Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:19

Экинчи дүйнөлүк согуш: Тарых аркылуу чындыкка


Брестти нацисттерден кызылдарга өткөрүү аземи. Аскердик парадды генерал Хайнц Гудериан менен комбриг Семён Кривошеин кабыл алууда. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Адамзаттын Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы жалпы тарыхын калыс сыпаттоо мүдөөсү ири мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген эбегейсиз көп жагдайларды, асыресе, чакан элдердин тагдырын бурмалабастан чагылдырууну талап кылат. Тарыхчынын күндөлүгүнөн.

Чакан элдер эрксиз кабылган алаамат

Кыргыздар чакан деле эл эмес. Саны жагынан кыргыздан да аз далай улуттар өз тарыхый мурасын, маданий асыл наркын натыйжалуу сактап келишет. Калкынын саны 1 миллион 324 миңге жеткен Эстонияны, 1 миллион 934 миңдей калкы бар Латвияны, 2 миллион 800 миңдей калкы бар Литваны эле алалык.

Совет доорунда биз Чыгыш Европанын тарыхын окуганда эрксизден сталиндик жана пост-сталиндик коммунистттик цензура уруксат кылган адабиятка гана колубуз жеткен экен. Балтика боюндагы бул чакан мамлекеттердин калктарынын руханий мурасы, улуттук көрөңгөсү, эгемендик үчүн күрөшү тууралуу анык маалымат түшүбүзгө да кирген эмес.

Польша, Германия жана СССР сыяктуу кубаттуу мамлекеттердин тегирмен ташында чайналган Литваны эле алсак, мында СССРден эгемендик алуу үчүн күрөшкөндөр 1941-жылы 22-июнда советтик режимге каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Бирок аларды эби менен пайдаланган жана алдай алган германдык нацисттер Литвага автономиялык макам да ыраа көргөн эмес.

«Бабалар достошуп». Олексий Кустовский тарткан карикатура. 2017-жыл.
«Бабалар достошуп». Олексий Кустовский тарткан карикатура. 2017-жыл.

Адатта тарыхый окуялардын ушул бөлүгүн окуп алып: «Литвалык улутчулдарга айоо жок!» деп бүтүм чыгаруудан оңой эч нерсе жок.

Бирок Гитлер менен Сталин 1939-жылы августта кол коюлган «Молотов-Риббентроп пактынын» тымызын протоколдоруна ылайык бул Балтика боюндагы чакан өлкөлөрдүн тагдырын андагы калктардын эрки менен эсептешпестен алардын жонунан чечип салышкан эмеспи.

Бул келишимдин тымызын бөлүгүнүн негизинде Литва Германиянын таасири астында калмак.

Ал эми 1939-жылы 1-сентябрда Германия Польшага кол салды, СССР болсо 17-сентябрда эгемен Польшага чыгыш жактан басып кирди. Ошол жылы 25-сентябрда СССР менен Германия өз ара соодалашып, айрым поляк жерлеринин ордуна СССР Литвага карата өз таасирин орнотууга «Гитлердин батасын» алды.

1940-жылкы советтик почто маркасы «Кызыл армиянын 1939-жылдын 17-сентябрындагы боштондукка чыгаруу» өнөктүгүнө арналган.
1940-жылкы советтик почто маркасы «Кызыл армиянын 1939-жылдын 17-сентябрындагы боштондукка чыгаруу» өнөктүгүнө арналган.

Ошентип, 1940-жылы сталиндик режим советтик Кызыл армиянын бөлүктөрүн Балтика боюндагы жана Чыгыш Польшадагы аймактарга күргүштөтүп киргизип, жалпы Балтика боюндагы үч коңшу өлкөнү толук каратып алды (советтик тарыхта алар «ыктыярдуу түрдө СССРге кошулду» деп окутулуп келген).

Брест жана депортация

Азыркы тапта Беларуска кирген Брест (беларусча «Брэст») шаары 1921-жылы 18-мартта Рига шаарында кол коюлган келишимге ылайык Польшага карап калган. 1923-жылдан тартып ал полякча «Брест-над-Бугием» («Буг дарыясынын боюндагы Брест»; Brześć nad Bugiem) деп да аталган.

1939-жылы 14-сентябрда Брест шаарын германдык нацисттик аскерлер басып алган, 17-сентябрда Брест чеби да нацисттерге каратылган.

Ал кезде Сталин менен Гитлер аскердик өнөктөштүктүн ыракатын көрүп турушкан болчу. Ошондуктан 1939-жылы 22-сентябрда германдык нацисттер Брест шаарын Кызыл армияга эч кандай салгылашуусу жок эле салтанаттуу азем уюштуруп өткөрүп берген.

Бул салтанаттуу окуяга арнап нацисттер менен сталинчилер Брест шаарында биргелешкен аскердик парад уюштуруп, шаңга батышкан. Немис аскерлерин генерал Хайнц Гудериан (1888 — 1954) жетектесе, ал эми Кызыл армиянын бөлүктөрүн бригада командири (комбриг) Семён Кривошеин (1899 — 1978) жетектеген.

Немис жана совет офицерлери нацисттик свастика алдында учурашууда. Брест. 22-сентябрь, 1939-жыл.
Немис жана совет офицерлери нацисттик свастика алдында учурашууда. Брест. 22-сентябрь, 1939-жыл.

Брест шаары жана анын аймагы СССРге өткөн соң, «тап душманы» деген кишилер эч кандай соту жок өлтүрүлгөн учурлар арбын болгон. Бул окуяларды ВКП(б) Брест обкомунун биринчи катчысы Н.В.Киселев 1940-жылы апрелде мындайча жактаган:

«Биз аларды актайбыз. Биз эрксиздиктен кутулган соң, өз душмандарын жазалагандардын тарабындабыз».

Брест шаарынан «эл душманы» катары шек саналгандар 1940-жылдын февралынан 1941-жылдын 21-июнуна чейин төрт жолу депортацияланган. Бул мажбурлап көчүрүү иштерин СССРдин Ички иштер эл комиссариатынын ички иштер аскерлеринин Брест чебинде жайгашкан № 132 өзүнчө батальонунун жоокерлери жүзөгө ашырган.

Тарыхчы Игорь Кузнецовдун эсебине караганда, бир эле күндүн ичинде, тактап айтканда, 1940-жылдын 13-апрелинде, Брест жергесинен жана жалпы Батыш Беларус аймагынан Сибирге, Казакстанга жана башка чыгыш аймактарга 43 миңдей киши депортацияланган.

Эми Брест шаарында сталиндик режим орнотулгандан соң бир жыл тогуз ай өтүп-өтпөй, 1941-жылы 22-июнда германдык фашисттер Брестке кайра басып кирген учурду элестетелик. Брест шаарында сталиндик жазалоону четинен жөн териси менен сезе баштаган нечендеген карапайым тургундар үчүн СССРди сүйгөн мекенчилдик сезим жана жеке менчиктен баш тартуу ниети дээрлик калыптана элек болчу да!

Ойлоп көргүлөчү: Гитлер согуш ачпастан СССРдин чек арасынан басып киргенге чейин бир күн калганда Брест шаарында чекисттердин ири зулумдук өнөктүгү – соңку депортация иш-чарасы аяктаган экен. Андай болсо эмне себептен «Эмне үчүн Брест чебиндеги кызыл аскерлер нацисттерге каршы баатырларча күрөштү, ал эми Брест шаарынын калган калкы кирип келген нацисттерге жарытылуу каяша кылган жок?» деп шаар тургундарына сын тагышыбыз керек?

Биз советтик расмий тарыхтан эч окубастан, дээрлик билбей келген чөлкөмдөгү зулумдук окуялардын бири – Сталиндин режиминин 1941-жылдын 22-майынан 21-июнуна чейинки аралыкта СССРдин батыш чек ара аймактарындагы жаңы каратып алынган жерлердеги жергиликтүү калайыктын бөлүгүн Чыгышка шашылыш депортациялашы болчу.

Бул аймактардын арасында Польшанын чыгышындагы, Батыш Украинадагы, Бессарабиядагы жана Балтика боюндагы жерлер бар. Дал ушул соңку ырайымсыз көчүрүүнүн айынан 10 миңдей эстондук, 15,5 миңдей латвиялык, ошондой эле Литва, Батыш Беларус, Батыш Украина жана Молдовадан жалпысынан 29,8 миң киши өз үй, өлөң төшөгүнөн айрылган.

1940-жылдын кеч күзүнө чейин Гитлер Сталинди «Германия – Жапония – Италия» биримдигине кошулууга үндөп, ошол эле учурда СССРге каршы капысынан согуш ачууга тымызын белсенип жатты. Гитлердик режимдин «Ост» деген планына ылайык, СССР кулаган соң Чыгыш Европанын «арий эмес» улуттары четинен кыргынга учурап, анча-мынчасы кара жумуш үчүн сакталып, бир кыйласы Уралдын чыгышына депортацияланмак.

Бирок СССРге каршы согуш башталган кезде албетте, нацисттер СССРдин батышындагы улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнө куру убадаларды берип, аларды антисоветтик саясий турумга тартууга далаалат кылышкан.

Кырым татарлары көргөн запкы

Сталиндик Кремль деле Экинчи дүйнөлүк согуш маалында айрым чакан улуттарга ырайымсыз (антигумандуу) мамиле кылгандыгы пост-коммунисттик доордо ар тараптуу чагылдырыла баштады.

Маселен, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында тарыхый орун-очогунан күчтөп ажыратылып, бир нече сааттын же бир канча күндүн ичинде мажбурлоо жолу менен чыгышка көчүрүлгөн Кырым татарлары, кырымдык жөөттөр жана гректер, эдилдик немистер, көп тилдерде сүйлөгөн Кавказ элдери, ыраакы чыгыштык корейлер ж.б. жөнүндө советтик тарых китептеринен жарытылуу маалымат алчу эмеспиз.

Депортациянын курмандыктарына багышталган эстелик жай. Назрань, Ингушетия. 12-май, 2019-жыл.
Депортациянын курмандыктарына багышталган эстелик жай. Назрань, Ингушетия. 12-май, 2019-жыл.

Орусиянын азыркы бийлиги буга байланыштуу жана башка окуяларды чагылдырган айрым архивдик документтерди 2040-жылга чейин жашыруун сактоо тууралуу чечим кабыл алганы айтылып жүрөт. Сыягы, бул документтер сталиндик режимдин далай былыктарын ачып салышы ыктымал окшойт.

Ошондой былыктар СССРдеги чакан улуттарга карата зомбулуктар менен байланыштуу деп ачык айта алабыз.

Маселен, Кырым татарларын алсак, алар 1917-жылы 2-октябрда болшевиктик өктөбүр ыңкылабына чейин эле Кырым элдик жумуриятын негиздешкен. 1918-жылы январда кызыл гвардиячылар бул жумурияттын аскер күчтөрүн жеңип, Номан Челебижихан сыяктуу лидерлерин эч соту жок өлтүрүшкөн.

1919-жылы апрелде Кырым (орусча «Крым») Советтик Социалисттик Республикасы, ал эми 1921-жылы – РСФСРдын курамындагы Крым АССРи түзүлгөн. 1921-жылдын күзүнөн 1923-жылдын жазына чейинки алааматтуу ачарылык маалында 76 миңдей Кырым татары набыт болгон.

1941-жылдын ноябрынан 1944-жылдын 12-майына чейин Кырым жарым аралын нацисттик Германия басып алган. Жергиликтүү калкты өзүнө тартыш үчүн фашисттер аларга Кырымда кайрадан жаңы мечит ачууга уруксат берген, жүзүмдүктөрдү жана бакчаларды салыксыз тартуу кылган.

Кырым татарларын депортациялоо маалында набыт болгондорду эскерген иш-чара маалында. Киев, Украина. 12-май, 2019-жыл.
Кырым татарларын депортациялоо маалында набыт болгондорду эскерген иш-чара маалында. Киев, Украина. 12-май, 2019-жыл.

Бирок убактылуу азгырылган Кырым татарларынын көбү 1943-жылдын ортосунан тартып антифашисттик партизандык кыймылдарга жигердүү колдоо көрсөтө баштаган.

Нацисттерге каршы күрөштө кан майданда өзгөчө баатырдыгы менен айырмаланган 6 Кырым татары (Тейфук Абдул, Узейир Абдураманов, Абдураим Решидов, Фетислям Абилов, Сейтнафе Сейтвелиев, Амет-хан Султан) «Советтер Союзунун Баатыры» наамын алган, ал эми 1944-жылдын башында курман болгон чалгынчы айым Алема Абденановага 2014-жылы (өлгөндөн кийин) «Орусиянын Баатыры» наамы ыйгарылган.

Ошол эл учурда 3,5 миңдей Кырым татары фашисттер менен кызматташууга барганы да чындык. Алардын айынан сталиндик режим 1944-жылы 18–20-майдын ичинде 183 155 Кырым татарын (башка маалыматка караганда, 423 100 кишини) зомбулук менен Борбор Азияга (Өзбекстанга) депортациялаган.

Кырым татарлары «өлбөс полк» жүрүшүнө катышты. Симферополь шаары. 9-май, 2019-жыл.
Кырым татарлары «өлбөс полк» жүрүшүнө катышты. Симферополь шаары. 9-май, 2019-жыл.

Алгачкы бир жарым жыл ичинде алардын 42 пайызга жакыны ар кандай себеп менен набыт болгону айтылат. Кийинчерээк СССР кулаганга чейин Кырым татарларынын автономиясын калыбына келтирүүнү мындай кой, аларга өз ата журтуна өз акча каражаты менен көчүп келүүгө да тыюу салышкан.

Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согуш СССРдин батышындагы бир катар чакан элдер үчүн өзгөчө алааматтуу болду. Алардын айдыңдары (интеллигенция), мугалимдери, жогорку билимдүү катмары кочкул күрөң жана кызыл тоталитардык режимдердин бийлиги маалында айрыкча суюлду.

Жеңиш – орток мөмө

Жакында Интернеттеги коомдук тармактардын биринде замандаштарыбыздын бири мындайча пикир калтырды: «9-майга утурулай орусиялык каналдардан көргөн көркөм тасмалардан улам бул согушта жалаң эле орустар согушканбы деген ойго аргасыздан жетеленет экенсиң!»

Чынында да постсоветтик Орусиянын көркөм тасмаларында саны аз улуттардын өкүлдөрүнүн эрдигин көрсөткөн жоокер кейипкерлер өтө эле аз учурайт.

Кошмо Штаттар – машиналар өлкөсү. Ленд-лиз аркылуу келген бул машиналарсыз биз согушта утулуп калмакпыз.
Иосиф Сталин. 1943-жыл.

Ошол эле учурда германдык фашисттик режимди ойрон кылууда жана анын согушчул шериги Жапонияны ооздуктоодо СССР өз калкына гана эмес, Азиядагы ар кыл үзөңгүлөш мамлекеттерге жана Австралияга да таянган. СССР менен Улуу Британия 1941-42-жылдары Иранды убактылуу басып да алышкан. (Иран 1943-жылы сентябрда нацисттик Германияга каршы согуш жарыялаган, бирок советтик аскерлер Ирандын түндүгүндө 1946-жылдын май айына чейин кармалган).

Советтер Союзу Кытайда коммунисттик жана капиталисттик канаттардын экөөнө тең колдоо көрсөткөндүгү, көчмөндөр өлкөсү болгон Монголиядан мал, кийим-кече, согуштук курал үчүн ар кыл каржылык жардам алганы, эгемен Тува Элдик Демократиялык Республикасынын жоокерлери да германдык нацизмге каршы кан майданда каармандык менен согушканы маалым.

Бирок Батыштын, асыресе АКШнын технологиялык көмөгү жүз миңдеген советтик жоокерлердин өмүрүн сактап калууда жана германдык фашисттерге заманбап согуш куралы менен такаат кылууда өзгөчө роль ойногонун орусиялык аскер тарыхынын адистери эми гана калыс белгилей башташты.

Солдон оңго: Иосиф Сталин, Франклин Делано Рузвелт, Уинстон Черчилл. Тегеран. 28-ноябрь – 1-декабрь, 1943-жыл.
Солдон оңго: Иосиф Сталин, Франклин Делано Рузвелт, Уинстон Черчилл. Тегеран. 28-ноябрь – 1-декабрь, 1943-жыл.

СССРдин лидери, маршал Иосиф Сталин 1943-жылы 28-ноябрдан 1-декабрга чейин созулган Тегеран жыйынында, 30-ноябрдагы салтанаттуу сый тамак маалында: «...Кошмо Штаттар – машиналар өлкөсү. Ленд-лиз аркылуу келген бул машиналарсыз биз согушта утулуп калмакпыз», - деп айткан экен.

(Булак: Foreign Relations of the United States: Diplomatic Papers, the Conferences at Cairo and Tehran, 1943 – United States Government Printing Office, Washington, 1961. P. 469.)

Албетте, Сталиндин бул баасы СССРде «кансыз согуш» маалында ачык жарыяланышы эч мүмкүн эмес болчу.

АКШ Конгресси 1941-жылы 11-мартта кабыл алган «Ленд-лиз тууралуу мыйзамда» (Lend Lease Act): «эгерде АКШ тарабынан шериктеш өлкөгө жабдылган аскер техникасы, курал-жарак, чийки заттар согуш маалында керектелсе, жоголсо жана ойрон кылынса, анда алар үчүн шериктеш өлкө акча төлөбөйт; согуштан кийин да сакталып калган мүлк наркы үчүн акыны шериктеш тарап АКШга узак мөөнөттүү жана кошумча пайызсыз насыя аркылуу төлөшү керек; айрым колдонууга жарамдуу техниканы АКШ тарап согуш аяктаган соң бул шериктеш өлкөдөн өзүнө кайтарып ала алат» деп белгиленген.

АКШ СССРге Экинчи дүйнөлүк согуш убагында жалпысынан 11,36 млрд. долларга тете ленд-лиз шартындагы аскердик унаа, чийки зат жана башка каражаттарды жеткирип берген. Арасында курал-жарак, алюминий, өзгөчө жогорку сапаттагы учак бензини сыяктуу стратегиялык маанилүү заттар да болгон. Жалпысынан 20 миңдей советтик «Катюша» реактивдүү мина аткычтары америкалык «Студебеккер» автоунаасынын шассисине орнотулган, ал эми советтик ЗИС-6 жүк ташуучу унаасынын шассисине бар болгону 600дөй «Катюша» орнотулган.

Албетте, «АКШнын жардамы жок эле СССР нацисттик Германияны жеңе алмак» деп азыр деле орусиялык мекенчилдер айтып калышат. Ал эми орус тарыхчысы Борис Соколовдун баамында, ленд-лиз көмөгүсүз СССР ал түгүл 1942-жылдын соңуна чейин да нацисттерге такаат бере алмак эмес («Без ленд-лиза СССР вряд ли бы продержался даже до конца 1942 года»).

Булак: Соколов, Борис. Роль ленд-лиза в советских военных усилиях 1941–1945 гг. // pobedobesie.info. – Спецпроект "Граней" и Фонда "Свободная Россия". – URL: https://pobedobesie.info/lend-lease/

Батыштагы өнөктөштөрдүн Батыш Европа, Балкан, Африка, Азия, Тынч океан сыяктуу аймактардагы германдык нацисттерге жана алардын жандоочуларына каршы чечкиндүү жана айлакер аскердик стратегиясын изилдөө зарыл.

Орусиядагы архивдер жарым-жартылай ачылган шартта Батыш менен Чыгыштагы, анын ичинде Балтика боюндагы, Украинадагы, АКШдагы, Улуу Британиядагы, Франциядагы жана Германиянын өзүндөгү архивдерди да салыштырып изилдөө жаңы маалыматтарды тартуулашы мүмкүн.

2015-жылы 9-апрелде Украинанын Жогорку Радасы «КГБнын жашыруун архивдерин ачуу тууралуу» мыйзам кабыл алды.

Украин архивчилери 2014-жылы жарыялаган маанилүү документке караганда, Украина Компартиясынын биринчи катчысы Никита Хрущёвго 1941-жылы май айында эле батыш чек арада немистик аскер күчтөрү топтолуп жаткандыгы баяндалган экен. Албетте, бул маалыматты ал Кремлге жөнөткөндүгү, Гитлердин «чагылгандай тез» согуш планы Сталиндин өкмөтү үчүн капысынан жүзөгө ашырылган окуя болбогондугу ого бетер тастыкталды.

Германия да нацисттик доордогу архивдик документтерди четинен жарыя кылууда. Маселен, согуш туткундары тууралуу маалымат Интернетте ачык турат.

Германдык архивден советтик согуш туткундары жөнүндө маалыматты атайын кат жазып сурай да аласыз.

Германдык-орусиялык биргелешкен илимий долбоор да бир катар мурдагы жашыруун архивдерди илимий изилдөө максатында Интернетке ачык жайгаштырганын канааттана белгилөө абзел.

Булак: Российско-германский проект по оцифровке германских документов в архивах Российской Федерации // wwii.germandocsinrussia.org. – URL: http://wwii.germandocsinrussia.org/ru/nodes/1-fond-500

1940-жылы Катынь жергесиндеги поляк офицерлерин массалык кыргынга учураткан кылмыштуу иш-чаранын алдында Лаврентий Бериянын Иосиф Сталинге жазган катынын 1-барагы. 5-март, 1940-жыл. Росархивдин Интернеттеги жарыясы. 28-апрель, 2010-жыл.
1940-жылы Катынь жергесиндеги поляк офицерлерин массалык кыргынга учураткан кылмыштуу иш-чаранын алдында Лаврентий Бериянын Иосиф Сталинге жазган катынын 1-барагы. 5-март, 1940-жыл. Росархивдин Интернеттеги жарыясы. 28-апрель, 2010-жыл.

Корутунду. Биргелешкен изилдөөнүн зарылдыгы

Бул чакан макаланын соңунда биз ойлонууга чакырган эки жагдайды эске салгыбыз келди.

Биринчиден, коммунисттик ири мамлекетти сактап калууга багытталган «эң асыл мүдөө» да сталиндик режим 1939-жылдан тартып жүзөгө ашырган Балтика боюндагы өлкөлөр сыяктуу чакан мамлекеттерди каратып алуу, андагы калайыктын бөлүгүн мажбурлап депортация кылуу, поляк аскер кызматкерлерин кыруу, СССРдеги майда улуттарды өз ата журтунан чыгышка күчтөп көчүрүү сыяктуу кылмыштуу окуяларды актай албайт.

Экинчиден, Орусиядагы «биз гана нацисттерди жеңгенбиз» деген сыяктуу курулай дымактык ураандар канчалык катуу жаңырбасын, АКШнын, Улуу Британиянын жана Канаданын, ошондой эле Франция, Югославия, Польша сыяктуу өлкөлөрдөгү антифашисттик жана партизандык кыймылдардын, алардын арасына кошулган мурдагы советтик туткундардын, Чыгышта Кытайдын, АКШнын, Австралиянын, түштүк-чыгыш азиялыктардын, корейлердин ж.б. элдердин каармандык күрөшүн эске албастан туруп, Экинчи дүйнөлүк согуштагы антифашисттик коалициянын дүйнө жүзүндөгү орток жеңишин элестетүү эч мүмкүн эмес.

Дагы эмне десек? Башка доорлорду эске албаганда да, 1939-45-жылдардагы дүйнө тарыхын, анын ичинде Евразия тарыхын да, өз алдынча таразалап үйрөнүү Кыргызстанда жаңыдан гана жолго коюлууда.

Тарыхчылардын жана архив таануучулардын эл аралык кызматташтыгы Экинчи дүйнөлүк согуштун белгисиз барактарын ачууда мурда болуп көрбөгөндөй натыйжаларды берээринде күмөнүбүз жок. Балким, Орусияда деле азыркы архивди жарым-жартылай жашырган саясий турум жакынкы жылдары эле оң жагына өзгөрүп калаар? Үмүт байлап туралы...

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (131)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG