Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:00

Асамбай Иманалиев 1938-жылы камакка алынып, кийинки жылы боштондукка чыккан. Түрмөдөгү адам чыдагыс кыйноолордон улам ден соолугунан ажыраса да, мекен үчүн урушка өз ыктыяры менен аттанган.

Асамбай Иманалиев Улуу Ата Мекендик согуш башталганда өз каалоосу менен кан майданга аттанып, 36 жашында окко учкан. Анын өмүр жолу тууралуу уулу Абдыкадыр Асамбаев айтып бермекчи.

“Азаттык”: Абдыкадыр агай, студияга кош келдиңиз, атаңыз Асамбай Иманалиев тууралуу айтып берейин деп турасыз. Асамбай Иманалиев атанын кантип репрессияга туш болуп, “эл душманына” айланганын, ага чейинки кылган иштери, кайсы жерден билим алып, кандай кызматтарда иштегени тууралуу айтып берсеңиз?

Асамбаев: Атам Асамбай Иманалиев 1907-жылы Жети-Өгүз районундагы Шалба айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жети жашында энеси каза болуп, өгөй энесинин колунан тарбия алып калат. 14 жашка чейин ар кандай кара жумуштарда иштептир. 14 жашка чыккандан кийин мектепке барып билим алган. Колхоздо эсепчи болуп иштеген. Анын жакшы иштеп жатканын байкап, 1928-жылы партияга алышкан. Партияга алынгандан кийин айылдык партячейканын башчысы болуп иштептир.

Абдыкадыр Асамбаев.
Абдыкадыр Асамбаев.

Ошол 1928-жылы атам апам Калбүбүгө үйлөнгөн экен. Экөө 1928–30-жылдары Таласта мугалим болуп иштептир. Ал жакта үч жылга жакын иштеп, андан Чүйгө келгенде Аламүдүн районунда милицияга участкалык инспектор болуп ишке орношот. Ал жерден Көлгө Ананьевого ыкчам кызматкер болуп которулат. Бул 1933-34-жылдарда болгон иш.

1934-жылы атамдын кылмыш иликтөөдө тың иштегенин эске алышып, Ленинградга бир жарым жылдык окууга жиберишет. Ленинграддагы Жумушчу-дыйкан милициясынын мектебинде бир жарым жыл окуп келгенден кийин 1935-жылдан 1938-жылга чейин эки жарым жыл Түп районунда НКВДнын башчысы болгон. Ал мекемеде берилип, татыктуу иштеген жетекчи катары таанылат.

Билесиз, 1937-38-жылдары абдан кыйын болгон. Ошол доордо билимдүү кишилердин көбү камалып, көбү атылып кетти. “Ата-Бейитте" жаткандарды биз эстен чыгарбашыбыз керек.

Асамбай Иманалиев окууну аяктаганда берилген күбөлүк
Асамбай Иманалиев окууну аяктаганда берилген күбөлүк

Атамды 1938-жылдын апрелинде “эл душманы” деп камашкан. Түптө НКВДнын башчысы болуп иштеп жүргөн кези экен. Жалгыз адам отурчу камерада он бир ай отуруп, азап-тозокторду көрөт. "Кол кой" деген кагаздардын бир да бирөөнө кол койбойт. Көргүлүктү ошол жерден көрөт.

Энем болсо эл менен катыша албай калат. “Асамбай эл душманы” деп тааныштары оолактап, көп азапты баштан кечирет.

Атам 1939-жылдын мартында түрмөдөн чыгат. Мен 1938-жылы августта төрөлгөм. Атам Күрмөнтүгө келип бар аксакалга жолугуп, андан “Иманалиева Калбүбүнү билесизби?” деп сурайт. Аксакалдын "тааныйм" деген жообунан кийин “Бар бекен, күйөөгө чыкпаптырбы?” деп экинчи суроосун узатат. “Жок, чыкпады. Сен уулдуу болдуң. Сени күтүп атат”, деп сүйүнчүлөйт. Атам кубанган бойдон иштеген жерине барып, илгичи менен тапанчасын өзүнө кайтарып алып, анан үйгө келет.

Архивдик документ.
Архивдик документ.

1939-жылдын майында атам Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин катчысы Ваговго кат жазат. Анда милиция болуп алты жыл иштегенин, ыкчам кызматкер болгонун жазып, Түпкө да ошол орунга иштөөнү суранат. Анан Ваговдун каты менен Түп райком партиясынын бөлүм башчысынын орун басарлыгына жөнөтүлөт. Атам ошентип партиялык жагынан акталат, сындан өтөт.

Андан кийин партиялык иште тез эле көтөрүлөт. Бөлүм башчынын орун басарлыгынан бөлүм башчы, анан үчүнчү катчы, андан экинчи катчылыкка жетет. Экинчи катчы кадрлар боюнча болот экен. Анан согуш башталып жатпайбы...

Атама түрмөдө отурганда сыз өтүп, бир буту ичкерип кетет. Аны күбөлөндүргөн медициналык бүтүмү да бар экен. Ага карабастан атам өз ыктыяры менен согушка жөнөтүүнү суранып, 1941-жылы декабрда майданга аттанат.

Атам согушка кетерде Ивановкада, кийинчерээк Токмокто 107-кавалериялык дивизия уюшулат. Дивизиянын командири Чотбаев деген киши болгон. Согушка чейин ал киши Тоңдо райкомдун биринчи катчысы болуп иштеген. Анын карамагында атам дивизиянын командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы болуп аскер ишине өткөн.

Аскердик даярдык бүткөндөн кийин 107-кавалериялык дивизияны эшелон менен Москвага жөнөтүшөт. Муров деген шаарга жеткенде поезд немис авиациясынын бомбалоосуна дуушар болуп, дивизия чачылып, аны таратып жиберишет. Ошол таратылган дивизиядан 13 офицерди тандап алып Ленин атындаг, саясий кызматкерлерди даярдоочу мектепке үч айлык окууга жөнөтүшөт, арасында атам да бар.

Асамбай Иманалиев тууралуу тун уулу жазган китеп.
Асамбай Иманалиев тууралуу тун уулу жазган китеп.

Ал жерде билим алып жаткан кезде атам апама “Окууну бүттүм. Буюрса мени Ысык-Көл обком партияга жиберип атат” деген кат келет. Бирок андан бир жумадан кийин дагы кат келип, анда атам өз ыктыяры менен согушка аттанганын жазат. "Сталинград жакка кеттим" деген кат келет. Апам 1943-жылы январда дагы кат алат. Ошол атамдын акыркы каты болуптур. Анда "Дон талаасында согушуп атабыз, Кудай буюрса биз жеңебиз, жеңиш бизде болот" деп жазган экен.

Андан кийин атам согушта жарадар болуп, аны араба менен госпиталга алып баратканда туткунга түшүп калат. Немистер атамдын офицер экенин билип калып, туткунга түшкөн кызыл офицерлерге кошуп Украинадагы Шепитовка деген концлагерге алып барып камашат.

Ошол Шепитовкадагы лагерде атам Женя Шекута, Ворончук деген жашыруун иштеген комсомолдор менен тил табышып, алардын жардамы менен 15 киши лагерден жерди казып, качып чыгышат. Бирок Днепрден өтө албай калышат. Эгер дарыядан өтүшсө Кызыр армияга кошулуп кетмек экен. Анан Украина талаасында калып, ал жерден жашыруун иштеген партиялык уюмга кабылышат. Ал партизандар буларды сынамакка бакка байлап атмак болгондо атам: “Баары бир жеңиш бизде. Биз баары бир жеңебиз!” дептир. Анан "биздикилер турбайбы" деп катарына кошуп алышат.

Атам ошол партиялык уюмда комиссар болуп иштеп калат. Туткун болуп түрмөдө жаткан орус кыздарды бошотот. Поезддерди жардырышат, диверсияларды жасап жүрүшөт. Атам отрядда комиссар болуп, Калугин, Гусев, Езекян деген капитандар менен чогуу иштеп жүрүп курман болгон. Алардын үй-бүлөлөрү менен кийин таанышып, катташып турдук.

Үй-бүлөлүк альбомдогу сүрөт.
Үй-бүлөлүк альбомдогу сүрөт.

“Азаттык”: Абдыкадыр агай, сиз атаңыздын баскан жолун жакшы айтып атасыз. Кедейлик турмуш, иш, анан түрмө, андан ден соолугунан ажырап чыкса да өз ыктыяры менен согушка кеткени, ал жерде туткунга түшүп, андан качып чыгып, душмандын тылында урушуп атканы. Мына ушундай кыргыздын мыктыларын, кыргыз эмес бүт СССРде коммунизмге берилгендерди сталиндик репрессияда жок кылышты. Мунун себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Асамбаев: Бул суроо өтө татаал. Буга оңой менен жооп табуу кыйын. Бирок ошол 1937 – 39-жылдарда жалаң гана биздин Кыргызстан эмес, союз боюнча алдыңкы интеллигенциянын, коммунисттердин камалышы, түрмөгө отургузулушу болгон окуя. Эми анын себебин түшүндүрүп айтып бериш кыйыныраак. Ошолордун арасында атам 1938-жылы “эл душманы” катары НКВДнын башчысы болгону үчүн камакка түшүп атат. Ошол он бир айдын ичинде жалгыз камерада отуруп, күндө сурак берип, күндө кыйноого кабылган. Тепкилешет, оозу-мурдун талкалашат, сызда отурат. Атам "мен чын иштедим, "эл душманы” болгонум жок" деп, айыптоолорго кол койбоптур. Анан 1938-жылдын апрелинде камалып, 1939-жылдын мартында түрмөдөн чыгып жатпайбы. Чыккандан кийин көңүлү калбай, кайра эле партиялык ишин уланткан.

“Азаттык”: Абдыкадыр агай, ошол репрессияга туш келген кыргыз интеллигенциясынын көпчүлүгүнүн башында "кедей-дыйкан" дегени менен көпчүлүгү бийдин, манаптын, колунда бар кишилердин тукумдары болгон экен. Ошондон алар революцияга чейин эле билим алууга мүмкүнчүлүк алышкан экен. Сиздин атаңызда, чоң аталарыңызда андай белги жокпу?

Асамбаев: Бизде андай белги жок. Кыргызда жети атаңды билиш керек дегендей, менин ошол жети атам тең кедей-дыйкан эле болгон. Менин атам өзү эле билим алган, түз жүргөн кыргыз азаматтарынын бири болгон деп ойлойм.

Асамбай Иманалиевдин аскерге баргандагы сүрөтү.
Асамбай Иманалиевдин аскерге баргандагы сүрөтү.

“Азаттык”: Асамбай атанын тандоосу болгон экен. Бутунун оорусуна карап согуштан калса деле болмок. Бирок өзү суранып кетип атат. Муну коммунизмге аябай берилгенден улам жасап жатат да. Ал эми сиздер, Асамбай атадан калган балдардын, үй-бүлөсүнүн турмушу кандай болду?

Асамбаев: Атам 1943-жылы августта 36 жашында Украинада курман болгон. Энем мугалим, кийин райком партияда бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчысы болуп иштеген. Анан кайра мугалимдик кесибин аркалап пенсияга чыккан. Орден-медалдары бар. Үч баланы тарбиялап өстүрдү. Атам согушка кеткенде агам Абдырасул сегизде, мен үч жашта элем. Карындашым Зоя бирге чыккан. Ошондуктан Зоя экөөбүз атабызды билбей калдык. Байкем "элес-булас эсимде бар" деп айтып калчу. Энем бизди эч нерсесин аябай, турмушка чыкпай бакты.

Атамдын дайынын көп жыл издедик. 1987-жылы кабар алгандан кийин 1988-жылы Белая Церковго бардым. Ал шаар Киевден 83 чакырым алыс экен. Край таануу музейин көрдүм. Анан атам жөнүндө, аны менен чогуу согушкан кишилер тууралуу маалыматтарды чогултуп, сүрөттөрүн таап, тактап койгом. Бир жылдан кийин музейге ошол альбомду алып барсам аябай таң калышкан. Атам, атамдын достору курман болгон жердеги боордоштор көрүстөнүнө гүл коюп, топурак алып, анан ошонун баарын энем менен туугандарыма айтып бергем. Бир-эки жылдан кийин энем менен байкем барып, куран окутуп келишкен эле.

“Азаттык”: Абдыкадыр агай, маегиңизге рахмат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG