Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Штайнхюбел: Кыргызстанды Чехияда жакшы билишет


Ладислав Штайнхюбел/
Ладислав Штайнхюбел/

Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2017-жылы 16 миллион долларга жеткен. Кыргызстан чех бизнесмендери гана эмес, жөнөкөй туристтер үчүн да абдан кызыктуу өлкө. Чехияга саякаттаган кыргызстандыктардын да саны арбып баратат. Кыргызстан менен Чехиянын карым-катнашы тууралуу Чех жумуриятынын Астанадагы элчисинин орун басары Ладислав Штайнхюбел айтып берди.

Ладислав Штайнхюбел: Кыргызстан Чехословакия же Чехия менен Интергельпо кооперативинен башат алган тарыхый байланышы бар Борбор Азиядагы жападан жалгыз өлкө. Ошону улантып биз алакаларды кеңейтүүгө, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө аракет көрүп жатабыз.

Бизнесмендер ортосундагы байланыштарды гана эмес, жөнөкөй элдин эки жакка каттоосун өрчүтүү иштери да жүргүзүлүп жатат. Чехияга саякаттаган кыргызстандыктардын саны арбып баратат. Чехтер да Кыргызстанды жакшы көрүшөт, эс алууга, тоолорду кыдырууга, башка жерлерди көрүүгө барышат.

"Азаттык": Бизнес демекчи, чех ишкерлерин Кыргызстандын кайсы тармактары кызыктырышы мүмкүн?

"Интергельподон" уланган кыргыз-чех мамилеси

"Интергельподон" уланган кыргыз-чех мамилеси

Евробиримдик жана Чехия Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасынын бекемделишине жардам берет. Бул тууралуу Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында билдирди.

Ладислав Штайнхюбел: 2017-жылы Бишкекте Чехиянын ардактуу консулдугу кайрадан ачылгыча бир нече бизнес-форум өткөргөнбүз. Кыргызстанды потенциалы кенен, жеке ишкерлер көп өлкө катары сүрөттөйбүз. Мамлекет өзү борбор азиялык башка жумурияттардай анча бай болбосо да, акчасы бар бизнесмендер көп. Чехиялык ишкерлер алар менен жолугушуп, тез эле орток тил табышты.

"Азаттык": Кыргыз-чех бизнес форумдарын биз да чагылдырганбыз. Буга чейинки ошол жолугушуулардан кандай майнап чыкты? Конкреттүү бир келишим-макулдашуулар түзүлгөнбү?

Ладислав Штайнхюбел: Мен статистикалык маалыматтан бир аз келтире кетейин. 2016-жылы эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 8 миллион долларды түзгөн. Былтыр 16 миллионго жетти. Тилекке каршы, Чехиянын Бишкекте элчилиги азырынча жок. Алсак, Британия менен Кыргызстандын да соодасы 16 миллион доллар. Алардын болсо 30 киши иштеген элчилиги бар.

Менимче, биз чоң иш жасап келатабыз. Мисалы чехиялык фирма "Дасмия" борборундагы чоң боз үйдү жашыл технологиялар менен камсыздап, күн панелдерин орноткон. Ысык-Көлдө жана тоолордогу бир нече курорттордо сууну тазалоочу жабдуулар да Чехиядан алынып барган. Чехиянын экспорт банкы Кыргызстанда иш жүргүзүү программасын иштеп чыкты. Анын алкагында алгачкы долбоорлор башталганын билем. Быйыл июнда 20 миллиондук евро контрактка кол коюлду. Мунун бардыгы эки өлкөнүн бизнес алакалары кантип өнүгүп жатканын жакшы сүрөттөйт.

"Азаттык": Карым-катнашты өнүктүрүү үчүн дагы көп иш жасалыш керек го?

Ладислав Штайнхюбел: Албетте, жакшыртылууга тийиш көп нерселер бар. Ошол эле маданий байланыштар, виза берүү иштерин айтсак болот. Чехиянын Бишкекте элчилигин жана тескерисинче Прагада Кыргызстандын элчилигин ачуу маселеси да бар. Келечекте мунун бардыгы ишке ашып калышы мүмкүн.

"Азаттык": Чехияда кыргызстандык эмгек мигранттар иштеп жүрөт. Айрымдары шылуун фирмаларга алданып келген учурлар да болот. Ушул маселени кыргызстандыктарга расмий квоталарды берип чечсе болобу?

Ладислав Штайнхюбел: Чехияга келип иштөөнү каалаган кыргызстандыктар көп. Жумушчуларды ишке жалдап алып келген фирмалар эки өлкөдө тең бар. Кыргызстандык медайымдарга талап чоң экенин билебиз. Бирок азырынча мамлекеттер аралык эч кандай макулдашуу жок.

"Азаттыктын" архиви: Бишкек-Прага бизнес сапары

"Азаттык": Бирок болушу ыктымалбы?

Ладислав Штайнхюбел: Болот деген үмүттөнөбүз.

"Азаттык": Кыргызстандыктар Чехия жөнүндө дайыма эле жакшы билишчү. Ал эми чехиялыктар биздин өлкө жөнүндө канчалык кабардар? Канчалык кызыгышат?

Биздин туристтер Борбор Азияны жакшы билет. Кайда барып эс алсак деп маршруттарды издей баштаганда Кыргызстанга 60 күнгө чейин визанын кереги жогунан кабардар болушат.

Ладислав Штайнхюбел: Бул дайыма тигил же бул мамлекет чет өлкөлөрдө жүргүзгөн жарнамага жараша. Бизде, мисалы, Чехтуризм деген агенттик бар. Алар чех жумуриятын башка өлкөлөрдө таанытуу, туристтерди тартуу менен алектенишет. Кыргызстанда андай мекеменин бар же жогун билбейм. Биздин туристтер Борбор Азияны жакшы билет. Кайда барып эс алсак деп маршруттарды издей баштаганда Кыргызстанга 60 күнгө чейин визанын кереги жогунан кабардар болушат. Анан картаны караганда Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясы экенин, суктана турган кооз тоолор, Ысык-Көл, дарыялар, кыскасы биздин эл жакшы көргөн жерлер бар экенин көрүшөт.

Кээ бирлери элчиликтен ал өлкөдөгү кырдаал, коопсуздук кандай деп сурап калышат. Анан да Кыргызстан региондогу жападан жалгыз парламенттик демократия. Бул жагынан чех жумурияты менен көп окшош жерлери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG