Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:34

Ы.Солтонбеков: Абак азабы айтылбай келген армандуу тагдыр


Ата Бейиттеги репрессия курмандыктарына орнотулган эстеликке гүл коюу. 08.11.2017.

Ырысалы Солтонбеков совет бийлигине чын дилден кызмат кылган, большевиктер бийлигинин Кыргызстанда орношуна ири салым кошкон ишмер болгон. А бирок анын эмгеги эске алынбай, 1933-жылы “эл душманы” деп камакка алынган.

Архивдерден ачыкка чыккан сыр

Бир жылга жакын кыйноодон кийин, 1934-ж. атууга өкүм кылынып, өкүм Ташкенттеги коммунисттердин Орто Азия бюросу тарабынан бекитилбей, катаал жаза он жылдык абакка алмаштырылат. А бирок андай ырайым Ырысалынын иниси менен карындашына тийбей, экөө тең “эл душманы” катары жок кылынган.

Ырысалы Солтонбековдун камакта көргөн күнү, тергөөчүлөрдөн көргөн азап-тозогу айтып отурса узун сөз. Анын уулу Бирлик Солтонбеков эркин ойлоонун күнү тууп, большевиктердин жашырылган күнөөсү ачык айтыла баштаган чакта архивдерди аңтарып, ага-ини Солтонбековдордун катаал жазага кириптер болушун изилдеп, кылым кылмышынын чоо-жайын элге айтып берди.

Совет бийлигинин орношуна каны-жанын аябай кызмат кылган революция ишмеринин камакка алынышы, катаал жазага кабылышы кыйла жылдар жабылып-жашырылып келди.

"Совет бийлиги кыргыз жергесине 1918-жылы толук орноду" деген көңүлток маалымат так чечмеленбей, жалаң гана ийгиликтер, жеңиштер айтылып, көнүмүш жашоо ыңгайын түп-тамырынан өзгөрткөн татаал иштин артында ошол кездин толгон-токой карама-каршылыктары, бейкүнөө жок болгон адам тагдырлары тарых бүктөмүндө белгисиз калып кетти. Жаңы бийлик жасаган кылмыштарын болушунча жаап-жашырууга, тап күрөшү ушунчалык катаал, аёосуз болоруна элдин баарын ишендирүүгө аракеттенип, кылым кылмышын актоого аракет кылып келди.

Баатырдын небереси

Ырысалы Солтонбеков.
Ырысалы Солтонбеков.

Ырысалы Солтонбековдун ата-жотосунда жынжырлуу бай, эл бийлеген манап, бий-болуш, жок эле дегенде малы жайытка батпаган бай экенин ырастаган маалымат жок.

Бирлик Солтонбековдун айтуусунда, Солтонбектин атасы Эсенаман баатыр киши болгон. Эсенамандын убагында азыркы Бишкек шаары турган жер мурда калың камыш, ичинде жолборстор жүргөн чытырман, коркунучтуу жер экен. Эсенаман ары-бери өткөн жолоочуларды жара тартып, жолду бууп салган жолборсту чаап, ошонусу менен элге таанылып, Кара кулак шер атка конгон баатыр киши болуптур.

Ал эми анын небереси Ырысалы Кегетидеги таякеси Мураталы Мамбеталиндин мектебинде окуп, тестиер кезинде билимге ээ болгон. Аны Ырысалы Солтонбековдун уулу Бирлик Солтонбеков мындайча эскерет:

- Атам жаш кезинен эле чыйрак киши болуптур. Бала кезинде мусулман мектебинен, кадимки Мураталы Мамбеталиндин мектебинен билим алган. Мамбеталин абдан билимдүү, камкор киши болгон. Атам анын бир тууган жээни.

Ошол таякебиз жайдын күнү боз үйгө балдарды жыйнатып, мугалим чакырып балдарга билим бердирткен. Ошол мектептен 2-3 жыл окуган. Араб тамгасын, кийин латын алфавитине өткөндө аны да тез эле өздөштүрүп алган. Атамдын дарек-дайнын иликтеп архивдердеги документтерин көргөнүмдө атам кооз жазганын байкадым. Атамды ошол мектепте Юсуф деген татар жигит окутуптур. Ал мугалим орус аскеринде милдетин өтөгөн киши экен. Талаа-түздө анан ошол мугалими революция, бийлик жарды-жалчыларга эркиндик бериши тууралуу балдарга көп айтчу окшойт. Мугалимдин андай саясий “ликбезин” угуп калган манаптар "аны жок кылабыз" дегенинен Мамбеталы казапка калган мугалимди түнү менен атчан Токмок аркылуу качырып жиберген экен.

Алгачкы революционер

Ырысалы Солтонбеков 1916-жылы Үркүндө Кытайга чейин барып, андан кайтып келгенден кийин саясий иштерге аралашат. Пишпектеги жашырын партиялык жыйындарга катышып, большевиктер бийлигин кыргыз жерине орнотууга киришет. Бул иштин чоо-жайын Бирлик Солтонбековдун уксак:

Атам 1917-жылы жашыруун революциячыл уюмга кирген. Ал жерде революциячы А. И. Иваницындын орун басары болгон. Ошентип революциялык иштерге катышып калат.

- Атам 1917-жылы жашыруун революциячыл уюмга кирген. Ал жерде революциячы А. И. Иваницындын орун басары болгон. Ошентип революциялык иштерге катышып калат. Билимдүү, жигердүү адам экен. Ошол кезде Жайнак Садаев орус көпөстөрүнө кызматкер болуп жүрүп, орус тилин мыкты билген. Ал Токмокто иштеген. Ошондой кишилер менен чогуу иштеп, абдан такшалган. Ал эми соттолгон жери ушул эле Пишпек. Атамдын шакирттеринин бири Төрөкул Айтматовдун тапшырмасы менен Таласка барып, ал жерде жазгы талаа иштерин уюштуруп, бул жакка келсе камап отурушпайбы. Ага чейин тигинтип иш боюнча Таласта жүрөт. Иш дегенде чарчоо-чаалыгуу дегенди билбеген.

.

Комиден Жумгалга

Ырысалы Солтонбеков камалып, Комиге жөнөтүлгөндөн кийин анын иниси Нуралы менен карындашы Мася куугунтукка кабылып, иниси атылып кеткен. Бирлик Солтонбеков - эмнеликтен Солтонбековдор өздөрү берилген совет бийлигинин чоң казабына кабылганын иликтеп, бир топ китептерди жазган киши. Ага материал топтоп коопсуздук кызматынын архивинде отурду. Кылым кылмышынын артында калган кыска маалыматтарды чогултуп, өтүп кеткен азапты кийинки муунга жеткирүү, респрессия машинасынын аёо билбес жазасын элге жеткирүүгө кыйла убакты-саатын сарптаган инсан.

Бир ирет окуучулар алдына чыгарып: “Сен жагоо тагынганга татыксызсың”, - деп жагоомду мойнумдан жулуп алышкан. Буркурап боздоп атсам ыйлатып туруп мойнумдагы жагоомду чечип алышкан.

- Абдан билимдүү иниси бар экен, Нураалы деген. Ал атылып кетти. Солтонбекова Мася деген карындашы сүргүнгө айдалган. Баарын тең “эл душманы” деп атама байлап, камап, ата беришкен. КГБнын архивинде отуруп Солтонбековдордун эмнеликтен азапка малынышын изилдеп чыкпадымбы. Ошондо билдим, мынабу биздин Чүйдүн Бирлик деген айылына турмушка чыккан карындашы Масяны Украинага жер которттуруп айдашыптыр. Ал эми Нуралыны эч кандай күнөөсү жок эле атып салышкан. Нуралы абам 1937-жылы атылып кеткен.

Жумгалдыкмын деп атпаймбы. Мен ал жерде “Айгыр-Жал” мектебинде окугам. Ошол мектепти Нуралы абам салдырган экен. “Эл душманынын” баласы деп мени да кысмакка алышпадыбы. Бир ирет окуучулар алдына чыгарып: “Сен жагоо тагынганга татыксызсың”, - деп жагоомду мойнумдан жулуп алышкан. Буркурап боздоп атсам ыйлатып туруп мойнумдагы жагоомду чечип алышкан. Анда баарыбыз эле жагоо тагынчубуз. Атам акталганга чейин канча куугунтукташты?

Ушул жерде эске ала кетчү бир жагдай - Совет бийлигин орнотууга каруусун казык, жилигин токмок кылып кызмат өтөгөн алгачкы муундагы революциячылардын көбү душман колунан эмес, совет бийлигинин күч кызматтарынын огунан курман болушкан.

Маселен, Кыргызстанга жаңы бийликти алып келүүгө өзгөчө эмгек сиңирген жумушчу А. И. Иваницындын табышмактуу жагдайда Ташкентте курман болушун, дагы башка бүдөмүк иштерди айтса болот. Ырысалы Солтонбековдун түрмөдө көргөн азап-тозокторун, ал камакка алынгандан кийин билимдүү бир туугандарынын бийлик тарабынан жок кылынышынын себеп-жагдайларын түшүнүш кыйын.

Абактан келгенден кийин Ырысалы Солтонбеков жөн-жай турмуш кечирип, саясаттан оолак жашаган. Бирок кийинчерээк 1950-жылдардын аягында акталгандан кийин партиянын Борбордук комитетинен Ырысалы Солтонбековго тапшырма беришет.

- “Сен "революционермин" деп жүрөсүң, тигинтип жүрөсүң, минтип жүрөсүң. Сен эскерүүңдү жазбайсыңбы” дешет. Атам "жазайын" деп эскерүүсүн орусча жазды. Ал китеп болуп чыкты. Андан кийин атамды изилдеген окумуштуулар аябай көп чыкты.

Кыргызстандагы революцияны даңктаган китеп чыккандан кийин Ырысалы Солтонбековдун өмүр жолун иликтеп, анын ишин мактоого алган бир топ изилдөөлөр жарыяланган. Жаңы бийликти кыргыз жерине орноткондорду даңазалоо, жалпыга жарыялоо өнөктүгү күч алган.

Бирок ал эмгектердин бирөөндө да Ырысалы Солтонбеков көргөн азап-тозоктор, аны менен чогуу иштешкендердин кайгылуу тагдырлары айтылбай, жашырылып, совет бийлигинин кантип жана кандайча орун алганы, кандай тер төгүлгөнү, бирок да канчалаган азаматтардын бейкүнөө жазага тартылып атылып кеткени пафоско чулганган саптарга кирбей, жалаң ийгиликтер менен жетишкендиктердин жолу гана көрсөтүлүп калган.

Кыска маалымат:

Ырысалы Солтонбеков (1887–1965) – Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө Кеңеш (Совет) бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкө катышкандардан. 1917-жылдын октябрынан Пишпектеги (Бишкектеги) большевиктик жашырын топко кирген. Түркстан Компартиясынын 2-курултайынын (1918-жылы декабрь) делегаты болгон. 1918–1919-жылдары РКП(б)нин Пишпек үйөздүк-шаардык комитетинин жана үйөздүк Кеңештин жооптуу кызматкери. 1919–22-жылдары Пишпек үйөзүнүн кедейлер комитетинин, «Кошчу» союзунун төрагасы. 1921-жылы Пишпек үйөзү боюнча жер-суу реформасын жүргүзүү комиссиясынын төрагасы, 1922–25-жылдары «Тоо аркасы болушунун» (Кочкор, Жумгал, Суусамыр) аткаруу комитетинин төрагасы, 1925–28-жылдары Каракол–Нарын үйөзүндө администрациялык бөлүмдүн башчысы. 1928–29-жылдары Сталин районунда (Кочкор, Жумгал, Суусамыр) милициянын башчысы болгон.

1929–33-жылдары ал Кыргыз АССР жер иштетүү эл комиссарлыгында сектор башчысы болуп иштеген. 1933-ж. негизсиз репрессияланып, 1957-жылы акталган.

Анын иниси Нураалы Солтонбеков 1937-жылы жазыксыз жерден атууга кеткен, карындашы Мася Украинага сүргүнгө айдалган.

1994-жылы Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Жаңы-Арык айылындагы орто мектепке Ырысалы Солтонбековдун аты берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG