Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 13:55

Акталуунун узакка созулчу азабы


«Ата-Бейит».

1920-жылдан 1953-жылга чейинки Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктарынын 10 томдук «Эскерүү китеби» жарык көрдү.

Анда мамлекеттин өкүмзордугунан жок кылынган 17 миңден ашуун адамдын архивдик маалыматтары камтылган. Албетте, репрессияга андан көп киши туш келген.

Сыздаган жесирлердин, боздогон жетимдердин ыйы

«Эскерүү китебине» баш сөз жазган Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков автордук жамааттын үч жылдык талыкпаган эмгегинин натыйжасын мындайча сыпаттаган:​ «Бул китеп - сай-сөөгү сыздаган жесирлердин, боздогон жетимдердин жана ырайымсыз, ыймансыз массалык репрессиядан өмүрү бейкүнөө кыйылган эр-азаматтардын адам чыдагыс кайгысынан, каны менен жамгырдай төгүлгөн көз жашынан жуурулган улуттук кайгы. Китептин ар бир барагы адам акылына сыйбаган мыкаачылыкты, кара өзгөйлүктү, элдин тарткан азап-тозогун, көкүрөктүн өчкүс күйүтүн баяндап турат».

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Совет бийлиги аткарылышы арсар коммунизм идеясын алдыга жайып, ага жетүүнүн жолу катары аёосуз зордук-зомбулукту тандап алган. Миллиондогон адамдар сүргүнгө айдалган, ишти ыктуу уюштура албагандыгынан ошончо адам ачарчылыктан кырылган, ал эми атылган, жеринен зордоп көчүрүлгөндөр менен камалгандардын санын айтып олтурсак, өкүмзор системанын кандай болгону кашкайып ачыкка чыга келет.

Саясий куугунтуктан жок кылынгандарды актоо иштери социализм кулагандан кийин күчөп, 1996-жылы Кыргызстанда атайын жыйнак чыккан. Ал китепте 4466, кийинки жылы чыккан экинчи жыйнакта 3814, жалпысынан 8280 адам репрессияланганы маалымдалган. Жаңы чыккан «Эскерүү китебинин» кириш сөзүн жазган Болот Абдырахманов менен Төлөбек Абдырахманов белгилешкендей, өткөн кылымдын соңунда дурус башталган иш солгун тартып, кийин токтолуп калган. 2013-жылдан тартып Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлер тобу менен Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулары биргелешип үч жыл ичинде 13,5 миңден ашуун бейкүнөө репрессиялангандардын архивдик маалыматтарын чогултушту.

«Эң эле оптимисттик эсептөө боюнча алган учурда да бул жыйнакка республикада мамлекеттик террордун 17 миңден көбүрөөк курмандыктардын аттары гана киргизилди», деп жазат Болот Абдырахманов менен Төлөбек Абдырахманов.

Кыйла жылдар бою «жашырын сыр» катары сакталып келген архивдик маалыматтарды иреттеп, ыраатка салып чыгуу түйшүгүн мойнуна алган илимпоздордун аракети менен «Эскерүү китеби» ошентип жарык көрдү. Болот Абдырахманов - бул ишке 30 жылдан ашуун убактан бери аралашып келаткан адис.

«Убактысы менен токтоп аттык, бирок кийинки 7-8 жылда катуу иштеп, буюрса мына соңуна чыктык. Китепти өз каражатыма бастырдым. Анан дагы башка долбоорлор болуп, буга кошумча дагы үч том чыкканы жатат. Иликтөөнүн статистикасы, репрессиялангандардын канчасы орус, канчасы кыргыз, канчасы инженер, канчасы дыйкан дегендерчи... Ошонун баарын санап чыкканбыз, ошол үч том басылганы турат, азыр терүүдө. Тарыхчыларга, адистерге ошол аябай кызык китеп», - дейт Болот Абдырахманов.

40 жыл катылган сыр

«Ата-Бейиттин» кыйла жылдарга катылган сырын жалпыга жарыя кылган Бүбүйра Кыдыралиеванын аракети кандай тоскоолдуктарга кабылганын айтып отурса узун сөз. Атасы Абыкан коопсуздук кызматынын эс алуу үйүнүн кароолчусу болуп 1930-жылдан 1939-жылга чейин иштеп, эс алуу үйү жабылган соң колхозго кирип, кийин согушка катышып, андан 1945-жылы экинчи топтогу майып болуп кайткан. Кызы Бүбүйра колхоздо иштеген, билим алган. Токсондон ашкан апа - төрт бир туугандан жалгыз калганы. 1975-жылы атасынан айрылган. Катылган сырды качан укканын Бүбүйра апа мындайча эскерет:

Бүбүйра Кыдыралиева.
Бүбүйра Кыдыралиева.

- Атам 1930-жылдан 1939-жылга чейин ошол жерде жашадык. Анан 1939-жылы бир немис башчысы бар экен, ошол айтыптыр, «согуш болот» деп. «Сен эми колхозго кир» деген го. Ал немис айткандай эле 1938-жылы баарын жапты, 1939-жылы баарын тазалап, алганын алып туруп Воронцовка колхозуна келдик. Саанчылар флягасын койгон жерден бир бөлмө үй беришти. Ошол жерде жашадык. 1939-жылдан азыркы убакка чейин атамдын үйү Воронцовка колхозунда, үйүбүз ошол айылда. Төрт бир тууган элек, мен гана жалгыз калдым, каза болуп калышты.

Атам болсо 1975-жылы дүйнөдөн кайткан. Атам өлө элегинде айтып, бардык ишти дайындап, «сырды тиги дүйнөгө алып кетпейин» деп суранганынан чуркап, айтарга киши издеп, кагылайын, эки дүйнөдө ыраазымын, Болот Абдырахманов деген чекист баланы издеп жүрүп таап айтып, көргөзүп, ачып, азыр музейи тургузулуп калды. Эли-журтум эле эмес, бүт дүйнөдөгү кишилер келип куран окуп, таазим кылышат. «Ата-Бейитти» ошентип ачтык. Фабрика Микоян деген жерде иштеп пенсияга чыктым.

- Үй бериштиби, сизге?

- Үйдү да жакында эле беришти. Ой, кокуй, менин көргөнүмдү эч ким көрбөсүн. Үй беришти, эки бөлмө үйүм бар. Өкмөт ошондой үй берди.

Бүбүйра Кыдыралиева Фрунзедеги Микоян деген тигүүчү ишканадан пенсияга чыгып, ушу тапта Бишкектеги үйүндө жашайт.

Кайрандарга эстелик

«Эскерүү китебинин» бет ачарына келген Болот Абдырахмановдун апасы Күлүйпа Жумаева жаңы эмгектин маани-жайын минтип чечмеледи:

«Совет өкмөтү бизге чейин кыргызды жаман кырыптыр да. Аттуу-баштуу азаматтардын баарынын сөөгү кийин ошол жактан чыкты. Килейген чуңкурга эле таштай беришиптир».

Ал эми Болот Абдырахманов репрессияга кабылгандар тууралуу архивдик маалыматтар Орусиянын 50 субъектисинде «Эскерүү китептери», «Тарыхтын актай барактары» аталышы менен көп томдук болуп чыгарылганын, Орто Азия чөлкөмүндө 10 томдук Кыргызстанда чыгып жатканын белгилеп, көлөмдүү эмгек 2013-жылдан 2017-жылга даярдалып, ага 20 миңге жакын адам киргенин, чыгардан мурун китеп кыргызчага которулганын белгиледи. Эмне үчүн китепке 1920-жылдан 1953-жылга чейинки маалыматтар гана камтылышынын себеп-жөнүн ал мындайча түшүндүрдү:

Болот Абдрахманов.
Болот Абдрахманов.

«Бул жерде 1920-жылдан 1953-жылга чейинкилер гана топтолгон. Эмне үчүн 1920-жылдан бери деген суроо пайда болушу мүмкүн. Совет бийлиги Кыргызстанга 1918-жылы келгени менен, алгачкы эки жылда ЧКнын кеңсеси Ташкентте турган. 1918-жылдан 1920-жылга чейинки архивдик маалыматтардын баары Ташкентте. Биздин Коопсуздук комитеттин архиви 1920-жылдан башталат. Ошол 1920-жылдан 1953-жылга чейин, башкача айтканда, Сталин өлгөнгө чейинки 33 жыл ичиндеги ушу 20 миң адамдын маалыматы камтылды. Бул жерде карыган аксакалдан баштап кичинекей балдарга чейин, кыргыздан баштап Кыргызстанда жашап аткан 50 улутка чейин кыргызстандык улуттардын өкүлдөрү камтылды. Чоң-Таштан сөөгү чыккан жетекчиден тартып дыйкандар, жумушчулар, студенттер, окумуштуулар бар. Алардын социалдык курамын талдаган өзүнчө бир маанилүү жумуш уланып жатат. «Ата-Бейитте» 137 адамдын ысмы ташка чегилип турат. Репрессияга туш келген башка адамдардын сөөгү кайда жатканын билбейбиз. Мына бул 10 томдук китеп ошол репрессияга дуушар болгондорго биздин эстелигибиз деп ойлойм».

Репрессияга жалгыз Төрөкул Айтматов эмес, үч жакын адамы да туш келген. 1937-жылы колу кандуу Ежовдун «эл душмандарынын» жакындарын жазага тартуу боюнча буйругу чыгып, абалдын оорлошуп баратканынан чочулаган Төрөкул Айтматов аялын төрт баласы менен Шекерге жөнөтөт. Ошондогу наристе Роза Айтматова катаал мезгилди көзүнө жаш алып эскерди:

Роза Айтматова.
Роза Айтматова.

«Анан ошол Шекерге баргандан кийин атабыздын дагы үч бир тууганы камалып кетти. Алымкул деген аталаш агасы, Өзбек деген иниси, анан бир тууган Ырыскулбек деген иниси. Педтехникумда окуп жүргөн жаш жигит, окуудан чыгарылып Шекерге келген экен. Айылда биздин жаныбызда жүргөндө, Чыңгыз агамдын эскерүүсүндө жазганы бар, «бир күнү түндө уктап атып ойгонуп кеттим. Ойгонуп кетсем үйдө формачан кишилер жүргөн экен. Ырыскулбек акем кийимин кийип: «Чыңгыз, сен коркпо, мен кайра келем!» деп айтып, ошентип аны алып кетишти» дейт. Бул жердеги фильмден биздин атабыздын тарыхын көрдүңөр, азыр. Аны билчүбүз, бирок бир туугандарынын тагдырын билчү эмеспиз. Бая күнү Болот Жумашевич телефон чалып, «ушинтип китептер чыкты» деп калды. Анан мен андан: «Айтматов Ырыскулбек бар бекен?» деп сурап атпаймбы. «Айтматов Ырыскулбекти эч жерден издеп таппайбыз» десем: «Макул, карап көрөлү» деп беш мүнөттөн кийин кайра телефон чалды. Азыр компьютерден табыш оңой да. «Айтматов Ырыскулбек , Шекер районунан, 1912-жылы төрөлгөн, антисоветтик иш-аракеттери үчүн сүргүнгө айдалган» деди. Анан мага окшоп таппай жүргөндөр бар да. Ошо 20 миң, баары эле жашыруун болуп туугандарына, үй-бүлөсүнө билинбей калган. Мына бүгүн ушул китеп бир чыгып, ар ким өзүнүн туугандарын, издеген кишисин таап алса болот. Көрсө болот. Бул эми бирөөлөр ойлойт чыгар, «бул эмне, качан өтүп кеткен нерсе» деп. Мисалы үчүн Ырыскулбек акем жөнүндөгү маалыматты мен 82 жылдан кийин билип атам. 82 жыл мурун кайда кеткенин, кайда калганын билбейбиз. Мына ушинткен, мага окшогон кишилер көп болуш керек деп ойлойм».

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ушу кезге чейин беш миңден ашуун гана киши гана акталып, калганы актала элек экенин, бул процесс аябай эле бюрократташтырылганын эске салды. Ал толгон-токой тоскоолдордон чочулап, репрессиялангандардын жакындары арыз беришпегенин айтты. Эл өкүлү мамлекеттин куугун-сүргүнүнө кабылгандарды жалпы мыйзамдын негизинде актоого мезгил жеткенин билдирди:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«14 миңи эмгиче актала элек. Себеби аны акташ үчүн азыркы мыйзам боюнча тууган-туушкандары гана КГБга арыз менен кайрылат. КГБ уруксат берсе - а бирок 90% учурда уруксат бербейт - ошол документти алып, адвокат прокуратурага кайрылат. Прокуратура макул болсо гана сотко барат. Анда да сот макул болсо гана актайт. Тирүү адамды соттогондой, биз азыр репрессия болгондордун 96% актай элекпиз. Ушул ыргак менен актасак 150 жылда актап бүтөт экенбиз. Ошонун кереги барбы?»

Репрессияга кабылган адамдардын так санын аныкташ кыйын. Тарыхтын катаал учуруна аралашып, кыргындын камчысын чапкандардын көбү бийлик адамдары болушкан. Алардын кыйласы кызыл кыргынга туш келип, башкалары кийин колу менен кылганын жаап-жашыруу аракетине өтүшкөн. Маанилүү документтердин кыйласы жок кылынган. Анын үстүнө мурдагы эңгезердей өлкө чачырап бөлүнүп кеткенден бери ар кайсы жерлердеги архивдердеги маалыматтарга жетүү да кыйын болуп калды. Кандайынан келгенде да, Кыргызстан окумуштууларынын аракети менен жасалган иш ак жеринен айыпталынып жок болуп кеткен кайрандарды эскерип, алардын качан, кандай жазага кириптер болгонун ачык маалымат аркылуу билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Болот Абдырахманов он томдук жеке каражатка чектүү нускада чыгарылганын айтып, анын электрондук версиясы жакын арада жарыяланып калышы мүмкүн экенин ырастады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG