Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:52

Бирлик Солтонбеков: Мени “эл душманынын баласы" катары жеришчү


Бирлик Солтонбеков, ардагер илимпоз.

Ырысалы Солтонбеков сталиндик бийликтин катаал жазасына туш келип, а бирок акыйкаттык акыры келерине үмүт артып жашаган. Анын иниси, карындашы “эл душманы” катары жок кылынган. Анын уулу Бирлик Солтонбеков менен кезектеги маек.

Коомдук ишмер Ырысалы Солтонбековдун (1887-1965) кыйла өмүрү абакта өткөн. Совет бийлигине кызмат кылган ири ишмер “эл душманынын” башына түшкөн мүшкүлдү айласыз көтөргөн. Алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын башына түшкөн армандуу тагдыр...

Анын уулу, философия илимдеринин кандидаты Бирлик Солтонбеков да кыйла жылдар “контрдун баласы” кодулоосунан кутула албай, кичине кезинен катаал жагдайга кириптер болгон.

Бирлик Солтонбеков "Азаттыктын" студиясында сталиндик репрессия тууралуу айтып берди.

“Эл душмандын” баласына медаль берилбейт

“Азаттык”: Бирлик аба, сиздин эң жакын адамдарыңыз “эл душманы” деп айыпталган. А өзүңүз канча жашыңызда “эл душмандын” уулу болдуңуз?

Солтонбеков: “Эл душмандын баласы" жарлык сөзү - мен төрөлгөндө эле пайда болгон, мээме сиңип калган жагымсыз сөз.

Андай бала экенимди Жумгалдагы “Айгыр-Жал” башталгыч мектебинде окуп жүргөнүмдө аябай даана, тактап туруп “түшүндүрүшкөн”. Жыйындарга катыштырчу эмес, башка жакка жиберчү эмес.

4-класста окуп жатканымда биздин айылды чегиртке каптап, баарыбызды чегиртке терүүгө чыгарышты. Мен жакшы иштеп, мени медалга көрсөтүшүп, аны райондон кишилер беришкени келишсе: “Бул “эл душмандын” баласы, берүүгө болбойт”, - деп кайтарып жиберишиптир. Медалды тапшырбай алып кетишиптир.

Мен мектептин эң алдыңкы окуучусу болчумун. Сабакты мыкты окугандыгым мугалимдерге жаккан менен, балдарга жакпай, “эмнеге жакшы окуйсуң” дешип көптөп тепкилеген учурлары көп болду.“Эл душмандын” баласы деген биографиям бар эле.

“Азаттык”: Сиздин атаңыз, абаңыз, алардын карындашы – үчөө “эл душманы" болушкан, атаңыз абактан бошонуп келгени менен экөөн жок кылышкан. Ушундай оор азапка кабылган башка айылдаштарыңызды билесизби?

Солтонбеков: Азыр эсимден чыгып атат. Бирок биздин Жумгалдан көп эле кишилер туш келишкен.

Бир жакшы киши бар эле. Аны да мага окшотуп “эл душманынын баласы" дешип окууга албай, куугунтукка алышканын билем. Кегетиде деле болгон. Мен аларды эстей албай жатам.

“Азаттык”: “Эл душмандарын” куугунтуктоо, жок кылуу кыйла жылдарга созулган иш болду. Ушундай ишти жасаштын артында сталиндик бийликтин кандай максат-мүдөөсү бар эле деп ойлойсуз?

Солтонбеков: Кандай максат-мүдөөсү бар экенин мен ойлонгон деле жокмун. Сталиндин кандай жаман иштери болгон? Ал өзү оорукчан киши болгон. Сол колу иштебеген, көп жыл түрмөдө жүрүп аябай кыйналган киши. Ал эми кандай иш жасаганы тарыхта жазылуу.

“Баландай жерде түкүндөй киши Сталинге каршы экен, аны минтип жок кылды” деген эле сөз. Канчалык мыкаачылык кылса да, анын сиңирген эмгеги көп. Азыр программа, прогноз кылуу деп отурбай пландоого өтүш керек. Бул жагынан социализмдин тажрыйбасы бар.

Адамды кыйноону, балким, фашисттер бизден үйрөнгөндүр”

“Азаттык”: Мына сиз пландаштыруу деп атасыз. Ошол Сталиндин планы боюнча “эл душмандары”, троцкийчилерди, "контрларды" жок кылышкан. Айрым маалыматтар боюнча, Тажикстанда 25 миң киши жок кылынган экен. А биздин Кыргызстанда андайлардын саны 45 менен 50 миңдин тегерегинде. Тажикстандын калкынын саны бизден көп.

Ушунча кишинин атылып, жок кылынышы социализмдин курулушу үчүн сөзсүз керек беле?

Солтонбеков: Батыш Германияда туристтик сапарда жүргөнүмдө бир жерден чоң плакатты көрдүм. Кыпкызыл фондо Маркстын, Сталиндин анан Гитлердин сүрөтү тартылыптыр да алдына бир гана “Социализм – фашизм одно и тоже” деген жазууну жазып коюшуптур. Кандай мыкаачылык болгонун ушул жерде түшүнөсүң. Мен муну көп ойлоном.

Бир убакта биздин Борбордук комитет чакырып алып “атаңдын өмүр баянын жазып бер” деп тапшырма беришти. Башында атамы чакырып. “ким жазат” десе атам мени айткан экен, "орусча жазып келгиле" дешиптир. Анда жети гана суроо бар экен. Ошого жооп жазышыбыз керек экен. Атамын өмүр баяны даярдалып аткан китепке кирмекчи болгон го.

Ага улай атамын эскерүүлөрүн эки-үч томдук кылып чыгарабыз деп профессор Зима деген аял бекитилген. Анна Гавриловна күйөөсү Борис Николаевич экөө тең тарыхчы илимпоздор эле.

Ырысалы Солтонбеков (1887-1965).
Ырысалы Солтонбеков (1887-1965).

Атамдын өмүр баяны 90 беттен ашуун болду, аны басмага бердик. Ошону жазып атканда атамдан: “Ата, силерди камаганда кыйнашты беле?” деп сурадым.

Атам унчукпай эле калды. Башымды көтөрүп карасам, чачы агарып, карып калган киши, эки көзүнөн аккан жаш бетин жууп, сакалынан ылдый куюлуп туруптур.

"Эмне үчүн ушундай суроо бердим экен?" деп ушу азырга чейин өзүмдү өзүм жемелейм. Анан кийин: “Мен айткан жокмун, сен уккан жоксуң. Адамды кыйноону балким, фашисттер бизден үйрөнгөндүр”, - деди.

“Азаттык”: Кыйноо ушунчалык катуу болгондуктан, канчалаган кишилер өзүнө, башкаларга айгак болуп, сатып, канчалардын өлүмүнө себепкер болушканы тарыхтан белгилүү. Айрымдары абактан бошонуп келгенден кийин көргөн азаптарын жакын адамдарына, балдарына деле айтышчу эмес экен. Алар аман калгандан кийин деле көп жашашкан жок. Ошо бошоп келгендердин кийинки жашоосун сиз көрүп калдыңыз да?

Солтонбеков: Атам 1933-жылы камалып, ага Социалисттик Туран партиясын уюштурган деген айып койгон экен. Атамын сакалы ылдый жаш куюлуп атыптыр дебедимби.

Ошондо мага минтип айтты: “Экинчи менден эч нерсе сурабайсың! Кенен кылып эскерүү жазасың", - деген. “Эскерүү жазылбайт!” деди. “Болду!”

Анан минтти: “Сен дагы өсөсүң, чоңоёсуң. Бир убактысы болбосо да бир убактысы келет. Сени да кызматтан алат. Ошондо сен “мен мындай элем, мен тигиндей элем” деп жойпоңдоп, кошоматчы болбо! Аны кийин өзүң түшүнөсүң. Силер эмнени билесиңер? Бирөө келип муштум менен бир койсо, ошого чыдабай “тигиндей болгон, мындай болгон” деп жалгандын баарын шыпыртасыңар, силерде кубат жок” деди. “Менин көргөн азабым сенин өмүрүңө жетет“ деди.

“Азаттык”: Бирлик аба, репрессия, бейкүнөө жазалангандар тууралуу жаңы муунга айтып берүүнүн кажаты канчалык?

Солтонбеков: Айтыш керек. Азыркы муун жакшы турмушта, ачарчылык, ачкачылык деген эмне экенин билбеген муун. Университетте окуп жүргөн кезимде үч күн даам сызбай ачка калган күндөрүм болду. Чындыкты, болгонду болгондой айтыш керек. Азыр корко турган эч нерсе жок.

Азыркы жаштар биздин муундун башына түшкөн азап-тозокту билбей өссө – ал эмне деген муун болот? Билбесе, укпаса, эч нерседен капарсыз, өзүмчүл, жеке менчигин гана ойлогон муун болуп калат.

Өткөндү эч кимден жашырбай ачык айтыш, жазыш, көрсөтүш керек. Муну дагы күчөтүш керек. Мисалы, менин апам атам түрмөгө камалганда жаш эле экен. Көп жылдан кийин атам абактан бошонуп келгенден кийин бир кыз төрөбөдүбү. Карындашым менден 13 жаш кичүү. Ал да тирүү.

Атам кийин персоналдык пенсионер болгондо Эсенамановдун, Саадаевдин, дагы башка курбуларынын аялдарын ээрчитип эле ресторанда жүрүшчү.

Бир күнү кечинде: “Э, жарыктык, узун-кыска бойлуу кемпирлерди эле ээрчитип жүрөсүз, булар кимдер?” десем, “А, бу шордуулар менин жан досторумдун аялдары. Бардыгы кырчындай жаш кезинде жесир калшпадыбы. Күйөөлөрү “эл душманы болуп кетти. Ошол кезде булар эмнени көрдү? Чырактай чагында бир-эки жаш баласын көтөрүп, жаш кезинде эч нерсе көрүшпөдү” деп айтты.

“Мен буларды жыйнап, бир күн болобу, эки күн болобу көңүлүн ачып коёюн деп, ресторанга сүйрөп жүрөм” деген.

“Азаттык”: Бирлик аба, сизге чоң ырахмат, узак жашаңыз!

Кыска маалымат:

Ырысалы Солтонбеков (Рысалы Солтонбеков; 1887–1965) – Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө Кеңеш (Совет) бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө катышкандардан. 1917-жылдын октябрынан Пишпектеги (Бишкектеги) большевиктик жашырын топко кирген. Түркстан Компартиясынын 2-курултайынын (1918-жылы декабрь) делегаты болгон. 1918–1919-жылдары РКП(б)нин Пишпек үйөздүк-шаардык комитетинин жана үйөздүк Кеңештин жооптуу кызматкери. 1919–22-жылдары Пишпек үйөзүнүн кедейлер комитетинин, «Кошчу» союзунун төрагасы. 1921-жылы Пишпек үйөзү боюнча жер-суу реформасын жүргүзүү комиссиясынын төрагасы, 1922–25-жылдары «Тоо аркасы болушунун» (Кочкор, Жумгал, Суусамыр) аткаруу комитетинин төрагасы, 1925–28-жылдары Каракол–Нарын үйөзүндө администрациялык бөлүмдүн башчысы. 1928–29-жылдары Сталин районунда (Кочкор, Жумгал, Суусамыр) милициянын башчысы болгон.

1929–33-жылдары ал Кыргыз АССР жер иштетүү эл комиссарлыгында сектор башчысы болуп иштеген. 1933-ж. негизсиз репрессияланып, 1957-жылы акталган.

Анын иниси Нураалы Солтонбеков 1937-жылы жазыксыз жерден атууга кеткен, карындашы Мася Украинага сүргүнгө айдалган.

1994-жылы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылындагы орто мектепке Ырысалы Солтонбековдун аты берилген.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG