Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:27

Репрессия курмандыктарын актоо создукту


«Ата-Бейит».

1937-жылы 30-июлда НКВД «антисоветтик элементтерди» жок кылуу боюнча буйрук чыгарып, репрессия күчөгөн.

«Эл душмандарын» эртерээк таап, аларды катаал жазага тартуу боюнча жер-жерлерге көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, иш пландуу негизге салынган.

Жарым жылга жетпеген убакыт ичинде совет өлкөсүндө 1,7 миллион киши камакка алынып, анын теңинен көбү атылган. 1937-1938-жылдар репрессиянын күчөгөн учуру катары тарыхка кирди. Анын курмандыктарын актоо узак жылдарга созулду.

Кандуу буйрук

НКВДнын буйругуна ылайык жаңы бийликтин жалаасына туш келгендерге убакыт коротуп, укуктук эреже-талаптарды сактап убакыт кетирбей, кадимки «үчилтикти» колдонуп «жат элементтерди» эртерээк жок кылуу милдети коюлган. Ошентип эңгезер өлкөнүн канды булоону жайылган.

Анын натыйжасы кандай болгону ушу кезге чейин ар тараптуу изилдене элек. Репрессия курмандыктарынын так саны белгисиз, болжолдуу статистика менен келатабыз.

Мамлекеттин өз элине ачкан урушунда «эл душманы» эсептелген карапайым адамдан тартып бүтүндөй бир журт, саясий топтор, жаңы бийликти жактырбай каршы чыккандар менен совет өлкөсүнө чын дилден кызмат кылгандар, билимдүү-билимсиз инсандар, баласы-карысы дебей баарысы туш келген. Бала болсо жетимдер үйүнө өткөрүп, аялы болсо аны атайын ак жоолукчандар үчүн даярдалган абак жайга тыгып, атылгандан калганы түрмөгө отургузулуп же сүргүнгө айдалып, ал жактан саналуу гана кишилер айылына кайткан.

Ушу кезге чейин изилдөөчүлөрдү таңданткан маселе - куугунтукка кабылгандардын 90% ашууну бийликке каш кайтарчу «саясий элита» же башкаруу тизгинине илинбеген карапайым адамдар болгону.

Саясат менен бийликтин «улак тартышынан» алыс пенделердин эмнеликтен курмандыкка чалынып кеткени ушу кезге чейин табышмак. «Кызыл кыргын», «большевиктик террор» өз колу менен жасаган кылмыш иштерин жаап-жашырып, социализм заманында совет бийлигине каршы чыккандарды жок кылуу, душмандын мизин кайтаруу менен гана жашап келатканын айтып, коммунисттер жалпы эл алдындагы кандуу кылмышын актоого жетишкен.

Ошондуктан эч кандай тергөө, күбөлөрдү, актоочуларды катыштырбай, кыска убакыт ичинде өкүм чыгарып, айыпкердин акталышына мүмкүндүк бербей, аны жок кылуу репрессия күчөп турган шартта көнүмүш ишке айланган. Негизи эле совет заманында адам укугунун сакталышына көңүл бурулчу эмес.

Өкүмзор-буйрукчул бийлик тушунда мурдагы СССРдин 11 калкы турган жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. Немистер, поляктар, калмактар, карачайлар, балкарлар, ингуштар, чечендер, крым татарлары, корейлер, финндер туулган жеринен көчүрүлүп, Сибирге, Казакстанга, Орто Азия республикаларына айдалган. Улуттук негизде куугунтукка кабылган калктардын болжолдуу саны 6 миллион ашуунду түзөт.

Орусиялык «Мемориал» уюмунун ырастоосуна караганда, саясий репрессияга СССР калкынын 11,5 миллиондой адамы туш келген. Документ негизинде ырасталган мына ушул болжолдуу статистика деле сталиндик система тарабынан жасалган оор кылмыштын кандай экенин көрсөтүп турат.

Куугунтук курмандыктарын актоо, алардын иш-аракетинде эч кандай кылмыштын белгилери жок экендигин ырастоо жараяны Сталиндин көзү өткөндөн кийин башталган. Бул иш 1961-жылга чейин улантылган. «Жеке адамга сыйынуунун кесепеттерин жоюу», «партиялык иште лениндик принциптерди калыбына келтирүү» деген аталыш менен жүргөн жараян аягына чыкпай калган. Сталиндин көзү өткөндөн кийин коомдо «реабилитация» – «актоо» деген сөз өтүмдүү чыгып, алгач большевик жетекчилердин жакындары, жогорку бийлик тепкичинде отургандардын аялдары, инилери, жакын адамдары камактан бошотулуп, партиялыгы калыбына келтирилген. Мунун артынан миллиондогон курмандыктардын жакындарынын акыйкат издеген арыздары жаап, Коммунисттик партиянын жетекчилери актоонун жаңы этабы башталган.

Башталып ташталган иш

Реабилитациянын кенен жайылган учуру деп 1954-жылды айтса жарашат. Ушул жылдын майында борбордо жана жер-жерлерде атайын комиссиялар түзүлүп, анда абакта отургандардын, ак жеринен атылгандардын жакындарынын арыздары каралып, актаган чечим чыгара башташкан. Комиссияга айыпталгандарды толук актоо, мунапыс берүү, коюлган айыпты кайра кароо укугу берилген. Эки жыл ичинде комиссия 337 миң ашуун кишинин кылмыш иштерин карап, чечим чыгарган. Анткен менен бул иш аягына чыккан эмес. Анткени коммунист төбөлдөр кечээ эле өздөрү жасаган же тиишеси бар кыңыр иштердин ачыкка чыгып кетишинен чочулап, ар бир ишти эчен электен өткөрүп чечим кабыл алышкан.

Никита Хрущевдун 1956-жылы коммунисттердин ХХ съездинде жеке адамга сыйынуунун кесепеттерин жоюу боюнча айтылуу докладынан кийин репрессия курмандыктарын актоо иши кайра жанданып, СССР Жогорку Советинин президиумунун алдында жаңы комиссия түзүлгөн. Жарым жыл ичинде мына ушул комиссиянын чечиминин негизинде абакта отурган 81 миң киши боштондукка чыккан, 177 миң кишинин иштери каралган. Комиссия 1956-жылдан 1960-жылга чейин кызуу иштеген. Бул комиссия менен бир убакта борбордо жана жер-жерлерде прокуратура, соттор тарабынан да көптөгөн иштер кайра каралып, жүз миңдеген адамдар акталган. Прокуратура кызматкерлери кылмыш иштерди кайрадан карап, айрым күбөлөрдү сурап, тергөөчүлөрдү чакырып, жыйынтыгында кылмыш иштерин жаңы ачылган жагдайларга жараша бузуу тууралуу өтүнүч киргизишип, ишти сотко өткөрүшкөн.

Ар кандай иштин артына бюрократиялык «калбыр» байлоону адат кылып алган большевиктер бийлиги укуктук жагынан актоого «партиялык реабилитация» дегенди кошуп койгон. Төрт жыл ичинде 31 миң кишинин партиялыгы калыбына келтирилген. Бул иш Партиялык көзөмөл комитети тарабынан жүргүзүлгөн, ал эми Көзөмөл комитети - ССКП БКнын карамагында түзүлгөн кызмат. Никита Хрущевдун тушунда күрдөөлдүү башталган саясий репрессияларды актоо иштери 1961-жылы токтолуп, саясий жагынан маанилүү жумуш аягына чыкпай калган. Анын бир топ себептери бар эле. Репрессия темасын терең иликтеп, калыс баасын бергенде ошол кездеги партиялык, коопсуздук тармагындагы жооптуу кызматтагы адамдардын көбүнүн кылмыштуу иштери булайып ачыкка чыгып калмак. Ошон үчүн актоо иргөө жолу менен, белгилүү инсандардын гана тегерегинде жүрүп, иш тереңдеп баратканда токтотулган.

Никита Хрущев совет өлкөсүн башкарып турганда репрессиянын күнөөкөрү катары жалгыз Сталинди, ага сыйынууну гана белгилеп, анын камчысын чаап, репрессиянын күчөшүнө кол кабыш кылгандарды айтпай, соңунда өзү баштаган ишке көңүлү сууп, токтоттуруп койгон. Анткен менен анын тушунда жүз миңдеген адамдар адилеттикке жетти, ак жеринен жалаа жабылып, репрессия курмандыгы болгондордун көбү акталды. Репрессиянын илеби кайтып, бирок ал биротоло токтогон жок. Н. Хрущевдун бийлигинин тушунда, андан кийин саясий куугунтукка кабылгандарды акыл-эс оорусунан жабыркагандардын бейтапканасына жаткыруу, жарандыктан чыгарып чет жерге айдап ийүү өнөкөтү чыга баштаган.

Хрущевдук «ала баарда» акталгандардын аты-жөнү кийинчерээк кайра аталбай, эмгектери эскерилбей, ысмын коомдук аң-сезимден биротоло чийип салуу аракети токтогон жок. Кыргызстандын союздук республика катарына кошулушуна, өз алдынча өлкө болушуна опсуз зор эмгек сиңирген алгачкы муундагы кыргыз саясий ишмерлеринин тагдыры мына ушундай мамилеге туш болду. Айталы, Касым Тыныстанов 1958-жылы акталганына карабастан, 1960-жылы Кыргызстан Компартиясынын бюросунун чечими менен күнөөлүү деп табылган. Касым Тыныстанов менен жазгыч акын Молдо Кылычтын чыгармаларынын жарыяланып, адабий мурасына так баа берилиши үчүн социализмдин тарых тактысынан шыпырылып, саясий-коомдук түзүлүштүн түп-тамырынан өзгөрүлүшү талап кылынды. Ушундай эле тагдырга Жусуп Абдырахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков сындуу кыргыздын мыкты азаматтары туш келип, аты аталбай, эмгектери эске алынбай, чыгармаларынын жарыяланышына тыюу салынып келди.

Алардын аты горбачевдук «кайра куруу» заманында гана аталып, эмгектери жарыяланып, акыйкаттык аябай эле кечигип келди. Брежневдик «дымыгуу» кезинде болсо саясий системанын каршылаштары чет өлкөгө чыгарылып, көбү акыл-эс ооруканаларында кармалып, жазалоо механизми токтобой иштеп турду. Кыргызстандагы диссидентчилик Түгөлбай Сыдыкбеков, Кубатбек Жусубалиев, Кубанычбек Нурбеков, Кушбек Үсөнбаев, Сабыр Аттокуров өңдүү инсандарды чыгарды.

Арызсыз каралбаган маселе

Репрессия курмандыктарын актоо жакындарынын арыздарынын же куугунтукка кабылган инсандын арызынын негизинде гана жүргүзүлгөн. Курмандыктардын жакындарына башында «10 жылга чейин кат жазуу укугунан ажыратылган» деген калп жооп берилсе, кийин ал «сүргүндө айыкпас илдеттен каза болгон» дегенге алмаштырылган, соңунда кайсы убакта атылганын көрсөтүшкөн. Берилген жооптордун баарында репрессия курмандыгынын кайсы жерде көмүлгөнү көрсөтүлгөн эмес. Хрущевдук заманда большевиктерден башка саясий партия мүчөлөрү, диний ишмерлер, кулакка тартуу, колхоздошуу учурунда айыпталгандар кирген эмес. Ошондой эле учурунда чуулуу «шахта иши», «эсерлер процесси», «москвалык үлкөн процесс» сыяктуу иштер каралган эмес.

Анткен менен, хрущевдук «ала баардын» илеби коомдук аң-сезимди ойготуп, акыйкат издеген карапайым калктын аракетин күчөттү. 1964-жылы Никита Хрущев кызматтан четтетилип, анын ордун Леонид Брежнев ээлегенден кийин репрессия курмандыктарын актоо ишине мурдагыдай маани берилбей калды. Албетте, башталган иш биротоло токтоп калган жок. «Дымыгуу доорунда» Компартиянын жетекчилери улуу жеңиштин атасы, согуш кезинде башкы командачы болгон Сталинди колдон келсе актоого көбүрөөк аракет кылышты. Бул мезгилде дегеле репрессия болбогондой, миллиондогон адамдардын атылып, айдалып жок кылынышын элдин эсинен биротоло чыгаруу, анын ордуна совет элинин улуу жеңиши көбүрөөк эскерилип, Коммунисттер партиясынын андагы ролу баса көрсөтүлүп келди.1962-жылга чейин 2 миллионго жакын адам акталса, 1962-1983-жылдары андайлар саны 157 055 гана түзгөн.

Ошол кездеги саясий айыпты моюнга илчү 58-берене менен соттолгон Шертай Субанов 12 жылдан кийин боштондукка чыгып Колымадан айылга келген. Шертай Субановдун эскерүүсүнөн:

«Улам бир машинеге түшүп отуруп, кечки саат тогузда Пржевальскийге жеттим. Ал күнү мейманканага жатып, эртеси Ленин көчөсүндөгү сактык кассасына акчамды салып койдум. Эми кайда бармакмын? Ата-энем кайда, Токтояндабы же менин айымдан жер которуп, башка бир айылга көчүп кетиштиби? Эми аларды кайдан табам? Эгер алар Токтоянда болсо, кантип айылды аралап басам? Эл ичи дале болсо тынч эмес. Мени абакка тыккан акмактар көрөр замат менин аркамдан кайра тоголок арыз жазса, эмне кылмакмын? Ата-энемдин, бир туугандарымдын кабарын кантип билем? Башым катып, айлам кетип Ленин көчөсү менен баратканымда жолдон, бирге окуган бөрүбаштык Айтакун Шайыракунов кезигип калды. Экөөбүз ал-жайыбызды сураштык. Ал менин эмне болгонумду эбак уккан экен. Ошондуктан ал менден, мен андан кооптонуп турдук. Ошентсе да Бөрү-Башка турмушка чыккан, атамдын агасынын кызы Чүйтүканды, ата-энемди сурадым. Кудай жалгап, Чүйтүкан шаарда экен. Ата-энем болсо Ак-Суу районундагы «Каракол» совхозунун үчүнчү фермасында жашап жаткан экен. Оюмда кокус ата-энем Токтоянда эле жашап жаткан болсо, азырынча Токтоянга барбастан, Чүйтүкандыкына туруп, ата-энемди чакыртып алсам деп ойлогон элем. Ата-энемдин башка айылда жашаганы жакшы болду. Эми жолум ачык деп, эгин тарткан машине менен «Каракол» совхозуна жеттим.

Ата-энем, бир туугандарым менен көрүштүм. Ата-энемди жашоосу өтө начар экен. Көрүп зээним кейиди».

Репрессия эч кимди аяган эмес. А бирок акталып чыгуу оголе узак убакытка созулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG