Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 16:09

1937-38: Нуркул ата жазыксыз жерден атылган


"Ата Бейиттеги" бабаларга таазим кылып, гүлдесте коюу учуру. 08.11.17.

Сталинизм доорунда жазыксыз жабыр тарткан кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Нуркул Кулназаровдун (1898-1938) бейнесине арналган блог.

Кыргызстандын союздук республикалар катарына кирип, өнүгүү жолуна түшүшүнө чоң салым кошкон мамлекеттик ишмерлердин бири Нуркул Кулназаров 1938-жылы атылып, сөөгү кырк жылдан кийин табылган. 1991-жылы 30-августта аспиеттелип Чоң-Таштагы “Ата-Бейитке” кайра коюлган.

Катар атылган каркыралар

Совет бийлигине чын дилден кызмат кылган андай азаматтардын бүтүндөй бир мууну сталиндик заманда аёосуз жок кылынган. Нуркул Кулназаров да ак жеринен айыпталынып, бейкүнөө атылганы арадан 20 жыл өткөндөн кийин ырасталып, эгемендик тушунда гана репрессия курмандыктарынын эмгектери ачык айтыла баштады.

Нуркул Кулназаров Кыргызстандын союздук республикалар катарына кошулушуна колунан келген аракетин жасап, жаңы заманды жактырып, анын бекем орношуна каруусун казык кылып иштеген азаматтардын бири болгон.

Жусуп Абдырахманов, Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, Ишенаалы Арабаев, Жайнак Саадаев сындуу мамлекеттик ишмерлер менен үзөнгүлөш, жаңы турмушту жайылтууга болгон аракетин жасаган улуу инсан. Анын эли менен жери үчүн талыкпай иштей турган курагында репрессия курмандыгына айланышы коммунисттик системанын трагедиясы.

Медресе, таята, койчулук

Нуркул Кулназаров Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белестин Кадыралы айылында 1898-жылы туулган.

Замандаштарынын айтуусунда, Нуркул Кулназаровдун ата-энеси кедей адамдардан болушкан. Анткен менен алар зээндүү баланын эртелеп билим алышына, тестиер кезинде сабатсыздыгын жоюшуна, Ак-Талаа менен Кочкордогу медреседен окуп калышына ата-энеси, таякелери шарт түзүп беришкен.

Кулназаровду жакшы билгендердин айтуусунда, таятасы Кочкордогу таасирдүү манап болгон. Анткен менен, сабаты эрте ачылган зирек тестиер бала эртелеп кара жумушка аралашып, байлардын малын багып, катаал турмушка каргадай кезинен бышкан.

Ошондон жаңы бийлик тушунда тез эле кызматтан-кызматка көтөрүлүп, беш манжа менен саналчу алгачкы кыргыз саясий-мамлекеттик ишмерлер катарына жетишкен.Ташкендеги Орто Азия коммунисттик университетин аяктаган соң, республикалык деңгээлдеги мамлекеттик ишмер болуп чыга келген.

"Өз ыктыярым менен партияга өттүм"

1919-жылы Нуркул Кулназаров коммунисттик партия катарына өткөн. Сталиндик репрессия курмандыктарын изилдеп келаткан белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев Нуркул Кулназаровдун өмүр баянында өз колу менен жазган мынабул маалыматты келтирген:

“Менин партияга мүчөлүккө өтүшүмдүн себеби, Кеңеш өкмөтүнүн платформасы бечара эл менен жумушчу калк катмарына жарык жолун көргөзүп, эмгекчи элдин укугун коргоп келечекке алып барарын туюп, өз ыктыярым менен партияга өттүм. Мени эч ким күч менен зордоп партияга өтүүгө мажбурлаган жок».

Нуркул Кулназаров советтик кызматтарда бел чечпей иштеген. Совет бийлигин кыргыз жергесине жайылтуу, кедейлерге жаңы замандын маани-маңызын түшүндүрүү, көчмөн калкты отурукташууга көндүрүү сындуу толгон-токой максат-милдеттерди ишке ашыруу чарчап-чаалыгууну билбеген Нуркул Кулназаров сындуу жаштардын энчисине тийген.

Ал эми мына ушул күжүлдөгөн жандуу иштин жагымсыз натыйжасы 1930-жылдардагы репрессияга алып келип отурбайбы. Нуркул Кулназаров менен чогуу чыккан катарлаштарынын текши баары 1930-жылдары сталиндик кандуу жазалоого туш келип жок кылынган.

Эстелик ташты орнотуу кыйынчылыгы

Нуркул Кулназаровдун эмгегин эскерип, анын атын түбөлүккө калтыруу демилгесин көтөрүп келаткан Ак-Талаа районундагы ардагер Айылчы Абдырахманов улуу инсанды эскерген китеп чыгарып, ак жеринен айыпталып атылып кеткен кайрандардын эмгегин кийинки муундардын эсине салуу аракетин жасап келатат.

Айылчы аксакал ушу тапта 85 жашка чыгып, карыдым деп жатып албай, карама-каршылыктуу катаал тарыхты иликтөөдө.

Акыйкатта да, эли үчүн эмгек кылып ак жеринен атылып кеткен кайрандардын иштерин эскериш, тарыхый баасын бериш кийинки муундун парзы.

- Нуркул Кулназаров ушул Ак-Талаанын Кадыралы айылында 1898-жылы туулган. Таятасы Кочкор өрөөнүндөгү белгилүү киши болгон. Ошол киши окутуп, молдого берип, анан сурабайбы:

- Нуркул кандай окуйт?

- Жээнибиз жакшы окуйт, - дешет. - Сизден кем калбайт, сизден ашса ашат, деп баа беришкен экен.

Нуркул 1919-жылы партиянын мүчөсү болгон. 1920-жылдан 1924-жылга чейин Нарын үйөзүндө партиялык кызматта иштеген. Партиялык үгүт иштер бөлүмүнүн башчысы болгон.

1925-жылы Бишкекке чакырылып ушул жерде иштеген. “Кошчу” союздун төрагасынын орунбасары, Төрөкул Айтматов экөө Борбордук аткаруу комитетинин бюро мүчөсүнө кандидат болуп кирип, бир жылдан кийин бюро мүчөсүнө жеткен.

Ошентип жүрүп бул киши Орозбеков, Абдырахмановдор менен чогуу иштешкен. 1926-жылы БАКта “Кошчу” союзу комитети түзүлүп, анын төрагасы болуп шайланган. Анан салык, жер комиссиясынын башчысы, Кыргызстандын он жылдыгын өткөрүү комиссиясын жетектеген.

Мен бул кишинин жердеши болгонумдан 2005-жылдан бери аракет кылып, Баетов айылында айкелин орнотуп, райондук китепканага атын берип, туулган айылында бир көчөгө атын коюп, ал жерге да айкелин тургуздук.

Абдырахманов менен Айтматовду жазыксыз күнөөлөгөндөй эле, Кулназаровду да ак жеринен күнөөлөп, "Социал Туран" партиясынын мүчөсү болгон деп жалаа жабышып, ал Чоң-Ташта 1938-жылы атылган.

Бишкек шаарында бир чоң көчөнүн атын бердиргенбиз. Анан ошол көчөгө эстелик таш орнотуу жөнүндө азыркы шаар мэри Албек Ибраимовго жолугайын деп, бир жыл болуп кетти, кире албайм. Эстелик таш орнотулбай турат, мен какшап айтып келатам, ушу.

Өзү жок партиянын мүчөлөрү

Тарыхчы-илимпоз Жумагул Байдилдеевдин маалымдашынча, кыргызстандык жетекчилердин көбүнө Социал-Туран партиясына мүчө деген айып коюлган. Илимпоздор арасында ушу кезге чейин бу аты бар, өзү жок партия тууралуу так маалымат жок. Айрымдар аны коопсуздук органдары өздөрү ойлоп таап, аны атайын “эл душмандарына” айып катары коюуга пайдаланышкан деген пикирде.

Нуркул Кулназаровго да “Социал-Туран” партиясынын мүчөсү деген айып коюлуп, ал 1937-жылдын 29-августунда камакка алынган. Кыргыз интеллигенциясынын алгачкы муун өкүлдөрүнө коюлган мына ушул “көнүмүш” айып РСФСРдин кылмыш кодексинин 58-беренесинин 2,7,8,11- пункттары аркылуу ырасталган.

Адам чыдагыс суракта бир жыл ашуун чыдаган кыргыздын дагы бир азаматынын өмүр жолу 1938-жылы ноябрда кыйылган.

Жумагул Байдилдеев айыпталган инсандардын акыркы сааттарын мындайча сүрөттөйт:

“Заседаниени (отурумду) 23 саат 05 мүнөттө ачышат. Залда болгону соттор жана айыпталган адамдар болгон, ал эми күбө болуучуларды сотко чакырышкан эмес. Сотторго адам тагдырын чечүү үчүн болгону 15-20 минут гана жетиштүү болгон. Ошол күнү Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Кожокан (Ходжикан) Шоруков, Осмонкул Алиев жана башкалар менен бирге Нуркул Кулназаровго дагы акыркы сот өкүмү чыккан.

Сот: «Кулназаров Нуркул эң жогорку жазага тартылып, атууга кетсин жана ага таандык жеке буюмдары, үй-мүлкү конфискациялансын» деген өкүм чыгарат. Өкүм СССРдин Борбордук Аткаруу Комитетинин 1934-жылдын 1-декабрындагы токтомунун негизинде токтоосуз түрдө аткарылышы керек болгон. Андыктан өкүм ошол эле күнү аткарылган.”

Нуркул Кулназаров ак жеринен айыпталып, атылып кеткени 1958-жылдын 27-мартында аныкталып, СССР Жогорку Сотунун аскер коллегиясы тарабынан ал өлгөндөн кийин акталган.

Жалаң атуу гана өкүмүн чыгарган “үчилтиктин” 1938-жылдын 5-ноябрдагы өкүмү жокко чыгарылып, жасаган кылмышы жок үчүн ага каршы козголгон иш токтотулган.

Жогоруда учкай эскерилгендей, Нуркул Кулназаровдун сөөгү 1991-жылы Чоң-Ташта табылып, Ата-Бейитке кайра аруулап коюлган.

Артында калгандардын азабы

40 жашында атылып кеткен улуу инсандын эмгегин эскерүү, жасагандарын жалпы элге жарыя айтуу Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин жанданды.

Таланттуу акын Өмүрбек Дөлөевдин айтуусунда, Нуркул Кулназаровдун үй-бүлөсү бир топ жылдар басым-кысымга туш келип, оор турмушту башынан кечирген.

- Бул кишинин эмгеги жалгыз Ак-Талаага эмес, кыргызга өтөгөн эмгеги аркылуу Ак-Талааны да өз аты менен көтөрүп турган, Ак-Талаанын мыкты деген уулдарынын бири. Кулназаровдун аты “Ата-Бейиттеги” кыргыздын мыктыларынын сөөгү жашырылган жер табылгандан кийин чыгып калды. Биз аны мурда эле билчүбүз, өзүбүзчө айтчубуз, анда ачыкка чыкпай жүргөн. Анан ошондон кийин бул киши атактуулардын бири экени бизге да таанылды, репрессия болуп кеткенин билчү элек.

Мунун ага-туугандарынын баарына мүшкүл түшкөн, репрессияланган, камалган. Аялы бул жерде Шаршекеев Жылкычы деген кишинин үйүндө жүрүп, анан ошол жерде каза болду. Биз ал кишини көрүп калдык.

Нуркул Кулназаров кыргыз тарыхында чоң орду бар инсан. Жакындары Шаршекеев Жылкычы деген адам. Андан жакын туугандары калган деле жок. Айрым жакындары Бишкекте, Чүйдө, Ак-Талаада жокко эсе.

Алысыраак тууганы, жердеши катары Айылчы аксакал муну жакшы изилдеп, өзү жазмакер болбосо да, китеп кылып чыгарды. Бул дагы чоң эмгек болуп калды.

Репрессия кыргыздын мыктыларын жок кылууга багытталган. Мен-мен деген кыйындарды камап, атып жоготушкан. Биз репрессиядан кийин жашап калдык, ошентсе да ушундай ойлор кетет. Ошолор тирүү болгондо Кыргыз Республикасын азыркы деңгээлинен он эсе, жүз эсе көтөрөт белек деген да ой кетет.

Сталиндик репрессия, “кызыл террор”, өз элин кырып-жоюу, дагы ушул сындуу уккан адамдын денесин “дүр” эттирген каргашалуу жылдар мезгилдин өтүшү менен тарых бүктөмүндө калууда. Аны билген, күбө болгондордун катары азайгандан азайып, кандуу окуялардын изи архивдик материалдарда гана калууда.

Мезгил сааты келгенде алар аз-аздан ачылып, өткөн тарых кайрадан андалып, ачуу чындык алдыга чыгууда. Кыргыздан билимдүү, жаңы заманга жан-дили менен кызмат кылгандардын текши баарынын ак жеринен айыпталып, атылып кетиши, сталиндик бийликтин өз элине карата жасаган мындай оор кылмышы бир топ жылдар жабылып-жашырылып келди. Социализм тарых тактысынан урап, катылган сырлар ачыкка чыкпаса, ак жеринен атылгандар унутулуп, ХХ кылымдагы оор кылмыштын бири унутта калмак экен.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG