Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:05

Намыстуу найзакер, багынбаган башкарма


Моту Жоомарт уулу үй-бүлөсү менен.

Моту Жоомарт уулу эки ирет Сибирге сүргүнгө айдалган. Ээрчишип келген эки азаптан аман калып, жашы өйдөлөгөндө үй-жай күтүп, тиричилик кечирген. Кырчын курагында баатыр катары таанылып, Совет бийлигинин убагында алгачкы колхоз уюштуруп, биринчи башкарма болгон. Сталиндик репрессияга бир айылдан 12 адам туш келип, андан жалгыз өзү аман кайткан. Моту Жоомарт уулунун башынан кечирген окуялар кызыктуу, татаал, кайгылуу, оор.

Узун-кыска сүргүндөр

Моту Жоомарт уулу тууралуу маалыматтар аябай эле аз. Алардын бир тобу аңыз кепке айланып, акыйкаты кайсы, апыртмасы кайсы экени жакшы билинбей, мезгил бүктөмүндө унутулуп баратат. Учурунда ал кишинин башынан өткөндөрүн жазып алган киши болбоптур. Анын үстүнө коммунисттик бийлик жашырып-жаап келаткан ачуу чындыкты ачык айтууга батынган кишинин чыгышы деле күмөн болчу. Өмүр бою эси-көөнүнөн кеткис азапты көргөн адам кантип эле кайнап турган шорго кайрадан башын малгысы келсин!

Моту Жоомарт уулу биринчи ирет Сибирдин сөөк какшатчу суугуна - азаптуу сүргүнгө 1916-жылы айдалган. Жаш курагы, эли үчүн эч нерседен тартынбай, отко десе отко түшүп, сууга десе сууну тартынбай кечишке даяр баатыр жигит 1916-жылкы элдик көтөрүлүштө, чогулган журт жабылып кан шайлап алган кадимки Канат Абукиндин катарында Токмоктогу аскердик чепке чабуул коюуга катышып, оңунан чыкпай калган уруштан кийин Жумгалга кайра тартып, өз жеринен орус аскерлеринин колуна түшүп, алыскы Сибирге сүргүнгө айдалган. Арадан жыл өтүп Орусияда бийлик алмашып, анын аркасы менен Моту Жоомарт уулу азаптуу жайдан аман-эсен жерине кайтып келет.

Совет бийлигинин канат-бутагы кенен жайылып, колхоз түзүү башталганда жолдоштору менен биригип жаңы чарба уюштуруп, тапкан малын ортого кошуп биринчи колхоз башкармасы болуп калат. Жаңы бийликтин айткан-дегенин аткарып иштеп жүргөн чагында дагы бир азапка башы малынат. Кандай да болсо айыл арасынан, белдүү жетекчилер арасынан “эл душмандарын” табуу, аларды элдин эси-көөнүнөн кеткис кылып жазалоо өнөктүгү күчөгөн чакта “социал-туранчы”, “совет бийлигине каршы кутум уюштуруучу" катары айыпталып, 12 айылдык актив камакка алынып, алыскы Сибирге айдалат. Моту Жоомарт уулунун экинчи сүргүнү кыйла жылдарга созулуп, он жыл ашуун убактан кийин катарын бузбай кеткен каркыралардын арасынан жалгыз өзү туулган жерине кайтат.

Согуштан кийинки оор турмуш, ак жеринен бийликтен ыдык көргөн башкарма айылында көнүмүш турмушун улантат, үйлөнүп, үч уул, бир кыз көрөт. Ал кишини билгендердин айтуусунда, негедир башынан өткөргөн оголе көп азап-тозогун, арылбаган шорун шардана кылчу эмес экен. Кыязы, "миллиондорду өксүткөн бийлик зомбулугу өз өлчөсү менен кетсин" деп, көңүлдү чөгөт, маанайды пас кылган өмүр бүктөмүн эстегиси келбеген окшойт.

Өрт курак, өткүр жигит

Моту Жоомарт уулунун жаштыгы эрдик менен намыска ширелген окуяларга бай, көпчүлүктүн көз алдында өткөн. Белгилүү санжырачы Сагындык Сапарбаевдин айтымында, ал кырчын жигит курагында айтылуу Теке балбан менен эр сайышка түшүп, чоң сыноодон мөрөйү үстөм чыккан экен. Ыктуу найзакер менен он эки ирет беттешип, эл арасынан чыккан калыстар аягында жеңишти кырчын жигитке ыйгарышыптыр.

Таятам менен Моту атабыз Мырзабек болуштун жигити болуптур, “кызыл чок” деп коюшчу экен. 1916-жылкы көтөрүлүштө Моту баатыр Токмокко барып Канат канга кошулуп, каршылык көрсөтүп, падышалык орустар менен согушкан экен.

- Таятам Жаркынбай уулу Сарала деген болгон. Таятам менен Моту атабыз Мырзабек болуштун жигити болуптур, “кызыл чок” деп коюшчу экен. 1916-жылкы көтөрүлүштө Моту баатыр Токмокко барып Канат канга кошулуп, каршылык көрсөтүп, падышалык орустар менен согушкан экен. Совет өкмөтү келгенде колхоз уюштурушуп, башкарма болгон киши экен. Кыштын күнү 12 актив шерине жеп Моту атанын үйүндө отурушса, баканооздорду “58” деп коюшчу экен, ошолор жеткирип, "совет өкмөтүнө каршысыңар" деп, бирөөнүн ушагы менен ошол 12 кишини репрессиялап сүргүнгө айдап ийишет. Айдалып, түрмөдөн 1946-жылы келген экен. 60ка чыкканда үйлөнүп, улуу баласы Асанкан, Аманкан, Бектурсун, анан бир кызы – төрт балалуу болгон. Балдары жакшы чыкты, Асанкан менен мен теңтуш элем. Атасын тартып олбурлуу, спортко кызыккан, шаарда окуп жүргөндө мелдештерге катышып жүргөн. Моту атабыз жөнүндө Сарала таятамдан көп уктум. Ал киши сүрөттөп, дайым кеп кылып отурчу. Жанагы 12 кишини репрессиялаганын менин атам да айтып калчу. Репрессия эми “бөрк ал десе баш алышып” Лоцманов деген чыгып, элдин арасынан тыңдарын көрө албагандар жамандап атып, кесип ийип атышпайбы. “Минтип атат, тигинтип атат” деп жамандап канча мыктыларды жок кылышты?

Бир айылдан эле 12 киши кетип атат. Канча чыгаандарыбыз жок кылынды?Камалган 12 кишиден жалгыз Моту ата гана кайтып келип атпайбы. Калгандары дайынсыз жок болушту.

Ошол катаал заманда чыккынчылар чыгып, Ежов, анын Кыргызстандагы желдети Лоцманов 58-берене менен соттоп, канчаларды жок кылышкан. Канча кишилер кыйноо менен жок кылынды, айрымдары аман калып келишти, бирок алар да көп жашай алышкан жок.

Биздин Жумгалдын Кара-Баткак айылы деп коёт, азыркы Кызыл-Жылдыз. Кара-Баткак колхозу уюшулуп, Моту ата башкармасы болгон. Тултук деген киши болгон. Малын ортого кошуп, колхоз уюштуруп, кийин камалганда анын ордуна Модубаев Ысмайыл деген иниси колхозду башкарган. Кийин ал Молотов колхозу болду. Андан кийин Кызыл-Жылдыз колхозу болду.

Эмнеге Кызыл-Жылдыз аталып калган? Бул жерде Буденныйдын аскерлери чатырларын тигип туруп калып, ошондон Кызыл-Жылдыз аталып калган экен. 1916-жылкы Үркүндө Жумгалдын жарымы Чаек, Кызыл-Жылдыз, Кайырма, Көк-Ой, Өрнөк айылында жашагандар качпай калган. Өйдөкү айылдагылар качышкан.

Анткен менен Моту Жоомарт уулунун Кеңеш өкмөтүнүн тушундагы өмүр жолу өзгөчө оор. Жок жерден жалаага кабылып, он жылдан ашуун убактысы дагы Сибирде өтөрү оюна деле келбесе керек. Репрессияланчу кишилердин санын пландагы көрсөткүчкө жеткирүүнүн, жогортон түшчү “пыланды аткаруунун” курмандыгы болорун кайдан билсин? Аны менен абакка түшкөн он бир активдин арасынан туулган жерине жалгыз кайтышы анын турмушундагы өзгөчө бир учур болгон. Чоң атасынын өмүр таржымалына белгилүү журналист Нурдин Мотуев кийинчерээк кызыгып, нечен баалуу эскерүүлөр ээси менен кетип калганын өкүнүч менен эскерет:

Нурдин Мотуев.
Нурдин Мотуев.

- Чоң атам көп ирет эр сайышка түшкөн экен. Эр жүрөк жигит болсо керек. Найзага ажалдан коркпогон, өзүнө ишенген эрлер гана түшөт. Өзү тың, курбалдаштарынын арасында башчы болгон экен. 1916-жылы өзү курактуу тың жигиттер менен Канат канга барып кошулуп, көтөрүлүшкө катышыптыр. Токмок чебин камалоого катышып, ал ийгиликсиз болуп калгандан кийин качып келип, Кочкордон экиге бөлүнүшкөн. Канат Абукин Ат-Башыны көздөй, Мотулар Жумгалды көздөй кетишет.

Жумгалдан орустардын колуна түшүп, биринчи ирет Сибирге сүргүнгө айдалган экен. 1917-жылы Орусияда революция болуп, ошонун натыйжасында сүргүндөн аман калат. Ал жерден айылына келип, кийин колхоздоштуруу болгондо Тултук, Эгеш, Моту үчөө биригип колхоз уюштурушуп, чоң атам башкармасы болуп калат. Башкарма болуп эки жарым жыл эле иштептир.

Чоң атам билимсиз эле болгон. Тарсылдап тың, башкарууга ыктуу болуп атса жетекчи кылышат да. Кийин окууга жөнөтмөк болушканда ордуна идиректүү Ысмайыл деген инисин жөнөтүп, ошол башкарма болуптур.

1937-жылы Мотунун үйүндө отурган 12 адамды салып кетишип, баарын камап, "пантүркчү, совет бийлигине каршы кутум уюштургансыңар" деп баарын сүргүнгө айдап ийишет. Булар эми репрессиянын айылдагы курмандыктары болуп атышат.

Республикада Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, дагы башка жетекчилер камалып атса, буларды айылдан алып келип камашат. Ошол камалган 12 кишиден жалгыз чоң атам 1946-жылы кайтып келген. Чоң апабызга үйлөнүп, 1947-жылы биринчи уулу Асанканды, андан кийин менин атам Аманканды 1949-жылы көрөт. 1951-жылы Бектурсун байкемди көрөт. Андан кийин Топокан эжеми көргөн экен.

Колхоздун жумушун кылып ферма башчы, анан имамдын жардамчысы болуп жүрүп көзү өткөн экен. Чоң атам 1882-жылкы болуш керек.

Менин атам Аманкан аябай жөнөкөй киши болчу. Атасы тууралуу айтчу эмес, сурасам деле сөздү алыстатып айтчу эмес. Атам өткөндөн кийин чоң атам тууралуу айылдагы элден угуп атпаймбы. Атамдын кол жазмаларын кийин көрдүм, чечилип айтып бергенин көрбөдүм.

Бул эми тагдыр да, кызыктуу, татаал. Мен аны убагында угуп, жазып албаганыма өкүнүп жүрөм. Эми деле кеч эмес, билген адамдар бар экен. Жапар Кенчиевдин “Моту баатыр - кыргыз найзакерлеринин акыркы өкүлү” деген китеби жазылып жатат. Ошол китепке кийинки маалыматтардан да кошуп, кеңейтип жатабыз.

Сталиндик репрессияга кабылган инсандардын кыйласына мүнөздүү бир өзгөчөлүктү айтпай кетиш кыйын. Өктөсү терең өкүнүчтү "башкалар билбей, кадалып укпай, андайдан алыс болсун" деген этият сезимби, же өмүр бою эстен кеткис азап-кыйноолордон биротоло жүрөгү өлүп калганбы, иши кылып кайнап турган шорго түшкөн кайрандар аң-сезиминин тереңинде катылган ачуу чындыкты ачылып айта беришкен эмес. Анын үстүнө совет бийлигинин кезинде жасалган адам үшүн алчу “кызыл кыргын” тууралуу кеп кылуунун коркунучтуу да жагы бар эле. Жакын деген кишилерге сыр кылып айтылган кеп сырдуу кесип ээлерине жетпей калат деп эч ким кепилдик бере алмак эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG