Линктер

бейшемби, 16-август, 2018 Бишкек убактысы 17:00

Батмакандын байсалдуу жолу, тайгак кечүүсү


Батмакан Аалиева (Фатима Байчерикова).

Ленин орноткон Совет бийлиги кыргыздын келечегине көп жакшылык алып келгенин эч ким танбайт. Алардын бири аялдарга берилген эркиндик болду. Кыргыз аялдарын боштондукка чыгаруу боюнча Пишпекте 1918-жылы “Эмгекчил аялдар” деген союз түзүлгөн. Аялдар союзуна Кыргызстандын бардык аймактарынан кыз-келиндерди тартуу иши колго алынган.

Аялдардын алгачкы уюмдары көп пайдалуу иштерди аткарууга киришкен. 1923-жылы 24-апрелде Пишпекте жергиликтүү улуттардын аялдарынын сабатсыздыгын жоюу боюнча биринчи мектеп ачылган. 1925-жылы Кыргызстан боюнча 27 мектепте 464 кыз-келин окуган.

Совет заманынын алгачкы жылдарында ушинтип кыз-келиндерге билим берүү өнүгүп, аялдардан чыккан кадрлар өсүп, алардын маданий жана саясий деңгээли жогорулап, мамлекетти башкаруунун бардык тармактарында жигердүү катыша баштаганын байкайбыз.

Биз бүгүн Кыргызстандагы совет бийлигинин саясатына жан-дили менен берилип, билим алууга умтулуп, анын аркасы менен жаңы заманды курууга, өнүктүрүүгө өмүрүн арнаган кыргыз кыздарынын бири Батмакан Аалиева (Байчерикова Фатима) жөнүндө кенен кеп кылалы деп турабыз.

Аалы кызы Батмакан тууралуу “Тогуз-Торо району”, “Жалал-Абад облусу” энциклопедияларынан төмөндөгүдөй чакан маалыматтарды окуйбуз:

“Аалиева Батмакан (Байчерикова Фатима) – 1907-жылы Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Арал айылында туулган. Атасы Аалы арабча жакшы билген өз заманынын билимдүү адамы болгон, башка касиеттери үчүн жергиликтүү эл “Аалы калпа” деген. Чоң атасы Карбоз бий өрөөндөгү таасирдүү адамдардан болгон, 1840-жылы Ормонду хан көтөргөн кыргыздын курултайына өкүл болуп катышкан. Карбоздун орус оторчулугун ооздукташ үчүн бир топ аракет кылганы эл оозунда айтылып келет".

Батмакан бой тартып келатканда айылдаштары куда түшүп келсе, атасы күйөөгө берип жиберет. Улуу Октябрь революциясынын желаргысы Тогуз-Торого да жеткенде анын маанисин, келечегин Батмакан биринчилерден болуп түшүнүп, билимге умтулат.

Арал айылына атбашылык Маданбай Байчериков деген адам биринчи мугалим болуп барып, мектеп ачылганда Батмакан кыздардын арасынан мектепке өз каалоосу менен келип кирет, башка кыздарды да окууга үндөйт.

Ал 1927-жылы Тогуз-Торо районундагы кыз-келиндеринин арасынан биринчи болуп Ленин комсомолунун катарына өткөн. Убагында Батмаканды “мындай ээнбаштыгы үчүн жайлап салабыз” дегендер да болгон. Бирок ал өз оюнан кайткан эмес.

“Батмакан өз беттегенин бербеген кыз эле, оюндагысын кое берчү эмес. Жаңы заман чыкканда чачын артына түйүп алып, калпак кийип, ат минип жүрчү. Кийин ата-энеси Курманалы деген кишиге кудалап күйөөгө беришет. Жаңы заман келгенде күйөөсүн чанып, аны ажырашууга көндүрүп, башка аял алып берет. “Мектепке окуйм, андан ары билим алам” деп жулунуп калчу. Анысы ата-энесине, туугандарга жаккан жок, акыры оюндагысына жетип, билим алам деп агайын ээрчип кетип калды” деп жеңеси Мактымдын эскергени бар.

Ошентип Батмакан билимин дагы улантам деп агайы Байчериковду ээрчип айылдан качып кетет. Бул окуя Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшөн менен Алтынайды элестетет. Ошентип экөө Ат-Башыга келип туруп калышат, көп өтпөй баш кошушат. Батмакан билимин дагы улантууну көздөп, көп аракет кылган. Акыры комсомолдук жолдомо менен Пишпекке (Бишкек) келип, окууга кирет. Окуусун бүткөндөн кийин Нарын, анан Жалал-Абад шаарларында комсомолдук, советтик кызматтарда иштейт. 1930-жылы Коммунисттик партиянын катарына өтөт.

Кийин Батмакан Аалиева Орто Азия коммунисттик университетин (Ташкент) бүтүрөт. Убагында бул университетте кыргыздын бир топ алдыңкы адамдары билим алган. Ал кезде кыргыз кыздары бул окуу жайында өтө сейрек окуган. Университетти бүткөндөн кийин Батмакан Кыргызстандын түштүгүндөгү Ноокат, Ноокен, Өзгөн райондорунда партиянын райондук комитетинин бөлүм башчысы, катчысы болуп көп жыл иштеген. Далай жолу басмачылардын чеңгелинен аман калган. Батмаканга аял башы менен аялдар теңдиги үчүн күрөшүү оңой болгон эмес.

Батмакан Аалиева совет заманынын алгачкы жылдары кыргыз кыздарынан чыккан С. Телтаева, К. Бектаева, К. Ибрагимова-Убукеева, Б.Муңайтпасова, М. Турганбаева ж.б. менен үзөңгүлөш иштеп, аялдардын кат-сабатын ачууда, аларды эркектер менен бирдей укукта коомдук турмушка аралаштырууда жигердүү иштеген десек болот.

Батмакан кайда, кайсы жумушта болбосун билгичтиги, уюштуруучулугу, чечкиндүүлүгү менен далайларды тамшандырган.

(1930-жылдар, кыргыз аялдарынан алдыңкы өкүлдөрү, оңдон солго Батмакан Аалиева, Калия Ибрагимова-Убукеева ж.б.)
(1930-жылдар, кыргыз аялдарынан алдыңкы өкүлдөрү, оңдон солго Батмакан Аалиева, Калия Ибрагимова-Убукеева ж.б.)

Аалиева Батмакан өмүрүнүн 30 жылын “тар жол, тайгак кечүүдөгү” мамлекеттик кызматтарга арнаган. 1929-1949-жылдары Нарын кантондук аткаруу комитетинин көзөмөл-эсеп бюросунун төрайымы, Кыргызстан компартиясынын Ноокат райондук комитетинин аялдар маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Кыргызстан компартиясынын Базар-Коргон райондук комитетинин аялдар маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы, Өзгөн МТСинин аялдар иштери боюнча саясий бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Фрунзе шаарындагы марксизм-ленинизм курсунун угуучусу, Кыргызстан компартиясынын Борбордук Комитетинин инструктору, Эл депутаттарынын Киров райондук аткаруу комитетинин төрайымы (Талас облусу) катары эмгек өтөгөн. Октябрь райондук МТСинин алдындагы партиялык комитеттин катчысы, аялдар маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы (Жалал-Абад облусу), Жалал-Абад облустук керек-жарак союзунун төрагасынын орун басары, Кыргызстан компартиясынын Жалал-Абад шаардык комитетинин катчысы болгон. Ошол убакта тагдырдын, саясаттын катаал сыноолорунан өткөнүн архивдик документтер тастыктап турат.

2016-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын саясий документтердин борбордук архивинен Байчерикова Фатима тууралуу эки папке документ табылды.

Алар ар жылдары Батмакан эженин өз колу менен толтурулган, кадрлардын эсебин алган жеке баракчалар, өз колу менен орусча жазылган өмүр баяндары жана жогорку партиялык жетекчилердин каттары (жашырууну да бар), сунуштамалары, буйруктары болуп чыкты. Ал "орус, кыргыз, татар, өзбек, казак тилдерин билем" деп жазат.

Ал 1951-жылы 5-мартта өз колу менен өмүр баянын минтип жазган: “Мен, Байчерикова Фатима, 1907-жылы Кыргыз ССРинин, Тянь-Шань облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Көкирим айылдык кеңешинин Арал айылында туулгам...”.

Фамилиясы Байчерикова болуп өзгөргөнү күйөөсүнүн таасири болсо, Фатима деп атын алмаштырып алганы ошол убактагы кыргыз интеллигенциясына тийген “татар таасири” десек болот.

1936-жылы 11-ноябрында дагы бир өмүр баянында өзү, ата-энеси жөнүндө мындай фактыларды окуйбуз. “Менин атам Аалы Эрмамбетов өз чарбасында иштейт. Анын 1917-жылга чейин 10 баш кой-эчки, бир уй жана бир аты болгон. Жери жок, мал багып эле жан багат. Менин атам шайлоо укугунан ажыратылган эмес. Мурда кызматтарда иштебеген. Менин туугандарыман чет өлкөлөргө кеткен эмес. Мен 16 жашыма чейин ата-энемдин багуусунда болдум. 1923-жылы күйөөгө чыктым...”.

Батмакан Аалиева 1929-жылы күйөөсү Мадабай Байчериков менен ажырашат. Анан себебин өздүк делосунда минтип жазат: “Күйөөм менен 1929-жылы САКУдан (Среднеазиатский коммунистический университет-Б.О.) келгенден кийин ажыраштым, ал мени "үйдө эле отурушуң керек" деп талап кылып туруп алды, мен ага макул болгон жокмун”. Башка булактарда ажырашууга бала көрүшпөгөнү себеп болгону айтылат.

Мадабай Байчериков 1929-жылдан Ат-Башы, Түп райондорунда ар кандай партиялык, советтик, чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген адам болгон. 1937-жылдары "эл душманы" катары атылып кеткен. Дагы бир башка маалыматта Маданбай Батмакан менен ажырашкандан кийин башка аялга баш кошуп, андан эки эркек уулдуу болот. Бул маалыматты сүрүштүрүп отурсак, жиптин учу бизди совет заманынын 1970-80-жылдары кыргыз өкмөт башчысынын орун басары болуп иштеген айтылуу Жамал Ташыбековага алып барды.

“Менин кайнатам Байчериков Маданбай Фатима апа менен бир топ жыл жашап, балалуу болбогондуктан жылуу-жумшак ажырашкан экен. Кайнатабыз башка аялга баш кошуп, андан эки эркек уулдуу болгон. Көп өтпөй “эл душманы” катары кармалып, атылып кетет. Балдары турмуштун оор сыноосунан өтөт. Ошол эки баланын бири Байчериков Марска тагдыр буйруп мен жар болдум. Ал көп жылдар коопсуздук кызматтарында иштеп жүрдү, комитеттин төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлдү. 1960-жылдары Марс экөөбүз балалуу болуп калган мезгилде Фатима апа бизди үйүнө “отко” чакырып коноктогон. Азыркы Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде турчу эле. Фатима эже (Батмакан) менин баламды небересиндей колуна алып, эркелетип отурганы азыр да эсимде. Биринчи күйөөсү жөнүндө көп жакшы пикирлерин айтып, "катташып туралы" деп узаткан. Анын бул мамилесин биринчи күйөөсүнө болгон сый-урматы деп түшүндүк. Кийин көзү өтүп кеткенин уктум. Кайран киши, жакшы адам эле”, деп эскерет Жамал Ташибекова.

Архивдик маалыматтар тастыктагандай, Батмакан Алиеванын партиялык-советтик кызматтардагы тагдыры да оор болгон. 1938-жылы Компартиянын катарынан чыгарылып, жумуштан бошотулат. Анын себебин өзү: “... көрсө 1929-жылы ажырашып кеткен биринчи күйөөмдүн “эл душманы” экенин жашырып жүрүптүрмүн” деп жазат. Сөз биринчи күйөөсү Байчериков Маданбай жөнүндө болуп жатат. Документтердеги маалыматтар боюнча аны бир жыл бою текшеришет, он жыл мурда ажырашып кеткен адамга тиешеси жоктугу аныкталгандан кийин, партиялык стажы сакталып, кайра Компартиянын катарына кабыл алынат.

“Эл душманынын” биринчи аялы болгондугу, экинчи күйөөсүнүн атасы Кытайга кетип калганы Батмакандын мамлекеттик кызматтарга көтөрүлүү учурунда бир топ кедергисин тийгизгенин байкоого болот.

Айталы, 1951-жылдын башында Компартиянын Жалал-Абад шаардык комитетинин катчылыгына көрсөтүлүп, бардык тепкичтерден басып өтүп, Компартиянын Борбордук комитетинен бекитилерде Кыргызстан компартиясынын Борбордук комитетинин жооптуу кызматкери Гулямовдун бүтүмү мындай болгон: «…из автобиографии т. Байчерикова видно, что ее первый муж в бытность прокурором Тюпского района в 1937 году, как враг народа, исключен из рядов ВКП/б/ и арестован органами НКВД, в связи с чем через год и она была исключена из партии, в последствие восстановлена. Второй муж – Давлесов так же в 1935 году исключен из партии за побег родного отца в Китай в 1926 году, в 1945 году вновь вступил в ряды ВКП/б/. По указанным мотивам необходимо отклонить предложение Джалал-Абадского обкома КП/б/Киргизии и рекомендовать ему использовать т. Байчерикову на хозяйственной работе. Ответ. организатор отдела партийных, профсоюзных и комсомольских органов ЦК КП/б/Киргизии. ГУЛЯМОВ. 28 августа 1951 года” (ЦГА ПД КР Ф.56; Оп.108:Д.195)".

Аалиева Батмакан кайда, ким болуп иштебесин, анда мамлекеттик кызматкер катары мыкты сапаттары болгонун Кыргызстан коммунисттик (большевиктер) партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Б. Яковлевдин жазган мүнөздөмөсүнөн окуй алабыз.

"В 1948 году т. БАЙЧЕРИКОВА, в порядке укрепления системы потребительской кооперации, Джалал-Абадским обкомом КП(б) Киргизии утверждена заместителем председателя правления Облпотребсоюза по кадрам, где проделала значительную работу по очищению системы потребительской кооперации от лиц, не внушающих делового и политического доверия, правильно подбирала и расставляла кадры на важнейших участках работы.

Тов. БАЙЧЕРИКОВА является членом Джалал-Абадского обкома КП(б) Киргизии и депутатом областного Совета депутатов трудящихся, пользуется авторитетом среди партийного и советского актива города Джалал-Абада. (Секретарь ЦК КП(б) Киргизии Б. Яковлев,18.03.1949) (ЦГА ПД КР Ф.56; Оп.108:Д.195)".

(Батмакан Аалиева, 1960-жылдар).
(Батмакан Аалиева, 1960-жылдар).

Архивдик материалдарды карап отуруп, 1937-жылы жазылган эки “жашыруун” документти окуйбуз. Биринчиси - Бүткүл союздук коммунисттик партиянын Кыргыз обкомунун 1937-жылы 7-январда өткөн бюросу "Байчерикова Фатима Борбордук комитеттин инструктору кызматынан советтик кызматка жөнөтүлсүн" деп чечим чыгарат. Ал чечимге партиянын Кыргыз обкомунун секретары Белоцкий кол койгон.

Экинчиси - Компартиянын Кыргыз обкомунун 1937-жылдын 4-апрелинде өткөн бюросу Байчерикова Фатиманы "Киров райондук аткаруу комитетинин төрайымынын милдетин аткарууга сунуш кылынсын" деп чечим чыгарат. Ал документке кыргыз обкомунун секретары М. Аммосов кол койгон.

(1971-жыл, “Советтик Кыргызстан” гезитиндеги некролог).
(1971-жыл, “Советтик Кыргызстан” гезитиндеги некролог).

Аалиева Батмакан 1967-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан. 1971-жылы январь айында Бишкек шаарында каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Анын совет түзүлүшүнө, саясатынын орношуна, элдин турмуш-шартын жакшыртууга ак ниет эмгегин, болгон билимин, уюштуруучулук жөндөмүн, күч-кубатын арнап, өтөлгөлүү өмүр кечиргенин кийинки муундар биле жүрүшү парз деп ойлойм.

Бакыт Орунбеков, “Азаттык” радиосунун баяндамачысы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG