Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:28

Мурат Салихов: койчу, мандикер, президент


Мурат Салихов.

Мурат Салихов 1905-жылы Баткендин Кара-Тоо (азыркы Рават) айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жетишпеген турмуштун айынан атасы байларга малай, мандикер болуп, мунай кенинде иштеп, эрте эле каза болгон. Ошондой эле оор турмушту болочок кыргыз мамлекетинин жетекчилеринин бири Мурат Салихов да башынан кечирген. Жетимчиликтин айынан эртелеп кара жумушка кирип, тырышып жүрүп билим алууга жетишкен. Ошонун аркасында кызмат тепкичтерине тез көтөрүлүп, 33 жашында сталиндик кандуу жазалоого туш келген. ​

Мунай кенинен башталган билим жолу

Мурат Салиховдун өмүр жолу ошол кездеги курбалдаштарынан анча деле айырмаланбайт. Атасынан эрте ажырап, каргадай бала кезинде ар кыл кара жумуштарды кылып, байдын малын багып, эгинин эгип, малчысы да, мандикери да болгон. Кийин Санто мунай кенинде иштеп, ошол жерде окуган. Андан соң Кокондогу педагогикалык техникумду бүтүргөн.

Алгачкы муун кыргыз интеллигенция өкүлү катары жаңыдан куралып келаткан кыргыз мамлекетинин кызматын кылып, аягында “эл душманы” катары атылып кеткен. Арадан кыйла жылдар өткөн соң акталган. Артында калган жакындары канча азаптарды көрүп, жашырын-жабык кысымдарга кабылганын айтып отурса узун сөз. Ошол кезде канча бала жетим, аялдары жесир калды? Эчен үй-бүлөлөрдүн ыйы, муңу аёо билбес мезгил бүктөмүндө унутулуп баратат.

Мурат Салихов өз колу менен толтурган өмүр баянында ата-энесинин жери жоктугун, бирок азыноолак малы бар экенин белгилеген. Турмуш-тириликтин айынан атасы бирөөлөрдүн ишин кылып, малчы, мандикер да болгон. Өкүнүчкө, оор турмуштун айынан атасы Мурат кичине кезинде эле каза болуп калган.

“Менин ата-энем дыйкан болчу, айыл чарба кызматкери, кээде башка жакта кара жумушчу болуп иштечү, “Нефть Промсантодо” иштечү, ал жер биздин айылдан анча деле алыс эмес. Атамдын суулуу жери жок болчу, эшик алдында 15-20 майда жандыгы бар эле. 1914-жылы турмушу кыйындап кеткендиктен Баткен-Бужум болуштугунан мени таштап Анжиян округуна иш издеп кетип, 1916-жылга чейин ал жерде бир байдын коюн багып, мандикерлик кылыптыр. Ал жерден келип атам каза болуп, мен тоголок жетим калдым. Ушундан кийин 1917-жылы биздин болуштуктагы бир байдын малын багып калдым. 1919-жылы Сантодогу 1-баскыч мектепте окуп, мунай кенинде иштей баштадым. 1919-жылдын аягында Санто башкармалыгы мени Кокондогу жетим балдар үйүнө жөнөттү. Бул мезгилде мен бир да партияда болгонум жок жана алардын ишине катышкан жокмун”.

Ким билет, Сантодогу “Нефтьпром” ишканасы болбогондо атасынан ажыраган тоголок жетим баланын тагдыры кандай болор эле? Каарманыбыз Кокондогу жетим балдар үйүндө эки жыл окуп, андан соң ошол эле жердеги педагогикалык техникумдан билим алган.

1923-жылы Фергана обкому аны Ташкентке окууга жөнөткөн. Ташкенттеги кыргыз агартуу институтун Мурат Салихов 1925-жылы бүтүргөн. Ташкентте саясий билимин тереңдетип, ийримдерге катышып, партиянын тарыхын, саясий экономиянын кыскача курстарынан өткөн. Ошентип Мурат Салихов совет бийлигинин жаңы муун кадрларды даярдоо өнөктүгүнө туш келип, кызмат тепкичтеринен тез эле көтөрүлгөн.

Партиянын үгүт насаатчысы

Буга чейин жаңы бийлик падышалык Орусиянын тушунда кызмат кылгандарды ишке тартып, ага улай жалаң коммунисттик идеяга берилген жаштарды жооптуу кызматтарга даярдай баштаган. Мурат Салихов мына ушул маанилүү саясий өнөктүккө туш келип, 1919-жылы коммунисттик жаштар, ага улай большевиктер партиясына мүчө болуп өткөн. Ташкенттеги эки жыл ичинде Мурат Салихов бир топ саясий курстардан окуп, совет бийлигине кызмат кылчу ишенимдүү кадрлардын катарына кирген.

“Өз алдынча билим алууну улантып жатам. Борбордук “Правда”, “Правда Востока”, ошондой эле күндөлүк ар кыл адабияттарды окуудамын. Быйыл мен күндөлүк саясат ийримине катыштым. Мектептерде партия тарыхын окудум, саясий экономиканын кыскача курсунан өттүм. 1926-жылы РСФСР Эл агартуу комиссариатына караштуу Элге билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлер үчүн уюшулган курсунан окудум”, - деп жазган ал күндөлүгүндө.

1919-жылы Мурат Салихов Коммунисттик жаштар союзунун мүчөсү, 1925-жылдан тартып Жалпы орусиялык коммунисттер партиясына талапкер, бир жылдан кийин мүчөсү болуп өткөн. Өмүр жолундагы мына ушул урунттуу учурга Мурат Салихов өзгөчө маани берген. ВКП(б) катарына өтүш үчүн үч жооптуу коммунист мүнөздөмө бергенин, 1917-жылкы кош революция учурунда эч кандай саясий ишке аралашпай калганын, мүчө болгонго чейин саясий иштен оолак калып келгенин атайын белгилеген.

Жаңы бийликке жан-дили менен берилген жаш коммунист саясий иштерден артта калганын кандайдыр өкүнүч менен эскеришинин деле жөнү бар. Совет бийлигинин жасаган иш-аракеттеринин баарын жактыруу менен кабыл алып, ага аянбай кызмат кылууга даяр алгачкы муундагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү айныксыз романтиктер болушкан. Алар жаңы бийликтин алдыга жайган чакырыктарын эч кылчактабай кабыл алып, партия койгон милдеттерди алеки саатта аткарып жибергиси келген ишмерлер болчу. Анын үстүнө Мурат Салихов каргадай бала кезинен жетимчиликтин азабын тартып, жашоо-турмуштун оордугун жон териси менен сезген сезимтал жигит эле. Жалаң жарды-кембагалдардын таламын талашкан жаңы бийликти абдан жактырып, анын айткан-дегенин илгиртпей аткарууга бел байлап отурушунун жөн-жайы ушундай.

Туңгуч гезиттин туусу

Мурат Салиховдун кыска өмүр жолундагы жаркын барактардын бири анын жаңыдан уюшулган “Эркин тоо” гезитинде 1925-жылы иштеген учуру болгон. Кыргызстандын маданий турмушундагы мына ушул үлкөн окуя, туңгуч гезиттин чыгышы, анан да ал кезде бирин экинчисине душман көрүп, “эл душманын” издөө азезили кулач жая элек, кайсы бир деңгээлде сөз эркиндиги орногон кызыктуу учур эле. Коомдук турмушта болуп жаткан жаңылыктарды, чечиле элек маселелерди, өлкө "эмне менен дем алып жатканын" толук баяндаган басма сөз органы кийин бийликтин гана камчысын чапкан, коркунучтуу идеологиялык курал болуп чыга келбедиби.

"Эркин-Тоо" гезити. 1925-жылдар.
"Эркин-Тоо" гезити. 1925-жылдар.

“Эркин тоо” гезитинин жамааты саналуу гана адамдардан турган, бирок алардын баары тең Кыргызстан үчүн күйүп-жанган жаш, өлкөсүнүн чыныгы мекенчилдери болчу. Ташкенттен келгенден кийин да Мурат Салихов гезит менен кызматташтыгын токтотпой, макалаларды жазып турган. Негизи ал өзүн биринчи иретте мугалим, агартуучу деп эсептеген.

1928-жылы өз колу менен жазган өмүр баянында журналисттик ишке аралашканын, кыргыздын туңгуч гезити менен кызматташуусун сыймык менен эскерген. “Эркин тоо” гезитинин кыргыз турмушунда ойногон ролун, анда алгач кандай инсандар иштегенин басылманын тарыхын кенен изилдеген айтылуу публистчи, журналист Мундузбек Тентимишовдон уксак:

- Ошол Ташкент шаарында китеп окуган кыргыз интеллигенттерине атайын тапшырма берип жаздырган. Мен иликтеп көрдүм. Ал кезде редакторлор бат-бат эле алмашып турчу экен. Анткени редакторлордун негизги иштей турган кызматы башка жерлерде болгон. Алар партиялык, комсомолдук, советтик кызматкерлерден болушкан. Ошол эле учурда редактор да болушкан. Жалпы эле кыргыз алфавитинин жайылышына жардам берген “Эркин тоо” университеттин, академиянын милдетин аткарган.

Гезит ишине Мурат Салихов да салым кошкон. Ташкенттен келгенден кийин ал эки жыл Ош округдук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан партиянын кантондук комитетинин үгүт-насаат бөлүмүн жетектеп, жаш болгонуна карабай, жооптуу кызматтарга дайындалган. Өзгөн райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Ош округдук аткаруу комитетинин жетекчиси болгон. Анан кайра эле Ташкентке окууга марксизм-ленинизм институнунун угуучусу катары жиберилген.

Уламдан күчөп бараткан репрессиянын тушунда окууга жиберилген угуучуну кайсы бир кызматка дайындоо же иштеп жаткан жеринен окууга жиберүү учурлары көп катталган. 1931-жылдан 1934-жылга чейинки Мурат Салиховдун окууга жөнөтүлүп, андан чакыртылып башка жумушка дайындалып, андан кайра эле Ташкентке жөнөтүлгөнү ошол учурдун шартынан чыккан.

Ташкент менен Ош, Пишпек ортосунда калчанган тагдыр жолу катаал багытка баратканын ал өзү деле сезсе керек. Анткени ошол кездеги республиканын бир топ жооптуу жетекчилеринин асманында кара булут айланып, түн ичинде кирип келип капыс камоо күчөй баштаган болчу.

Абакка алпарчу кызмат

Райондук, облустук жооптуу кызматтардан кийин Мурат Салихов партиянын борбордук комитетине которулган. 1937-жылдын 27-сентябрында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Республиканын аткаруу бийлигинин башчысына Мурат Салихов өтө эле опурталдуу учурда келген. Жусуп Абдырахмановдун тагдыры чечилип, аны менен үзөңгүлөштөрдүн текши баарына НКВДнын укуругу салынып, көбү камакта, азы камакка алууну күтүп калган кез эле.

Жусуп Абдрахманов баштаган жетекчилер. 1927-жыл
Жусуп Абдрахманов баштаган жетекчилер. 1927-жыл

Жусуп Абдрахмановго оголе оор айыптар коюлган. Анын кыйын кезеңде элин ачарчылыктан сактап калышы большевиктик пландын кандай да болсо аткарылышын көжөлүп талап кылгандарга жаккан эмес. Ошондой жооптуу кызматка Мурат Салихов кысталыш маалда келген. Партия тапшырган иштен баш тартууга, моюн толгоп кетүүгө мүмкүн эмес. Эмки кеп "Кезектеги өкмөт башчы качан жана кандайча камакка алынышы мүмкүн?" деген суроо алдында калган.

Азыноолак Компартиянын Борбордук комитетинин 3-катчысынын кызматын аткарып, анан саясий иштерге караганда чарбалык иштерге көбүрөөк көңүл бурулчу жооптуу орунга келип отурбайбы. Анын үстүнө ал кезде жооптуу кызматка ыкчам көтөрүлүп, ошондой эле ыраатта андан шыпырылып, НКВД абагына түшүп калуу коркунучу алардын баарынын башында турган.

Совет өлкөсүндө өз элин жок кылуу, билимдүү адамдарын камакка алып, өлүм жазасына тартуу өнөктүгү күч алып, жогортон жазага тартылчуларды дагы көбөйтүү, жок кылынчулардын тизмесин узартуу жөнүндө байма-бай тапшырма берилип, катаал жазанын арааны ачылып калган.

Андай кандуу жалмагычтан жаза-тайып эле кутулуп кетпесе, тирүү адамдын аман калышы арсар эле. Мурат Салихов кысталыш учурда жооптуу кызматка келгенден кийин кандай ойлорго кептелгени белгисиз. Бири экинчисине ишенбей, “эл душманы” болуп калуудан жүрөкзаада болуп турган коммунисттердин өзү деле катарын суюлтуп жаткандардын ана башында ким турганына ишенип-ишенбей калышкан.

Советтик Кыргызстан. 1940-жылдардын башы.
Советтик Кыргызстан. 1940-жылдардын башы.

Жаңы кызматта жарым жыл иштебей кыргыз өкмөт башчысы 1938-жылдын 15-февралында Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп шайланат. Республиканын мыйзам чыгаруу, аны көзөмөлдөө жагына жоопкер, большевиктер заманында "кожо көрсүнгө" шайланганы менен парламент аты бар жооптуу кызмат. Бул орунда Мурат Салихов баш-аягы үч айга жетпеген убакыт гана иштейт.

Бийликтин андан ары күтүүгө убактысы да, каалоосу да жок эле. Москвадан келген атууга кетчү тизмеге кирчүлөр катары калыңдап, репрессия жетер жерине жетип калган. Албетте, андан аз өтпөй большевиктер таякты өтө эле катуу ийип салышканын эстеп, атып-асууну азайтып, кан төгүүнү азыноолок жайлатып, бир аз көкшүнү сууп отуруп калышат. Антсе да коммунисттик коомго жан-дили менен кызмат кылган азаматтардын көбү жок кылынган эле. Алардын ордуна коё турган кадрлар жетишпей, буга кошумча кандуу жазалоонун жаңырыктары айрым өлкөлөрдү сестендирип, этият эскертүүлөр айтыла баштаган. “Бардык мезгилдер менен замандардын атасы” Сталин кагаздагы душмандарын түгөл жок кылып, каш кайтарчу душмандары жок, бутту кенен сунуп бейгам жашоосуна шарт түзүлүп калган.

Мурат Салихов жаңы коомго өзгөчө ишеним арткан, анын келечегине кылдай күмөнү жок берилген коммунист болчу. Ал өзүн коммунисттик идеологиянын үгүт-насаатчысы деп эсептеген. Мугалимдиги менен агартуучулугунан кийин эле өзүн партиялык улуу идеяны жалпыга жайылтчу ишмери катары эсептеген. Анан ага "Социал-туран партиясынын мүчөсү" деген жалган айып коюлуп, оор жазага кириптер болду.

Бийликтин өз адамдарын минтип боо түшүрүп кыра баштаганы толгон-токой суроолорду жаратпай койбойт. Бала кезинде оор турмушка туш келип, жаңы заманды жактырып тосуп алып, ага айныксыз ишенген улуу инсандын өмүрү орто жолдон чорт үзулүп, белгисиз калып кетти. Эмнеликтен социализм өзүнө чындап берилген, коммунизмге кудайындай ишенген балдарын жок кылды? Буга так жооп бериш кыйын. Айрым адистердин ырастаганы боюнча, большевиктердин идеологиясы марксизмге негизделгени менен иш жүзүндө ага каршы, социалдык жалган иллюзияга азгырылган авантюра болчу.

Убакыт өткөн сайын репрессиянын аза бойду титиреткен кандуу барактары мезгил бүктөмүндө калып баратат. Мурат Салихов кыйын турмуштан төбөсү көрүнүп, жаңы идеал, жаңыча жашоого үмүт артып жашап аткан чагында кандуу жазалоонун капшабына илинди. 33 жашында атылып, артында калган жакындары азап тартып, опсуз кыйынчылыкка туш келди. Арийне, 50-жылдардын аягында акталды. Ага чейин, андан кийин деле кыйла жылдар аты аталбай, эмгеги эскерилбей келди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG