Линктер

дүйшөмбү, 17-июнь, 2019 Бишкек убактысы 00:37

Сталинчилер майтара албаган конструктор


Орус совет констуктору Сергей Павлович Королёвдун Москвадагы айкели.

Жалпы адамзаттын космос мейкиндигин излдөөсү үчүн салым кошкон залкар советтик конструктор Сергей Павлович Королёвдун өмүрүнүн сталиндик жазалоо доорундагы айрым мурда айтылбаган жагдайлары тууралуу чакан баян.

Алгы сөз

Дүйнөдөгү тарыхый инсандардын тагдырларынын биз билбеген жактары асмандагы жылдыздардын санынан көп тура!

Атактуу Юрий Гагаринди биз өз атабыздай эле сүйүп өстүк. «Чоңойгондо ким болосуң?» деген суроого жеткинчектин ата-энени кубанткан стандарттык жооптордун бири «Гагайиндей болом!» деген жооп эле (мен Юрий Гагарин учкан маалда «р» тамгасын айта албаган муундун бир өкүлү катары эскерип жатам).

Ошондо ата-энебиз деле Гагаринди космоско аттандырган анын «технолог атасы» Сергей Павлович Королёв тууралуу деле ныпым билчү эмес экен. Анткени бул даңазалуу конструктордун ысымы ал дүйнөдөн кайтканга чейин мамлекеттик жашыруун сыр болгон.

Кийинчерээк Константин Циолковский, Фридрих Цандер, Сергей Королёв сыяктуу заманбап космонавтикага бараандуу салымы бар инсандар жөнүндө советтик адабиятта миңдеген макалалар, көптөгөн китептер байма-бай жарыяланып келди.

Ошондо да С.Королёв жөнүндө жарык көргөндөрдүн бардыгы анын оор жылдар камтылган тагдыры тууралуу чындыкты өлчөп-кемитип баяндачу экен…

Сергей Королёвдун туулган жери жана күнү

Конструктор Сергей Королёв падышалык Орусиянын Житомир шаарында туулган.

1897-жылдын февралындагы эл каттоонун маалыматына караганда, ал кезде шаарда 65895 киши жашаган (анын ичинен 30572 жөөт, 1699 орус, 9152 украин (“малоросс”), 7464 поляк, 677 немис ж.б. тургундар). Бул шаар азыркы тапта эгемен Украинанын курамында.

Житомир шаары 884-жылы негизделгендиги тууралуу белги. 12-декабрь, 2011-жыл.
Житомир шаары 884-жылы негизделгендиги тууралуу белги. 12-декабрь, 2011-жыл.

Сергейдин туулган күнү эски юлий календарына ылайык 1906-жылдын 30-декабрына туура келет. Сыягы, советтик алгачкы документтерде дал ушул дата көбүрөөк жазылса керек (ал сталиндик абакка кесилгендеги документтерде да туулган жылы катары 1906-жыл көрсөтүлгөн).

Ал эми Советтик Орусия жана андан кийин Советтер Биримдиги григорийлик жылнааманы кабыл алып калгандыктан, бул дата жаңыча жыл эсеп менен 1907-жылдын 12-январына чегерилип калды.

Сергейдин атасы орус тили менен адабиятынан сабак берген Павел Яковлевич Королёв (1877—1929) деген мугалим болгон. Ал өзү беларустардын Могилёв (белорусча: Магілёў) шаарынан чыккан.

Сергейдин энеси азыркы Украинанын Чернигов облусуна караштуу Нежин (украинче: Ніжин) шаарынан чыккан көпөстүн кызы Мария Николаевна Москаленко (соңку күйөөсүнүн тегаты боюнча – Баланина; 1888 — 1980) болгон.

Павел Королёв уулу үчкө чыкканда Мария Москаленко менен ажырашып үйдөн чыгып кетет да, кичинекей Серёжа таятасы Николай Яковлевич Москаленко (1859—1921) менен тайэнеси Мария Матвеевнанын (1867—1936) колуна Нежин шаарына жиберилет.

1915-жылы Сергей Киев шаарында даярдык көрүү классына бара баштайт.

Кийинчерээк, 1917-жылы ал энеси Мария Николаевна менен өгөй атасы Григорий Михайлович Баланин (1881 — 1963) менен чогуу Одесса шаарына келип, мында гимназиянын биринчи классына барган.

Өгөй атасы инженердик да билимге ээ болгондуктан, анын таасири менен шыктуу Сергей бала кезинен эле ойлоп табуучулук, оюнчук учак, планер жасоо менен алектенген.

С.Королёв жаш кезинде. 1920-жж.
С.Королёв жаш кезинде. 1920-жж.

1924-жылы ал Киев политехникалык университетине сынаксыз кабыл алынган. Эки жылдан соң Бауман атындагы Москва жогорку техникалык окуу жайынын Механикалык факультетинин аэромеханикалык бөлүмүнө которулуп келет. Анын ата-энеси Баланиндер да СССРдин борборуна көчүп келишкен.

Студент кезинен эле ал долбоорлогон планер өндүрүшкө кабыл алынган.

Королёвдун сталиндик абакта жатканы жабык сыр болчу

1967-жылдан тартып маркум Сергей Королёв тууралуу жалпы маалыматтар совет адабиятында ачык жарыялана баштаган. Андан биз 1931-жылы С.Королёв атактуу ойлоп табуучу жана конструктор Фридрих Цандер менен таанышып, андан соң Осоавиахимге (кийинчерээк ДОСААФ аталган жана 1927—1948-жылдары иш жүргүзгөн “Коргонуу, авиация жана химия курулуштарына көмөктөшүү коому” деп аталган коомдук-саясий уюмга) караштуу Реактив кыймылдаткычтар жана реактив учууну изилдөө тобуна которулуп, бул топту 1932-жылдан жетектеп калганын билебиз.

Реактив кыймылдаткычтар жана реактив учууну изилдөө тобу СССРдеги улам бюрократташкан илимий институттардын шартында акырындап өз алдынчалыгын жоготкон. Аны да кошуп, жаңы түзүлгөн Ракеталык илим изилдөө институтуна 1930-жылдары сталиндик саясий күрөштүн эпкини тийген.

Ракеталык илим изилдөө институтун (орусча аталышы “Реактивный научно-исследовательский институт” – “Реактив илим изилдөө институту) түзүү демилгесин көтөргөн аскер ишмери, маршал Михаил Николаевич Тухачевский (16.2.1893 — 12.6.1937, Москва абагы), Осоавиахимдин төрагасы Роберт Петрович Эйдеман (латышча: Roberts Eidemanis; 27.4.1895 — 12.6.1937, Москва абагы) сыяктуу инсандар 1937-жылы камалып, “эл душмандары” катары четинен атыла баштаган.

Жогорудагы эки инсан башка шериктери менен кошо атылаардан он күн мурда, 1937-жылы 2-июнда СССРдин өкмөт башчысы (иш жүзүндө абсолюттук лидери) Иосиф Сталин СССР Коргоо эл комиссариатынын аскердик кеңешинин кеңейтилген отурумунда чыгып сүйлөп, "өлкөдө антисоветтик аскердик-саясий кутумдун алды тосулганын айтып, кутумду уюштургусу келгендер германдык фашисттердин каржылык колдоосуна ээ болгонун тиешелүү фактылар тастыктады" деп билдирген (бул дооматтардын баары негизсиз экендиги Сталин өлгөндөн кийинки доордо гана тастыкталган).

Ракеталык илим изилдөө институтунун директору Иван Терентьевич Клеймёнов (30.3., григорийлик жылсанакта 11.4.1899 — 10.1.1938) да атууга кеткен. Ал жана башка айрым кызматкерлер чекисттердин кыйноосуна чыдай албай, жалган жалаа камтылган документке кол коюшуп, Сергей Королёвду “троцкийчилер тобунда болчу” деп көрсөтмө беришкен.

Иосиф Сталин кол койгон тизме. 1938-жылдын 25-сентябры.
Иосиф Сталин кол койгон тизме. 1938-жылдын 25-сентябры.

1938-жылы 27-июнда Сергей Королёв “зыянчы” катары камакка алынган. Анын аты-жөнү бар атайын тизмени бекитүүдө Иосиф Сталин өзү да чечүүчү колдордун бирин койгон. Бул тизмедегилер СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясынын сот жүрүмүнө гана айыпталуучу катары кабылбастан, эң жогорку жазага кириптер болууга тийиш эле.

Постсоветтик доордо ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, С.Королёвго каршы көрсөтмө бергендердин бири – анын кесиптеши, атактуу советтик “Катюша” мина аткычынын алгачкы үлгүлөрүн долбоорлоочулардын бири, орус адабиятына “космонавтика” терминин киргизген инсан – Георгий Эрихович Лангемак (08.7., григорийлик жыл санакта 20.7.1898 — 11.1.1938, Москва абагы) болгон.

С.Королёвдун дагы бир чагымчы кесиптеши – мина аткыч “Катюшаны” ийине жеткирген долбоор тобунун кийинки жетекчиси Андрей Григорьевич Костиков (1899 — 1950) болгон. 1941-жылы 28-июлда Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган бул илимпоз өзү да 1944-45-жылдары (дээрлик бир жылдай убакытка) жалган жалаанын айынан ГУЛагда камалып, кайра боштондукка чыккан.

Абактын азабы жана сабагы

Чекисттер жалган жалааны мойнуна алдырыш үчүн Сергей Королёвду сабагандан башка да ыплас коркутууга барышып, эгерде жалган көрсөтмөгө кол койбосо, анда аялы да камалаарын, кызын балдар үйүнө жиберишерин айтышат. Үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулап, С.Королёв сурак маалында тиешелүү көрсөтмөгө кол коюп берет. Үчтүктөр сотунда ал суракта мойнуна алгандардын бардыгы жалган экенин айтат, бирок анын сөзүн “сот” этибарга алган эмес.

С.Королёв – ГУЛагдын "кылтагында". 29-яевраль, 1940-жыл.
С.Королёв – ГУЛагдын "кылтагында". 29-яевраль, 1940-жыл.

Эми “Мемориал” борборунун кыскача маалыматына кайрылалык:

Королев Сергей Павлович.

12.1.1907 Житомирде туулган; орус; билими – жогорку; инженер-конструктор, болочокку академик.

1938-жылы 27-июнда камакка алынган.

Өкүм чыгарган: СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы, 1938-жылдын 27-сентябры; айыпталган берене: 58-7, 11.

Жазасы: 10 жылга кайра тарбиялоо эмгек лагери (КЭЛ), 5 жылга – укугунан ажыратуу; 10.06.1940 бул мөөнөт 8 жылдык КЭЛге кыскартылган; 1944-жылы боштондукка чыгарылган; 1957-жылы 18-апрелде СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы тарабынан акталган".

Булак: “Мемориал” илимий-маалымдоо жана агартуу борборунун архиви. Москва.

Бул супсак маалыматка жашынган ГУЛагдын азап-тозогун ар бир инсандын жеке тагдырына ылайык бир нече миллиондук вариантта сыпаттай алабыз.

1938-жылы 27-июнга караган түнү чекисттер Конюшковская көчөсүнүн 28-үйүндөгү Королёвдор жашаган 11-батирге кирип келишип, тинтүү жүргүзгөн соң, Сергей Королёвду камакка алышат. НКВДнын кызматкерлеринин бири малахит седепти кантип кымтып алганын көрүп, ал кездеги жубайы, дарыгер Ксения Максимилиановна Винцентини (1907—1991) унчуга алган эмес.

Лубянка абагында аны уруп-соккондордун бири – ал кездеги НКВДнын лейтенанты, кийин ардагер полковник Михаил Шестаков журналист Ярослав Головановдун суроосуна жооп берип жатып, “Королёвду эч тааныбай тургандыгын” айткан.

Новочеркасск шаарындагы өткөөл абакта 8 ай кармалган соң, 1939-жылы 1-июнда “эл душманы” С.Королёв Ыраакы Чыгышка этап менен (түрмөдөн түрмөгө жеткирилип) айдалат.

Владивосток шаарында өткөөл түрмөдө отурган чагын Королёв “пионер лагерине" салыштырган. Анткени июль айы – шаар үчүн жылдын эң мыкты учуру. Камактагылар котолоп жыш кармалган Новочеркасск түрмөсү менен этаптагылар ташылган тар, сасык поюз вагондорунун шартына караганда бул абак саал жакшыраак сезилсе керек.

Владивосток өткөөл абагында набыт болгондордун арасында даңазалуу акын Осип Мандельштам болгон. Ал эми бул өткөөл абакта ар кыл учурларда кармалгандардын арасында СССР Эл артисти, кино актёр Георгий Жженов, жазуучу Варлам Шаламов, акын Владимир Нарбут, адабиятчылар Евгения Гинзбург, Юлиан Оксман, Дмитрий Святополк-Мирский (Рюриктер сулалесинин акыркы тукуму), Советтер Союзунун Баатыры Александр Горбатов ж.б. болгон.

Владивостокто абактын барагынын алдында камактагыларды текшерип жаткан жаш лейтенант анын тегатын “Каралев” деп окуганда, С.Королёв аны оңдоп: “Тегатым – Королёв”, – дейт. Анда берки оңураңдап, мында өлгөндөрдүн эч биринин аты-жөнү мүрзө ташында жазылбай тургандыгын айтат.

Бир нече күндөн кийин камактагыларды деңиз аркылуу Колыма жергесинин чордону – Магадан шаарына карай жөнөтүшөт. Кемеге 5 миң камактагы киши тыгылып жайгашкан. Алар Охот деңизиндеги кемени ары-бери чайкаган толкундардан жана деңиз оорусунан жапа чегип, жан чыдагыс думуктурган аба менен дем алып, эптеп жээкке жеткирилет. Андан соң Магадан шаарына келишет.

Королёв да курамында болгон топ Магадан шаарынан ары жүк ташуучу унаага отуруп, начар жол менен беш күндө Мальдяк өрөөнүнө жеткен.

Колымадагы Мальдяк алтын кен чайкоо жерине таятасынын жеткирилиши тууралуу анын жээн небереси Андрей Королёв мындайча эскерет:

Андрей Королёв.
Андрей Королёв.

Ал (б.а. таятасы Сергей Королёв) 1939-жылы 25-июлда Нагаево булуңуна “Дальстрой” кемеси менен жеткирилген. Бул кеме мурда “Ягода” деп аталчу. 3-августта ал лагерге келип жеткен. Андан ары ал лагерде кармалган. 1939-жылы 23-декабрда ал Нагаево булуңунан Владивостокко жөнөп кеткен. Демек, жарым жылдай мында болгон.

Алар (Мальдяк лагеринде) тоо тегинен алтын жуушкан. Ошондуктан ал өмүр бою алтынды жаман көрчү жана аны “алтын сөрөй” (“золотишко”) деп жек көрүү менен тергеп айткан... Ушунчалык начар тамак берилгендиктен, баары цинга менен ооруп калган. Ал мында дээрлик бардык тиштеринен айрылган. Жалпысынан, ал акырындап өлүмгө кириптер болгону калган...

Мальдяк деген алтын жууган жай Магадан шаарынан 700 чакырым алыстыкта, өзгөчө суук аймакта жайгашкан эле. Бул кен жай азыркы Орусиянын Магадан облусуна караштуу Сусуман шаарынан 35 чакырымдай түндүктө жайгашкан.

“Малдияк” эвенк тилинен “жугуштуу тумоодон кырылуу” деп которулат. Бул өзөндүн өрөөнүн сахалар (якуттар) да “өлүм өрөөнү” деп аташчу экен.

Малдьяк лагеринин орду.
Малдьяк лагеринин орду.

Өзөндүн боюнан 1935-жылы советтик геологдор алтын кенин табышкан. Бул өзөндүн өрөөнүндө ГУЛаг системасында алты лагердик аймак түзүлүп, ар бири 2 миңдей камактагыларды камтыган. Лагерге алынып келингендер оор шарттын айынан четинен кырыла берген.

Мальдяк өрөөнү жалпысынан “Колыма” деп аталып калган жана 1930–50-жылдары сталиндик доордогу абактардын эң тозоку чордонуна айланган тарыхый аймактын бир бөлүгү болчу. Диссидент жазуучу Александр Солженицын Колыма жергесин “ызгаардуу сууктун жана ырайымсыздыктын уюлу” деп мүнөздөгөн.

Сергей Королёвдун жалгыз кызы Наталия Сергеевна Королёва (1935-жылы 10-апрелде туулган) өзүнүн “Ата” (“Отец”) деген китебинде Мальдяктагы азаптуу жагдай жөнүндө мындайча жазат:

Наталия Королёва.
Наталия Королёва.

Камактагылар жыгач шыргыйларга тартылган 7х21 метр өлчөмүндөгү кара таар чатырларда бригада-бригада болуп байырлашкан. Алар эки кабат такталарда жатчу, такталарга кургак чөп ичине солонгон матрастар коюлчу... Шейшеп жок эле, болгону пахтадан токулган үлбүрөк сүлгү берилчү. Жамынгандары – аскердик жамынчы эле. Ар бир чатыр ортодогу темир челектен жасалган меш менен жылытылып турчу. Мальдякта ал кезде таш көмүр болгон эмес. Отун катары жакын дөбөлөрдөн камактагылар ташып келчү дарактардын “хлысты” деп аталган кургак сөңгөктөрү жана бутактары пайдаланылган. Бул “отун” мешке чет-четинен бүкүлү сугундурулган. Бирок мындай меш ызгаардуу сууктан сактай алчу эмес...

Булак: Королёва Н. С. Отец. В 2-х книгах. — М.: Наука, 2007. — ISBN 5-02-034432-X, ISBN 5-02-034428-1.

Мальдякта саясий эмес себептер менен камалган кылмышкерлердин (ууру-кескилердин) күнү тууп, жалпы ГУЛагдагыдай эле алар мында өзүнчө эле төбөлдөргө айланышкан жана саясий жалаа менен камалгандарды коркутуп-үркүтүп, улам сабап, тамагын тартып алып турушкан.

Дал ошондой азаптуу кырдаалда, кудай жалгап, Михаил Александрович Усачев (1909 — 1960-жж. ичи) деген узун бойлуу, алдуу-күчтүү киши Сергей Королёвду кылмышкер төбөлдөрдөн арачылап калат.

Михаил Усачев өзү жаш кезинде бокс боюнча тренер болгон. Ал Москвадагы №156 авиациялык ишкананын деректири болуп турган кезде чоң кырсык болгон: 1938-жылы 15-декабрда атактуу учкуч, Советтер Союзунун Баатыры Валерий Павлович Чкалов (1904 — 1938) учак сынагында курман болгон.

Бул кырсыктын айынан Михаил Усачев башка кишилер менен кошо камакка алынып, 1939-жылы 20-июндагы сот өкүмүнө ылайык 15 жылга абакка айдалган. (Айрымдар бул кырсыкты “Сталин өзү атайылап уюштурткан, анткени Чкалов советтик улуу жолбашчыга “сен” деп кайрылганы ага жакпай калган” деген жоромолдорду айтып келишет).

Күбөлөрдүн айтымында, Михаил Усачев Мальдякка келген чакта, мындагы кылмыш чөйрөсүнүн “мыктысын” жазалайт да, анын ордуна “чоң” болуп калат. Анан мурдагы “староста” чатырлардын бирине жакындаганда: “Мында Король деген саясий камактагы ооруп жатат, эми ал адам болбойт го”, – деп калат.

Михаил Усачев лагердин бул чатыр барагынын четинде эски-уску кийим кечектин үйүлүп жатканын көрөт да, аларды көтөрө калса... өлгөнү эле араң калган конструктор Сергей Королёв жатыптыр.

Эгерде Усачев бир нече күн кечигип келген болсо, же өзү да кылмышкерлерге сөзү өтпөгөн чабал киши болсо, анда советтик космонавтиканын жылдызы дал азыр биз билгендей учурда жанмак беле, ким билсин?

Каргашалуу лагерде өзүнүн бийлигин кылмышкерлердин төбөлдөрүнүн үстүнөн орнотууга жетишкен Усачев бардык кылмыш төбөлдөрүнө Сергей Королёвду бапестеп кароого, ага кошумча азык берүүгө буйрук кылган.

Андан соң ал Королёвду ошол бучкактан алып чыгып, бардыгына, анын ичинде “блатной” (“мыкчегер”) болгондорго да, ага жакшылап тамак берип, өз үлүштөрүнөн да азык берүүгө буйрук кылган. Андан тышкары Сергей Королёвду медициналык баракка жайгаштырткан. Мында анын саламаттыгын караган дарыгер айым Татьяна Репьева бар эле...

(Кийинчерээк Сергей Королёв толук акталып, академик болуп, Башкы космостук конструктор кызматын аркалап калган чакта, Михаил Усачевду өзү жетектеген конструктордук бюрого таандык тажрыйбалык ишканага башкы инженердин орун басары кылып дайындагандыгы жана анын аракечтикке берилгендигине байланыштуу айрым жосунсуз жоруктарына чыдап мамиле кылганы аңыз кеп болуп айтылып жүрөт).

Жээни Андрей Королёвдун айтымында, башкаларга катуу талап койгон С.Королёв Усачевдин жосунсуз жоругу тууралуу сөз болгондо бул киши өз өмүрүн сактап калгандыгын айтып, ага карата башка чара көрүүнү сунуш кылчу экен. Усачев дүйнөдөн кайтканга чейин конструктордук бюродогу ишканада иштеген экен.

Эне эрдиги жана Москва абагына которулуу

Сергей Королёв абакта отурган кезинде анын энеси Мария Николаевна Баланина бар күчүн жумшап, уулун актатууга умтулат. Ал СССР Жогорку Кеңешинин депутаттары, даңазалуу учкучтар Михаил Михайлович Громов жана Валентина Степановна Гризодубова айымдын колдоосуна жетишет. Сергей Королёвду жакшы билген бул Советтер Союзунун Баатырлары болгон учкучтар тайманбастан НКВДга (СССР Ички иштер комиссариатына) кат жазышат. Энеси өзү да Сталинге чейин телеграммаларды жиберип, кайрылуу жазып турган.

Мария Баланина жогорудагы учкучтардын көмөгү менен Жогорку Соттун төрагасынын кабыл алуусунда болуп, жагдайды түшүндүрөт. Бирок анын уулун кайра соттук териштирүүгө чакыртуу тууралуу кат жолдо өтө кечигип, 1939-жылдын кеч күзүндө гана Колымага жеткен.

Ошентип Королёвду 1938-жылы ноябрда ырайымсыз лагерден кайра Москвага чакыртышып, анын иши кошумча тергөөгө жиберилген.

Алгач Сергей Королёв Магадан шаарына жеткирилет. Анын тагдыры үчүн мында өзгөчө олуттуу окуя болот. Магадандан миңдей эркин киши менен чогуу 700дөй камактагы киши “Индигирка” кемесинин жабык бөлүгүнө тыгылышынча салынып, 8-декабрда деңиз аркылуу сапарга чыгат. Бирок Королёвду “кемеге батпай калдың” деп Магадан шаарында калтырышат. Ал эми “Индигирка” кемеси 12-декабрда жапондук Хоккайдо аралынын тушунда бороон-чапкын маалында суу астындагы аскага урунуп, кемедеги эркин кишилер аман калат да, жабык бөлүмдөгү абактагылар толук набыт болгон.

1938-жылы Магадандагы ит өлгөн суукта камактагылар үчүн боорукер кишилер таштап койгон бөлкө нанды таап алып, улуу конструктор ачкалыктан аман калган экен.

1940-жылдын ирегесинде Королёв Владивосток шаарына, андан ары Хабаровск шаарындагы абакка жеткирилген. Мындагы абактын башчысы Королёвду коштоочусу жок эле шаардагы Днепровская деген дарыгер айымгаа жиберет. Ал конструктордун ким экенин билбестен, анын бутунун жараатын таңып, капуста, кызылча сыяктуу витаминдүү азыктарды, дары-дармек берип, оорудан айыгуусуна көмөк кылган. (Кийин Королёв бул дарыгер айымды табууну самаган, бирок үлгүргөн эмес).

НКВДнын Өзгөчө жыйналышынын № 68 протоколунун көчүрмөсү. 10-июль, 1940-жыл.
НКВДнын Өзгөчө жыйналышынын № 68 протоколунун көчүрмөсү. 10-июль, 1940-жыл.

1940-жылы 28-февралда Королёв Москвадагы Бутырка аттуу абакка жеткирилди. Эми ага түрмө кызматкерлери кол көтөрбөй калышты.

1940-жылы 10-июлда НКВДнын Өзгөчө жыйналышынында анын жаза мөөөнөтү сегиз жылдык абакка чейин саал кыскартылган.

Акталганга чейинки опол тоодой мээнет

1940-жылы 18-сентябрда Сергей Королёвду НКВДнын ЦКБ-29 деп аталган атайын түрмөсүнө которушкан. Бул үчүн анын мурдагы окутуучусу, өзү да абакта болуп жаткан даңазалуу авиаконструктор Андрей Николаевич Туполевдин (29.10., григорийлик жыл санакта 10.11.1888 — 23.12.1972) сталинчи бийликке жазган өтүнүчү негиз болгон.

Айтмакчы, Андрей Туполев өзү да 1937-жылы 21-октябрда “зыянкеч” катары камакка алынып, 1940-жылы 28-майда 15 жылдык абакка кесилген болчу. Аны Сталин деле күнөөсү жок деп эсептеген, бирок актаткан эмес.

Андрей Туполев абакта жатып, “Туполевдин шарагасы” деп расмий эмес аталган ЦКБ-29 конструктордук илимий-өндүрүштүк мекемесин жетектейт.

Кадр өтө жетишсиз кырдаалда ага жаңы адистерди топтоо сунушталганда, Туполев мурдагы ачуу сабакты эстейт: таанымал учак конструктору Дмитрий Павлович Григоровичке (6.2.1883, Киев — 26.7.1938, Москва) чекисттерге караган ЦКБ-39 ишканасы үчүн адистердин тизмесин берүү сунуш түшкөндө, анын тизмесиндеги адистердин баары сталиндик репрессияга учураган болчу.

Ошондуктан Туполев өзүнө боштондуктагы кишилерди эмес, абактарда кармалган адистерди өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Алардын арасында Сергей Королёв да болгон. Туполев анын студенттик дипломдук ишине жетекчи болгондуктан, окуучусунун талантын мыкты билген.

Эми бул абактагы ишканада С.Королёв үч маал тамактанып, ак шейшепке жатып, үналгы угуп, гезит-китептерди эркин окуп калган. Бул артыкчылык Колымада түшкө да кирбес эле. Бирок баары бир бул эрксиз жагдай болчу.

Баарынан кызыгы - бул абактагы мыкты адистер согуш жылдары жашыруун ишканада төмөнкү кызматтарда иштеген көп сандаган эркин кызматкерлерге жетекчилик кылышкан.

1941-жылы июлда “Туполевдин шарашкасын” Омск шаарына шашылыш көчүрүшкөн. Королёв да бул шаардагы жабык ишканада иштеп калган.

Көп узабай Королёвду Омск шаарынан Казан шаарындагы абактагы ишканага алып келишет. Мында ал учак кыймылдаткычтарын долбоорлоп, өндүргөн жашыруун ишканада түзүүчүлүк илимий ишин улантат.

1944-жылы гана Сергей Королёв мунапыска кабылган. 27-июлда аны абактан мөөнөтүнөн мурда бошотушкан. 10-августта болсо ал мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулгандыгы жана соттолгондугу жөнүндөгү маалыматтын жокко чыгарылгандыгы жөнүндө кагазга ээ болот.

Бирок Сергей Королёв толугу менен акталган учур – 1957-жылы, б.а. Сталин өлгөндөн кийин төрт жылдан соң келди.

Советтик алгачкы жасалма жандооч. 1957-жыл.
Советтик алгачкы жасалма жандооч. 1957-жыл.

Ал биротоло акталгандан кийин жарым жылдан соң, 1957-жылы 4-октябрда, анын жетекчилигинде алгачкы советтик жасалма жандооч – “Спутник” космоско ийгиликтүү учурулган.

Үй-бүлөсүнө келсек, Сергей Королёв 1931-жылы баш кошкон биринчи аялы Ксения менен ажырашып, 1949-жылы өзү жактырып калган башка аялга — Нина Ивановнага (20.10.1920—25.4.1999) үйлөнгөн. С.Королёвдун Ксениядан төрөлгөн кызы Наталиядан жээн неберелери жана чөбөрөлөрү бар.

Тасма. Хирург, доктор Наталия Королёва өз атасы тууралуу. 17.11.2013. (Орус тилинде).

Жалпы адамзаттын чыгаан уулу

Албетте, залкар конструктор тууралуу төмөндөгү маалымат 1966-жылдан кийин деле советтик адабиятта ачык жарыяланган:

Сергей Королёв – СССРдин башкы конструкторлор кеңешинин төрагасы (1950—1966), СССР ИАсынын академиги (1958), эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин сыйлыгынын ээси.

С.Королёв менен Ю.Гагариндин айкелдери. Энгельс ш., Саратов, Орусия.
С.Королёв менен Ю.Гагариндин айкелдери. Энгельс ш., Саратов, Орусия.

Анын жетекчилиги астында Советтер Биримдиги Жердин космостук орбитасына алгачкы жасалма жандоочту чыгарган жана учкуч Юрий Гагарин алгачкы адамзаттын өкүлү катары космос мейкиндигине чыккан. Советтик космонавттардын баштапкы муунунун өкүлдөрүнүн арасында алгачкы космонавт айым Валентина Терешкова, алгачкы жолу ачык космоско скафандр менен чыккан Алексей Леонов да болгонун баса белгилөө зарыл.

Демек, Сергей Королёв теориялык космонавтиканы жаратмандык космонавтика деңгээлине көтөргөн башкы конструктор болгон.

Бул улуу инсан 59 гана жашында, 1966-жылдын 14-январында Москвада хирургиялык операция учурунда көз жумган (анын операциясынын учурунда белгилүү дарыгерлер кызматтык шалаакылыкка жол бергени жөнүндө жоромолдор айтылып келет).

Айрым пикирлерге караганда, 1938-жылы НКВДчылар Колымада анын жаагын айра чапкандыктан, конструктор жаагын кере ача алчу эмес экен жана 1966-жылы чечүүчү операция маалында анын алкымы аркылуу интубациялык түтүктү киргизүүгө мүмкүн болбой калган.

“Кансыз согуш” маалында Сергей Королёвду советтик инженер-конструктор катары карашчу. Иш жүзүндө ал жалпы адамзаттын космос мейкиндигин изилдөөсү үчүн орток наркка ээ илимпоздук, жаратмандык салым кошкон. Анын Айга космонавт кондуруу жөнүндө кыялы СССРде аткарылбаса да, АКШ тарабынан С.Королёв өлгөндөн кийин 1969-жылы жүзөгө ашырылган.

Адамзаттын космостук иликтөөлөрүнө шам чырактай жол көрсөткөн бул илимпоз инсандын өмүр жолунун ар бир мүнөтү, ар көз ирмеми, анын ичинде сталиндик запкыга жазыксыз учураган жылдары да, калыс, бейтарап изилдөөгө муктаж.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG