Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:16

Кулубай Берикбаев - алгачкы муундагы кыргыз интеллигенциясынын өкүлү. Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин 3-курста таштоого аргасыз болуп, 1931-жылдан 1938-жылга чейин өз айылында мугалим, айылдык кеңештин төрагасы, кийинчерээк Тогуз-Тородо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде “эл душманы” болуп камалып, жарым жылдан кийин абактан бошонуп келет. Бирок ал жерден алган оорусунан айыга албай, 61 жашында каза тапкан.

Куйручук олуя өңөрүп кеткен бала

Кулубай Берикбаев 1910-жылы Акталаанын Куртка айылында төрөлгөн. Атасы Берикбай орус бийлигинин белдүү аткаминери – старчын болгон. Ал кишинин аты чыгып турган кезинде айтылуу Куйручук олуя айылына келип калат. Бирок үйдө эч ким жок болот. Куйручук Берикбайдын үч жашар уулун атына өңөрүп: “Берикбай старчынга айтып койгула, эки жылы туу калган сары жон кара кой жетелеп келип, уулун алып кетсин”,- деп сапарын улайт. Калк арасында кадыры бийик адамдын айтканы айткандай аткарылып, атасы “олуя назарын салган” уулун алып келген экен. Бирок мындай байгерчилик заман көпкө созулбай, Кулубай алты жашында атасынан айрылып, жетимдик турмушту башынан кечирет. Совет бийлиги келгенде “старчындын баласы” катары кодуланып, бирок да жакын адамдарынын жардамы менен балдар үйүнө алынып, эртелеп билим алууга жетишет. 1929-жылы Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетине кирип, ал жерден "кулактын баласы" деп окуудан чыгарылат. Билимге дилгир улан 3-курстан окуусун таштоого аргасыз болот.

Өмүр жолундагы ушул урунттуу учурларды Кулубай ата кийин үйүндө жакын досунун баласына минтип айтып берген экен:

“Ээ балам, мен да сендей жетим болуп, ар түрдүү туугандарымдын малын кайтарып, алым келген кара жумуштарын жасап жүргөм. Качан совет мамлекети жаңыдан пайда болуп, кыргыздын жаңы латын ариби чыккан убакта ошол тамгалар менен башталгыч мектепте окуп үйрөнүп, кат жазганга жарап, айылдагы сабатсыз адамдардын сабатсыздыгын жоюу боюнча элди окутууга көмөкчү болуп, 14-15 жашымдан баштап иштей баштадым. Ошентип мектептен латын ариби боюнча жакшы окугандыгым үчүн айыл кеңеши чакырып алып, ар кандай кагаздарын кол менен жаздырып, шайлоо болоордо шайлоочулардын тизмелерин көчүртүп, катуу иштетип жүрдү. Балдар үйүндө окудум. Кийин 18ге чыгып калган кезимде райондун борборундагы мекемелерде кол менен кагаз жазып иштеген иштерде такшалдым. САКУдан да окуп, аягына чыкпай калдым. "Кулактын баласы" деп куулдум. 1938-жылы мугалим, анан биринчи жолу ден соолук мекемесин тейлеген "райздрав" деген мекемеге башчынын жардамчысы болуп иштеп жүрүп, кийинчерээк райздрав бөлүмүнүн башчысы болдум. 1940-жылга чейин райздрав, анан айылдык кеңеште сельсовет болуп иштедим. 1942-жылдан 1944-жылга чейин Ак-Талаа райондук мамлекеттик камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп, Улуу Ата Мекендик согуш катуу жүрүп жаткан убакта элдин турмушу өтө начарлап, ачарчылык катуу болуп турган мезгилде иштедим”.

Кулубай Берикбаев. Үй-булөлүк архивден алынган сүрөт.
Кулубай Берикбаев. Үй-булөлүк архивден алынган сүрөт.

Совет бийлигинин идеологиялык мыкчыгерлери Кулубай Берикбаевдин “социалдык жат элемент” экенин эч качан эсинен чыгарышкан эмес. Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетине чейин деле “старчындын баласынын” кодуланышынан чочуп, Кулубай Берикбаевди абасы Алжанбай атына учкаштырып алып өзү балдар үйүнө алып барган. Окууда болсун, иште болсун дайыма алдында жүргөн зирек баланын турмуш жолу ошол 1930-жылдары өз айылындагы мектепте мугалим болуудан башталган. Андан соң айылдык кеңештин төрагасы, Тогуз-Торо райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп турган кезинде “эл душманы” аталып, жарым жыл НКВДнын абагында отурган.

Ташкенттеги эки жылдык окуу

Кулубай Берикбаевдин уулу Дөөлөтбектин айтуусунда, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин эки жылдан кийин таштоого үй-бүлөлүк шарты себепкер болгон шекилдүү.

- Атам үй-жайына, айылына келбей, 2 жыл окуп, 2 курсун бүтүп, жөө-жаландап айылына учурашканы келген экен. “Келсем апам аябай жүдөгөн, 2 жылдын ичинде "жалгыз балам" деп саргая күтүп жүрүп 10 жылдык өмүр кеткендей картая да түшүптүр. Оорулуу да болуп калган экен” дээр эле.

"Убактым бүтүп, кайра окуума кетерде апамдын көз жашы тыйылбай, “айланайын балам, эми көрүшпөй калабыз го” деп абдан кыйноого салды. Өзүмдөн улуу аталаш агаларым да “ушул эле билимиң жетет го, дегеле тамга тааныбай биз деле оокат кылып жатабыз” деп кетиришпей, окуумдан кол үзүп, бүтө албай калдым" деп, катуу кейип калаар эле.

Ташкенттеги партиялык жогорку окуу жайына “ошол кездеги тандалма, билимдүү деп эсептелген 20-25 бала, Кыргыз автоном облусунун комиссарлыгынын чечими менен”, атайын иргөөсүнөн кийин кабыл алынчу.

Ошондой чоң электен өткөндөн кийин гана билим эңсеген жаштар “арабага жүгүн артып, жөө-жалаңдап Ташкентке жол тартышчу. Ал жерге эки жумада жетишчү, “жолдо конуп, түнөп жүрүп, араба менен барышчу” экен.

"Муздак капталымда - өлүктөр, жылуусу - тирүүлөр экен"

Айылдык мектеп мугалиминен кызмат тепкичтерине акырындап жогорулап бараткан Кулубай Берикбаев 1930-жылдардагы сталиндик кандуу жазалоонун капканына чабылып, жарым жыл адам чыдагыс азаптарды, тирүү жанды аябас кыйноону көргөнүн узун сабак сөз кылып эскерүүнү анча каалабаганынан Кулубай атанын уулу Дөөлөтбек Берикбаев минтип эскерет:

- 1930-жылдары баш көтөргөндүн баарын, эл башкарып жүргөндү камашып, айрымдары атылып, калганы суралып, алыска айдалып, кээ бирлери жарым жыл, бир жыл жатып акталып чыккан экен. Атам аны кээде айтып калаар эле. Мен анда жашмын, эсимде калганын кийин “Кулубай ата” деген китепте жаздым. Бирин бири каралап, баары шектенип, саясат ошондой жүргөн экен. Атамды катуу сурап, катуу токмоктошкон болуш керек, аны караңгы бир бөлмөгө таштап коюшса эси ооп калган экен. “Жатып калып, бир маалда эсиме келсем бир капталым муздак, бир капталым жылуу экен” дейт. “Муздак капталымда өлүктөр экен, жылуусу тирүүлөр экен, булар мага окшоп сурактан өтүп келгендер экен” дечү. Атам ошентип эси ооп жатканда Жолдубаев Турдалы деген аяш атабыз, жакын курдашы эле, ошол киши: “Ой, Кулубайсыңбы, Кулубайсыңбы?" деп эле башымды көтөрө калды” дейт. “Аны да мага окшотуп алып келип сурак кылып аткан экен” дейт. 5- 6 ай сурак кылып, ошол Акталаанын түрмөсүндө жатып, андан чыккандан кийин кайра мурдагы ордунда иштеп калыптыр. Ошонусун айтып калчу. Анткени ошол түрмөдө өпкөсүнө суук тийип, гипертония болуп ооруп жүрүп, илдеттин азабын аябай тартты. “Ушинтип өпкөнү алдырдым, жөтөлүп калдым. Түрмөдөн тапкан пайдам ушул оору болду” деп айтып калчу. Ошол оорунун айынан 61 жашында 1971-жылы каза болду. Атам "контр" деп далай мыкты азаматтар атылганын айтып калчу. Айылдагыларды да башында камап, сурак кылып, айрымдарын чыгарган экен. Көп айтчу эмес, "ушундай апаат болгон" деп калчу. “Баарыбыз камалдык, баш көтөргөн бирөө да калган жок” дечү.

Кулубай Берикбаев замандаштары менен.
Кулубай Берикбаев замандаштары менен.

Абакта көргөн азаптын залакасын Кулубай ата өмүрү өткөнчө тарткан. Анын айдоочусу Турганалы Алымбековдун айтуусунда, "ден соолугу жакшы эмес эле. “Гипертония” деп эле башын чеңгелдеп калчу. Өпкөсүндө да болсо керек, жөтөлчү. Көбүнчө жылуу кийинип, суукка урунбоого аракеттенчү”.

Чарбалык жумуштун камы менен ден соолугуна карабай, анын үстүнө абакта көргөн адам чыдагыс кыйноонун залакасынан оорулуу болуп калган инсандын өзүнө кандай караганын ардагер медик Шарипа Орозбекова эскерүүсүндө минтип белгилеген экен:

"Кулубай аке дайыма убакыт таап келип, оорулар менен сүйлөшүп, тейлөөнү билип, көрүп, “мен да "райздрав" болгомун, түшүнөм, медицина жагына” деп тамашалап калчу. Малчыларды чогуу кыдыртчу. Кан басымын системалуу текшертчү. Басымы 200дөн кемибей жүрчү. Ай сайын 200 граммдан кан алыртчу. Гипертониялык оорусу ар убак тынчын алчу. Өнөкөткө айланган эле. Кан басымы, жүрөгү, бронхити да анын ургаалдуу иштешине тоскоолдук кылуучу болгон. Жайы-кышы бутуна кийиз чокой, жонуна ичик кийчү. “Калпанын багында” аары кармачу. Мүмкүн илгери ревматизми да болсо керек”.

"Бекер жата ала турган эмесмин, койчу болоюн"

Кулубай Берикбаев ишти уюштуруп, адамдар менен иштеше билген жетекчи болгон. Аны жакшы билген замандашы Үтүр Акматовдун эскерүүсүнөн:

“1962-жылы Терек Ждановго кошулуп калган. Кулубай аке келиптир.

- Үтүр! Чабан болоюн. Фрунзеде бир жыл дарыландым, бекер жата ала турган эмесмин. Бир короо кой бер,- деди. Бир чети башкармадан койчулукка бел байлаган эрдигине таңгалдым. Басынбай, эч нерсе болбогондой эле кадимкисиндей, жадырап-жайнап сүйлөшүп отурду”.

Дөлөтбек Берикбаевдин атасы тууралуу эскерүүсүнөн:

“Атамдын ден соолугу начар болчу. 1938-39-жылдары "контрга" кабылып, ошол жерде өпкөсүнөн пневмония оорусуна чалдыгып келген экен. Ошол оорусу өмүрүнүн аягына чейин өзүн коштоп жүрдү.

Оорулуу адам көп учурда түнүндө да тынчы жок эле. Тынчы кетип, көп жөтөлүп ары-бери басып кыйналган учурлары көп болчу. Ошол мезгилдерде апам жеңил-желпи, дайыма даяр болоор эле. Кабагым-кашым дебестен атамдын көзүн карап, керектүүсүн белендеп, түн уйкусун сезчү эмес.”

Ошентип ооруп жүргөнүнө карабастан, Кулубай ата 1960-жылы башкармалыктан түшкөндөн кийин бир короо ирик багып, этке төгүп бериптир. Жоопту кызматтарды аркалап жүргөн жетекчинин кой артына түшүп, оор жумушка бел байлашын өзү эмгексиз тура албагандыгы, асылган оорудан азыноолок кутулганын жайлоонун таза абасында, мал түйшүгү менен өткөрүүнү чечкендигине байланыштуу түшүндүргөн экен. Чарба түйшүгүнө көнгөн адам үчүн койчулук деле сыймыктуу иш экенин ырастаган. Кулубай атанын өмүр жолун иликтеген талантуу акын Өмүрбек Дөлөев бул иштин чоо-жайын мындайча түшүндүрөт.

- Ошол кезде "жалган эсеп-кысап" деп көп жетекчилерге “калбыр” тагылып калган. Кулубай ата андан аман калган. Бирок иштен алынган. Ал киши жөнөкөй, жөн жаткысы келбеген эмгекчил киши экен, партиянын Борбордук комитетинин мүчөсү экен, анан бир короо кой алып Арпага чыгып кетип атпайбы. Кызматтан түшкөндөн кийин көптөрү үйүнөн чыга албай калса, ал киши кой багып, жөнөкөй турмуш кечирип, эл ичинде жүрүп атпайбы.

Кулубай Берикбаев.
Кулубай Берикбаев.

Бирок алышкан оору, 1938-жылкы НКВД абагындагы кыйноолордун салакасынан кыйналган улуу инсан өмүрүнүн соңку жылдарын жалаң каражанынын кайгайы менен өткөргөн, шыпаа болуп калар деген үмүттө дарыгерлер айткан эреже-талаптарды так аткарган. Ден соолугу абдан начарлап, дарыгерлердин такай көзөмөлүндө болуш үчүн жер которуп башкалаага келген. 1971-жылы 10-февралда Фрунзе шаарында каза болгон.

Кулубай атанын эл үчүн жасаган эмгегин эскерип, каргадай бала кезинен жетимчиликтин азабын тартып, кийин совет бийлигинин тушунда системанын катаал жазасына туш келип, андан аман калгандан кийин өмүрүн айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшаган өрнөктүү жашоосу таланттуу акын Өмүрбек Дөлөевдин “Кулубай ата” китебинде чагылдырылган. Басылма 2010-жылы жарыкка чыккан. Кулубай Берикбаевдин 100 жылдыгына арналган китепте өмүрүн социалисттик айыл чарбасын өнүктүрүүгө арнаган бүтүндөй бир муундун эмгеги баяндалган. Кулубай ата өмүрүн арнаган социализм ХХ кылымдын соңунда тарых тактысынан шыпырылып түшөрүн, ал учурда айтууга тыюу салынган кандуу жазалоонун маани-жайы чечмеленээрин, кажыбаган эмгек менен жасалган социалисттик мал-мүлк таланып, тарых сыноосуна башка заман, башка система келээрин билбей кетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG