Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 22:37

Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыктын абалы, Бишкек Жылуулук электр борборундагы чатактын Кытай инвестициясына таасири, Евразия Экономикалык Биримдигинин Кыргызстанга пайда-зыяны тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Абакиров "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Ушул карызды азайтуунун жолдору Экономика министрлигинде, өкмөттө каралып жатабы?

Элдар Абакиров: Алынган насыяны максаттуу колдонуп, мисалы жеке ишкерликке өткөрүп берип, аны иштетип, ошол аркылуу кайра жапсаң, аны жабууну жолдорун жакшы билсең, жылына канча төгөөрүңдү эсептеп чыксаң - мындай насыя алуунун эч кандай коркунучу жок. Ал эми бүгүнкү күндө насыялар жалпы бюджетке басым кылгандыктан кайсы насыя канчалык жакшы колдонулганы - бул да өзүнчө чоң суроо. Максаттуу колдонсок бул маселелердин баары чечилмек.

"Азаттык": Ал эми ошол насыяларды албай койсо же азайтса болобу?

Саид: Тышкы карызга этият болууну сунуштадык

Эл аралык Валюта корунун Кыргызстандын тышкы карыз деңгээлинин өсүп баратканы тууралуу соңку эскертүүсү боюнча “Азаттыктын” суроолоруна аталган уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид жооп берди.

Элдар Абакиров: Дүйнөлүк банктын 2012-жылдагы эсеби боюнча, бизде экономиканын 30-40% чейинкиси көмүскөдө деген маалыматтар бар. Демек биз салыктын жарымын элден чогулта албайбыз. Салыкты чогултуп жолду оңдоп, ооруканаларды, мектептерди кургандын ордуна насыя алып, карызга кирип кетип жатабыз. Салыкты биздин ишкерлерден толук чогулта алсак, насыя алуу маселеси жеңилдейт.

"Азаттык": Бишкек ЖЭБиндеги чатактан улам Кытай тарапка да бир топ сөз тийди окшойт. Кытай - Кыргызстандын эң чоң инвесторлорунун бири. Ошондуктан бул чатак Кытайдын Кыргызстанга инвестиция жумшашына, насыя беришине канчалык таасир этет?

Элдар Абакиров: Албетте, таасири бар. Кытай тараптан, элчилик тараптан: "Эмне себептен биздин насыяларга, Кытай тараптан берилген инвестицияларга сөз тийгизип, жамандап жатасыңар?" деген сөздөр болду. Ошону биздин органдар текшерип, чындап акча уурдалса "Кытай тарап" деп дүйнөдө орду бар өлкөнү каралабай, "ошол жеке ишкана коррупцияга барды" деп айтышыбыз керек.

please wait

No media source currently available

0:00 0:15:32 0:00

"Азаттык": Август айында Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине үч жыл толот. Бул уюмга кирээр алдында Кыргызстандын жетекчилиги өлкө көп пайда көрөөрүн айткан эле. Чынында Кыргызстан ЕАЭБден кандай пайда көрдү?

Элдар Абакиров: Бул жерде пайда да, зыян да болду. Негизги пайда Кыргызстандын товарлары Орусия менен Казакстандын базарларына мурункуга караганда арзан, тез жете баштады. Мисалы, мурун тигилген кийимдердин бир килограммы 90 сомго жетчү, ал эми азыр 30 сомдун тегерегинде болот. Ошондой эле башка тармактарда, мисалы айыл чарбасында да жеңилдиктер болду.

Ал эми зыяны - биздин базарга да Беларустан, Орусиядан арзан өндүрүм аралашып, атаандаштык күчөдү. Ошол эле учурда биздин мурдагы модел “либералдуу экономикада” болушунча бажы төлөмдөрүн нөлгө жакындатып, Кытайдан товарларды алып келип, Казакстанга, Орусияга сатып ортодон пайда көрчү. Бул бүгүнкү күндө басаңдай түштү, анткени мурункудай Кытайдан товары арзан өтпөйт. Чек арада бажы төлөмдөрү кымбаттады, ошондой эле кээ бир биздин өндүрүшчүлөргө да зыяны тийди, анткени алар мурдагыдай арзан чийкизат ала албай калышты.

Бир жагынан Казакстанга, Орусияга товарларды жеңил чыгара баштасак, экинчи жагынан бизге келген товарлардын төлөмдөрү кымбаттады. Муну жөнгө салыш үчүн өкмөт атайын иштерди алып барыш керек. Мисалы, өкмөт чийкизаттын бажы төлөмдөрүн азайтып же жокко чыгарып, ЕАЭБ менен башка өлкөлөр менен иштешибиз керек.

"Азаттык": Еврокомиссиянын бул жыйынында Кыргызстанга байланыштуу кандай маселелер каралат?

Элдар Абакиров: Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык келишим 1990-жылы түзүлүптүр. Албетте, ал кездеги Кыргызстан менен азыркы Кыргызстанды салыштырып болбойт. Европа да өзгөрдү, чоңойду, канча бир өлкө болду. Бизди "демократия аралы" деп жакшы мамиле көрсөткүсү келип жаткандыктан келишимди жаңыртып жатабыз. Биринчи бөлүк - сырткы иштер менен байланыштуу саясий маселелер, экинчи бөлүгү болсо каржы-насыя карым-катнашы.

Ал эми негизги биздин бөлүк - Кыргызстандан Европага, Европадан Кыргызстанга товарлар кандай жүгүртүлүшү керек, тарифтик, тарифсиз чектөөлөрдү колдонуу жолдору, Дүйнөлүк соода уюмунун эрежелерине гана баш ийебизби же андан да тереңирээк киребизби, мамлекеттик сатып алуу кандай болот деген ж.б. 11ге жакын бөлүк бар. Онго жакын мамлекеттик органдардан мүчөлөр келип, муну эки жыл карайбыз. Бул келишимди эки жылда аягына чыгарышыбыз керек.

"Азаттык": Эки тараптуу комиссиянын ишинин жанданышына жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун апрелде Брюсселге барышы канчалык таасир этти?

Элдар Абакиров: Еврокомиссия биздин шайлоого жакшы баа берди. "Силер демократия жолунда бараткан, парламенттик өлкөсүңөр" деп Еврокомиссиянын көз карашы түз десек болот. Мисалы, Чехия акыркы эки жылда Кыргызтан менен аябай жакшы иштешүүдө. Бир топ долбоорлордун үстүндө иштеп жатышат.

"Азаттык": Евробиримдиктин деңгээлинде ушундай иш жүргүзүлөбү?

"Интергельподон" уланган кыргыз-чех мамилеси

Евробиримдик жана Чехия Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасынын бекемделишине жардам берет. Бул тууралуу Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек Кыргызстанга жасаган сапарынын алкагында билдирди.

Элдар Абакиров: Сиз айтып жаткан Чехия менен болгон кызматташтыктын жанданышы адамдарга байланыштуу деп ойлойбуз. Бул эки өлкөнүн элчилеринин, консулдарынын бири-бири менен жандуу иш алып барышынын натыйжасы. Демек сыртта биздин элчилер ушуга өзгөчө көңүл бурса, анда ошол өлкө менен соода, карым-катнаш, инвестиция кадимкидей өзгөрүп кетет. Саясатка эмес, экономикага көбүрөөк көңүл бурсак - ошондо өзгөрүүлөр болот. Эгер биздин жалпы Европа менен соода жүгүртүү ишин карап көрсөк, 3-4 жылда басаңдай түштү. Бирок анын ичинен өзгөчө Германия менен кызуу иш жүрүп жатат. Эгер алтындан башкасын алсак, кургатылган мөмө-жемиштер, бал, өрүк, жаңгак, кургатылган козу карын, анча-мынча текстил бизден Европага экспорттолуп жатат. Ал эми Европадан бизге көбүнчө машине, жабдыктар, косметика ж.б ушу сыяктуу товарлар келет. Бирок жалпысынан соода басаңдай түштү.

"Азаттык": - Буга эмне тоскоолдук болууда?

Элдар Абакиров: - Соода жүргүзүүнү доллар менен карагандыктан, мисалы сомдун баасы долларга карата түшүп кеткенинен да болот. Мисалы, мурун 3-4 жыл мурун 47-50 сом болсо, азыр 70тин тегерегинде. Мындан сырткары биз ЕАЭБге киргенден баштап Казакстанга, Орусияга товар сатуу Европага товар сатуудан жеңил болгондуктан, жеңил жакка ооп кетти десек болот. Европага товар сатуу оор болгондуктан көп ишкерлердин да деңгээли жетпей келет. Азыркы учурда биздин ишкерлер Кытай тарапка чыкканга аракет кылууда, бирок ал тарап оңой менен биздин товарларды киргизбейт. Анткени өз эрежелери бар, тил табышуу оор.

Бирок биз Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинде экспорт бөлүмүн түзгөнбүз. Азыр ал колдон келишинче ишкерлерге экспорт кылууга жардам берүүдө. Кытайга, Казакстанга, Орусияга ж.б. өлкөлөргө товарды кантип сатуу керектиги жөнүндө, кандай эрежелерге жооп бериши керектиги жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG