Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:46

1937: Сталиндик жазалоо тегирменине кабылган корейлер


1937–44-жж. депортацияланган советтик этностор картада.

7-8-ноябрдагы "Бабаларды эскерүү күндөрү" кыргызстандыктар, алардын ичинде корейлер да жазыксыз жерден депортацияланган жана набыт болгон бабаларын эскеришет. Тарыхчынын блогу.

Бабаларды чындап калыс эскерели

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана бабаларды эскерүү күнү 2017-жылдан бери белгиленип келет. Бир эле табакка бешбармак, палоо, ашлямфу, шорпо, солянка кошулгандай аралашып эле калды, ушул эки күнү 1916-жылдагы Улуу Үркүндү, 1917-жылдагы Февраль, Өктөбүр ыңкылаптарын, 1920-53-жылдардагы сталинчил куугунтук курмандыктарын эскерүү талап кылынат, – деп нааразы болгон кыргызстандыкты четинен табасыз.

Арийне, ар ким бул күндөрү өз ата-бабасын эскерүү жөрөлгөлөрүн жасап, өздөрүнө тиешеси жок делген окуяларга баш оорутушпайт.

Кыргызстанда ушундай тандоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Өлкөдө сталиндик жазалоолордун курмандыктарын эскерүү, актала элек жазыксыз жазаланган бабаларды үч муундук өмүр өткөн соң деле актоо керек деген кыймыл да жанданып, атайын мыйзам долбоору да коомдук талкууга коюлду.

Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары: (1920–1953-жылдар). – Бишкек, 2019. – 10 томдук. – Т. 1–10. – И.Арабаев атындагы КМУ. – Китептин мукабалары.
Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары: (1920–1953-жылдар). – Бишкек, 2019. – 10 томдук. – Т. 1–10. – И.Арабаев атындагы КМУ. – Китептин мукабалары.

Бул арада И.Арабаев атындагы (айтмакчы, документтерде Ишеналы деп да ысымы жазылган Эшенаалы Арабаев дагы – кыргыздын залкар жадитчиси, “Алашчысы”, кыргыз совет мамлекетин түзүүдөгү жана жаңыча кыргыз сабаттуулук кыймылын түптөөдө опол тоодой эмгек сиңирген бабабыз дагы – сталиндик адилетсиз жазалоолордун айынан өмүрүнөн ажыраган) Кыргыз мамлекеттик университети өзгөчө зор белек даярдоодо: бул окуу жайдын ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахмановдун жетекчилиги менен Болот Абдыракманов, Гүлзада Абдалиева жана башка тарыхчылардын көп жылдык мээнети кайтып, 1953-жылга чейинки аралыкта репрессиялангандардын ысымдары он томдук жыйнакта тизмеленип берилүүдө.

Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары: (1920–1953-жылдар). – Бишкек, 2019. – 10 томдук. – Т. 1–10.

Он том! Бирок бул – иштин чети гана экен!

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жаңы чыккан он томдук менен. 01.11.2019.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов жаңы чыккан он томдук менен. 01.11.2019.

Тарыхчы Муктар Тагаев сыяктуу кыргызстандык атуулдар да мурда репрессияланган жана иштери толук каралбай, акталбай калган миңдеген кишилердин тагдырын калыс изилдөөнү талап кылышууда.

Муктар Тагаев: “Коммунисттердин сөзүн сүйлөп аларды “бай”, “манап” деп айып тагалы, “кедей-кембагалды эзди” дейли, бирок кыргызды кыргыз бойдон кылымдар бою чачыратпай-таркатпай, салтын сактап, ачка калганын тоюнтуп, жесирин эрлүү, жетимин аталуу кылып, үйсүзүн талаага тентитпей багып, кичи-чоң өлкөлөр менен алакалашып, эли аз болсо да, аны уюштура билип, катылган душманга айбат көрсөтүп тургандар ушулар эле го...”

Корейлердин Борбордук Азияга аргасыз көчү

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка аймактарында байырлап жаткан корейлердин кантип бул чөлкөмгө Ыраакы Чыгыштан келип калгандыгы тууралуу совет доорунда эч бир окуу китепте айтылчу эмес. Ток этер жери – алар да сталинчил репрессиялардын туундусу болгон көрүнүштүн – бүтүндөй этносту “чыккынчы же тыңчы болуп калышы ыктымал” деген ырайымсыз жүйө менен күчтөп көчүрүүнүн айынан ата-бабасы эч бут баспаган жаңы чөлкөмгө туш болушкан. Дагы тагыраагы – корейлер сталинчилер депортациялаган алгачкы советтик этнос болушкан.

Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы жана жалпы СССРдеги корейлер өздөрүн Корё-сарам (고려 사람) деп аташчу. Мындагы “корё” сөзү тарыхый атажурттагы илгерки Корё (Когурё) мамлекетинин аталышы болсо, ал эми “сарам” – “киши” деген мааниде.

Ыраакы Чыгыштагы корей-сарамдардын бир бөлүгү бул аймакка азыркы Түндүк Кореядан XIX кылымдын экинчи жарымында (1864-жылдан тартып) Корей жарым аралындагы ачарчылыктын айынан жана башка экономикалык себептерден улам көчүп келишип, акырындап падышалык Орусиянын башка аймактарына таркашкан. 1897-жылкы эл санак боюнча, Жети-Суу облусунда эле өз тегин корей катары көрсөткөн 11 киши жашаган. Бишкекте да корейлер болгон.

Корейлердин айрымдары 1905-жылдагы орус-жапон согушунан кийин өз мекенинен Орусияга ыктыярдуу журт которгон. Ал эми 1930-жылдары, Корей жарым аралын согушчан Жапония каратып алган доордо, дагы бир нече миңдеген корейлер жан соогалап СССРдин чек арасынан батышка өтүп келишкен.

СССР согушчан Жапония менен континентте да чектеш болуп калган чакта, өзгөчө Жапония Кытайга басып кире баштаган чакта, каргашалуу 1937-жылы 21-августта Бүткүл союздук Компартиянын – ВКП(б)нын Борбордук Комитетинин Саясий бюросу № П51/734деген номурлуу чечимди кабыл алат.

Анда Ыраакы Чыгыштагы аймактарга жапондук тыңчылыктын (шпионаж) өкүлдөрүнүн жайылышына бөгөт коюу максатында Ыраакы Чыгыш чөлкөмүндөгү чек ара оодандарындагы корей тегиндегилердин бардыгын отурукташкан жайларынан чыгарып салып, “Түштүк Казакстан облусундагы Арал деңизи менен Балкаш көлүнүн оодандарына жана Өзбек ССРине көчүрүү” чарасын жүзөгө ашыруу каралган. Жалпысынан 172 миң корей өз үй, өлөң төшөгүнөн айрылып, жаңы аймакка күчтөп ташылган (алардын канчасы орто жолдо набыт болгону азыр да толук тактала элек).

Казакстанга депортацияланган корейлер тобу. 1940-жыл.
Казакстанга депортацияланган корейлер тобу. 1940-жыл.

СССР Ички иштер эл комиссариатынын (ИИЭК) эл комиссары, Мамлекеттик коопсуздуктун башкы комиссары Николай Ежовдун Ыраакы Чыгыш крайынын ИИЭК Башкармалыгынын жетекчиси Г.С.Люшковго 1937-жылы 29-августта жөнөткөн № 535 жашыруун катында көчүрүү чаралары такталып, бул депортация иштери 15-октябрга чейин аяктасын деп так мөөнөтү көрсөтүлүп берилген.

Бул катта чек арада жана Кызыл армияда ар кыл аскердик даражада кызмат өтөп жаткан корейлердин бардыгы кызматтан дароо алынышы керектиги да айтылган. Алар да үй-бүлөсү менен депортацияланууга тийиш болгон.

СССРдин тарыхында алгачкы жолу бүтүндөй этносту ырайымсыздык менен көчүрүү тажрыйбасы, ошентип, Ыраакы Чыгышта топтолгон. Алгачкы агымдагыларга анча-мынча шарт түзүлсө, калгандарын (басымдуу көпчүлүгүн) товар жүктөлчү вагондорго күчтөп шыкап отургузушуп, адамгерчиликсиз шартта көчүрүшкөн. Кайсы бир деңгээлде бул көчүрүүнү этноциддик мыкаачылыктын көрүнүшү катары кароого болот.

Жүк ташууга ылайыкталган вагондордо эч кандай ажаткана, жуунчу жай болбогондугу түшүнүктүү. Жугуштуу оору, ыплас кырдаал, азыктын жетишсиздиги орто жолдо эле миңдеген кишилердин өмүрүн алган. Өлгөндөрдү поюз токтогон туш келген чакан темир жол бекеттеринде эле шашылыш казылган чуңкурга көөмп кете беришкен.

Акыры алардын көпчүлүгүн шор баскан Мырзачөлгө алып келишкен. Бул кыртышы шордуу аймак бир кездери ири деңиздин таманы болуп, кийинчерээк чөлгө айланган. Анын бир бучкагы Түштүк Казакстанга караса, бир бучкагы Өзбекстанда жайгашкан. Орус адабиятында “Голодная степь” (“Ачарчылык талаасы”) аталган бул жай акырындап гүлдүү өрөөнгө айланган, анын башкы шаары да эми Гүлстан (өзбекче Гулистан) аталып калды.

1939-40-жылдары Мырзачөлдөгү шордуу аймактан 60 миң гектар жер өздөштүрүлсө, 1941-жылдын башында андай өздөштүрүлгөн жердин жалпы көлөмү 90 миң гектардык аянтка жеткен. Корейлер мында күрүч өстүрүү боюнча да устаттыгын көрсөтүшкөн.

Бул өздөштүрүлгөн жер аянты үчүн кайсы партократ канча сыйлык алганын териштирип отурбайлык, тек гана депортацияланган корейлердин дың жерди өздөштүрүүдөгү, күрүч өстүрүүдөгү жана пахтачылыктагы салымы абдан зор болгон. Сыр-Дарыядан чөлгө жаңы канал куруу маалында далай корейлер сууктан жана ачтан өлүшкөн.

Арийне, жүздөгөн корейлер 1937–38-жылдары эле Кыргызстанга көчүрүлгөн. Маселен, Кызыл-Кыяга 164 үй-бүлө же 234 адам, Сүлүктү шаарына караштуу Пролетарская бекетине 51 үй-бүлө же 187 адам бөлүнгөн. Ал эми 1938-жылдын 5-декабрына карата кенчилердин бул эки шаарында эле 508 корей бар деп катталганын “Азаттыктын” кабарчысы Амирбек Аззам уулу жазган.

Түндүк Кыргызстанга жана Түштүк-Чыгыш Казакстанга да күчтөп көчүрүлүп келген корейлердин бир өкүлү, математик профессор Огай мырза Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) механика-математика факультетинде иштеп жүрүп, ардагерликке чыккан.

Депортацияланган корейлер 1953–56-жылдарга чейин өздөрү катталган аймактан 35 чакырымдай алыс гана жакка барууга уруксат ала алышкан. Алардын көпчүлүгүнө жеке паспорттор Иосиф Сталин өлгөндөн беш жылдан кийин гана – 1958-жылдан тартып бериле баштагандыгы жана ошондон кийин гана ыктыярдуулар Ыраакы Чыгыштагы тарыхый журтуна кайта алгандыгы маалымдалат. Демек, сталинизм доорунда депортацияланган корейлер сүргүндөгү эч жакка чыга албаган “жарым кул” деңгээлинде болгон.

Корейлер сталинчил доордо өз ысымдарынан да ажыраган. Алардын көбүнө орусча ысымдар таңууланган (алардын Ким, Пак, Цой сыяктуу тегаттары – фамилиялары гана сакталып калган).

Көчүрүлгөн корейлер Кызыл армияга алынчу эмес. Алардын алдуу-күчтүүлөрүн “эмгек майданы” деп аталган, бирок Урал менен Шибердеги ГУЛАГдын башка түрмө жайларынан анча айырмаланбаган, жакындарына кат жазуу мүмкүнчүлүгү да берилбеген жайларга кесишкен. Маалыматтарга караганда, Мурманск облусунда, Коми АССРинде, Орусиянын Европа бөлүгүнүн түндүк аймактарында эмгек майданында 14 миңден ашуун корейлер иштешкен.

Мындай абак жайлардан да качып, согушка барып эрдик кылган корейлер болгону да тастыкталган.

Жалпысынан, Кызыл армияда 372 корей кызмат кылган. Алардын 177си гана уруштан аман кайткан. Эрдик кылгандардын арасында медайым В. Ни, жоокер Николай А. Ким, радист Виктор Ким, согушта “полк уулу” катары катышкан улан А. Сон жана башкалар болгон.

1945-жылы 24-июнда Кызыл аянттагы жеңиш парадына эки корей жоокери (Владимир Ли менен Сергей Хан) катышкан.

Айрым корей жоокерлери Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамын алышкан. Алардын бири, 1943-жылы сентябрда Комель шаарынын жанындагы Стародуб кыштагын нацисттерден бошотуу маалында ок жаңылып курман болгон капитан Александр Павлович Кимге бул наам өлгөндөн кийин (1945-жылы 24-мартта) ыйгарылган. Дагы бир баатыр – Евгений Иванович Ким болсо КГБнын полковниги болгон.

Маалыматтарга караганда, өз тегин жашырып, башка этностун өкүлү катары Экинчи дүйнөлүк согушта Кызыл армиянын катарында согушкан борбор азиялык корейлер да болгон экен. Демек, алардын эрдиктери башка этностун өкүлдөрүнүн баатырдыгы катары саналып жүрөт.

Албетте, большевиктик билим берүү саясатына ылайык, корейлер Өзбекстанда (анын ичинде Каракалпакстан аймагында) жана Казакстанда өз эне тилинде баштапкы класстагы мектептерди ача алышкан, бирок корейче окуу китептердин жоктугу кендирди кескен (Ыраакы Чыгыштан тиешелүү басмакана жабдуулары алынып келген эмес); кесипкөй мугалимдердин жоктугунун (алардын далайы Ыраакы Чыгышта эле репрессияланган) айынан мектепти бүтө элек окуучулар көп жерлерде мугалимдик кесипти аркалашкан. Каракалпакстанда Коңурат жергесинде корей балдары үчүн интернат ачылып, бирок аны иштетүүгө каражат тартыш болгон.

Ыраакы Чыгыш Корей пединституту Казакстандын Кызыл-Ордо шаарына көчүрүлүп, ал эми студенттери Ташкенге жөнөтүлгөн. Мунун айынан бул корей студенттер 193–38-окуу жылы өз окуусун уланта албай калышкан.

1939-жылы СССРде корей тилин үйрөнүүгө тыюу салынган.

1938-жылдан тартып күчөгөн тымызын орусташтыруу саясатынан улам депортацияланган корейлердин 90 пайызы бара-бара эне тилин унутуп, орус тилдүү болуп калган.

Тизе бүкпөй, өргө чыккан эл

Мээнеткеч корейлер 1953-жылдан кийин жогорку окуу жайларда көптөп окушуп, алардын арасынан бүткүл СССРге гана эмес, дүйнөгө таанымал чыгаан илимпоздор, жазуучулар, ырчылар, өнөрпоздор чыккан. Кызылкум чөлүндө сейрек металл кендеринин бирин ачууга катышкан илимпоз, геолог Андрей Инсунович Пак, маселен, Ленин сыйлыгынын ээси болуп калган. Педагогика илимдеринин доктору, профессор Валерий Леонидович Ким (1951––2017) болсо Кыргызстандын билим берүү тармагында кыйла эмгек сиңирген.

Виктор Цой, 1988-жыл.
Виктор Цой, 1988-жыл.

Казакстандык корейлердин бири – Максим Максимович Цой (корейче ысымы Цой Сын Дюн;최승준). Анын бир небереси – ырчы, гитарчы жана акын Виктор Робертович Цой (21.6.1962, Ленинград — 15.8.1990, Кестерциемс кыштагынын жанындагы канжол, Тукум ооданы, Латвия) болгон. Виктор Цой бүткүл Советтер Биримдигинде рок музыкасы жана кино өнөрүндө бурулуш жасагандардын бири эле.

Таанымал эстрада жылдыздарынын бири Анита (Анна Сергеевна) Цой (1971-жылы 7-февралда Маскөөдө туулган) да ысымы дүйнөгө таркаган ырчы.

Айтмакчы, 1993-жылы, СССР кулагандан эки жылдан соң, Орусиянын Жогорку Кеңешинин “Орусиялык корейлерди актоо тууралуу” токтому чыгып, ага ылайык 1930-жылдары депортацияланган корейлер жана алардын урпактары үчүн орусиялык атуулдукту калыбына келтирүүдө жеңилдиктер каралган.

1953-жылдын ортосунан тартып көптөгөн корейлер депортацияланган жайларынан чыгып, СССРдин Ыраакы Чыгыштан башка аймактарына да көчүп келишкен.

Кыргызстандык корейлердин көпчүлүгү – Мырзачөлгө, Чүйгө жана Баткен аймагына депортациялангандардын урпактары. Иосиф Сталин өлгөн 1953-жылдан тартып Өзбекстан менен Түштүк Казакстандан Ала-Тоого башка корейлер да көчүп келе башташкан.

Өзбекстанда туулган корейлердин бир өкүлү Нэля Николаевна Ким кыргыздын айтылуу тарыхчысы жана синологу Таалайбек Бейшеналиев менен баш кошкон (кийин алар ажырашкан). Мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда Нэля Бейшеналиева Кыргызстандын адилет министри (1998–2000; 2004–2005), өлкөнүн Жогорку Сотунун төрайымы (2000–2004) сыяктуу жогорку кызматтарды да аркалаган. Анын азыркы тегаты кийинки жубайынын тегатынын негизинде – Дубовская.

Ал эми Өзбекстандын Ташкент облусундагы Төмөнкү Чырчык районуна караштуу Токбай айылында 1960-жылы туулган ишкер Вячеслав Николаевич Хан орто мектепти Казакстанда окуду. КМУну (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУну) аяктаган соң, прокуратурада жана башка кызматтарда иштеди. Ал дагы Кыргызстанда кыйла кызматтарды ээледи, маселен, 2006-жылга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын да аркалады.

2018-жылдан тартып Вячеслав Николаевич Хан Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесинин президенти болуп иштеп келет.

Учурда алатоолук корейлердин саны 17 миңден ашат. Алардын Кыргызстанда расмий катталып, жандуу иштеп жаткан улуттук-маданий уюму “Чинсон” деп аталат.

Кыргызстандык корейлердин айрым азыктары (маселен, кимчхи сыяктуу жашылча салаттары) эми заманбап кыргыз ашканасынын бөлүгү болуп калды.

Корейлердин пияз өстүрүүдөгү жана башка дыйканчылык салттары да Ала-Тоодогу башка калайык тарабынан өздөштүрүлүүдө. Ошол эле учурда алатоолук корейлер да кыргыздын маданиятын, салт-санаасын үйрөнүүдө. Алардын бараандуу өкүлдөрү Кыргызстандын агартуу, ишкердик жана башка чөйрөлөрүндө салым кошуп келет. Корей-кыргыз үй-бүлөлөрү да түзүлүүдө.

Ала-Тоодогу корей бийчи айымдары. 2019.
Ала-Тоодогу корей бийчи айымдары. 2019.

“Тарых жана бабаларды эскерүү күндөрү” кыргызстандык корейлер депортация маалында запкы көргөн өз бабаларын эскеришээр.

Ошол эле учурда кыргыз коомчулугу да сталинизм доорунда корей жердештеринин башынан өткөргөн тарыхый окуяларды калыс талдап, аларга тилектештик билдирээри шексиз деп ойлойм.

Кыскача адабият:

1937 год: русскоязычные корейцы – прошлое, настоящее и будущее. Сб. материалов Международного симпозиума, посв. 80-летней годовщине принудительного переселения корейцев с Дальнего Востока в Центральную Азию (15-17 сентября 2017 г., Владивосток – Уссурийск). — М.: Аквариус, 2018.

Ким Г.Н. Cвязанные одной судьбой. – Тараз-Алматы: ЖИЦ Сенім, 2013. – 228 с.

Ким П.Г. Корейцы Республики Узбекистан: История и современность. –– Ташкент: Узбекистан, 1993. – 176 с. – ISBN 5-640-01484-9.

Ли Г.Н. Корейцы в Кыргызстане. – Бишкек: НТО корейцев Кыргызстана «КВА ХАК», 1998.

Миграция корейцев на русский Дальний Восток: российско-корейские отношения. 1821-1918 гг. Документальная история. — М., 2017. — 726 с. – (Cерия «Российские корейцы»).

Пак Б.Д., Бугай Н.Ф. 140 лет в России. Очерк истории российских корейцев. — М.: ИВ РАН, 2004.

Советские корейцы Казахстана (энциклопедический справочник) / Ответственный за выпуск Г.Б. Хан. – Алма-Ата: Казахстан, 1992.

Сон, Жанна Григорьевна. Корейцы в СССР: репрессии, депортация. 1920-1930. История этнических меньшинств. Lambert Academic Publishing GmbH&Co. KG. Берлин, 2011.

Сон Ж.Г. Российские корейцы: всесилие власти и бесправие этнической общности. 1920-1930. — М.: Гриф и К, 2013. 532 с.

Шин Д.В., Пак Б.Д., Цо В.В. Советские корейцы на фронтах Великой Отечетсвенной войны 1941–1945 гг. / Автор проекта Д.В. Шин; отв. редактор Ю.В. Ванин. – М.: ИВ РАН, 2011. — 615 с. – Серия «Российские корейцы».

Энциклопедия корейцев Казахстана / Автор идеи и руководитель проекта – профессор Пак Иван Тимофеевич; Редколлегия: Ю Валентина Константиновна (ответственный редактор); и др. – Алматы, 2017. – ISBN 978-601-06-4482-3. – Ассамблея Народа Казахстана; Ассоциация Корейцев Казахстана. – URL: https://www.academia.edu/37476887/Энциклопедия_корейцев_Казахстана_Encyclopedia_of_Koreans_in_KZ.pdf

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

XS
SM
MD
LG