинин 1-катчысы, кыргыз обкомунун, кийинчерээк республикалык борбордук партия комитетинин уюштуруу, айыл чарба бөлүмдөрүнүн башчысы, анан кандуу жазалоолор күчөп турган 1937-жылы Кыргызстан коммунисттеринин 1-курултайында Борбордук комитеттин 2-катчысы болуп шайланган.

“Эл душманы” 2-катчы

Борбордук партия комитетинин биринчиси, республиканын жетекчиси а кезде Москвадан жөнөтүлгөн “ишенимдүү” делген кадрлардан гана шайланчу. Чоң борбордун андай ишенимине кыргыз арасынан чыккан кадрлар татыктуу боло элек учур эле. Кыйла жылдарга созулган алдагыдай тажрыйба социализм заманындагы көп көнүмүштүн бири болчу. Ошол эңгезер СССР өлкөсүн каалагандай калчаган коммунисттик өкүмдардын жашы өйдөлөп, буга чейин жасаган-эткендерин таразага салып, улут маселесинде азыноолок “жумшара” баштаган учурда улуттук кадрларга жол ачылган. Ага чейин экинчи катчылык орун жергиликтүү кадрлардын энчисинде болчу. Ошентип партиялык кызматы жагынан республиканын экинчи алдамына айланган Асанкан Жээнбаевдин асманында кара булут айланып, кызматтан алынып, кайра кызматка дайындалып, дагы алынып, анан күнөөсүз күнөөлүүлөр түшкөн азапка башы малынып, 1938-жылы атылып кеткен.

- Эми бул киши уюштуруу бөлүм башчысы, айыл чарба бөлүмдүн башчысы, анан эле Борбордук комитеттин 2-катчысы болуп атпайбы. Кийин обкомдон республика болгондон кийин дагы 2-катчы кызматында турган. Буга коюлган негизги айып – Жусуп Абдыракмановдун “куйругу”, ошону жамандабайсың дешкен. “Правда” гезитине “Гнилая политика ЦК КП Киргизии” деген макала чыгартышып, ошондо Абдыракмановдун “куйругу”, анын ишин улантуучу, Социал-туран партиясына мүчө болгон, аларды айыптаган эмес, “эл душмандарына” жан тарткан деген айыптар коюлган.

Бир кызык жери, 1937-жылы 5-сентябрда 2-катчылыктан алынат, партиядан айдалып, бюро мүчөлүгүнөн чыгарылат. Кыргызстан КП БКнын биринчиси Амосов Жээнбаевди Жер иштери боюнча комиссар кылып 8-сентябрда дайындайт. Ошондо НКВДнын начальниги Четвертков Москвага чалат. Мурдагы комиссар Эсенаманов экен. Мына бир “эл душманын” алсак, экинчисин дайындап атат деп Москвага телефон чалат. Москвадан буйрук келип, кызматтан алынат, гезитке жанагы макала жарыяланат. Гезитке чыккандан кийин жумуштан алынган Жээнбаев 16-сентябрда камакка алынат. 15 күндүн ичинде үч жарлык чыгып, анан камалып атпайбы.

Жээнбаевдин аялы Динмухамед Кунаевдин кайнежеси болгон. Асанкан камалгандан кийин Кунаев кайнежесин Алматыга алып кеткен. Аялы Алматыда Казакстан КП БКнын ашканасында башчы болуп ошол жерде каза болгон. Бир бала, бир кызы болгон. Баласы Казакстандын Спорт комитетинин төрагасы, кызы эрте эле каза болуп калган. Уулунун аты Марат, кызы Роза. Эгиз баласы болгон экен, алар атасы камалганда төрөлүп чарчап калыптыр, - дейт Бейшенбек Жумалы уулу.

Арадан 12 жыл өткөндөн кийин 35 жашында жок кылынган Асанкан Жээнбаев акталган. Бирок дагы эле бир топ жыл бейкүнөө курмандыкка туш келгендердин өмүрү, жасап кеткен иштери ачык айтылбай, кылым кылмышы кеп кылынбай келди. Жаңы бийликти жан дили менен жактырып, ага жаштыгын арнагандардын армандуу тагдыры мезгил өтүшү менен унутулуп баратат. Мезгил төбө чачты тик тургузчу бийлик кылмышын жасагандарды да, курмандыктарды да унутта калтырууда. Асанкан Жээнбаевдин өмүр жолун, 20 – 30-жылдары жасаган иштерин, тестиер кезинде башынан кечирген Үркүн алааматын бостерилик демилгелүү инсан Бейшенбек Жумалы уулу изилдеп китеп жазууда.

- Унутта калып калат. Менин да максатым ошол. Бизден кийинкилерге ушулардын жасаган иштерин айтышыбыз керек. Ал китепте Жээнбаевдин ишин, көптөгөн комиссияларга кириптир, өмүрүнүн урунттуу учурларын изилдеп чыктым. Коюлган айыптарды тактап, аны билген туугандарынын, кишилердин эскерүүлөрүн топтодум.

Анын ырасташынча, кандай да болсо атылуучулар тизмесине кошууга ашыккан партиялык төбөлдөр Асанкан Жээнбаевди ВКП(б) катарынан чыгарууну унутуп коюшкан экен. Бейшенбек ага жалгыз Бостери айылынан төрт инсан катаал жазага туш келип атылып кетишкенин, аларды эскере жүрүш тирүүлөрдүн парзы экенин айтып келатат.

- Бостериден төрт киши кеткен. Үчөө “Ата-Бейитте”. Кенебаев Керим деген Амосовду камагандан аз убакыт 1-катчы болгон киши. 20-февралга чейин. Дастаев Токтосун деген жигит 29 жашында Жумгалдын 1-катчысы болуп туруп кеткен. Далбаев Мукаш деген Чүйдүн 1-катчысы болуп иштеп туруп атууга кеткен. Дастаев менен Далбаев кыргыз комсомолунун 1-катчылары болгон кишилер. Булар эч жерде айтылбайт. Комсомолдун 100 жылдыгы болду. Мен китепканага материалдар барбы деп бардым эле, эч нерсе таба албадым. Алардын документин архивден таптым. Кенебаев Керим 1907-жылкы. Далбаев Мукаш 1908-жылкы. Токтосун ата 1909-жылкы. Үчөө тең “Ата-Бейитте”. Кенебаевди Кененбаев деп коюшуптур. Ошону барып көрүп аялы да капа болуп жүрүп кетти дешти. Оңдоп койсоңор боло деп. К. Кененбаев деп жазылып калыптыр. Токтосун Дастаев деп атпаймбы, анын кайнежесин Турдакун Усубалиев алыптыр. Булар Таш Кудайбергеновдун кыздары.

Асанкан Жээнбаев – Хасан Жиенбаев 35 жашында кандуу жазага туш келген. Андан улуу, андан жаш канча азаматтардын как чекесине же желкесине желдеттин огу кадалды. Бирде күчөп, азыноолок токтолуп, бирок да совет бийлиги кезинде тынымсыз жүрүп келген саясий куугунтук акыры келип өкүмзор бийликтин өзүн уратып тынды.

- Изилдеп келсе мунун баары жанагы Ежовдун убагында 1 миллион ашуун сөз ташыгычтар болуптур да. Ошолор менен иштешиптир. Ар бир айылдан андай-мындай деп жамандагандардын баарын жок кылып турушкан. Анан булардын тагдыры да ошондой.

Бирок ушу азырга чейин ошол “катуу кол” саясатын эңсеп, күнөөлүү-күнөөсүз экенин жакшылап текшербей, айыбы барын так аныктабай мамлекеттик тартипти зордук-зомбулук менен калыбына келтирүүнү эңсегендер биртоп. Аларга, турмушка жаңыдан аралашып жаткан муунга сталиндик репрессия курмандыктары тууралуу айтып, бейкүнөө адамдардын мамлекет атынан жок кылынышынын азабы менен кууралын эскертип туруу абзел. Кырчын кезинде кыйгас жок кылынган кыргыз азаматтарын эскере жүрүү өлкөнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси үчүн керек. Асанкан Жээнбаевдин кыска өмүрүндөгү чоң иштеринин маани-мазмуну ушунда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG