Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

1916: Улуттук боштондук күрөштүн лидерлеринин бири - Султан Далбай уулу


Борбордук Азиядагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштө баатырлык жана лидерлик сапатын көрсөткөндөрдүн бири – Султан Далбай уулу. Эмесе, бул чыгаан инсан тууралуу тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин макаласына назар салыңыздар.

Көтөрүлүштү эл жүзөгө ашырган

1916-жылдагы көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү каратаман эл болгондуктан, «Улуу Үркүн» - элдик боштондук кыймыл деп аталат. Бирок, көтөрүлүш канчалык элдик болбосун, анын чыгышын жана жүрүшүн уюштурган инсандардын, бай-манаптардын түпкү мүдөөлөрү жалпы калайыктын башына кыйын күн түшкөндө карапайым калк менен эл-жердин эркиндиги үчүн күрөштө элдики менен бирге болгон.

Элинин эртеңки келечеги үчүн чечкиндүү күрөштө ар бир айылда жана болуштуктарда чыгаан инсандар алдыга суурулуп чыгып, калк ичинде кадыр-барктуу манаптар жол башчылык кылып, кыйын кырдаалда элине баш көз болушту.

Эл жакшылары – эл башчылары

Андыктан 1916-жылдагы көтөрүлүштү дагы уюштурган кыргыздын белдүү манаптары болушкан. Алар совет мезгилинде бир беткей «эзүүчү бай-манап» деген жарлык менен караланып келишкен. Манаптар башчылык кылгандыгы үчүн калыстыктан тайып, нукура элдик кыймылга тескери баа берүүгө эч кимдин акысы жок экендигин эгемендигибиз энчибизге тийгенден берки тарыхты жаңыча көз карашта изилдөөгө бет алган мурда жашыруун делип келген архивдик маалыматтардын ачыкка чыгышы менен шартталып турат.

1916-жылы Чүй менен Кеминдеги улуттук боштондук көтөрүлүштүн башында турган манаптардын бири - Султан Далбай уулу эле.

Султан Далбай уулу өзү ким болгон?

Тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун 1914-жылы Уфа шаарындагы «Шарк» басмасынан жарык көргөн «Тарых-и кыргыз шадманийа» (”Шабданга багышталган Кыргыз тарыхы”) [1] китеби аркылуу анын ата-тегине кайрылып өтөлү.

Атакеден - Солтоной, Абылай, Байшүкүр, Жанкиши, Карабек, Таштанбек, Сартай - жети уул.

Атакенин Карабек деген уулунан - Жантай, Телтай, Молтой, Маркозу - төрт уул.

Телтайдан - Шаралдай, андан Далбай, Далбайдан - Султан.

Осмоналы Сыдык уулу ошол 1914-жылкы китепте: “Ал азыр Кичи-Кемин өрөөнүнүн Атаке болуштугунун болушу”, - деп жазат.

Султан Далбай уулунун чоң аталары Телтай менен Шабдан баатырдын атасы Жантай хандын бир тууган болушу анын тектүү манап тукумунан чыгып, эл бийлеген болуш катары калыптанышына шарт түзгөн.

Султандын чоң атасы Шаралдай да элге таанымал, колунда бардар, казак жана башка улуттар менен алака түзгөн адам болгон.

Ошондой эле атасы Далбай Шабдан баатыр менен тең чамалаш болуп, ага-ини катары бирге ойноп, бирге өскөнү эл санжырасында айтылат.

Анын доору тууралуу учкай кеп

Тарыхка кайрылсак, ХIХ кылымдын экинчи жарымында Орусия падышачылыгы Түркстан чөлкөмүн куралдын күчү менен каратып алган соң, оторчулук саясатын ишке ашырууга киришкен. Каратылган жерлерди башкаруу үчүн 1867-жылы Түркстан генерал-губернаторлугу негизделип, ал облустарга, андан үйөздөргө (уезд), алар болуштуктарга (волость) бөлүнгөн.

Султан Далбай уулу жашаган мезгилде Кыргызстан саясий-экономикалык жактан орус падышачылыгына көз каранды болуп, кыргыздардын коомдук-саясий турмушунда уруучулук, көчмөн жашоодогу бытырандычылык, уруулар ортосундагы тирешүүлөр жүрүп, эл билимден, кат-сабаттан кабарсыз эле.

Мына ушундай патриархалдык-жамааттык мамиле өкүм сүрүп турган мезгилде көчмөн элдин башын бириктирип, чачыранды кылбай топтоп башкаруу саясатын жүргүзүлүп, 1867-1868-жылдары «Жети-Суу жана Сыр-Дарья облустарын башкаруу боюнча жоболордун долбоорунун» негизинде Кыргызстанда административдик реформа жүргүзүлүп, айылдар жана болуштуктар түзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо болгон.

Тарыхый маалыматтарда «Жети-Суу жана Сыр-Дарья облустарын башкаруу боюнча жоболордун долбоорунун» 88-беренесинин негизинде болуштук башкаруучу болуп 25 жаштагы, буга чейин соттолбогон, тергөөгө тартылбаган, административдик жаза колдонулбаган жергиликтүү улуттун адамы шайлоо жолу менен 3 жылдык мөөнөткө ал кызматка келген. Мына ушул 1868-жылы Россия империясы тарабынан киргизилген мамлекеттик башкаруунун жаңы аскерий-элдик системасына Султан Далбай уулу түздөн-түз катышып, кыргыз элинин коомдук өзүн-өзү башкаруу системасынын жогорку башчысы болгон болуштук административдик бирдиктин башында турган.

Ошондой эле ал 1897-жылы Атаке болуштунда шайлоого катышып, жеңип чыгып, болуштук башкаруучунун милдетин аткарат.

Жети-Суу облусунун аскер-губернаторунун 1897-жылдын 17-майындагы № 79 буйругу боюнча Пишпек үйөзүнүн Атаке болуштугунун башкаруучусу болуп Султан Далбай уулу 1898-1900-жылдарга дайындалган [2].

Мына ушундай талаптарга жооп берген, улуу менен кичүүгө бирдей мамиле кылып, адамгерчилиги, эки сүйлөбөгөндүгү, боорукерлиги, адамгерчилиги, дүнүйө-мүлккө ачкөздүк кылбагандыгы менен жумурай журтка алынып, Чүй өрөөнүндө урмат-сыйга татыган Султан Далбай уулун эли кастарлап, болуш шайлагандыгы дагы бекеринен эместир.

Көтөрүлүш очогунун жетекчиси

Султан Далбай уулунун эл башкаруучулук, инсандык жана элинин эркиндиги, келечеги үчүн күрөшкөн кашгөй каармандыгы 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштө даана көрүнгөн (бул көтөрүлүш жеңилгенден кийинки баскыч тарыхта “Улуу Үркүн” деген ат менен калган).

1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылдын эң башкы себеби падышачылыктын оторчулук саясатынын күчөшү болсо, ал эми араң турган элдин кыжырлануусун күчөтүп, ачык күрөшкө чыгуусуна падышанын 1916-жылдын 25-июнундагы Жарлыгы болгондугун тарыхчылар тастыкташат.

Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул жарлыкка төмөндөгүдөй түшүндүрмө берип кеткен:

«Түркстан чөлкөмүндөгү жергиликтүү элди аскер иштерине тартуу маселеси 1916-жылы эле чыга калбагандыгы белгилүү. 1910-жылы Түркстан чөлкөмүнүн генерал-губернатору, генерал Самсонов тарабынан бул маселе көтөрүлүп, бирок ички иштер министрлиги аны жактырбай, четке кагат. 1911-жылы ошол эле генерал Самсонов экинчи жолу бул маселени талкууга коюп, бирок сунушу дагы өтпөй калат. Ошентип, бул маселе 6 жыл бою кызуу талкууга алынып, акыры 1916-жылы 25-июнда падышанын Жарлыгы менен жарым жартылай түрдө бекиген. Ал Жарлык араң турган элдин кыжырын келтирип, улуттук-боштондук күрөштүн башталышына шылтоо болуп берген.» [3]

Жашоонун агымы менен кыйналган кыргыз эли үчүн жакшы жашоо келет деген үмүт тилегинин ордуна коомдук жашоо турмуш бузулуп, жерлери тарып, анын натыйжасында малдары жуттан кырылып азайып, жакырданганы аз келгенсип, эр жеткен уулдарын согушка (оорук жумушуна) алышы жергиликтүү элдин акыркы үмүтүнө балта чапкан. Жыйынтыгында Орусия империясынын өзүмчүл саясаты оң таасирин тийгизбестигин түшүнгөн жергиликтүү калк колониялык эзүүгө каршы, боштондук үчүн күрөшкө аттанышат.

Кеминдеги көтөрүлүш очогу

Кыргызстандын түндүгүндөгү көтөрүлүштүн башталышы Кемин өрөөнү менен тыгыз байланышкан.

Улуттук боштонддук көтөрүлүш тууралуу ачык талаадагы оюндан. Кырк-Шейит, Тоң. 05.8.2016.
Улуттук боштонддук көтөрүлүш тууралуу ачык талаадагы оюндан. Кырк-Шейит, Тоң. 05.8.2016.

Тарыхчы Аскар Беделбаев Кемин өрөөнүндөгү көтөрүлүштүн башталышын төмөндөгүдөй маалымдайт. «1916-жылы 3-августта Верный үйөзүндеги Кызылборк болуштугунун, 4-6-августтарда Кастек, Каскелен, Курдай райондорундагы казактар көтөрүлүшкө чыгышкан.

5-август күнү чапрашты казагынан Абды ажы Кеминдеги Коңур жайлоосунда турган Атаке элине көтөрүлүш башталгандыгы тууралуу кабар жеткирген. Бул маалымат ошол эле күнү Кемин өрөөнүндөгү элге толук угулуп, журт башчылары эр азаматтарын баш коштура, көтөрүлүштү баштоого даярданышкан.

6-август күнү Кичи-Кемин өрөөнүндөгү көтөрүлүшчүлөр Болоткандын жетекчилиги менен Россиялык келгиндер отурукташкан Самсоновка (азыркы Боролдой) кыштагына бет алышкан. Аёосуз эзүүдөн жандары ачыган карапайым калк жалпы эле келгиндерди өзүлөрүнүн душмандары катары эсептеп, алардын мал-мүлкүн талай башташкан. Көтөрүлүшчүлөрдүн саны өтө тездик менен өсүп, кагылышуулар күч ала баштаган. Орус келгиндеринин ири кыштагы Самсоновка (Боролдой) камоого алынып, өрөөндүн булуң бурчтарында бал челекчилик, карагайчылык жана жер ченөөчүлүк иштерин жүргүзгөн орустарга кол салышкан. Ошол эле күнү Чүйдү Ысык-Көл менен байланыштырган жолго курулган Желаргы, Тайгак бекеттерин талкалашып, почтоо байланышына пайдаланылган жетимиштей атты олжолошкон. 7-августта Чоң-Кеминде жайгашкан орус кыштагы Новороссийка (азыркы Шабдан айылы) да камоого алынган». [4]

Күбөнүн көзү менен айтылган баян

1916-жылдагы улуттук-боштонтук күрөштүн дагы бир колбашчыларынын бири Ыбырайым Төлө уулу улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу төмөндөгүдөй эскерет:

«Атаке, Сарыбагыш Мөкүш Шабдан баласы баш болуп Атаке айылынан Султан Далбай баласы, Боромбай Сазан баласы, Калбай Калкан баласы, Белек Солтоной баласы-ушул кишилер баш болуп, үч жүз киши менен Самсоновдук казак-орусту камап, Алматы жолуна жана Кашка жолуна кароол коюп турган. Ошол убакытта Шабдан баатырдын мечитине Жантай балдары, Сарыбагыш элдеринен Калмаакы Байтуума ажы, Чертике Абдрахман болуп жана Кемел Шабдан баласы, Аман Шабдан балдары менен акылдашып кандай амал кылабыз дешти. Төлө ажы «Атаке, Сарыбагыш силерге мен карылык кылып башынан айткамын, тынч тургула деп, тилимди албай чоң козголоң салып алдыңар, эми бат эле көрөсүңөр орустан көргүлүктү» деди. Олтурган кишилер: ырас, Төлө ажынын карылык кылып айткан сөзү деди.

Кемел Шабдан баласы айтты: “Болоор иш болду, чоң ажыдаардын куйругун басып алдык, Николай падыша биздерди бул жерге эч кандай жашатпайт, ушул кезде көл башы, Текес жана Ысык-Көлдүн тескей тарабынын жолдору, ашуулары ачыгыраак жана Ысык-Көл айланасында турган Пржевал үйөзүнө караган бир нече болуш эл, Бугу, Саяк атактуу-ушулар дагы бунт чыгарды деген сөз угулуп турат. Ал анык болсо, аныгын билүүбүз керек да көчүш керек”. Ошол кишилер «Ырас, Кемел Шабдан баатырдын баласынын айтканы» - деди. Калктын башына абдан катуу иштер түшүп турат.» [5]

Орус архивинен маалымат

Орусия Федерациясынын Мамлекеттик архивиндеги полиция департаментинин «1916-жылдагы өзгөчө бөлүмүнүн» документалдык материалдарына таянсак, “Ооганстандагы, Хивадагы, Бухарадагы жана Түркстан чөлкөмүндөгү толкундоолор тууралуу” - «О волнениях в Афганистане, Хиве, Бухаре и Туркестанском крае» [6] аттуу көктөмөдөгү иш кагазда 1916-жылдын декабрында Пишпек, Пржевальск үйөздөрүндөгү боштондук көтөрүлүштүн чыгуу себептери боюнча падышага ротмистр Юнгемейстер тарабынан баяндама жөнөтүлгөн.

Бул архивдик маалыматта далилденгендей, Кемин өрөөнүндө көтөрүлүш башталаары менен Ысык-Көлдүн түндүк жээги аркылуу Мөкүштүн каты чабармандар коштоосунда жөнөтүлгөн.

Кат жеткен жерде көтөрүлүш башталып турган.

Аталган катта : «Малыбайга (Бакачы болуштугу), Талканбайга (Жаныбек болуштугу) ж.б. - Сарыбагыш манаптарынан таазим. Биз козголдук. Арык жана Белек манаптары бул кабар жетээри менен элди көтөргүлө. Биз Баатыр Ажынын, Шабдандын туусу астында Боролдойдо чогулуп жатабыз», - деп айтылган. Каттын аягында 30га жакын мөөр басылган. [7]

10-августта Пишпек үйөзүнүн башчысы (начальниги), подполковник Ф.Г.Рымшевич Жети-Суу облусунун аскер губернатору М.А.Фольбаумга Самсоновка станциясындагы жазалоочу отряд менен көтөрүлүшчүлөрдүн кагылышуусу тууралуу телеграмма жөнөткөн.

Анда 10-августта Атаке, Сарыбагыш, Тынай, Жаныш болуштуктарындагы кыргыздар кыштакты тоноп, куралдуу көтөрүлүш менен адамдарды өлтүрө башташкандыгын жазып, көтөрүлүштү басуу үчүн куралдуу кагылышта 100дөн ашуун кыргыз өлтүрүлгөндүгүн, өзү Самсоновка кыштагында жайгашып, карамагында куралчан 30 солдат гана бар экенин белгилеп, кыргыздар күн сайын чабуул жасап, станцияны атып жатканын айтып, көтөрүлүштү басуу үчүн 200 адамдан турган батальонду, 2 пулемёту менен сураган. Телеграмманын аягында буйрук күтөөрүн, абалдын өтө оор экендигин белгилеп өткөн. [8]

Тарыхчы Белек Солтоноев баяндайт

Салгылашууну өз көзү менен көргөн белгилүү кыргыз окумуштуусу Белек Солтоноевдин маалыматтары боюнча 7-августта атаке, сарбагыш эли Чоң-Кеминдеги орустун малын талап алып, тоодо жана талаада жүргөн бирин-серин мал баккан эгинчи орустарды өлтүргөн. Жол-Булактагы Кардоон менен Аразооттун калганын талап алган.

Тарыхчы Белек Солтоноев (1878 -1937).
Тарыхчы Белек Солтоноев (1878 -1937).

Андан ары алгачкы кыргыз тарыхчысы окуяны төмөндөгүдөй сүрөттөйт:

«Мен ушул күнү мойнумдагы Николайдын знагын үзүп ыргытып жиберип, жанымдагы печатын таштап жана канцеляр кагаздарын сууга салып, кедей-дыйкан, букарага кошулуп, көтөрүлүшкө кошулдум. Бирок пристав аскери менен келип, Жел-Арык, Бөрүбайдагы көтөрүлгөн кыргыздарды кубалаптыр, эми Чоң-Кеминге келип, бузукту басат экен деген сөздү угуп, кокустан келип калса билдирбегеним үчүн мени аттырып жиберет экен деп заявление жазып, Баялы деген жигитти жибердим. Ал кайтадан келбеди. Анын Ак-Бекет, Быстровкалык дыйкандар (крестьяндар) тарабынан өлтүрүлгөнү кийин маалим болду.» [9]

Окуяга өз көзү менен күбө болгон Б.Солтоноевдин бул айткандарын архивдик маалыматтардагы Пишпек үйөзүнүн начальниги Ф.Г.Рымшевичтин Жети-Суу облусунун аскер губернатору А.И.Алексеевге үйөздөгү көтөрүлүштүн жүрүшү жана ага карата көрүлгөн чаралар боюнча 1916-жылы 28-ноябрдагы баяндамасы (рапорту) далилдейт. Ал 7-августта Верный үйөзүнө жөнөтүлгөн Атаке болуштугунун № 10 айылындагы ардактуу кыргыз «Абдулла Баякин өлтүрүлдү» деген маалымат менен бирге көтөрүлүш башталды деп белгилеген. Ошондой эле көтөрүлүш башчылары тууралуу ал төмөндөгүдөй маалымат берет.

«Тут мне сообщили, что в главе движения в Атекинской волости стоял Султан Долбаев, Боромбай Сазанов и Баимбет Боромбаев, а в Сарыбагишевской волости Алагуш Джантаев с сыновьями, что все горы Малой Кебени до Боамского ущелья заняты скопищами киргизов, которые, выставив отдельные пикеты, зорко следят за появлением русских, и при появлении грабят и убивают, позволяя издевательство над мертвыми телами.» [10]

Эки Кеминдеги ири көтөрүлүш очогу

Жогорудагы маалыматтардан дайын болгондой, 1916-жылы август айынын алгачкы он күндүгүндө (6-7-августта) Эки Кеминдин эли колониалдык бийликке, падыша аскерлерине каршы куралдуу күрөшкө чыкканда, айтылуу чоң манап Шабдандын балдары Мөкүш, Кемел, Исамидин, Аман жана ал кездеги болуш Белек Солтоноевдер демилгени колго алып, элдик кыймылга жетекчилик кылышкан, - деп [11] кыргыз тарыхчылары тарабынан айтылып келген.

Ал эми Пишпек үйөзүнүн башчысы, подполковник Ф.Г.Рымшевич бул мезгилдеги көтөрүлүштүн жетекчилери жөнүндө төмөндөгүдөй маалымдайт:

«Тут уже играль первенствующую роль киргиз Атекинской болушти Султан Долбаев, а его приспешниками были Макуш Шабданов и Белек Солтанаев. Они убеждали с помощью мулл киргизов начать форменную войну с русскими, обещая убитым рай. Все решили в случае неудачи скрытся в Китай» [12]

Пишпек үйөзүнүн башчысы, подполковник Рымшевичтин баяндары окуянын курч мүнөздө өтүп, көтөрүлүштүн эң таасирлүү жетекчилеринин бири Султан Далбай уулу болгондугун айгинелейт.

Август айынын алгачкы он күндүгүндө ушул көтөрүлүш башчыларынын күчтүү биримдиги менен Кемин өрөөнүндө элдик көтөрүлүш болуп көрбөгөндөй күч алып, аёосуз эзүүдөн жапа чеккен эл колонизаторлорго каршы жапа тырмак баш көтөргөн.

Мөкүш Шабдан уулу хан жарыяланган

1916-жылы 9-августта Атаке жана Сарыбагыш болуштугундагы эл Чоң-Кеминдеги Шабдандын мечитине кеңешке чогулуп, Мөкүш Шабдан уулун хан көтөрүшкөн. Анын кол алдында Атаке болуштугунан чыккан Алымкул Таабалды уулу (Табалдин) 100 башчысы болсо, [13] Сарыбагыш болуштугунун тургуну Ыбырайым Төлө уулу 25 мергенди баштап Көк-Жондо орустардын мизин кайтарган.

Ал 9-августта Балыкчыга кире бериште 178 мылтыкты, 34 миң окту Пржевальск үйөзүнө тартып бара жаткан арабаларды, орус аскерлеринин жолун тороп, арабалардагы курал-жаракты тартып алганы белгилүү.[14]

Көтөрүлүш башталган алгачкы күндөрдө эле Султан Далбаев, Белек Солтоноевдер элди өзгөчө үндөө менен күрөшкө катуу чыгышкан. Алар «орустарды Ташкентке чейин кууп салуу» урааны менен элге кайрылышкан. Мунун өзү эле көтөрүлүш лиделери падышачылыктын үстөмдүгүнөн, бийлигинен арылып, мамлекеттик эгемендикке жетүүнү көздөшкөндөрү билинип турат.

Үркүн – арга жоктогу чара болгон

Көтөрүлүшчүлөр канчалык буктурма коюп аракет кылышканы менен куралданган орус отрядына туруштук бере алышкан эмес. Ошентсе да, көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, окуяны өз көзү менен көргөндөрдүн айтуусунда, Султан Далбай уулу сыяктуу аттуу-баштуу жетекчилер оңой эле орустарга багынбай айбаат кылып, элин кыргындан акыр аягына чейин коргоого аракет кылышкан.

Акыркы амалдары түгөнгөндө гана калк камын ойлоп, көтөрүлүштү жетектеген журт башчылары кеңешип, айласыз журт которууга дуушар болуп, аргасыз Кытайды көздөй качышат.

Кыскача корутунду

Ошентип, бул катаал күрөштө куралы начар кыргыз эли эркиндигине жете албай, чоң жоготууларга, кызыл кыргынга учурады.

Деги эле эң кыйын согуштук тактикасын түшүнгөн стратег аскер башчысы жетектеген күндө да, алардын аракети 1916-жылы ийгиликке жетээри эч мүмкүн эмес эле. Анткени күч-кубаттуу, чоң армиясы бар өлкө үчүн чачыранды, куралы начар, кубаттуу эл аралык шериги жок калкты каратуу кыйла жеңил болду.

Антсе да, боштондук, эркиндик, мамлекеттик эгемендик деп кылымдар бою эңсеп келген кыргыз элинин бул көксөөсү 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш маалында эгемен хандыкты жарыялоо сыяктуу далаалаттары аркылуу тастыкталган. Бул сыяктуу далаалаттарды улам жаңы түрдө жүзөгө ашырып, акыры, ушул эле XX кылымдын ичинде, кыргыз эли өз эгемен мамлекеттүүлүгүнө жетишкен.

Жыйынтыктап айтканда, 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөштү Султан Далбай уулу сыяктуу кыргыздын таасирлүү журт башчылары баштагандыгы архивдик маалыматтар менен тастыкталды. Бул чыгаан жана патриот инсандын бейнесине болочокто да жакшылап кайрылуубуз, аны даңазалообуз абзел.

Эркиндик, боштондук, эгемендик деп кан какшап кылымдар бою эңсеп келген, ошол тилегине кан төгүүсүз жеткен эл үчүн 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш окуясы окуя эч убакта эстен чыккыс, ар убак эскерилип, эсине келтирип туруучу улуу сабак катары улам жаңы муундун жүрөгүнөн түнөк тапса демекчибиз. Андыктан аз деп неге корунабыз, жок деп неге жөн жүрөбүз. Улуу тарыхтын учугун улоо, үзүлгөнүн куроо, архивдик материалдар аркылуу тарыхтын тактыгына жетүү - эми биз сыяктуу жаш илимпоздордун кечиктирилгис милдеттери деп эсептейбиз.

Тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев. 21.10.2016.
Тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев. 21.10.2016.

Колдонулган адабият тизмеси:

1. КР БМА . Ф.2809. оп.1.д.145.

2. Казакстан БМАсы. Ф.44. Оп.1. сб. 931. Б.10-13.

3. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. - Бишкек: Бийиктик, 2012. 62-бет.

4. Кемин өрөөнүндөгү боштондук күрөш // Рух кенчи. - 2008-ж. - № 7, август.

5. Үркүн. 1916. Тарыхый-даректүү очерктер. – Бишкек, 1993. - 193-бет.

6. РФ Мамлекеттик архиви. Ф.102. Оп.1. д 366.

7. Өзбекстан Республикасынын БМАсы. Ф.и.461. оп.1. сб.1888, 60-бет.

8. Восстание в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. - М., 1960. - С 338.

9. Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. - 2-китеп. – Бишкек, 1993. - 98-бет.

10. Восстание в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. - М., 1960. - С 384.

11. 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. - Бишкек: Бийиктик, 2012. - 29-бет.

12. Восстание 1916 года в Кыргызстане. Cборник документов. - Бишкек. 2011. - С. 157.

13. Восстание в Средней Азии и Казахстане. Сборник документов. - М., 1960. - С 387.

14. ЦГВИА РФ, Ф.400. оп.; д. 40, л. 321.

Жумагул Байдилдеев,

И. Арабаев атындагы КМУнун доцентинин милдетин аткаруучу,

тарых илимдеринин кандидаты, публицист, журналист.

XS
SM
MD
LG