Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:50

СССРди дүң кылган «трикотажчылар иши»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1962-жылы Фрунзе шаарында СССР Жогорку сотунун көчмө коллегиясында «трикотажчылар же цехчилер иши» каралып, жыйырмадан ашуун адам атууга, башкалары узак мөөнөткө абакка кесилген.

Экономикалык оор кылмыш үчүн айыпталгандарга өтө эле оор жаза чектелген. Социализм жеке демилгени жактырчу эмес.

Жашыруун цехтер, жарашыктуу кийимдер

СССР Компартиясынын баш катчылыгына Никита Хрущев келип, сталиндик өкүмзор саясий системанын азыноолак жумшарышы өлкөнүн экономикалык турмушуна таасир тийгизип, айрым жерлерде жекече ишкерлик баш көтөрүп, пайда табууну көздөгөн тың жарандар жашыруун цехтерди иштете баштаган.

Бул иш 1950-жылы Аламүдүн өндүрүш комбинатында башталган. Комбинат кийинчерээк тор кийимдерди токуучу фабрикага айланган. Экономикалык эркиндикке умтулган экинчи ишкана Фрунзе «Разнопром» артели, кийинчерээк «Октябрдын 42 жылдыгы» атындагы фабрикасы болчу.

Анын баары социалисттик өлкөнү туташ каптаган жетишпестикти, эл керектөөчү кийимдерди, буюмдарды жашыруун болсо да тобокелге салып чыгаруудан башталган.

Ал кездеги жеңил өнөр жайы чыгарган кийимдерди эл айласыз алчу. Башкалары баасынын кымбаттыгына карабай жайма базардан же тааныш аркылуу жарашыктуу кийимге жете башташкан.

Жетишпеген буюмдарды кенен чыгарып, анысы менен таңсыктыкты жоюуну, турмуш-тиричилигин оңдоп алууну көздөгөн ишкерлер советтик Кыргызстандын ошол кездеги борбору Фрунзе шаарынан да чыккан.

Бул иш 1950-жылы Аламүдүн өндүрүш комбинатында башталган. Комбинат кийинчерээк тор кийимдерди токуучу фабрикага айланган. Экономикалык эркиндикке умтулган экинчи ишкана Фрунзе «Разнопром» артели, кийинчерээк «Октябрдын 42 жылдыгы» атындагы фабрикасы болчу. Мына ушул эки ишкананын иш көзүн билген адистери Аламүдүн тор кийимдер фабрикасында мастердин жардамчысы болуп иштеген Зигфрид Газенфранц Исаак Зингер деген досу менен өндүрүш калдыктарынан жетишпеген кийимдерди чыгарууну ойлоп, опурталдуу ишке ишенимдүү деген кишилерди тарткан.

Исаактын ата-энеси Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Румыниядан Кыргызстанга көчүп келген.

Зингер керектүү нерсени кантип жасоону жакшы билген, азыркы тил менен айтканда, жаңы ишти ыкчам уюштурган эптүү жигит экен, аялдабай убада сөздү ишке ашырууга киришкен. Ачыкка чыгып билинип калса жаңы ишкерлер бир нече жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу.

Экономикалык кылмыш үчүн атууга кетирүүнү Сталин өзү жок кылып, жазаны жумшарткан жагы бар. Жарыбаган маянага алымсынбаган достор керектүү акчаны тааныштарынан, туугандарынан карызга алып, азыноолак чогулткан каражаттарын ортого кошуп, он токуу станогун сатып алышкан. Станоктор Чехословакиядан Кыргызстанга келип, көп жыл бою иштетилгенден кийин эскиге чыгарылган жабдуулар эле.

Аны колу усул жигиттер бош отурганда оңдоп, ал түгүл мурдагысынан мыктыраак кылып, жаңы ишке Аламүдүн тор кийимдер фабрикасынын цехинин башчысы Матвей Гольдманды тартышкан. Гольдман фабриканын автобусу токточу гаражды жашыруун цехке берип, иш кызуу башталат. Цехке фабриканын ишенимдүү токуучулары гана тартылып, жумуштан кийин иштегени үчүн аларга жакшы акча төлөп турушкан. Цехте ошол кездеги таңсык кийимдер - кофталар, байпактар, аялдардын ич кийимдери, балдардын кийимдери, айнек пардалар чыгарылган. Жат көздөн далдаа жерде даярдалган кийимдер макулдашылган гана дүкөндөргө түшүп, ал жердеги сатуучулардан баштап жетекчилерине чейин ири өлчөмдөгү акча төлөнүп турган. Чоң акча алдында керектүү кишилердин баары жашыруун цехтен чыккан товарлардын сатылышына, башка жактарга жөнөтүлүшүнө көмөктөшүп, көпчүлүк учурда көрбөгөн-билбеген болуп коюшкан.

Иш ошентип аз-аздан кеңейип, эки жарым жылдан кийин алгачкы миллион топтолуп, цехтер жылына 400 миң рублдан кем эмес таза киреше киргизип турган. Акча жетиштүү топтолуп, бизнеске республика ичинде тоскоолдук болбой калгандан кийин ишкерлер өндүрүштү кеңейтип, бош туруп калган жерлердин көбүнө, аскердик техника турчу жайларга чейин станоктор коюлуп, көмүскөдөгү бизнестин арааны ачылган.

Дүкөнгө түшөр замат таланып кетчү таңсык кийимдер өндүрүштүк калдыктардан, керектен чыгарылган чийки заттардан жасалчу. 1950-жылдан 1960-жылга чейин жашыруун цехтердин иши жүрүшүп, уюштуруучулар опсуз кирешеге туйтунушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча эки ишканага чогулган топ он жыл ичинде мамлекетке 32,3 миллион рубль зыян келтиришкени ырасталган. Бул ишке өтө эле көп жооптуу кызмат адамдары, ишкана жетекчилери, сот, прокуратура, ички иштер кызматкерлери, соода түйүндөрү, жумушчудан тартып мамлекеттик жооптуу кызматтагы адамдарга чейин тартылган. Ортодо оңой эмес акча ойноп, өлүү дүйнө азгырыгына алдангандар арбын болгон.

Акчаны катуунун азабы

Өтүмдүү ишти баштаган Зигфрид Газенфранц Фрунзедеги кичинекей үйүн жаңы салынган кенен үйгө алмаштырып, аялына жардамчы жалдап, ага кымбат баалуу кооздуктарды сатып берип, өзүнө ал кездеги фрунзеликтердин оюна келбеген чет элдик машине алган.

Зингер да машине, үй алып, акчасынын көбүн оюн-зоок жайларында калтырып, эс алууга Кара деңиздин боюна каттай баштаган.

Байлыкты башынан жактырбаган, кедейликти мурат кылып алган совет бийлигинин тушунда чоң акчаны катуу кандай оор экенин «цехчилер» башынан өткөрүшкөн. Айнек банкаларга салып жерге жашырын көөмп коюу, зер буюмдарды жат көздөн далдаа кармоо, кайда жүрбөсүн элеңдеп коркуп, «качан келип кармап кетишет» деген чочулоо жашырын ишкерлердин жүрөк суусун алып койгон эле.

Фрунзе шаарында иштеген бир прокурор Токмокко иш боюнча баратып, Аламүдүн тор токуу фабрикасынын жанында машинесинин бензини түгөнүп токтоп калат. Прокурор машинеден түшүп бензин сураганы фабрикага келсе формачан кишини көргөндө «цехчилердин» жүрөгү түшүп, бир канистр бензин менен кошо кагазга оролгон бир нерсени алып чыгып беришет.

Прокурор кагазга оролгон бир ором колбаса менен бир бөтөлкө арак болуш керек деп ойлойт. Үйүнө келгенде оролгон кагазды ачса – жайнаган акча. Эсептеп көрсө 25 миң рубль акча («Мурда деле пара беришчү - миң, эки миң, бирок эч ким 25 миң рубль акча берчү эмес!»). Опсуз чоң акчага маарыган прокурор алган карыздарынан кутулуп, калганын керектүү иштерине жумшап, кыйлага чейин «ушунчалык өлчөмдө да пара беришеби» деп таң калып жүргөнүн белгилүү юрист Карпек Курмановдун эскерген жайы бар. Ал киши соттук отурумга айыпталуучулардын адвокаты катары катышкан.

Дагы бир жашыруун «цехчи» опсуз акчасын кайда катарын билбей, эжесинин үйүндөгү сандыкка 800 миң рублин катып жүрсө аны угуп калган өнөктөшү акчаны алтын теңгеге айлантып коюу туура болорун айтат.

Акча реформасы болуп кетсе, катылган пулду алмаштыруу кыйын, жөн эле күйүп кетмек. Алтын теңгени кайдан табарын издештирип жүрүп тиги момун оңор эмес акчасын кайсы бир шумпайларга алдатып, колодон жасалган жасалма тыйындар менен калганы Чынара Жакыпованын «Камакка алынган турмуш» деген китебинде баяндалган.

Катаал жаза

«Трикотажчыларды» кыска убакта кантип камакка алышканы да узун сөз. Жашыруун цехтерден чыгып жаткан опсуз көп товарлар менен акчанын жөн-жайын эсепке алган коопсуздук кызматкерлери ыңгайлуу убактысын күтүп турушкан. Андай учур жаңы иштин жайылганына 12 жыл толгондон кийин келди.

1962-жылы Фрунзеде 150дөн ашуун адам камакка алынып, чуулгандуу «трикотажчылар ишин» тергөө башталды. Сот жообуна бир топ жооптуу кызматкерлер, прокурорлор, соттор, адвокаттар, трикотажчылар тартылып, аларды Москва, Ленинград, Новосибирск, Харьков, дагы башка шаарлардан келген тергөөчүлөр суракка алышкан. Буга жергиликтүү кызматкерлерди кошкон эмес.

«Трикотажчыларды» өлүм жазасына тартуу үчүн токтотулган мыйзамды артка кайрып алышкан. 1961-жылы 5-майда СССР Жогорку Совети «Өзгөчө коркунучтуу кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү боюнча» жарлык чыгарып, анда мамлекеттик же коомдук мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө уурдагандарга, акча же баалуу кагаздарды сатып өткөрүү же сатуу максатында даярдагандарга, өзгөчө коркунучтуу жанкечтилерге (террорчуларга) оор жазаны – атууга кетирүү өкүмүн киргизген.

Камакка алынган 150 кишинин 21и: Гольдман М. X., Гербер Ф. Р., Натензон Е. М, Кац Е. Ш., Таласбаев Д.Т., Абрамович Е.И., Газенфрац З.М., Дворкин И.М., Бакут Д.И., Дальковский Х. М., Зингер И.А., Аспис А.М., Альтерман Р. Д., Фельдшер Л. Я., Воропаев Д. С.,Татаренко И. Ф., Штрамвасер И. З., Лаптев А. Г., Ахун И. А., Тихоступ И.Я., Дүйшалиев Б. Д. атууга кесилген.

Кошмуратов Г.М., Фесенко Н.Д., Народницкий И.П., Голобородько С.В., Смолкин Я.М. - беш адам 15 жылга, Усубалиев С. О. – 14 жылга эркинен ажыратылган. Калгандары ар кыл мөөнөттөгү жазага тартылган. Белгилей кетчү жагдай - «трикотажчылар» ишинде фабрика жумушчулары жазага тартылган эмес.

«Трикотажчылардын» ишин тергөө маалында айыпталуучулар мамлекетке бир тыйын да зыян келтиришпегенин, өндүрүштүк план өксүбөй аткарылганын, көмүскө цехтерде чыккан өндүрүм калдыктардан жасалганын эчен ирет айтып, ал ырасталса да баарына «социалисттик мүлктү ири өлчөмдө уурдоо» деген айып коюлган.

Айтса, жашыруун цехтер, экономикалык эркиндикке умтулуу СССРдин башка жерлеринде да пайда боло баштаган. Алардын баары кийин коопсуздук кызматынын кылтагына илинип жазага тартылды. Бирок башка бир да жерде Фрунзедегидей катаал жаза колдонулган эмес.

150дөн ашуун кишини камакка алып, 21 адамды эң оор жазага тартуунун артында өз алдынчалыкка, жеке демилгеге үмүт арткан экономикалык жигердүү жарандардын жүрөк үшүн алып, аларды теске салуу аракети жаткан.

«Трикотажчылардын» ишин тергөө маалында айыпталуучулар мамлекетке бир тыйын да зыян келтиришпегенин, өндүрүштүк план өксүбөй аткарылганын, көмүскө цехтерде чыккан өндүрүм калдыктардан жасалганын эчен ирет айтып, ал ырасталса да баарына «социалисттик мүлктү ири өлчөмдө уурдоо» деген айып коюлган.

Фрунзедеги ири аскердик өндүрүм чыгарган заводго станокторду аарчыш үчүн берилген фабрика калдыгы толук иштетилбей акыр-чикирге кошулуп таштандыга ташталчу. Вагон менен алыстан келген ал сырьену завод директору «цехчилерге» бекер эле берген.

Өтүмдүү өндүрүм чыгарып жаткан «трикотажчыларды» коопсуздук кызматкерлери түнкүсүн камакка алышкан. Бул ансыз да сталиндик репрессиядан жүрөгү түшүп калган элдин үрөйүн учуруп, коогалаңга салган. Ал эми хрущевдук заманда саясий аба ырайындагы «жазгы желаргыга» ичи чыкпай, болоттой катуу тартипти эңсеп жаткан коопсуздук кызматкерлери бул ишке өзгөчө ынтаа менен киришкен.

1938-жылдын ызгаары Фрунзе шаарын каптап, «трикотажчылар» иши тууралуу жалпы союздук маалымат каражаттарында байма-бай кабарланып, калк арасында талкууланган. «Трикотажчылар» топтогон байлыгын кайда катарын билбей, аргасы куругандыгы тууралуу ар кыл аңыз кептердин бирөөнү Чынара Жакыпова жогоруда белгилеген китебинде келтирген.

Камакка алынары билинип калган, Кызыл-Аскерде жашаган бир «цехчи» үйүндө катылган акчасын жок кылыш үчүн эртең менен көчөгө чыга калып жолдо бараткандарга таңгакталган акча суна баштаган. Бул окуя заматта коопсуздук кызматкерлерине билинип, мүшөк акчаны тарата албай жаткан жаранды кармашкан. 600 миң рублдан 200 миңи гана калган экен. Тергөө, камакка алуу учурунда жүрөгү кармап каза болуп калгандар, сурак маалында ур-токмокко чыдабай мүрт кеткендер да болгон.

«Трикотажчылар» иши боюнча айыпталгандардын текши баары чириген бай, акчасын кайда катарын билбеген дөөлөттүүлөр болгон эмес.

Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасы Бекжан Дүйшалиевдин үйүнөн табылган идиш-аяктар менен буюмдарын, эски машинесин көрүп, «жупуну табылгага» коопсуздук кызматкерлеринин деле ичи чыкпай, кымбат баалуу буюмдарды таба албай кетишкен экен.

«Камакка алынган турмуш» деген 1999-жылы Бишкекте чыккан китебинде белгилүү илимпоз, коомдук ишмер Чынара Жакыпова Бекжан Дүйшалиевдин соттогу көрсөтмөсүн келтирген:

«Мага тергөөчү Лешкин: «Керек болсо сизге баарын илип салабыз» деп айтты, чынында эле ошондой болуп чыкты. Айыптоо корутундусунда ойго келгендин баарын - болушунча жалганды, курулай жалааны, ойдон табылган айыптарды жазып салышыптыр. Камакка алынгандан кийин он күнгө чейин эч кандай айып коюшкан жок, мени эмнеге айыпташын түшүнбөй, камакка алуунун себебине акылым жетпей отурдум.

… Ар бир сурак кыйкырык, бакырык, коркутуп-үркүтүү менен коштолчу. Мен өзүм деле катуу кишимин, көңүлүнө карабайм, бирок да мындай кара мүртөздүк оюма да келчү эмес, тергөөдө мындайлар болорун, тергөөчүлөр айыпты алдырыш үчүн ушунчалык мерез болорун билбепмин».

Дүйшалиев соттогу сөзүндө тергөөчүлөр кандай да болсо айыпты моюнга алдырыш үчүн ар кыл айла-амалдарды колдонушканын («камерага бузукуну киргизишти, аткезчилик боюнча түшкөн дагы бирөөнү кошту, анан ал жерде болгон кеп-сөздүн баарын күзөттөгүлөргө жеткирип турушту»), анын баары маанайын чөктүргөнүн, кийин корко баштаганын, «шарпа укса чоочуй турганын» келтирген.

«Улук тергөөчү Сыщиков мени кандай да болсо моюнга алдырыш үчүн «башкалар оңолуу жолуна түштү, баары моюнга алды, эми алардын жазасы жеңилдейт» дегенди кайталоодон тажабады. Мени «оор жазага кабыласың» деп коркутушту, моралдык жагынан толук сындырышты, мени өлтүрүп коюшары коркунучтуу деле болбой калды…», - деп билдирген ал.

Арадан отуз жылга жетпеген убакыт өтүп, социализм тарыхый тактысынан кулап, анын ордун соода-сатык мамилелери ээлеп, экономикалык эркиндикке толук дегидей жол ачылды.

«Трикотажчылардын» өлүм жазасына кесилгендердин жетөөнө Улуу Ата Мекендик согушка катышканы эске алынып өкүм 15 жылга эркинен ажыратууга алмаштырылган. Өкүм СССР Жогорку соту тарабынан чыгарылгандыктан ага каршы арызданууга мүмкүн эмес болчу.

"Трикотажчылардын ишине" ошол кездеги Кыргызстан компартиясынын жетекчиси Исхак Раззаковдун кыйыр тиешеси бардыгын анын аялына "Жаңы кундуз тон" белек кылып, ошондон улам бир жылдан кийин ал кишинин кызматтан алынып, Москвага жөнөтүлүшүн айрымдар ушуга байланыштырат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG