Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 16:09

Абдурауф Фитрат: Изденүү менен өткөн өмүр 1938-жылы кыйылган


Абдурауф Фитрат (ортодо) Бухарадагы жолдоштору менен. 1908.

Эски жана жаңы доор тогошкон маалда жарк этип жылдызы жанган жана 1938-жылы сталиндик абакта өмүрү мезгилсиз кыйылган бухаралык өзбек аалымы – Абдурауф Фитрат (1885—1938) тууралуу азыноолак кеп.

Бухаралык жадитчи

Совет доору ойрон болгон соң гана өмүр жолу калыс таразаланган Борбордук Азиядагы чыгаан айдыңдардын бири — Фитрат. 2018-жылы анын жазыксыз жерден өлтүрүлгөндүгүнөн бери 80 жылдын жүзү болот.

Теги өзбек болгон Абдурауф Фитрат (Abdurauf Fitrat) 1885-жылы чөлкөмдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө сыйлуу шаар — Бухарада туулган (Анын туулган жылы катары 1884- жана 1886-жылдар да көрсөтүлүп келет). Анын атасы Абдурахим жана энеси Мустапа-бүбү (Мустафо-биби) сабаттуу инсандардан эле.

Абдурауф оболу мектепте, андан оң Бухарадагы айтылуу Мир-и Араб медресесинде таалим алган. 1902-жылы ажылык сапары маалында ал Осмон султандыгына таандык айрым жерлерди, анын ичинде арап жерлерин жана андан соң, Кавказ, Иран (Персия), Ооганстан, Индия сыяктуу жерлерди кезген.

Ал эми 1906—08-жылдары Орусияны да кезген. Ал кезде Бухара эмирлиги падышалык Орусияга көз каранды болгон жке бийлик өлкөсү эле.

1909-жылы Абдурауф Фитрат Осмон мамлекетинин борборундагы Стамбул университетине окууга тапшырып, анда 1913-жылга чейин окуйт. Дал ушул жылдары ал реформачыл “жаш түрктөр” кыймылынын өкүлдөрү менен таанышат. Өзү да “Бухара билим берүү коому” деген уюмду түзүүгө катышат. Бул уюм Бухара эмирлигинде айдыңдык (секулярдык) билим берүү идеяларын жүзөгө ашырууну максат кылган.

Стамбул жылдары ал фарсы тилинде ырлар жана башка чыгармалар жаза баштаган. “Муназара” (1909—10), “Сайха” деген ырлар жыйнагы чыгат. 1912-жылы болсо “Индия саякатчысы” («Сайях-и хинди») романын жазат. Дал ушул чыгармалары жадитчи реформачылардын Түркстандагы улуттук кайра жаралуу идеяларына жык толгон (бирок дал ушул чыгармалары Фитратты 1920-жылдары улутчул, пантүркчү жана панисламчы деп айыптоого да негиз болгон).

“Муназара” жыйнагынын толук аталышы — «Мунозара-йи мударриси бухоро-йи бо як нафари фаранги дар Хиндустон дар бораи макотиби жадида» (“Бухаралык окутуучунун Индиядагы бир европалык менен жаңы усул мектептери жаатындагы талашып-тартышуусу”). Бул маанилүү дидактикалык чыгарма 1911-жылы фарсы тилинен орусчага, 1913-жылы болсо чагатай түркчөсүнө которулуп, Борбордук Азияга жадитчилик мектебинин артыкчылыктары тууралуу маалыматты кеңири жайылткан. Фитраттын чыгармаларында Куранды курулай жаттатуу менен чектелген жана ар кыл заманбап билим тармактарын үйрөнүүнү жактырбаган түркөй молдолордун жадитчи агартуучуларга каршы терс мамилеси айоосуз сынга алынган.

Бул жаатта кыргыздын Осмонаалы Сыдык уулу, Эшенаалы Арабай уулу сыяктуу агартуучулары Фитрат сыяктуу өзбек агартуучулары менен пикирдеш жана үзөңгүлөш болгонун айта кетүү керек.

Өз мекенине кайтып келип, Фитрат жадитчилик идеяларын андан ары калайыкка жайылткан. 1915-жылы ал реформа талап кылган “жаш бухаралыктар” кыймылынын солчул, кыйла прогрессивдүү канатынын жетекчиси болуп калат.

Реформачыл көз караштары анын исламды ханафийлик сабырдуу деңгээлде түшүндүрүүгө да түрткөн. 1915-жылы ал Самаркан шаарында “Мухтасар тарых-и ислам” (“Ислам тарыхынын кыскача баяны”) эмгегин жарыялайт. Ал эми 1916-жылы Бакы шаарында анын үй-бүлө жана бүлөлүк милдеттер тууралуу реформачыл мусулман ойчулунун көз карашы менен жазылган (“Оила ёхуд вазоиф-и хонадори”) китеби жарык көргөн.

1917-жылы феврал ыңкылабынын натыйжасында Орусияда падышалык режим ойрон болгон соң, Фитратка Бухара эмирлигинде калуу кооптуу болуп, ал Самаркан шаарына бозгунга кетет да, мында 1918-жылдын март айына чейин “Азаттык” (“Хуррият”) гезитине редакторлук кылат. Андан соң Ташкен шаарына кетип, мында Ооганстан эмиратынын элчилигинде котормочу болуп иштейт.

Ошол эле учурда ал “Чагатай тобу” (өзбекче Chigʻatoy gurungi) адабий-агартуу коомун негиздейт. Ал уюштурган “Таң” (Tong) журналынын урааны — “Эгерде мээде өзгөрүү болбосо, анда башка өзгөрүүлөргө негиз жок!” (“Miya oʻzgarmaguncha boshqa oʻzgarishlar negiz tutmas!”) деген учкул сөз болгон.

Оболу Фитрат жаш бухаралыктар партиясын колдоп, ал түгүл 1918-жылы январда анын программасын жазган жана чексиз жеке бийлик үстөмдүк кылган Бухара эмирлигин Башмыйзам менен чектелген монархиялык түзүлүшкө айландыруу тууралуу (б.а. Осмон султандыгындагы “жаш түрктөрдүн” жолою менен) реформачыл долбоорду сунуштаган. Бул долбоорду эскичилдер ызырына четке кагышкан.

1919-жылы май (бугу) айында Фитрат телегейдеги (космостогу) Көк жылдызга (Марска) карап, мындайча ыр саптарын жазган:

“Көзөл (кооз) жылдыз, Жерибиздин эң кадырлуу тууганы,

Неге бизден качып, шунча узак жакка түшкөнсүң?

Тууганыңа неге бир да сөз сүйлөбөй турасың?

Сүйлө, жылдыз, алың кандай? Не деп таптың дүйнөнү?

Биздин Жерде орун алган тополоңдор, кордуктар,

Сүйлө, жылдыз, сенин жарык кучагыңда болорбу?

Бул саптар, албетте, жүрөгү либерал болгон жана инсандардын эркиндигин самаган калемгердин дүрбөлөңдүү өткөөл доордогу санааркоо сезимин кылдат чагылдырганын туябыз.

Советтик саясатчы жана окумуштуу

Ташкенде жүрүп, Фитрат болшевиктер партиясына мүчөлүккө өтөт. Ал 1919-жылы июнда Бухара Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине мүчө болуп шайланат (БКПнын Биринчи курултайы Ташкенде өткөн).

Ал эми Бухарада эмирдин бийлиги кулатылган соң, Фитрат Бухара Элдик Советтик Республикасынын (БЭСР) тышкы иштер министри (1922), агартуу министри (1923) жана БЭСРдин Эмгек Кеңешинин төрагасынын орун басары (1923) кызматтарын да аркалаган. 1922-жылы ал Бухарада министр кезинде 70тей жаш бухаралыкты жогорку окуу жайлардан таалим алышсын үчүн алыскы Германияга жиберген.

Бухара Элдик Советтик Республикасындагы Фитраттын да колу тийген жаңычыл иштердин арасында бул жумуриятта (чагатай) түрк тилинин мамлекеттик тил катары жарыяланышы болгон. Ошондой эле ал эл арасынана өзгөчө баалуу кол жазма эмгектерди чогултууга жана Бухара Чыгыш музыкасы мектебин негиздөөгө демилгечи болгон.

1923-жылы жайында болшевиктик жетекчилик тарабынан Бухарадагы бардык расмий кызматтарынан алынган соң, Фитрат Маскөөгө кетет. Мында ал Чыгыш таануу институтунда (мурдагы Чыгыш тилдери институтунда) окутуучулук кылган. 1924-жылы профессор болуп калган. Бир эле учурда ал ленинграддык (азыркы санкт-петербургдук) чыгыш таануучулар менен да кызматташкан. 1926-жылы ал Ленинград мамлекеттик университетинин Чыгыш факултетинин профессору болуп шайланган.

Анын чыгыш таануу жаатындагы бир катар эмгектери Орусияда гана эмес, Европада да кеңири маалым болду. Алардын арасында анын СССР ИАсынын Ленинграддагы Чыгыш таануу институтунун “Жазмаларында” (“Записки...”) орус тилинде жарык көргөн “Борбордук Азиядагы агрардык маселе боюнча үч документ” («Три документа по аграрному вопросу в Средней Азии») деген маанилүү эмгеги да бар.

1927-жылдын башында ал Орусиядан атажуртуна – советтик Өзбекстанга кайтып келди. Балким, атажуртка карата сагыныч аны түндүктөгү климаты суук жумуриятта көпкө чейин калтырбай койгон негизги күч болгондур?

1937-жылга чейин Фитрат Самаркан шаарындагы Жогорку педагогика институтунда (азыркы Самаркан мамлекеттик университетинде) жана Ташкендеги Тил жана адабият институтунда эмгектенди.

Сталиндик доордогу кысымдарга карабай эмгектенүү

1927—37-жылдар ал үчүн оңой-олтоң болбоду. Фитрат саясий ишмердиктен четтегенине карабастан, аны сталинчилер уламдан-улам жаңы кысымдарга кабылтып турду.

Сынга алуу үчүн пантүркчү же панисламчы керек болгондо, албетте, көктөн издегендери жерден табылып, дароо Фитратты сындап жатып калышчу.

Ошондой кырдаалда Фитраттын Самаркандагы үйүнө жаш өзбек акын-жазуучуларынын өкүлдөрү келип-кетип турчу экен. Алардын бири, советтик цензуранын чийип берген алкагын жакшы аңдаган Гафур Гулам (Гулям) Фитратка мындайча кайрылат:

— Дамбылда (б.а. агай), Сиз биздин заманабызды даңазалаган ырларды жазбай жатканыңыз үчүн сынга кабылып жатасыз.

— Деги мен эмнени даңазалап ырдашым керек? – деп таң кала Фитрат сураптыр.

— Мисалы, кыштакка трактор келсе – сиз ошону мктаңыз да.

Фитрат жылмайып, анан жообун узатыптыр:

— Мен анын даркыраган доошунан коркуп жатсам, кантип аны даңазалап ырдамак элем?

(Булак: Джумаев, Александр. Фитрат Афанди // «Белла Терра» журналы. – 07.06.2016).

Албетте, Фитраттын чыгыш таануу жана түркология жаатындагы эмгектерине ыраазычылык менен көз чаптыруу — анын айрым калпыс жоромолдору менен пикирлерине көз жумдулук кылуу дегенди туюнтпайт эмеспи.

Фитрат “Эң эски түрк адабиятынын өрнөктөрү” аттуу арап арибинде өзбекче жарык көргөн эмгегин (Фитрат, Абдурауф. Эң эски түрк адабийоти намуналари. – Самарқанд – Ташкент, 1927. – I-VIII, 11-124, I-II бет.) жарыялаган.

Бул булак таануучу эмгекте Абдурауф Фитрат XX кылымдын башындагы өзбек айдыңдарынын ичинен алгачкылардан болуп Махмуд Кашгари Барсканинин мурасын изилдеген.

Арийне, Фитрат “Дивандагы” карахандык орток түрк терминдеринин айрымдарын чаташтырып аңдап алган учурлар бар. Бул калпыстыктар жөнүндө анын жашы улуу замандашы, көп тилдерди билген түрколог Сергей Ефимович Малов (1880, Казан — 1957, Ленинград) өз учурунда калыс сынга алган.

Маселен, “Дивандагы” ашыктык ыр саптарынын бириндеги “булнады мени қарақ” (“мени көзү туткундады”, “мени бир карашы туткундады”) деген сапты Фитрат “йолда қарақчы тутуп алды мени” деп өзбекчеге которгонун С.Е.Малов туура сынга алып, “Дивандын” текстинде болсо жашы көлдөй төгүлгөн көз жөнүндө гана сөз жүрүп жатканын жазган .

Бул сыяктуу айрым калпыстыктарга карабастан, Фитрат Махмуд Кашгари Барсканинин “Диванын” адабий мурас катары Борбордук Азиядагы калайыкка тааныштырган чөлкөмдөгү алгачкы илимпоздордун бири катары жылуу сөз менен эске алууга арзыйт.

Ырайымсыз жана адилетсиз өкүм

Советтик Кыргызстанда Касым Тыныстанов сыяктуу залкар окумуштуулар оболу куугунтукка алынып, кийинчерээк камалып жана жазыксыз жерден атууга кеткен 1930-жылдардагы каргашалуу окуялар, кош көздүү орток күзгүнүн бетиндегидей эле, Өзбекстанда да жүрүп жатты.

Сталиндик абакта өмүрү мезгилсиз кыйылган аалым Абдурауф Фитрат. 1938.
Сталиндик абакта өмүрү мезгилсиз кыйылган аалым Абдурауф Фитрат. 1938.

“Панисламчы”, андан тышкары “пантүркчүлөрдүн чагатайчылар тармагынын өкүлү” катары бир нече ирет айыпталып келген Абдурауф Фитрат 1937-жылы жазында Ички иштер эл комиссариатынын (орусча НКВД) кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

1938-жылы 28-мартта ал айтылуу “сталиндик кара тизмеге” киргизилген. СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясынын Ташкен шаарындагы көчмө отуруму аны 1938-жылдын 5-октябрында эл душманы деп таап, атууга өкүм кылган жана бул өкүм ошол эле күнү жүзөгө ашырылган.

Пост-советтик иликтөөлөр тастыктагандай, “СССР Жогорку сотунун Аскердик коллегиясынын отуруму” деген аталыш өзү олуттуу болгону менен, иш жүзүндө соттун жыйынтыгы алдын-ала даярдалган жана карала турган иштер “чачтан көп” болуп кеткен маалда бир кишинин тагдыры болгону 10 мүнөткө жетпеген кыска убакытты алган сот отурумунда чечилип турган.

Ал эми “сталиндик тизмелердин” жүзүкаралык маңызы тууралуу 1956-жылы февралда Советтер Биримдигинин Компартиясынын (КПССтин) XX курултайында Никита Хрущев жасаган жабык эшик шартындагы баяндамада делегаттарга ачыкталган:

“Мындайча жосунсуз тажрыйба калыптанган: СССР Ички иштер эл комиссариатында (кылмыш) иштери Аскердик коллегияда каралышы керек болгон кишилердин тизмеси түзүлгөн жана жазалоо чарасы ал тарабынан алдын-ала аныкталып коюлган. Бул тизмелер Ежов тарабынан Сталиндин жеке өзүнө болжолдонгон жазалоо чарасына уруксат алуу үчүн жөнөтүлүп турган. 1937—1938-жылдары көптөгөн миңдеген партиялык, советтик, комсомолдук, аскер жана чарба кызматкерлерине байланыштуу дал ушундай 383 тизме Сталинге жөнөтүлгөн жана анын уруксаты (санкция) алынган”.

Дал ушундай жексурлук шартта Абдурауф Фитраттын тагдыры деле алеки заматта чечилген сыяктуу.

Эстутум

1962-жылы (набыт болгондон 24 жыл өткөн соң) Фитрат кайра СССР бийликтери тарабынан акталган. Бирок ал тууралуу чыныгы маалыматтар Өзбекстан эгемендикке жетишкенден кийин гана ачыктала баштады (бул жүрүм азыр да улантылууда).

1996-жылы Бухарада Абдурауф Фитраттын музейи ачылды. Анын ысымы Ташкен менен Бухарадагы көчөлөргө коюлган.

Бирок эң негизги эстутум – бул анын сакталып калган чыгармачыл мурасы.

Дал ушул көөнөргүс мурастын негизинде Абдурауф Фитратты Борбордук Азиядагы XX кылымдын алгачкы 37 жылынын ичиндеги окумуштуу, агартуучу, ойчул, айдың жана реформачыл коомдук ишмерлердин алдыңкы сабындагы инсан катары баалап айтабыз.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG